Сравнение редакций…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-апрели № 70
Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө
(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56, 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам мамлекеттик социалдык заказды түзүүнүн, жайгаштыруунун жана ишке ашыруунун укуктук, уюштуруучулук жана каржылык негиздерин аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары
Ушул Мыйзамдын максаттарында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
1) мамлекеттик социалдык заказ - республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылоо менен камсыздалган, келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө же башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган республикалык, тармактык, региондук же муниципалдык социалдык программалардын бөлүгүн ишке ашыруу механизми;
2) мамлекеттик социалдык заказдын программасы - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген жана калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө жана/же мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу аркылуу коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ыйгарым укуктарына калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүнү же ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө коомдук пайдалуу башка максаттарга жетүүнү камтыган мамлекеттик орган;
4) мамлекеттик заказчы - мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруучу жана анын аткарылышын контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (же анын аймактык бөлүмү) же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
5) мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу - мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга мамлекеттик заказчы менен келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер; мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын чөйрөсү мамлекеттик социалдык заказдын түрүнө жараша айырмаланышы мүмкүн;
6) коомдук пайдалуу долбоор - коомдук пайдалуу максаттарга жетишүүгө багытталган, ишке ашыруунун мөөнөттөрү, анын ичинде зарыл ресурстары, башка параметрлери белгиленген иш-чаралардын комплекси;
7) социалдык кызмат көрсөтүү - татыктуу жашоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалдан улам келип чыгуучу көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү максатында адамдарга жардам берүү боюнча аракет;
8) социалдык талон (ваучер) - жеке адамдын социалдык кызматтарды алуу укугун жана бул кызматты көрсөтүүчү юридикалык жактын же жеке ишкердин социалдык кызмат көрсөтүүгө түзүлгөн келишимде каралган тартипте жана өлчөмдөрдө социалдык талондор аркылуу бюджеттик каражаттардан аны төлөө укугун ырастаган документ;
9) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу - ушул Мыйзамга жана ушул Мыйзамдын 5-беренесинде саналып өткөн чөйрөлөрдөгү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жеке жак.
10) мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын реестри - мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулар жөнүндө маалыматты камтуучу электрондук маалыматтар базасы. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдары ушул Мыйзамдан, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, социалдык тейлөө жөнүндө мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

3-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары жана милдеттери
1. Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын интеллектуалдык, кадрдык, материалдык жана башка ресурстарын тартуу жолу менен коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетишүү болуп саналат.
2. Мамлекеттик социалдык заказдын милдеттери:
1) республикалык, тармактык, региондук жана муниципалдык социалдык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
2) гендердик теңдикти эске алуу менен адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин милдеттенмелерин аткаруу;
3) социалдык кызматтарды көрсөтүү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишмердигин өбөлгөлөө;
4) социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди жана жарандарды кеңири тартуу;
5) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиги менен камтылбаган же жетишсиз камтылган социалдык көйгөйлөрдү чечүү;
6) социалдык чөйрөгө кошумча адамдык, материалдык, каржылык жана башка ресурстарды тартуу;
7) калкка социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу берүү үчүн альтернативдүү механизмдерди түзүү;
8) социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
9) социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн колдонулуучу мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;
10) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүү.
4-берене. Мамлекеттик социалдык заказды түзүүнүн жана жайгаштыруунун принциптери
Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт жана жайгаштырылат:
1) чечүүнү талап кылган кыйла маанилүү социалдык көйгөйлөрдү табууга жана коомдук пайдалуу максаттарды аныктоого жарандардын катышуусунун;
2) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу жол-жоболорунун ачыктыгынын жана айкындыгынын;
3) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруунун бардык этаптарында баалоонун объективдүүлүгү, талаптардын бирдейлиги жана бирдей шарттардын түзүлүүсүнүн;
4) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу жана ишке ашыруу жөнүндө маалыматка бирдей жана эркин жеткиликтүүлүктүн;
5) мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн;
6) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга жеке мамиленин, алардын өзгөчө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эске алуунун;
7) калктын аялуу катмарларына социалдык кызмат көрсөтүүгө багытталган программалардын артыкчылыгынын.
5-берене. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрү
Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүдөй чөйрөлөрдө жүзөгө ашырылат:
1) жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды, улгайган адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоо;
2) жаштарды колдоо;
3) билим берүү жана агартуу;
4) ден соолук жана дененин саламаттыгы;
5) медициналык жардам;
6) социалдык ишкердик (коомдук пайдалуу максаттардагы ишкердик иш);
7) жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу;
8) курчап турган чөйрөнү сактоо, анын ичинде жок болуп бараткан өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо;
9) дене тарбиясы жана ышкыбоздук спорт;
10) илим;
11) адабият;
12) көркөм өнөр;
13) маданият;
14) туризм;
15) адам укуктары, анын ичинде расалык, этностук, диний, гендердик же басмырлоонун башка бардык формаларын жоюу, ошондой эле адам сатуунун курмандыктарын коргоо;
16) коомдук тартип жана коомдук ынтымак;
16-1) пробация;
17) мигранттарга, аргасыз көчүп келгендерге жана качкындарга жардам.
(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56, 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун формалары
1. Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар;
2) коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо;
3) социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү.
2. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар формасындагы мамлекеттик социалдык заказ мамлекеттик заказчыга сатып алына турган жана социалдык кызматтарды алуучуларга көрсөтүү зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү белгилүү болгондо, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн колдонулат. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар формасындагы мамлекеттик социалдык заказ ушул Мыйзамдын 2-главасында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказ жетүүгө тийиш болгон социалдык максаттар белгилүү жана аларга ийгиликтүү жетишүү үчүн коммерциялык эмес уюмдардын натыйжалуу жана/же инновациялык идеялары жана сунуштары талап кылынган учурларда колдонулат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик заказчы коммерциялык эмес уюмдардын арасында конкурс жарыялайт, алар өздөрүнүн долбоордук сунуштарында ушул максаттарга жетүүнүн ыкмаларын сунуштайт. Коюлган максаттарга жетүүнүн мыкты ыкмаларын сунуштаган коммерциялык эмес уюмдар конкурстун жеңүүчүлөрү деп таанылат. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу ушул Мыйзамдын 3-главасында каралган тартипте жүргүзүлөт.
4. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасындагы мамлекеттик социалдык заказ мамлекеттик социалдык заказдарды аткаруучулардын реестрине киргизилген ушул кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тармагы бар болгон учурда, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн колдонулат. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык талондор аркылуу берүү формасындагы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу ушул Мыйзамдын 4-главасында каралган тартипте жүргүзүлөт.

61-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын программасын иштеп чыгуу, коомдук талкуудан өткөрүү жана бекитүү тартиби
1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууну пландаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттик социалдык заказдын программасынын долбоорун (мындан ары - программанын долбоору) иштеп чыгат.
2. Мамлекеттик социалдык заказдын программасынын долбоору 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө иштелип чыгат.
3. Мамлекеттик социалдык заказдын программасын иштеп чыгуу, коомдук талкууну өткөрүү жана бекитүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

7-берене. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестри
1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууну пландаган же ишке ашырып жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестрин түзөт, аларды мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аркылуу чечүүгө жана жетишүүгө болот. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестри ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайты же коомчулук үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздаган башка ыкма аркылуу туруктуу негизде калкка жеткиликтүү болууга тийиш.
2. Жарандар жана уюмдар социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестрине киргизүү үчүн өз сунуштарын жөнөтүүгө укуктуу. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестрин түзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жарандардын жана уюмдардын сунуштарын кабыл алат жана карайт, ошондой эле аларды алган күндөн баштап 30 календардык күндөн кечиктирбестен ага рационалдуу сунуштарды киргизет.

8-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын программасынын долбоорун даярдоо
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-берене. Программанын долбоорун коомдук талкуулоо

10-берене. Программаны бекитүү жана жарыялоо

11-берене. Мамлекеттик социалдык заказды каржылоо
1. Мамлекеттик социалдык заказды каржылоо республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген бюджеттик процесске ылайык мамлекеттик социалдык заказ программасын каржылоого республикалык бюджеттен каражат алуу үчүн жыл сайын өз суроо-талаптарын жөнөтөт.
3. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн мамлекеттик социалдык заказдын программасын каржылоого жыл сайын каражаттар каралат.
4. Мамлекеттик социалдык заказды республикалык бюджеттен каржылоого каражаттар бөлүнгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул каражаттардын 5 пайыздан көп эмесин төмөнкү максаттарда пайдаланууга укуктуу:
1) өзүнүн расмий сайтында мамлекеттик социалдык заказ боюнча бетти түзүү жана колдоо;
2) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштыруу;
3) долбоордук сунуштарды баалоо жана/же коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жана баалоо боюнча көз карандысыз эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө;
4) коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн сапарларга байланышкан мамлекеттик заказчынын өкүлдөрүнө иш сапар чыгымдарын төлөп берүү;
5) жарандык коомдон түзүлгөн гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдарын компенсациялоо;
6) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча талаш-тартыштарды сот тартибинде чечүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу;
7) социалдык талондун номиналдык наркын аныктоо;
8) (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына программанын бир бөлүгүн ишке ашырууну берүүнү караштырган учурларда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каралган каражаттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келишимдин негизинде берет. Мында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга контролдук кылуу функциясын өзүнө калтырат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык баяндоону жана каржылык отчетторду берүүгө милдеттүү.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджетте мамлекеттик социалдык заказдын программасын каржылоого каражаттарды кароого жана аны ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырууга укуктуу.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн бюджеттик эмес каражаттарды тартуу максатында мамлекеттик эмес субъекттер - эл аралык уюмдар, башка өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдары, ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке менчик юридикалык жана жеке жактар менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган учурларда келишимдик акысыз (гранттык) негизде каражаттарды тартууга укуктуу.

12-берене. Программаны ишке ашыруу планы
1. Мамлекеттик социалдык заказ программасын каржылоого каражаттар каралган тиешелүү бюджетти бекитүү жөнүндө акт күчүнө кирген күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттик заказчынын статусун алат.
2. Мамлекеттик заказчы тийиштүү бюджетти бекитүү жөнүндө акт күчүнө кирген күндөн тартып 15 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө программаны ишке ашыруунун планын иштеп чыгат жана бекитет.
3. Программаны ишке ашыруу планы төмөнкүлөрдү кароого тийиш:
1) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган мамлекеттик социалдык заказдын ар бир формасын ишке ашырууга арналган программада колдонулуучу каражаттарды;
2) ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик социалдык заказды уюштуруу боюнча чыгымдарды жабууга каралган каражаттарды.
4. Мамлекеттик социалдык заказдын ар бир формасы боюнча (программада колдонулган формалар боюнча) программаны ишке ашыруунун планында ушул форма аркылуу мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун тартиби майда-баратына чейин берилген, анын ичинде төмөндөгү маалыматтар камтылган атайын бөлүм болууга тийиш:
1) ишке ашыруу мөөнөттөрү;
2) мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын категориялары;
3) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар;
4) коомдук пайдалуу максаттар;
5) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аймагы;
6) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун шарттары жөнүндө башка маалымат.
5. (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн расмий же атайын сайттарды пайдалануу
Мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө маалыматты өзүнүн расмий сайтында же мыйзамдарда каралган учурларда, атайын сайтта (порталда же системада) жайгаштырат. Расмий сайтты же атайын сайтты пайдалануунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын расмий сайттарын пайдалануу жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
14-берене. Маалыматка жетүү
Программа, программаны жүзөгө ашыруу планы, өткөрүлгөн тендерлер, темалар, конкурстарды өткөрүү мөөнөттөрү жана тартиби, конкурстардын катышуучулары жана квалификациялык тандоо, жеңүүчүлөрдү тандоо критерийлери, конкурска өтүнмө берген уюмдар жана каржылануучу коомдук пайдалуу долбоорлор жөнүндө маалыматтар жарандар үчүн жеткиликтүү болууга, мамлекеттик заказчынын расмий сайтына жарыяланууга, ал эми расмий сайт болбогон учурда анын маалымат тактасына жайгаштырылууга жана нускалары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу аткаруучулардын, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маалымдуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген республикалык же жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш.
2-глава. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар
15-берене. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
16-берене. Мамлекеттик социалдык заказды социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар формасында аткаруучулар
Мамлекеттик социалдык заказды социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар формасында аткаруучулар (берүүчүлөр) ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдары менен кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата белгиленген талаптарга ылайык юридикалык жактар жана жеке ишкерлер болушу мүмкүн.
3-глава. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо
17-берене. Мамлекеттик социалдык заказды коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасында ишке ашыруунун тартиби
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказ социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана/же коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик заказчы, программаны жүзөгө ашыруу планына ылайык, коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү жөнүндө мамлекеттик жана/же расмий тилде кулактандырууну өзүнүн расмий сайтында жайгаштырат, ал эми расмий сайты болбогон учурда өзүнүн маалымат тактасында жайгаштырат жана нускалары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу аткаруучулардын, ошондой эле социалдык кызматтарды алуучулардын маалымдуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт;
2) мамлекеттик заказчы гранттык комиссияны түзөт;
3) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун конкурсуна катышууну каалаган коммерциялык эмес уюм мамлекеттик заказчыга тиешелүү арыз жөнөтөт;
4) гранттык комиссия келип түшкөн долбоордук сунуштарды карап чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген долбоордук сунуштарды баалоо критерийлерине ылайык конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт;
5) мамлекеттик заказчы конкурстун жеңүүчүлөрү менен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди түзөт жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аларды гранттар түрүндө каржылайт;
6) конкурста жеңген коммерциялык эмес уюмдар коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырат жана мамлекеттик заказчыга тиешелүү отчетторду берет.
2. Коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү, анын ичинде гранттарды берүү, гранттык комиссиянын ишин жүргүзүү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жобо менен аныкталат.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс жарыялоо
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс жөнүндө жарыя төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) конкурстун темасын (чечүү керек болгон социалдык көйгөйлөр жана/же жетишүү зарыл болгон коомдук пайдалуу максаттар; алардын кыскача баяндалышы);
2) конкурстун катышуучуларына ушул Мыйзамдын 25-беренесинде каралган талаптар;
3) конкурска катышуу үчүн ушул Мыйзамдын 26-беренесинде саналган документтердин тизмеги;
4) конкурсту өткөрүү убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо критерийлери жана аныктоо мөөнөттөрү;
5) бир коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга гранттын максималдуу суммасы (эгерде мындай сумма белгиленсе);
6) коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун административдик чыгымдарына болгон максималдуу чек (гранттын суммасынан пайыз менен, эгерде мындай чек белгиленсе);
7) товарларды сатып алуу жана жумуштарды аткаруу долбоордун максаттарына жетүү үчүн керек болгон учурларда товарларды сатып алууга жана жумуштарды аткарууга максималдуу чек (гранттын суммасынан пайыз менен);
8) конкурска катышуу үчүн арыздын бланкын алууга мүмкүн болгон мамлекеттик заказчынын почта дареги, анын ичинде арыздын электрондук бланктарын көчүрүп алууга болгон анын расмий сайтынын дареги;
9) маалымат жана түшүндүрмө алууга кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (фамилиясы, аты, телефон номери жана электрондук почта дареги);
10) конкурстун шарттары боюнча суроолорду жөнөтүү жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн мөөнөт;
11) конкурстук арыздарын жана конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон почта дареги, электрондук почта дареги жана/же расмий сайттын дареги;
12) конкурска катышуу үчүн арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү;
13) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун шарттарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык жыйынды өткөрүү датасы, убактысы жана орду.
2. Коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун административдик чыгымдары болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга тартылган кызматкерлердин эмгек акысы, алардын долбоорду ишке ашырууга байланышкан иш сапар жана транспорттук чыгымдары;
2) долбоор ишке ашырылып жаткан жайды сатып алууга же ижарага алууга чыгымдар (эгерде мындай жай зарыл болсо);
3) долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан коммуналдык төлөмдөр боюнча чыгымдар;
4) долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан кеңсе жана тиричилик товарларына чыгымдар.
19-берене. Маалымат жыйынын өткөрүүнүн тартиби
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20-берене. Гранттык комиссияны түзүү

21-берене. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо тартиби

22-берене. Гранттык комиссиянын иштөө тартиби

23-берене. Гранттык комиссиянын ыйгарым укуктары

24-берене. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

25-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсунун катышуучуларына карата талаптар
1. Ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн, конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) конкурстун катышуучулары боло алат.
2. Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталууга жана өзүнүн банктык эсеби болууга тийиш. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби болбосо, анда ага конкурстун документтерин берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банктык эсебин ачууга мүмкүнчүлүк берилет.
3. Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоордук топту (мындан ары - консорциум) түзүп жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоордук сунушту бере алат. Бул учурда арызда жана долбоордук сунушта уюмдар ортосундагы функциялар, бюджет, жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду жүзөгө ашыруудагы салымы так ажыратылууга, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсунун катышуучусу катары консорциумдун атынан аракеттене турган консорциумдун мүчөсү аныкталууга тийиш.
4. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсунун бир темасынын алкагында бир консорциумдун курамында гана катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсунун бир темасынын алкагында бир гана арыз бере алат.
26-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышуу үчүн керектүү документтер
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышуу жөнүндө арызда уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, уюмдун электрондук почта дареги, уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Консорциумдун атынан конкурска катышууга берилген арызда консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почта дареги жана консорциумдун атынан иштеген уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордук сунуштун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) юридикалык жак катары коммерциялык эмес уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;
3) конкурстун темасы менен дал келген, жүзөгө ашырылган иш жагынан өткөн жыл үчүн (же, конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча, өткөн бир нече жыл үчүн) уюмдун ишинин баяндамасы;
4) коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү жана резюмеси (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурларда);
5) коммерциялык эмес уюмдун:
а) салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
б) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон карыздары жана башка милдеттенмелери жок экендиги жөнүндө катышуучунун билдирүүсү;
6) долбоордук сунуш жана анын бюджети.
4. Консорциумдун арызына консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-3- жана 5-пункттарында каралган документтери тиркелүүгө тийиш.
5. Конкурстук документтер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) ачыктары:
а) салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттенмелер боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө арыз;
б) өткөн жылга карата уюмдун иши жөнүндө программалык отчеттун, юридикалык жак катары уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюмдун уставынын көчүрмөлөрү;
в) коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим тууралуу документтеринин көчүрмөсү жана резюмеси (өмүр баянынын маалыматтары);
2) жабыктары (купуя) - долбоордук сунуш жана анын бюджети, алар:
а) мөөр басып чапталган конвертте берилет; же болбосо
б) электрондук почта аркылуу код коюлган формада РDF форматында сканерленген түрдө жөнөтүлөт. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды карап баштоонун алдында коддун шифри гранттык комиссиянын төрагасына анын суроо-талабы боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
6. Ушул Мыйзамда каралбаган документтерди талап кылууга жол берилбейт.
27-берене. Конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасы
1. Мамлекеттик заказчы конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасын жүргүзөт. Расмий сайты болгон учурда мамлекеттик заказчы конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасын өзүнүн расмий сайтында жүргүзөт.
2. Конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасы конкурска катышууга арыз берүү датасы жөнүндө маалыматты, ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды жана ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин электрондук версияларын камтыйт.
3. Конкурска катышууга биринчи жолу арыз берген коммерциялык эмес уюм мамлекеттик заказчы тарабынан конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасына катталат.
4. Коммерциялык эмес уюм конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасында катталуу үчүн мамлекеттик заказчыга конкурска катышуу жөнүндө арызды жана ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында саналган документтердин көчүрмөлөрүн (кагаз формасында), ошондой эле алардын PDF форматындагы электрондук көчүрмөлөрүн берет. Документтерди электрондук почта менен, мамлекеттик заказчынын расмий сайты же атайын Интернет-сайт аркылуу бергенде документтердин кагаздагы көчүрмөлөрүн берүү талап кылынбайт.
5. Мамлекеттик заказчы коммерциялык эмес уюмдун конкурска катышуу жөнүндө арызын алган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечикпестен ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен, аны конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасына киргизүүгө милдеттүү.
6. Мамлекеттик заказчы коммерциялык эмес уюмду конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасына киргизгенден кийин, келечекте бул коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурска катышкан учурда, эгерде мурдагы конкурска катышкан күндөн тартып бул документтерге өзгөртүүлөр киргизилбесе, андан ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында саналган документтерди берүү талап кылынбайт.
7. Коммерциялык эмес уюм конкурстун катышуучуларынын электрондук маалымат базасына катталгандан кийин, коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурска ар бир кийинки катышканда, мамлекеттик заказчыга жазуу жүзүндө төмөнкүлөрдү билдирет:
1) ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында саналган анын документтериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө билдирет жана билдирүүгө өзгөргөн документтердин акыркы версияларынын көчүрмөлөрүн тиркейт, же
2) ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында саналган анын документтерине өзгөртүүлөр киргизилбегендиги жөнүндө билдирет.
28-берене. Конкурстук документтерди берүү жана кабыл алуу
1. Конкурстук документтерди берүү мөөнөтү коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кем эмес жана 30 календардык күндөн көп эмес болушу керек.
2. Конкурска катышуу жөнүндө арыз, ошондой эле ага тиркелген документтер арыз ээсинин тандоосу боюнча, төмөндөгү ыкмалардын бири аркылуу берилиши мүмкүн:
1) мамлекеттик заказчы же анын аймактык түзүмү аркылуу гранттык комиссияга өзү бериши;
2) мамлекеттик заказчы аркылуу заказдык катты кабарлоо менен почта аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүү;
3) сканерлөө жана мамлекеттик заказчы аркылуу ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 5-бөлүгүндөгү 2-пунктунун "б" пунктчасында каралган тартипте электрондук почта аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүү;
4) мамлекеттик заказчынын расмий сайты же ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган атайын Интернет-сайт аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүү.
3. Конкурска катышуу жөнүндө арызды, ошондой эле ага тиркелген документтерди алгандан кийин, мамлекеттик заказчы конкурска катышуу үчүн арызды жана тиркелген документтерди кабыл алуу жөнүндө маалым катты арыз ээсине берет. Эгерде конкурска катышуу жөнүндө арыз, ошондой эле ага тиркелген документтер почта, электрондук почта, мамлекеттик заказчынын расмий сайты же атайын Интернет-сайт аркылуу алынса, мамлекеттик заказчы конкурска катышуу үчүн арызды жана тиркелген документтерди электрондук почта аркылуу же арыз ээсинин билдирүүнү алгандыгын ырастоого мүмкүндүк берген башка ыкма менен алгандыгы жөнүндө арыз ээсине кабарлайт.
4. Мамлекеттик заказчы конкурска катышуучуларды каттоо журналына конкурстун катышуучусун каттайт жана ага арыз ээсинин маалыматтарын киргизет.
5. Конкурстун катышуучуларын каттоо журналы төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) арызды берүүнүн датасы жана убактысы;
2) арыздын каттоо номери;
3) коммерциялык эмес уюмдун аталышы;
4) уюмдун почта дареги, электрондук почта дареги жана телефон номери;
5) уюмдун жетекчисинин фамилиясы жана аты;
6) долбоордук сунуштун аталышы;
7) арыз берген адамдын фамилиясы жана аты;
8) тиркелген документтердин тизмеги.
6. Каттоо журналы мамлекеттик заказчынын каалоосу боюнча кагаз же электрондук формада жүргүзүлөт.
7. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышууга арыздар жок болгондо же бир арыз келип түшкөн учурда бир тема боюнча конкурс өткөн жок деп таанылат.

29-берене. Конкурстун катышуучусунун жана анын арызынын конкурстун шарттарына ылайык келүүсүн текшерүү

30-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурсту өткөн жок деп таануу жана кайталап конкурс өткөрүү учурлары
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышууга бир тема боюнча экиден кем арыз ээси киргизилген учурда, айрым темалар боюнча конкурс өткөн жок деп таанылат.
2. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, мамлекеттик заказчы таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсун кайрадан жарыялоого же коомдук пайдалуу долбоорлорго арналган каражаттарды мамлекеттик социалдык заказдын башка формаларын ишке ашырууга колдонууга милдеттүү.
3. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кайталанган конкурс ушул главада каралган эрежелер боюнча өткөрүлөт.
31-берене. Долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун катышуучуларынын долбоордук сунуштары төмөнкүдөй критерийлер боюнча баллдык шкала боюнча бааланат:
1) сунуш кылынып жаткан долбоордун жарыяланган конкурстун максаттарына жетүүгө багытталгандыгы:
а) долбоордук сунуштун жарыяланган конкурстун темасына дал келүү даражасы;
б) долбоордун максаттарын жана милдеттерин коюунун тактыгы;
в) сунуш кылынып жаткан иш-чаралардын жүзөгө аша тургандыгы;
г) коомдук пайдалуу максаттарга жетүүнүн инновациялык ыкмаларынын болушу;
2) долбоорду ишке ашырууга конкурстун катышуучусунун ресурстук жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнүн ылайык келиши:
а) конкурстун катышуучусунун техникалык жана мүлктүк потенциалы;
б) коюлган маселелерди чечүүдө ийгиликтүү тажрыйбанын болушу;
в) персоналдын кесипкөйлүк деңгээли;
3) долбоордун актуалдуулугу:
а) долбоордун көйгөйлөрдү чечүүгө жана максаттуу топтун муктаждыктарын канааттандырууга багытталышы;
б) пайда көрүүчүлөрдү камтуу масштабы;
4) долбоордун бюджети:
а) бюджетте долбоордун иш-чараларын жүзөгө ашыруунун тийиштүү чагылдырылышы;
б) чыгымдардын негиздүүлүгү жана жол берилгендиги;
5) долбоорду ишке ашыруу үчүн башка булактардан кошумча каржылоону тартуу (муну колдонууга болгон учурларда):
а) уюмдун жеке салымынын өлчөмү;
б) кошумча тартылган каражаттардын көлөмү;
6) долбоордон күтүлүүчү натыйжалуулугу:
а) долбоордон күтүлүүчү натыйжаларынын сандык көрсөткүчтөрүнүн болушу;
б) долбоор аяктагандан кийин максаттуу топ үчүн оң таасири;
7) коомдук пайдалуу долбоордун алкагында долбоорду каржылоо аяктагандан кийин ишти улантуу мүмкүнчүлүгү (муну колдонууга болгон учурларда).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалоо критерийлеринин негизинде мамлекеттик заказчы долбоордук сунуштарды баалоо методикасын жана гранттык комиссия жана тартылган эксперттер тарабынан долбоордук сунуштарды баалоодо колдонулуучу баалоо барагын иштеп чыгат жана бекитет.
3. Мамлекеттик заказчы конкурстун жарыяланган темасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша долбоордук сунуштарды баалоо үчүн кошумча критерийлерди белгилеп жана алардын ар бири боюнча баллдардын санын аныктай алат. Кошумча критерийлер боюнча баллдардын суммасы ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган критерийлер боюнча баллдардын суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
4. Арифметикалык каталар болгон учурда, гранттык комиссия табылган арифметикалык каталарды жоюу сунушу менен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсунун катышуучусуна кайрылууга укуктуу.
32-берене. Долбоордук сунуштарды баалоо үчүн тартылуучу эксперттер
1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырып жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдөгү долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттердин электрондук маалымат базасын түзөт, дайыма толуктап жана жаңылап турат жана аны өзүнүн расмий сайтында жайгаштырат.
2. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдөгү долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттердин электрондук маалымат базасын түзүүгө, дайыма толуктоого жана жаңылоого; же болбосо
2) долбоордук сунуштарды баалоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн, алардын расмий сайттарында жайгаштырылган эксперттердин электрондук маалымат базасын колдонууга.
3. Ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган бир же бир нече чөйрөлөрдө 3 жылдан кем эмес ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар жактар эксперттердин электрондук маалымат базасына киргизилиши мүмкүн. Маалымат базасындагы эксперттер иш чөйрөсүнө жараша топтоштурулат.
4. Эксперттердин электрондук маалымат базасын түзүү жана толуктоо үчүн мамлекеттик заказчы өзүнүн расмий сайтында долбоордук сунуштарды баалоо боюнча эксперттерди тандоо жөнүндө тиешелүү жарыяны жайгаштырат, ошондой эле аны нускалары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу эксперттердин маалымдуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген республикалык же жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
5. Экспертти электрондук маалымат базасына киргизүү үчүн эксперттин арызын жана байланыш маалыматтарын, ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдөгү анын компетенциясын ырастаган иш тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен анын резюмесин, ошондой эле эксперттин кесиптик сапатын ырастап бере алуучу иштеген ордун жана ээлеген кызматын көрсөтүү менен 3 адамдын байланыш маалыматтарын берүү зарыл.
6. Мамлекеттик заказчы эксперт жөнүндө берилген маалыматтардын аныктыгын текшерет. Зарыл болгон учурда, билими жөнүндө тиешелүү документтерди суратат, башка булактардан ал жөнүндө кошумча маалыматты чогултат жана сунушталган адамдын квалификациясы ырасталганда, аны эксперттердин электрондук маалымат базасына киргизет.
7. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттердин электрондук маалымат базасын түзүү, толуктоо жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
8. Зарыл болгондо, жарыяланган конкурстун темасы боюнча эксперттердин саны жетиштүү болгон учурда, гранттык комиссия долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттерди тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Мындай учурларда гранттык комиссия эксперттерди мамлекеттик заказчынын электрондук маалымат базасынан тартат. Квалификациясы коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жарыяланган конкурстун тематикасына ылайык келген эксперттер тартылат.
9. Эгерде маалымат базасында конкурстун бир темасы боюнча эксперттердин саны үчтөн көп болсо, анда гранттык комиссия тарабынан аныкталган тартипте чүчүкулак өткөрүлөт.
10. Мамлекеттик заказчынын жана гранттык комиссиянын биргелешкен чечими боюнча, эксперттер коомдук пайдалуу долбоорлорду баалоого акы төлөнүүчү же акысыз негизде, эксперттер менен макулдашуу боюнча тартылышы мүмкүн.
11. Эксперттерди тарткан учурда, гранттык комиссия, өз каалоосу боюнча, эксперттерге код коюлган (баалоонун объективдүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында) же код коюлбаган долбоордук сунуштарды баалоо үчүн бериши мүмкүн.

33-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсунун жеңүүчүлөрүн аныктоодо кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо, аныктоо жана жоюу
1. Бюджеттик каражаттардын эркин негизде, анын ичинде жеке жана башка жүйөлөр боюнча берилишин болтурбоо үчүн конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо механизми долбоордук сунуштарга калыс жана объективдүү баа берүүнү кароого тийиш.
2. Гранттык комиссиянын мүчөсү же эксперт, эгерде анын конкурстун кайсы бир катышуучусуна түз же кыйыр кызыкчылыгы бар болсо (кызыкчылыктардын кагылышуусунун болушу), бул жөнүндө гранттык комиссияга ачык билдирүүгө жана конкурстун бул катышуучусунун долбоордук сунушун талкуулоодо жана/же ал боюнча добуш берүүдө катышпоого милдеттүү.
3. Гранттык комиссиянын тигил же бул мүчөсүнүн же эксперттин түз же кыйыр кызыкчылыгы (кызыкчылыктардын кагылышуусунун болуусу) бар экендиги белгилүү болгон конкурстун катышуучусу бул жөнүндө долбоордук сунуштарды баалоону баштаганга чейин гранттык комиссияга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү, ал эми гранттык комиссия ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген эрежелер боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусун жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.
4. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүндө же эксперттерде кызыкчылыктардын кагылышынын болушу менен кабыл алынган гранттык комиссиянын чечимдери жокко чыгарылат. Конкурстун катышуучулары же башка жактар гранттык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айдан кеч эмес мөөнөттө кызыкчылыктардын кагылышы менен кабыл алынган гранттык комиссиянын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө тийиштүү арыз менен мамлекеттик заказчыга кайрылууга, же болбосо мындай чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу.
5. Кызыкчылыктардын кагылышынын болуусу менен кабыл алынган гранттык комиссиянын чечими жокко чыгарылган учурда, коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим (эгерде ал түзүлгөн болсо) жараксыз деп табылат, ал эми гранттык комиссия алган баллдардын саны боюнча тизмеде кийинки турган конкурстун башка катышуучусуна грантты берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Кызыкчылыктардын кагылышынын бар экендигин жашырган гранттык комиссиянын мүчөсү же эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Гранттык комиссиянын мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышы бар экендиги жөнүндө билдирбеген жана конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган, аны кызыкчылыктардын кагылышы менен кабыл алуу себеби боюнча гранттык комиссиянын чечими жокко чыгарылган конкурстун катышуучусу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна 3 жылдын аралыгында киргизилбейт.
34-берене. Долбоордук сунуштарды баалоо ыкмалары
1. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды төмөндөгү ыкмалардын бири менен баалайт:
1) жарыяланган конкурстун бардык темалары боюнча конкурстун катышуучуларынын бардык долбоордук сунуштарын ушул Мыйзамдын 35-беренесинде каралган тартипте өз алдынча баалайт;
2) келип түшкөн долбоордук сунуштардын бир бөлүгүн өз алдынча баалайт, ал эми долбоордук сунуштардын калган бөлүктөрүн баалоо үчүн эксперттерди тартат;
3) бардык долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттерди тартат.
2. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды баалоо ыкмасын тандоо жөнүндө чечимди добуш берүү жолу менен кабыл алат. Чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана гранттык комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилет.
3. Конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо механизминде бюджеттик каражаттардын каалагандай негизде, анын ичинде жеке же башка себептер боюнча берилишин болтурбоо үчүн долбоордук сунуштарды калыс жана объективдүү баалоо караштырылууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү, анын ичинде гранттарды берүү, гранттык комиссиянын ишинин жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга карата конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо, аларды табуу жана жоюу боюнча механизмдерди өзүнө камтууга тийиш.

35-берене. Гранттык комиссиянын долбоордук сунуштарды баалашы
1. Долбоордук сунуштар конкурстун документтерин кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде бааланат.
2. Гранттык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоордук сунуштар төмөндөгү тартипте бааланат:
1) долбоордук сунуштар гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө электрондук формада, PDF форматында берилет;
2) гранттык комиссиянын мүчөсү ар бир долбоордук сунушту изилдейт;
3) гранттык комиссиянын мүчөсүнө ар бир долбоордук сунуш боюнча баалоо барагы берилет;
4) долбоордук сунуштарды изилдөөнүн натыйжалары боюнча ар бир долбоордук сунуш гранттык комиссия тарабынан талкууга алынат; гранттык комиссиянын мүчөсү аларды баалоо барагына ар бир баалоо критерийи боюнча баллдарды коёт;
5) гранттык комиссиянын мүчөсү бардык баалоо критерийлери боюнча баалоо барагында койгон балдар суммаланат жана алынган сумма гранттык комиссиянын мүчөсүнүн долбоордук сунушту баалоосу деп эсептелет;
6) ар бир долбоордук сунуш боюнча гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн баалары суммаланат жана баалоо барактарынын санына барабар санга бөлүнөт, алынган орточо сан долбоордук сунуш боюнча жыйынтыктоочу балл болуп эсептелет;
7) долбоордук сунуш боюнча жыйынтыктоочу баллдар азаюу тартибинде жалпы рейтинг тизмесине киргизилет;
8) эгерде бир нече долбоордук сунуш бирдей санда балл алса, анда алар конкурска катышуу үчүн документтердин бардык пакетин берүү убактысы боюнча (хронологиялык ырааттуулукта) рейтинг тизмесине киргизилет; бардык документтердин пакети бир убакта берилген учурда, ушул долбоордук сунуштардын рейтинг тизмесиндеги ордун аныктоо үчүн гранттык комиссия аныктаган тартипте чүчүкулак өткөрүлөт;
9) гранттык комиссиянын чечими менен рейтинг тизмесинде долбоордук сунуштары эң жогорку балл алган конкурстун катышуучулары жарыяланган конкурстун темасы боюнча жеңүүчүлөр болуп таанылат.

36-берене. Эксперттерди тартуу менен долбоордук сунуштарды баалоо тартиби
1. Гранттык комиссия эксперттерди тартуу менен конкурстун катышуучуларынын долбоордук сунуштарын баалаган учурда, долбоордук сунуштар төмөндөгү тартипте бааланат:
1) гранттык комиссия эксперттерге долбоордук сунуштарды кагаз же электрондук түрдө берет;
2) эксперттер мамлекеттик заказчы тарабынан бекитилген баалоо критерийлерине ылайык долбоордук сунуштарды баалайт;
3) гранттык комиссия тарабынан эксперттик баалоо үчүн берилген ар бир долбоордук сунуш мамлекеттик заказчынын эксперттердин электрондук маалымат базасынан ушул Мыйзамдын 32-беренесинде белгиленген тартипте тандалып алынган 3төн кем эмес эксперт тарабынан бааланууга тийиш;
4) эксперт баалоо үчүн алынган долбоордук сунушту изилдейт, мамлекеттик заказчы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген баалоо барагын толтурат жана коюлган бааларды негиздөө менен баалоонун натыйжалары боюнча корутунду даярдайт;
5) ар бир критерий боюнча эксперт тарабынан коюлган балл суммаланат жана келип чыккан сумма долбоордук сунуш боюнча эксперттин баасы болуп эсептелет;
6) баалоодон кийин эксперт гранттык комиссияга толтурулган жана кол коюлган баалоо барактарын жана коюлган баллды негиздөө менен баалоонун жыйынтыктары боюнча корутундуларды берет; эксперттердин баалоо жыйынтыктары сунуштук мүнөзгө ээ;
7) ар бир долбоордук сунуш боюнча эксперттердин баалары гранттык комиссия тарабынан суммаланат жана баалоо барактарынын санына барабар санга бөлүнөт, алынган орточо сан долбоордук сунуш боюнча жыйынтык балл болуп эсептелет;
8) гранттык комиссия эксперттер тарабынан долбоордук сунуштар боюнча коюлган жыйынтык баллды (коюлган баллды өзгөртүүсүз) протокол түрүндө бекитет жана ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-9-пункттарында каралган тартипте рейтинг тизмесин түзөт жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт.
2. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү эксперттердин баалоо жыйынтыктарына макул болбогон учурда гранттык комиссия ушул Мыйзамдын 35-беренесинде аныкталган тартипте шектенүүлөрдү (кайчы пикирлерди) жараткан долбоордук сунушту өз алдынча баалоого укуктуу.
37-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжалар жөнүндө коомчулукка маалымат берүү
1. Конкурстун ар бир темасы боюнча жеңүүчү катары тааныла турган коомдук пайдалуу долбоорлордун санын гранттык комиссия бюджетте коомдук пайдалуу долбоорлорго каралган каражаттардын өлчөмүнө жараша аныктайт.
2. Конкурста жеңген коммерциялык эмес уюмдардын тизмеги гранттык комиссиянын протоколу менен бекитилет, анын негизинде 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен мамлекеттик заказчынын буйругу чыгарылат. Бул тизмек биротоло болуп саналат жана мамлекеттик заказчы тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
3. Мамлекеттик заказчынын буйругу жана рейтинг тизмеси мамлекеттик заказчынын расмий сайтына конкурста жеңген уюмдардын аталышын, каржылануучу коомдук пайдалуу долбоорлорду жана алар алган баллды көрсөтүү менен буйрук чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен жарыяланат, ал эми расмий сайты болбогон учурда анын маалымат тактасына жайгаштырылат.
4. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси жарыяланган датадан тартып 7 календардык күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүлөрү гранттык комиссияга салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалым каттарды берүүгө милдеттүү.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалым каттарды белгиленген мөөнөттө бербеген, же конкурстун катышуучусунун карызы бар экендиги жөнүндө маалымат камтылган маалым каттарды берген же болбосо жалган маалыматтарды камтыган маалым каттарды берген учурда, ошондой эле конкурстун катышуучусу келишим түзүүдөн баш тарткан учурда бул катышуучу конкурстун жеңүүчүлөрүнүн катарынан чыгарылат, ал эми кийинки эң көп балл алган катышуучу, ал гранттык комиссияга ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалым каттарды аны конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесине киргизген күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде берген шартта, конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө карызы жоктугу жөнүндө маалым кат берген конкурстун жеңүүчүлөрү коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын статусун алат.
7. Ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди бузуу менен өткөрүлгөн коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс кызыкдар жактын доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Конкурсту жараксыз деп таануу конкурстун жеңүүчүлөрү менен түзүлгөн коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимдердин жараксыздыгына алып келет.
38-берене. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим
1. Мамлекеттик заказчы ушул Мыйзамда белгиленген тартипте коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусу менен келишим түзөт.
2. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим конкурста жеңген коммерциялык уюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө мамлекеттик заказчынын буйругу чыккан датадан тартып 14 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш.
3. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдин шарттарын тараптар коомдук пайдалуу долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша аныкташат. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим төмөндөгү олуттуу шарттарды алдын ала кароого тийиш:
1) мамлекеттик заказчы тарабынан аткаруучуга коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу үчүн берилүүчү гранттын жалпы суммасы, ошондой эле иш-чараларды аткаруу графиги бар кең-кесири бюджет;
2) тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
3) гранттык каражаттарды которуу шарттары; долбоордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен гранттык каражаттар мамлекеттик заказчы тарабынан аткаруучуга бир төлөм же этап-этабы менен бир нече төлөм менен которулушу мүмкүн, мында экинчи жана кийинки төлөмдөрдү которуу шарттары аткаруучунун ар бир мурунку этапта келишимдин жүзөгө ашыруу сапатына жана көлөмүнө жараша болушу мүмкүн;
4) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жетишилүүгө тийиш болгон максаттар жана көрсөткүчтөр;
5) коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун мамлекеттик заказчыга коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө отчетту, ошондой эле каржылык отчетторду берүү тартиби, мөөнөттөрү жана этаптары;
6) берилген гранттык каражаттар жана коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу боюнча коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусунун ишин мамлекеттик заказчы тарабынан текшерүүнүн тартиби.
4. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимге конкурстун катышуучусунун долбоордук сунушунун негизинде түзүлгөн коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга техникалык тапшырма тиркелет. Мамлекеттик заказчынын техникалык тапшырмага долбоордук сунуш менен каралбаган кошумча иш-чараларды киргизүүгө укугу жок. Өзгөчө учурларда, тараптардын экөөнүн тең жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча, мамлекеттик заказчы долбоордук сунуштун бюджетинин өзгөрүшүнө таасир этпеген кошумча иш-чараларды аткарууну техникалык тапшырмага кошот.
5. Келишим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө типтүү келишимдин негизинде түзүлөт.

39-берене. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу
1. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусуна коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттөрдө гранттык каражаттарды которууга милдеттүү.
2. Аткаруучу долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттык каражаттарды коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдин шарттарына жана долбоордун бюджетине, иш-чараларды аткаруу графигине жана техникалык тапшырмаларга ылайык пайдаланууга милдеттүү.
40-берене. Коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусун мамлекеттик колдоо
1. Аткаруучу коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын компетенциясынын чегинде ага маалыматтык, консультациялык, усулдук, уюштуруу-техникалык колдоолорду көрсөтүшөт.
2. Маалыматтык жана консультациялык колдоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүү, коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу, мамлекеттик, тармактык жана региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматты берүү, коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон статистикалык жана башка маалыматтарды берүү аркылуу жүргүзүлөт.
3. Усулдук жана уюштуруу-техникалык колдоо маалыматтык-маалымдама жана усулдук материалдарды иштеп чыгууга көмөктөшүү, семинарларды, конференцияларды, тренингдерди жана башка иш-чараларды уюштурууда жардамдашуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
41-берене. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жана баалоо
1. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну жана гранттык каражаттарды пайдаланууну контролдоо мамлекеттик заказчы, ошондой эле контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт жана баалайт. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик заказчы тарабынан өз алдынча же көз карандысыз эксперттерди тартуу менен мониторинг жүргүзүлөт жана бааланат.
3. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрле Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик заказчы жана башка мамлекеттик органдар тарабынан коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жана баалоо коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга тоскоол болбоого тийиш.

42-берене. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимди талаптагыдай эмес аткаруунун кесепеттери
1. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу туурасында келип түшкөн маалыматтын негизинде коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну текшерүүгө укуктуу. Мамлекеттик заказчы жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча корутунду чыгарат, анда коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун иши канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес экендиги жөнүндө жыйынтыктар чагылдырылат.
2. Эгерде коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдин аткаруучусу келишимдин олуттуу шарттарын бузса, мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимди бузуунун себептерин көрсөтүү менен бул жөнүндө келишим бузулганга чейин 10 календардык күн мурун аткарууга жазуу жүзүндө кабарлайт.
3. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдин маанилүү шарттарын бузган учурда, коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу мамлекеттик заказчыга бул жөнүндө келишимди аткаруу токтотулган датага чейин 10 календардык күн мурун жазуу жүзүндө эскертүү менен келишимди аткаруудан бир тараптуу тартипте баш тартууга укуктуу.
4. Аткаруучуну коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимди бузуу жөнүндө кабарлаган же мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусунан ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык бир тараптуу тартипте келишимди аткаруудан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо алган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен, мамлекеттик заказчы аткаруучунун коомдук пайдалуу долбоордун жүзөгө ашырылган бөлүгүндөгү ишине текшерүү жүргүзөт. Каржылык жана программалык иштерди текшерүүнүн натыйжалары боюнча тараптар протоколго кол коет, анда токтотулган күнгө карата коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимди аткаруунун жыйынтыктары чагылдырылат. Гранттык каражаттардын пайдаланылбаган бөлүгү биргелешкен протоколго кол коюлган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик заказчыга кайтарып берилүүгө жатат.
5. Эгерде каржылык текшерүүнүн жана коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусунун программалык ишин текшерүүнүн натыйжалары боюнча каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу фактысы аныкталса, коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусу мамлекеттик заказчыга максаттуу эмес пайдаланылган каржы каражаттарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
6. Эгерде коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусу ага көз каранды болбогон себептер боюнча коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттөрдө коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну аяктабаса, анда тараптардын макулдашуусу боюнча келишим, кошумча каржылоону бербестен, коомдук пайдалуу долбоорду аяктоо үчүн зарыл болгон мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдин колдонулушунун мөөнөтүн узартуу кошумча макулдашуу түзүү аркылуу таризделет.
4-глава. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү
43-берене. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү формасында мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулар
Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү формасында мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучулары (мындан ары - социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр) юридикалык жактар (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) жана жеке ишкерлер боло алышат.
44-берене. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү тартиби
1. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү формасында мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) мамлекеттик заказчы программаны жүзөгө ашыруу планына ылайык белгиленген мөөнөттөрдө, ушул Мыйзамдын 14-беренесинде каралган тартипте төмөнкүлөрдү жарыялайт:
а) жарандарга социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүү, социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары (кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу жарандардын категориялары; социалдык талондорду берүү тартиби, мөөнөттөрү жана орду) жөнүндө;
б) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү квалификациялык тандоонун башталышы жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык башка маалыматты жарыялайт;
2) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга катышууну каалаган, жарыяда айтылган квалификациялык талаптарга жооп берген социалдык кызмат аткаруучу мамлекеттик заказчыга белгиленген мөөнөттөрдө арызды жана ушул Мыйзамдын 48-беренесинде каралган керектүү документтерди жөнөтөт;
3) квалификациялык тандоо аяктагандан кийин мамлекеттик заказчы квалификациялык тандоодон өткөн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен ушул Мыйзамдын 51-беренесине ылайык социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө келишим түзөт;
4) мамлекеттик заказчы социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга социалдык талондорду, ошондой эле алар алуучу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тизмесин берет;
5) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тизмеси мамлекеттик заказчы тарабынан социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүлөрдүн аталышы боюнча алфавиттик тартипте түзүлөт;
6) социалдык талон берилген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу тизмеде берилген (өз тандоосу боюнча) каалаган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүдөн, ага берилген кызмат көрсөтүү үчүн төлөм катары социалдык талонду берүү менен кызмат көрсөтүүнү алууга укуктуу;
7) ар бир календардык ай аяктагандан кийин социалдык талондор боюнча социалдык кызмат көрсөткөн социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү мамлекеттик заказчыга алынган социалдык талондорду бир ай ичинде берет, ал эми мамлекеттик заказчы анын банктык эсебине социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүдөн алынган социалдык талондордун номиналдык наркына барабар сумманы которот.
2. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.

45-берене. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү формасындагы программаны ишке ашыруу боюнча пландын бөлүмүнүн мазмуну
Ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 4-бөлүгүндө саналган маалыматтардан тышкары, социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү формасында программаны ишке ашыруу боюнча пландын бөлүгүндө төмөндөгүлөр чагылдырылууга тийиш:
1) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлө турган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга социалдык талондор бериле турган жарандардын категориялары жана саны;
3) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлө турган социалдык кызмат көрсөтүүгө карата стандарттар же конкурстук талаптар;
4) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптар;
5) социалдык талондун номиналдык наркы;
6) социалдык талондорду берүү тартиби, мөөнөтү, орду жана убактысы;
7) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн узактыгы жана мезгилдүүлүгү;
8) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө социалдык талондордун наркын компенсациялоо тартиби;
9) программаны сапаттуу ишке ашыруу максатындагы башка маалыматтар.
46-берене. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптар
1. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр төмөнкүдөй квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш-тажрыйбанын болушу;
2) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу;
3) банктык эсептин болушу;
4) тиешелүү ишти жүргүзүүгө лицензиянын, аккредитациянын же уруксаттын болушу (эгерде иш лицензияланууга тийиш болсо же болбосо кызмат көрсөтүү үчүн башка уруксат зарыл болсо);
5) түздөн-түз социалдык кызмат көрсөтө турган кызматкерлерде лицензиянын (уруксаттын) болушу (эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча талап кылынса).
2. Мамлекеттик заказчы сатылып алынуучу социалдык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүгүнө жараша социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата төмөнкүдөй кошумча талаптарды коюуга укуктуу:
1) адистештирилген транспорттун жана/же жабдуунун болушу;
2) филиалдар же тейлөө түйүндөрүнүн жайылган тармагынын болушу;
3) социалдык кызмат көрсөтүү үчүн керектүү башка талаптар.
3. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата талаптар атаандаштыкты чектөөгө багытталган шарттарды, ошондой эле мамлекеттик социалдык заказдын жаңы аткаруучуларынын программага катышуусу үчүн тоскоолдуктарды камтый албайт.
47-берене. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү квалификациялык тандоонун башталышы жөнүндө жарыя
1. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү квалификациялык тандоонун башталышы жөнүндө жарыя төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) мамлекеттик заказчынын аталышы, анын байланыш маалыматтары (почта дареги, электрондук почтанын, расмий сайттын дареги, телефон номери жана жооптуу адамдын байланыш маалыматтары);
2) социалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы жана номиналдык наркы;
3) сатылып алынуучу социалдык кызмат көрсөтүүгө карата стандарттар же конкурстук талаптар;

5) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тандоого катышуу үчүн ушул Мыйзамдын 48-беренесине ылайык арыздын мазмунуна карата талаптар жана зарыл документтердин тизмеги;
6) арызды жана тиркелүүчү документтерди берүү ыкмасы (жеке, почта аркылуу, электрондук почта аркылуу же болбосо мамлекеттик заказчынын расмий сайты аркылуу);
7) квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызды жана документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү.
2. Квалификациялык тандоого катышууга арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашууга тийиш эмес.
48-берене. Арыздын мазмуну жана тиркелүүчү документтердин тизмеги
1. Квалификациялык тандоого катышууга арызда төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш:
1) жеке ишкердин фамилиясы, аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
2) арыз ээси көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүнүн сүрөттөлүшү;
3) жетекчинин фамилиясы, аты-жөнү жана ал өз ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө негиз болгон документтин аталышы;
4) арыз ээсинин байланыш маалыматтары (почта дареги; жумуштагы, үйдөгү жана уюлдук телефондорунун номерлери; электрондук почтасынын жана Интернет-сайтынын (эгерде болсо) дареги);
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН);
6) арыз ээсинин банктык реквизиттери.
2. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
1) патенттин же мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) арыз ээсинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (юридикалык жак үчүн);
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалым каттар;
4) кызмат көрсөтүүгө лицензиянын же уруксаттын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланууга тийиш болсо же болбосо кызмат көрсөтүү үчүн башка уруксат зарыл болсо);
5) аккредитациядан өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (эгер уюмдун мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жүргүзгөн иши аккредитацияланууга тийиш болсо);
6) арыз ээсинин персоналынын квалификациясын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (зарыл болсо);
7) арыз ээсинин уюмунун штаттык тизмеси (зарыл болсо);
8) жабдуунун, имараттардын, транспорт каражаттарынын болушу жөнүндө документтер жана талап кылынган кызмат көрсөтүүгө арыз ээсинин мүмкүнчүлүгүн ырастоочу башка документтер (зарыл болсо).
3. Сатылып алынуучу кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүгүнө жараша, мамлекеттик заказчы арыз ээсинен анын ушул Мыйзамдын 46-беренесинде каралган талаптарга ылайык келүүсүн ырастоочу документтерди берүүнү талап кылууга укуктуу.
49-берене. Квалификациялык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуудан баш тартуу
1. Арыз ээсинин квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызы төмөнкүдөй учурларда кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн:
1) жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин арызды бергенде;
2) арызда ушул Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган маалымат жок болгондо;
3) ушул Мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык арызга тиркелүүгө тийиш болгон документтер берилбегенде.
2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арызды кабыл алуудан баш тартуунун себеби болгон кемчиликтер жоюлган жана арыз жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин кайрадан берилген шартта, арыз ээсин арызды кайрадан берүү укугунан ажыратпайт.
50-берене. Квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби
1. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү квалификациялык тандоо социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү квалификациялык тандоо жөнүндө жарыялоо башталганга чейин мамлекеттик заказчы тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан ишке ашырылат.
2. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин комиссия арыздардын жана аларга тиркелген документтердин квалификациялык талаптарга ылайык келишин текшерет.
3. Арыз ээсинин квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн баалоо максатында комиссия арыз ээсинин иш жүргүзгөн ордун кароого жана арыз ээсинин ыйгарым укуктуу адамдары менен маектешүүгө укуктуу.
4. Квалификациялык тандоодон өткөн арыз ээлеринин санын чектөөгө жол берилбейт.
5. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген арыз ээлери квалификациялык тандоодон өттү деп эсептелет.
6. Арыз ээси төмөнкүдөй учурларда квалификациялык тандоодон өткөн жок деп эсептелет:
1) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга арыз ээсинин ылайык келбестиги;
2) арыз ээсинин чындыкка дал келбеген маалыматтарды же документтерди берүүсү.
7. Мамлекеттик заказчы квалификациялык тандоонун жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө протокол жүргүзөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
8. Квалификациялык тандоонун натыйжалары жөнүндө комиссиянын протоколу квалификациялык тандоодон өткөн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө келишим түзүү үчүн негиз болуп саналат, Комиссиянын чечими мамлекеттик заказчынын буйругу менен бекитилет.
9. Квалификациялык тандоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө буйрук тандалган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн, квалификациялык тандоодон өтпөй калган арыз ээлеринин тизмесин камтыйт, мамлекеттик заказчынын расмий сайтында жайгаштырылат, ал эми расмий сайты болбогон учурда анын маалымат тактасына жайгаштырылат.
10. Квалификациялык тандоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө буйрук сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
11. Квалификациялык тандоо документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 14 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
12. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү квалификациялык тандоо өткөн жок деп таанылган учурда, кайрадан квалификациялык тандоону жарыялоо ушул Мыйзамдын 47-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
51-берене. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишим
1. Квалификациялык тандоодон өткөн социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү менен келишим мамлекеттик заказчы тарабынан квалификациялык тандоо аяктаган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде түзүлөт. Келишим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө типтүү келишимдин негизинде түзүлөт.
2. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимдин колдонулушунун мөөнөтү программаны ишке ашыруу планында каралган кызмат көрсөтүү мөөнөтүнөн кем болбошу керек.
3. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарын тараптар кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүгүнө жараша аныктайт. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишим төмөнкүдөй олуттуу шарттарды кароого тийиш:
1) социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн жана мамлекеттик заказчынын укуктары жана милдеттери, анын ичинде социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү көрсөтүлүп жаткан кызмат көрсөтүүгө коюлуучу талаптарды сактоосу жөнүндө шарт;
2) келишимдин колдонулушунун мөөнөтү;
3) берилген кызмат көрсөтүүлөр үчүн социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү менен эсептешүү тартиби;
4) социалдык талондун формасы жана анын номиналдык наркы;
5) мамлекеттик заказчы берүүчү көрсөткөн кызмат көрсөтүүнүн сапатына контролдук кылышынын тартиби;
6) келишимдин шарттары бузулган учурда тараптардын жоопкерчилиги.
4. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишим бюджетте каржы бар болгон учурда жана социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү келишимди талаптагыдай аткарганда келишим кийинки календардык жылга узартылышы мүмкүн.
5. Мамлекеттик заказчы төмөндөгү учурларда социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө келишимди аткаруудан бир тараптуу тартипте баш тартууга же келишимди бузууга укуктуу:
1) социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү келишимдин шарттарын бузуп, социалдык кызмат алуучуларга бир нече ирет (эки же андан көп ирет) кызмат көрсөтүүдөн баш тартканда;
2) белгиленген талаптарга ылайыксыз кызмат көрсөткөндө;
3) келишимдин олуттуу шарттары бузулганда.
6. Социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү мамлекеттик заказчы келишимдин олуттуу шарттарын бузган учурда, социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимди аткаруудан баш тартууга же келишимди бузууга укуктуу.

52-берене. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга социалдык талондорду берүү
1. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга социалдык талондорду мамлекеттик заказчы берет.
2. Социалдык талондор арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде берилет, анда анын социалдык кызматтарды алуучуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келүүсү ырасталат. Арызга арыз ээсинин кызмат көрсөтүүлөрдүн мындай түрүн алуу укугун ырастаган документтер тиркелет.
3. Социалдык талондор менен бирге социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучуларга байланыш маалыматтарын (аталышы, жайгашкан орду жана телефон номери) көрсөтүү менен алар социалдык талондун ордуна социалдык кызмат көрсөтүүнү алууга болгон кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тизмеси, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу социалдык талонду пайдаланууда көйгөйлөр пайда болгон учурда мамлекеттик заказчыга кайрылууга боло тургандыгы жөнүндө маалымат берилет.
4. Социалдык талондун номиналдык наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аныкталат.
5. Социалдык талондун типтүү формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
6. Социалдык кызмат көрсөтүүнү алууга социалдык талон төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1) сериясы жана номери;
2) кызмат көрсөтүүнү аталышы;
3) акчалай номиналы;
4) колдонулушунун мөөнөтү;
5) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучунун фамилиясы, аты-жөнү жана туулган датасы;
6) берилген датасы;
7) мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын колу жана мамлекеттик заказчынын мөөрү.
7. Социалдык талон социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучуга берилүүчү бир жолку документ болуп саналат. Бир социалдык талон социалдык талондо көрсөтүлгөн бир социалдык кызматты алууга укук берет.
8. Мамлекеттик заказчы берилген социалдык талондордун реестрин түзөт жана жүргүзөт, ага берилген жана жокко чыгарылган социалдык талондор жөнүндө маалыматтар, анын ичинде социалдык талондун сериясы жана номери, социалдык талонду алуучунун фамилиясы, аты-жөнү киргизилет.
9. Мамлекеттик заказчы берилген социалдык талондордун санын, социалдык талондордун номерлерин жана жарактуулук мөөнөттөрүн эсепке алат. Социалдык талондор так отчеттогу документ болуп саналат.
10. Дал келбестиктерди өз убагында аныктоо жана алардын себептерин белгилөө максатында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр тарабынан төлөө үчүн көрсөтүлгөн социалдык талондордун саны жөнүндө маалымат менен берилген социалдык талондордун жалпы саны жөнүндө маалымат дайыма салыштырылып текшерилет.
11. Социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучу жоготкон социалдык талондор, социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучунун күнөөсү боюнча жоголгондон башка учурларда калыбына келтирилбейт. Жоголгон социалдык талон жараксыз деп саналат жана жокко чыгарылууга тийиш; бул жөнүндө маалымат берилген социалдык талондордун реестрине киргизилет.

53-берене. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун укуктары жана милдеттери
1. Социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) андан өзү кызмат көрсөтүүнү ала турган социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүнү өз каалоосу боюнча аныктоого;
2) мамлекеттик заказчыдан социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүлөр жөнүндө маалымат суратууга;
3) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун шарттары, тартиби жана бул кызмат көрсөтүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө түшүндүрүүлөрдү жана консультацияларды алууга;
4) белгиленген талаптарга ылайык жана тийиштүү сапаттагы кызмат көрсөтүүнү алууга;
5) мамлекеттик заказчыга социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн аракетине (аракетсиздигине), берилген кызмат көрсөтүүнүн сапатына даттануу жиберүүгө;
6) өз даттануусун кароонун жүрүшү жөнүндө маалымат алууга.
2. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик заказчыга алардын жашоосундагы социалдык талонду берүүнү жокко чыгарууга алып келген өзгөрүүлөр башталган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ал жөнүндө билдирүүгө;
2) социалдык талонду белгиленген мөөнөттүн ичинде пайдаланууга;
3) социалдык талондун сакталышына жана бүтүндүгүнө көз салууга;
4) социалдык талонду башка кишилерге социалдык кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн бербөөгө.
54-берене. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө социалдык талондордун наркын компенсациялоо тартиби
1. Ар бир айдын 5-күнүнө чейин кызмат көрсөткөн социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү мамлекеттик заказчыга көрсөтүлгөн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ордуна алынган социалдык талондордун түп нускасын тиркөө менен төлөө үчүн эсепти берет.
2. Төлөө үчүн алынган эсептерге жана социалдык талондорго байланыштуу талаш-тартыштар болбогон учурда, мамлекеттик заказчы жогоруда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, төлөө үчүн берилген эсепке ылайык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн анын банктык эсебине акча каражатын которуу жолу менен төлөм жүргүзөт.
55-берене. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишиминин шарттарын сактоого мониторинг жүргүзүү жана контролдоо
1. Мамлекеттик заказчы социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимдин шарттарын сактоосун төмөнкүдөй ыкмалар менен контролдойт:
1) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо;
2) келишимге ылайык социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн ишин текшерүү.
2. Мамлекеттик заказчы социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимди аткаруунун мониторингин жүргүзүүгө укуктуу. Мониторинг социалдык кызмат көрсөтүүгө берүүчүнүн ишине тоскоолдук кылбоого тийиш.
3. Мониторингдин жана контролдун мамлекеттик заказчы тарабынан катталган жыйынтыктары социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүгө карата социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимде каралган жоопкерчилик чараларын көрүү, анын ичинде келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
5-глава. Кошумча жоболор
56-берене. Социалдык кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттар жана талаптар
1. Эгерде сатып алынып жаткан социалдык кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бекитилген стандарт бар болсо. сатып алынуучу социалдык кызмат көрсөтүү ошол стандартка ылайык келүүгө тийиш.
2. Эгерде сатып алынып жаткан социалдык кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бекитилген стандарт жок болсо, сатып алынуучу социалдык кызмат көрсөтүү ага карата мамлекеттик заказчы тарабынан коюлган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
57-берене. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуларга карата кошумча талаптар
Эгерде мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн лицензиянын же башка уруксаттын болушун же болбосо аккредитацияны талап кылган ишти (аракетти) жүргүзүү талап кылынса, анда мындай мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучусу тиешелүү лицензиясы, башка уруксаты же аккредитациясы бар юридикалык жак же жеке ишкер гана боло алат.
58-берене. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун натыйжалуулугун контролдоо жана баалоо
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун натыйжалуулугун, сапатын контролдоо жана баалоо мамлекеттик заказчы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

59-берене. Программаны ишке ашыруу жөнүндө отчет
Мамлекеттик заказчы программаны ишке ашыруунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине программаны ишке ашыруунун жүрүшү жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет берет. Отчет мамлекеттик заказчынын расмий сайтында жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында жайгаштырылат.

60-берене. Талаштарды кароо
Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча, анын ичинде келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө талаштар Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук талаштарды кароо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
61-берене. Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик
1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга алынган каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучусу жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз алган адамдар мамлекетке келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
2. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга алынган бюджеттик каражаттарды башка максатка пайдалангандыгы үчүн аткаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн алынган бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу соттук тартипте аныкталган учурда мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуну мамлекеттик социалдык заказды ак ниет эмес аткаруучулардын реестрине киргизет жана каражаттарды максатсыз пайдалануунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
4. Мамлекеттик социалдык заказдын ак ниетсиз аткаруучуларынын реестрине киргизилген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга катышууга укуксуз. Мамлекеттик социалдык заказдын ак ниетсиз аткаруучуларынын реестри мамлекеттик заказчынын расмий сайтына жайгаштырылат.

611-берене. Мамлекеттик социалдык заказ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун баалоо
Мамлекеттик социалдык заказ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

6-глава. Корутунду жоболор
62-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 17-майында № 60-61 (2785-2786) жарыяланды
2. "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 21-июлундагы № 162 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 626-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн тийиштүү ченемдик укуктук актыларды алты айлык мөөнөттө кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
2017-жылдын 16-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-апрели № 70
Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56, 2022-жылдын 5-августундагы № 82, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Программа, программаны жүзөгө ашыруу планы, темалар, конкурстарды өткөрүү мөөнөттөрү жана тартиби, конкурстардын катышуучулары жана квалификациялык тандоо, жеңүүчүлөрдү тандоо критерийлери, конкурска өтүнмө берген уюмдар жана каржылануучу коомдук пайдалуу долбоорлор жөнүндө маалыматтар жарандар үчүн жеткиликтүү болууга, мамлекеттик заказчынын расмий сайтына жарыяланууга, ал эми расмий сайт болбогон учурда анын маалымат тактасына жайгаштырылууга жана нускалары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу аткаруучулардын, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маалымдуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген республикалык же жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)