Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 18-майы № 83
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 5-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 87-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) I бөлүмдүн аталышында "I БӨЛҮМ" деген сөздөр "1-глава" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-статьяда:
а) 1-пунктунда "өрт коопсуздугу" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан;";
4) 4-статьяда:
а) "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү, өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырып жаткан бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү өрт коопсуздугу жаатындагы эрежелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
5) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Өрт коопсуздугунун сакталышына мамлекеттик өрт көзөмөлү
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын өрт коопсуздугун сактоосуна мамлекеттик өрт көзөмөлүн өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.";
6) 6-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пункту "өрттү өчүрүү" деген сөздөрдөн кийин ", кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 8-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункту "өздөрүнө баш ийген ведомстволук объектилерде" деген сөздөрдөн кийин "жана/же аймактарда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-пункту "иштелип жаткан" деген сөздөрдөн кийин "техникалык регламенттердин долбоорлору" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 10-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "өрттөн сактоо кызматына" деген сөздөр "өрткө каршы мамлекеттик кызматка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бардык үй ээлери жана батир ээлери өрт коопсуздугу кызматынын кызмат адамдарына өндүрүштүк, турак жай жана көмөкчү жайлардын аймактарында өрттүн алдын алуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк түзүп берүүгө милдеттүү.";
9) 11-статьяда:
а) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле ыктыярдуу төлөмдөрдөн жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардан;";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан;";
10) 12-статьяда "өрт коопсуздугу" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) II бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-глава. Өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына мамлекеттик өрт көзөмөлү жана мамлекеттик өрткө каршы алдын алуу";
12) 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн жана контролунун өрт коопсуздугуна негизги милдеттери
Кыргыз Республикасында Мамлекеттик өрт көзөмөлү төмөнкү негизги милдеттерди өзүнө камтыйт:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын, кызмат адамдарынын, жеке менчик ээлеринин жана жарандардын ушул Мыйзамдын, өрт коопсуздугу жаатындагы башка мыйзамдардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин талаптарын аткаруусун көзөмөлдөөнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу;
2) чарба жүргүзүү объекттеринин жана калктуу конуштардын өрт коопсуздугунун абалы жөнүндө, жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын натыйжалары жөнүндө мамлекеттик органдарга жана калкка маалымдоо;
3) кызыкдар юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өрт коопсуздугун контролдоону жүзөгө ашыруу.";
13) II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 141-статья менен толукталсын:
"141-статья. Мамлекеттик өрткө каршы алдын алуунун негизги милдеттери
Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрткө каршы алдын алуу төмөнкү негизги милдеттерди өзүнө камтыйт:
1) өз алдынча же кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мекемелер жана уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашыруучу бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон өрт коопсуздугу жаатындагы стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин долбоорлорун иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу;
2) өрт коопсуздугу жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо жана уюштуруу;
3) ведомстволук жана ыктыярдуу өрттөн сактоо бөлүмдөрүнө жана уюмдарына өрттүн алдын алуу иштерин жана күжүрмөн даярдыкты уюштурууда жардам көрсөтүү;
4) жеке жана юридикалык жактар расмий кайрылганда өрткө каршы ченемдөөнү жүргүзүү, тиешелүү мыйзамдарга, техникалык регламенттерге, стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүү менен, объекттерди куруунун, реконструкциялоонун жана арналышын өзгөртүүнүн долбоордук документтерин макулдашуу;
5) жеке жана юридикалык жактар расмий кайрылганда материалдарга, түзүлүштөргө, агрегаттарга, жабдууларга, өрткө каршы автоматтык системаларга, курулуп, реконструкцияланып, арналышы өзгөртүлүп жаткан имараттардын жана курулмалардын, эксплуатацияланып жаткан имараттардын жана курулмалардын долбоордук документтерине тиешелүү мыйзамдардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын талаптарына, өрт коопсуздугунун ченемдерине жана эрежелерине ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүү;
6) өрт чыкканда жайларды, имараттарды, курулмаларды, түзүлүштөрдү жана агрегаттарды өрттөн жана өрт продуктуларынан автоматтык коргоо каражаттарын жана системаларын ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү;
7) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен биргеликте өрт өчүрүүгө жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүгө катышуу үчүн алардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуунун тартибин иштеп чыгуу;
8) өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатында региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышуу;
9) адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун, Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктуу конуштарды жана материалдык баалуулуктарды коргоо максатында өрттүн алдын алууну уюштуруу.";
14) 15-статьяда:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүчү өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары";
б) "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 16-статьяда:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "16-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары";
б) 1-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүгүндө:
"Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн" деген сөздөр "Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын турак жай фондуна тиешелүү объекттерди кошпогондо, объекттердин ведомстволук таандыктуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, алардын өрт коопсуздугун текшерүүгө, анын натыйжалары боюнча ушул Мыйзамдын, тиешелүү техникалык регламенттердин, өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын аткарууга эскертүүлөрдү, жазма буйруктарды берүүгө;";
3 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
16) II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 161-статья менен толукталсын:
"161-статья. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүзөгө ашыруучу өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары
Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өрткө каршы иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн, өрттүк-техникалык экспертиза жасоо үчүн, ал эми зарыл учурларда - өрт коопсуздугунун стандарттардын, ченемдеринин жана эрежелеринин аткарылышын контролдоо боюнча ишке катышуу үчүн илимий изилдөөчү жана долбоорлоочу уюмдардын адистерин, объекттердин инженердик-техникалык жана башка кызматкерлерин ишке тартууга;
2) техникалык регламенттерге, стандарттарга жана техникалык шарттарга киргизилүүчү өрт коопсуздугунун талаптарын макулдашууга;
3) өрт жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузганы жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүүлөрдү, өрттүн себептерин белгиленген тартипте техникалык иликтөө иштерин жүргүзүүгө, алардын натыйжалары боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу чечимдерди кабыл алууга;
4) өрттү өчүрүү жана өзгөчө кырдалдардын кесепеттерин жоюу зоналарында транспорт каражаттарынын кыймылын жана жарандардын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүүгө.";
17) III бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3-глава. Өрт өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча жалпы жоболор";
18) 17-статьяда:
а) статьянын аталышы жана ар түрдүү жөндөмө формаларындагы тексти "өрт өчүрүү" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгүндө "мамлекеттик өрткө каршы кызматтын" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 18-статьяда:
а) статьянын аталышы жана ар түрдүү жөндөмө жана сандык формаларындагы тексти "өрт өчүрүү" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өрт өчүрүүдө жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүдө аскер кызматчыларын жана өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин уюштуруунун жана ишти жүргүзүүнүн тартиби өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
в) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
20) 19-статьянын аталышы "өрт өчүрүү" деген сөздөрдөн кийин "жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
21) 20-статьяда "өрт коопсуздугу" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) IV бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-глава. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын социалдык-укуктук кепилдиктери";
23) 21-статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 211-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"211-статья. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каза болгон же майып болгон аскер кызматчылары жана кызматкерлери курман болгон же майып болгон учурда мамлекеттик камсыздандыруу жана зыяндын ордун толтуруу
Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери жана аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга жатат.";
25) V бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5-глава. "Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын камсыздандыруу уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү";
26) 22-статьяда:
а) аталышында "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн республикалык, аймактык, жергиликтүү органдарынын" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү аймактык ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүндө "өрт көзөмөлү органдары" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) VI бөлүмдүн аталышында "VI БӨЛҮМ" деген сөздөр "6-глава" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 23-статьяда "мамлекеттик өрт көзөмөлү органдары" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29) VII бөлүмдүн аталышында "VII БӨЛҮМ" деген сөздөр "7-глава" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 25-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери алдын алууда аларга жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди талаптагыдай аткарбаганы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.";
б) 2-бөлүгүндө "үчүн алардын жетекчилери керт башы менен" деген сөздөр "тиешелүү кызмат адамдарына жана юридикалык жактарга жүктөлөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 30-майында № 65 (2790) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |