Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 24-майы № 88
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
2017-жылдын 26-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
|
|
1-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
"Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 191 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/1, 655-ст.);
"Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 3-мартындагы № 73 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 204-ст.);
"Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы № 254 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 764-ст.).
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 6-июнунда № 67-68 (2792-2793) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |