Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 13-декабры № 118
Өрт коопсуздугу жөнүндө
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Өрт коопсуздугу түшүнүгү
Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугу укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, социалдык, илимий-техникалык чаралардын, тарбиялык мүнөздөгү чаралардын, ошондой эле өрттүн алдын алууга жана аны жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысын түзөт.
2-берене. Өрт коопсуздугунун укуктук негизи
Өрт коопсуздугу системасынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - коргоо, алдын алуу жана өрт өчүрүү объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарын аткарууну контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча, ошондой эле авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
2) өрт - материалдык зыян алып келүүчү, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү контролдонбогон күйүү;
3) өрт коопсуздугу - инсандын, мүлктүн, коомдун жана мамлекеттин өрттөн коргонуу абалы;
4) коргоо объекти - буга карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке же юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (аймактар, имараттар, курулмалар, транспорт каражаттары, технологиялык орнотмолор, жабдуулар, агрегаттар, буюмдар жана башка мүлктөр);
5) өрттүн алдын алуу - өрт чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн жоюуга жана алардын кесепеттерин чектөөгө багытталган алдын алуучу чаралардын жыйындысы;
6) өрткө каршы режим - тийиштүү аймактарда өрт коркунучу жогорулаган учурда мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген өрт коопсуздугунун кошумча талаптары;
7) өрт коопсуздугунун системасы - укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, социалдык, илимий-техникалык чаралардын, тарбиялык мүнөздөгү чаралардын, ошондой эле өрттүн алдын алууга жана аны жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысы;
8) өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү - адамдарды, мүлктү куткарууга жана өрттү жоюуга багытталган бир убакта аткарылуучу иш-аракеттердин комплекси;
9) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү - өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларды (четтөөлөрдү) болтурбоо максатында имараттарды, курулмаларды, комплекстерди жана башка объекттерди долбоорлоодо долбоордук чечимдердин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келишин баалоо;
10) өрт коопсуздугуна көз карандысыз баа берүү - коргоо объектинин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш келүүсүнө, уюмдардын жана жарандардын өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоосуна, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоодо баалоонун же текшерүүнүн натыйжаларына кызыкдар болбогон өрт коопсуздугу жаатындагы эксперт тарабынан жүргүзүлгөн баалоо;
11) өрт коопсуздугу жаатындагы эксперт - өрт коопсуздугун баалоо боюнча иштерди жүргүзүүчү, белгиленген тартипте аккредитацияланган (аттестацияланган), өрт коопсуздугуна көз карандысыз баа берүү үчүн зарыл болгон өрт коопсуздугу жаатында атайын билимге ээ жана өрт коопсуздугун көз карандысыз баалоо боюнча корутундуга кол коюуга ыйгарым укуктуу адам.
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Өрт коопсуздугу кызматтары
Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу кызматтары төмөнкүлөрдөн турат:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан;
2) уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүнөн (мындан ары - ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү);
3) ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнөн.
5-берене. Өрт коопсуздугу системасын башкаруу
Өрт коопсуздугу системасын башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери тарабынан өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзөт;
2) мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу жөнүндө жобону бекитет;
3) өрт көзөмөлү боюнча кызмат жөнүндө жобону бекитет;
4) өрт коопсуздугунун ченемдерин, талаптарын жана эрежелерин бекитет;
5) милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлө турган уюмдардын, объекттердин тизмегин бекитет;
6) ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
7) өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргоого тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, орун-жайлардын жана жабдуулардын тизмегин бекитет;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7-берене. Өрт коопсуздугу кызматтарынын негизги милдеттери
Өрт коопсуздугу кызматтарынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өрттүн жана ага байланыштуу адамдар кабылуучу кырсыктардын алдын алуу;
2) калктуу конуштарда жана чарба жүргүзүүчү объекттерде өрттү өчүрүү, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, авариялардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга катышуу;
3) өрт коопсуздугу жаатындагы илимий изилдөөлөрдү координациялоо, уюштуруу жана жүргүзүү;
4) өрт коопсуздугу кызматтарынын кызматкерлерин кесиптик даярдоо;
5) өрт коопсуздугунун талаптарын сактоону контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу.
Өрт коопсуздугу кызматтарын ушул Мыйзамда аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү милдеттери
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүн түзүү, аларды башкаруу жана алардын иштөөсүн камсыз кылуу;
2) уюмдарды, ишканаларды, мекемелерди, жана калктуу конуштарды өрттөн сактоо чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо;
3) өрткө каршы жумуштарды аткарууга жана өрткө каршы техника менен жабдууларды жасоого адистештирилген ишканалардын жана ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
9-берене. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун милдеттери
Министрликтер жана административдик ведомстволор өздөрүнүн компетенцияларына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда өрт коопсуздугунун маселелери боюнча уюштуруучулук, алдын алуу жана техникалык чараларды, ошондой эле аларды зарыл болгон каржылоону жүзөгө ашыруу;
2) техникалык регламенттерге, стандарттарга, техникалык шарттарга, паспортторго, эрежелерге, нускамаларга жана башка актыларга өрт коопсуздугунун талаптарын киргизүү;
3) өрт коопсуздугунун чараларына адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, жумушчуларды, кызматчыларды, студенттерди, окуучуларды окутуп-үйрөтүү;
4) ведомствого караштуу ишканалардын жана мекемелердин ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүн түзүүгө жана күтүүгө, алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө катышуу;
5) ведомствого караштуу объекттерде чыккан өрттү эсепке алууну жана талдоону, өрттүн чыгышына тике же кыйыр түрдө күнөөлүү болгон жетекчилерге жана кызмат адамдарына карата тийиштүү чараларды көрүү.
10-берене. Уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын милдеттери
Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилери жана кызмат адамдары, менчигинин түрүнө карабастан, өздөрүнүн компетенцияларына ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) объекттерде өрт коопсуздугун жана тийиштүү өрткө каршы режимди камсыз кылууга;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин бардык технологиялык звенолорунун жана этаптарынын өрт коопсуздугун камсыз кылуучу уюштуруучулук-штаттык түзүмдү, кызматтык милдеттерди жана контролдоо системасын түзүүгө;
3) объекттердин экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарында өрт коопсуздугу боюнча уюштуруучулук жана инженердик-техникалык иш-чараларды караштырууга, алардын аткарылышын камсыз кылууга;
4) объекттерди курууда, кайра конструкциялоодо жана пайдаланууда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылууга;
5) ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүн түзүү жолу менен өрттүн алдын алууда жана аны өчүрүүдө эмгек жамааттарынын катышуусун камсыз кылууга, өрт коопсуздугунун эрежелерине жумушчуларды, инженердик-техникалык кызматкерлерди жана кызматчыларды окутууну уюштурууга;
6) өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандарга таасир этүү чараларын көрүүгө;
7) өрттүн чыгышы боюнча тергөө (изилдөө. иликтөө) жүргүзүүгө жана анын чыгышынын себептерин жана шарттарын жоюу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө, өрттүн чыгышына күнөөлүүлөрдөн материалдык зыянды белгиленген тартипте өндүрүп алууга.
11-берене. Жарандардын укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өрт чыккан учурда өмүрүн, ден соолугун жана өзүнүн мүлкүн сактоого;
2) алар дуушар болушу мүмкүн болгон өрт коркунучу жөнүндө кабардар болууга.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоого, өрт чыккан учурда (табылганда) өрт коопсуздугу кызматына билдирүүгө, өрт өчүрүүгө колдон келген жардамды берүүгө;
2) өрт коопсуздугу кызматтарынын кызмат адамдарына объекттин өрт коопсуздугун текшерүүгө, өрттүн алдын алуу иштерин жүргүзүүгө, өндүрүштүк, турак жана көмөкчү жай аймактарында болгон өрттү тергөөгө мүмкүндүк берүүгө.
12-берене. Өрт коопсуздугу кызматтарын каржылоо
Өрт коопсуздугу кызматтары төмөнкүлөрдөн каржыланат:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле ыктыярдуу төлөмдөрдөн жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардан;
2) ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү - тийиштүү уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин каражаттарынан;
3) ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү - коомдук бирикмелердин, уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин каражаттарынан.
13-берене. Өрттү мамлекеттик эсепке алуу
Өрттү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алуу өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
14-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги милдеттери
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй негизги милдеттерди жүзөгө ашырат:
1) өрт коопсуздугу системасын түзүү жана башкаруу, анын башкы милдеттерин жана каржылоо булактарын аныктоо, аны укуктук камсыз кылуу;
2) өрт коопсуздугу чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо жана уюштуруу;
3) өрт коопсуздугу чөйрөсүндө региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышуу;
4) өрттүн алдын алууну уюштуруу;
5) өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын ченемдеринин, техникалык регламенттердин, стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин талаптарынын сакталышына көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруу;
6) өрттөрдү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү;
7) болуп өткөн өрттөр боюнча алгачкы текшерүү (изилдөө) жүргүзүү;
8) өрт коопсуздугунун чараларына окутуу, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү кызмат адамдарын жана адистерди даярдоо жана кайра даярдоо;
9) өрт коопсуздугу жаатындагы стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди иштеп чыгуу;
10) жеке жана юридикалык жактар кайрылганда өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына ылайык келиши жөнүндө ишке киргизилип жаткан имараттардын жана курулмалардын материалдарына, орнотмолоруна, жабдууларына, өрткө каршы автоматтык системаларына, ошондой эле чыккан өрттөр боюнча корутунду берүү;
11) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү;
12) өрт өчүрүүчү техниканы жана жабдууларды сатып алуу маселелерин чечүү;
13) өрт коопсуздугу жаатындагы эксперттерди аккредитациялоо (аттестациялоо);
14) курулуш материалдарын, конструкцияларды жана коргоо объекттерин өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү боюнча сыноо, изилдөө;
15) өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;
16) белгиленген тартипте өрт-техникалык экспертизадан өткөн долбоордук документтердин аткарылышына контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу.
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин тизмеги, алардын функциялары, ошондой эле аларга жүктөлгөн функцияларды аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
16-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) түздөн-түз өрт чыгуу коркунучун жаратуу менен өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин бузган учурда уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин иштөөсүн, ошондой эле техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин өрткө каршы талаптарынан четтөө менен жүзөгө ашырылып жаткан объекттердин курулушун, кеңейтилишин, кайра конструкцияланышын жана техникалык кайра жабдылышын токтотууга же тыюу салууга;
2) ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан, республиканын турак жай фондуна тиешелүү объекттерден тышкары, объекттердин өрт коопсуздугун текшерүүгө, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү техникалык регламенттердин, өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын аткарууга эскертүүлөрдү, жазма буйруктарды берүүгө;
3) өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарына, жеке жана юридикалык жактарга айып пул түрүндөгү жаза салууга, бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйруктарды үч жолу аткарбаган учурда, жооптуу адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн укук коргоо органдарына кабарламаларды жана материалдарды киргизүүгө;
4) министрликтерден, административдик ведомстволордон, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден объекттердин жана чыгарылган продукциянын өрт коопсуздугунун абалын мүнөздөөчү, ошондой эле өрттөр жана алардын кесепеттери жөнүндө маалыматтарды жана документтерди талап кылууга;
5) өрт коопсуздугунун маселелери боюнча адистердин билимин баалоону жүзөгө ашырууга жана анын жыйынтыгы боюнча адистин компетенциясы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
6) объекттерде өрткө каршы коргонуу каражаттарынын абалын, ошондой эле уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүнүн жана ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн күжүрмөндүгүн текшерүүгө;
7) өрт коопсуздугу боюнча стандарттарды жана техникалык шарттарды бузуу менен иштеп жаткан орун-жайларды, машиналарды, приборлорду, жабдууларды, жылуулук берүүчү, энергия керектөөчү жана башка түзүлүштөрдү иштетүүгө тыюу салууга;
8) өрткө каршы иш-чараларды иштеп чыгууга катышуу үчүн, ал эми зарыл болгон учурларда - өрт коопсуздугунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин сактоону контролдоо боюнча ишке катышуу үчүн илимий-изилдөө жана долбоордук уюмдардын адистерин, объекттердин инженердик-техникалык жана башка кызматкерлерин ишке тартууга;
9) уюмдар, ишканалар жана мекемелер тарабынан сунушталган техникалык регламенттерге киргизилүүчү өрт коопсуздугунун стандарттарын жана талаптарын макулдашууга;
10) өрт жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы жөнүндө иштер боюнча белгиленген тартипте алгачкы текшерүүлөрдү, өрттүн себептерине техникалык изилдөө жүргүзүүгө, алардын жыйынтыктары боюнча аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алууга;
11) өрттү өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу зоналарында транспорт каражаттарынын кыймылын жана жарандардын жетүүсүн чектөө боюнча чараларды көрүүгө.
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча жалпы жоболор
17-берене. Өрттү өчүрүүнүн жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жетекчиси
1. Өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча ишти өрт чыккан жерге келген өрт коопсуздугу кызматынын начальниги жетектейт. Өрт чыккан жерге келген учурда өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча ишке жетекчиликти улук начальник өзүнө алат.
2. Өрттү өчүрүүнүн жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жетекчиси жеке өзү башкарат, ага өрттү өчүрүүгө келген өрт коопсуздугу кызматтарынын бөлүмдөрүнүн жана тартылган күчтөрдүн бардыгы ага баш иет. Кызмат адамдарынын эч кимисинин өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин өрттү өчүрүүгө байланыштуу буйруктарына кийлигишүүгө, буйруктарды жокко чыгарууга укугу жок.
3. Өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйруктары өрттү өчүрүүгө катышып жаткан бардык жарандар жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызмат адамдары тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш.
18-берене. Өрттү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугу кызматтарынын кызматкерлеринин укуктары
1. Өзгөчө зарыл болгон шарттарда өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугу кызматтарынын кызматкерлери өрттү өчүрүүнүн жетекчисинин буйругу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
1) от жана күйүү продуктулары тараган же тарашы мүмкүн болгон бардык турак, өндүрүштүк жана башка орун-жайларга кирүүгө;
2) имараттардын жана курулмалардын жабык эшиктерин, тосуп турган жана конструктивдүү элементтерин сындырууга (ачууга);
3) өрттү өчүрүүнү кыйындатуучу предметтерди жылдырууга жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоого;
4) оттун жана күйүү продуктуларынын таралуу коркунучунда турган имараттардан, жайлардан адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо боюнча буйрук берүүгө;
5) уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринен материалдык-техникалык ресурстарды жана суу булактарын пайдаланууну, өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жумушчуларды жана кызматчыларды тартууну талап кылууга.
2. Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү жумуштарын уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3. Өтө зарыл болгон шарттарда иштөөчү өрт коопсуздугу кызматтарынын жеке курамы, өрт өчүрүүнүн башка катышуучулары келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.
19-берене. Өрт коопсуздугу кызматтарынын жана башка авариялык кызматтардын өрт өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүсү
Өрт коопсуздугу кызматтары Кыргыз Республикасындагы өрт жана авариялык кызматтардын бардык түрлөрүн, алардын кайсыл жакка баш ийүүсүнө карабастан, өрттү өчүрүүгө тарта алышат.
20-берене. Өзгөчө учурларда өрт өчүрүү
Өзгөчө учурларда өрттү өчүрүүнүн, атап айтканда: токойлордогу, тоолордогу жана талаалардагы өрттү, улуттук коопсуздук, коргоо, ички иштер, жаза-аткаруу системасы, бажылык жөнгө салуу, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү, жер казынасын пайдалануу чөйрөлөрүндөгү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз темир жолунун, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн объекттериндеги өрттү өчүрүүнүн тартиби тиешелүү министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери тарабынан өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат.
4-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн айылдык жана шаардык калктуу конуштарда жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
21-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн айылдык жана шаардык калктуу конуштарда жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары
1. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн айылдык калктуу конуштардын аймагындагы жайгашуусу 25 чакырымдан ашпаган жол жүрүү радиусунда аныкталат, мында биринчи бөлүмдүн келип калуу убактысы 25-40 мүнөттөн ашпоого тийиш, шаардык калктуу конуштарда 5 чакырымдан ашпаган радиуста аныкталат, келип калуу убактысы 10 мүнөттөн ашпоого тийиш.
Ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмүнүн жана ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн жайгашуу орду алар түзүлгөн ведомстволор, уюмдар, ишканалар жана мекемелер тарабынан аныкталат.
2. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү өрттөн куткаруу бөлүктөрүнүн имараттарында жайгаштырылууга тийиш. Бир күжүрмөн эсептин (бир автоцистернадагы экипаждын) саны шаардык калктуу конуштар үчүн 6 адамдан кем болбоого тийиш жана айылдык калктуу конуштар үчүн 4 адамдан кем болбоого тийиш. Бир өрттөн куткаруучу бөлүктүн тейлөөсү шаардык калктуу конуштарда - 100 миң адамга жана айылдык калктуу конуштарда 30 миң адамга эсептелүү менен аныкталат.
3. Өрткө каршы алдын алуунун, ошондой эле мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн инспектордук курамынын саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан калктын санына жана чарба жүргүзүүчү объекттердин санына жараша аныкталат.
5-глава. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келишин аныктоонун негизги формалары жана методдору
22-берене. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келишин аныктоонун негизги формалары жана методдору
Коргоо объекттеринин, продукциянын, долбоорлоо, өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун жана алардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин аныктоонун негизги формалары жана методдору төмөнкүлөр болуп саналат:
1) өрткө каршы алдын алуу;
2) долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү;
3) мамлекеттик контроль жана көзөмөл;
4) объекттерди кабыл алуу жана ишке киргизүү;
5) өндүрүштүк контроль;
6) шайкештигин ырастоо;
7) сыноолор жана изилдөөлөр;
8) өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин айрым түрлөрүн лицензиялоо.
6-глава. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын социалдык-укуктук кепилдиктери
23-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин укуктук абалы, кызмат өтөө тартиби жана социалдык кепилдиктери
1. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болот. Аларга Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктар, социалдык кепилдиктер жайылтылат.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тиешелүү жобо менен аныкталат.
2. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине өрт өчүрүүгө байланыштуу иши үчүн ошондой эле эмгектин оор, зыяндуу жана өмүргө коркунуч келтирген шарттарындагы иши үчүн кошумча төлөм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт.
24-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин мамлекеттик камсыздандыруу
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери жана аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга жатат.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары жана кызматкерлери каза болгон же жаракат алган учурда зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава. Ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү. Ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү
25-берене. Ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү
Ведомстволук өрттөн сактоо бөлүмү министрликтердин, административдик ведомстволордун, уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин өз демилгелери жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча уюштурулат.
26-берене. Ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү
Ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобого ылайык уюштурулат жана иштейт.
8-глава. Өрт коопсуздугу үчүн жоопкерчилик
27-берене. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик
1. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери берилген укуктарды талаптагыдай эмес пайдалангандыгы жана аларга жүктөлгөн көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын, өрттүн алдын алуу, аны өчүрүү жана авариялык куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.
2. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, менчигинин түрүнө жана ведомствого таандыктыгына карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тиешелүү юридикалык жактарга жана кызмат адамдарына, ал эми шаарларда жана калктуу конуштарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жүктөлөт.
3. Турак жайлардын, үйлөрдүн, короодогу курулуштардын, дачалардын жана бакчадагы үйлөрдүн өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик менчик ээсине же ал жерде убактылуу жашаган адамдарга жүктөлөт.
28-берене. Техникалык регламенттерди, стандарттарды, ченемдерди жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Техникалык регламенттердин, стандарттардын, өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин белгиленген талаптарын, бузган же аткарбаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
29-берене. Өрттөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу
1. Уюмдар, ишканалар, мекемелер жана жарандар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык өрттөн келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
2. Зыяндын ордун толтурууга байланыштуу чыгым тарткан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күнөөлүү адамдары белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартат.
30-берене. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин аракеттерине даттануу
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин аракеттери боюнча даттанууларды жана арыздарды өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат. Эгерде даттануучу адам кабыл алынган чечимге канааттанбаса, ал жогору турган ыйгарым укуктуу органга - административдик (сотко чейинки) тартипте, андан кийин "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сот тартибинде кайрыла алат.
9-глава. Корутунду жоболор
31-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 87-ст.);
2) "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 28-февралындагы № 47 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 5, 213-ст.);
3) "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 14-июнундагы № 76 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 9, 634-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1033-ст.);
5) "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-июнундагы № 49 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 544-ст.);
6) "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 527-ст.);
7) "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 15-апрелиндеги № 59 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 286-ст.);
8) "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 401-ст.);
9) "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 3-июлу, № 51).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н.Жапаров |
2022-жылдын 26-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |