Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-майындагы № 88 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2008-жылдын 4-августу № 191
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Балыктын Ысык-Көлдү жана Соњ-Көлдү байырлаган баалуу
жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып
алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 3-мартындагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2008-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын негизги балык чарба сууларында
балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнүн запастарын сактоого
жана көбөйтүүгө арналган.
1-берене.
Илимий максаттарда балык кармоону жана атайын тордолгон орундарда
өстүрүлгөн балыктарды кармоону кошпогондо, балыктын Ысык-Көлдү жана
Соњ-Көлдү байырлаган өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн, анын
ичинде алардан иштелип чыккан балык продукциясын жана икраны кармоого,
ташууга, сатып алууга, сатууга жана Кыргыз Республикасынан алып чыгууга
5 жылдык мөөнөткө тыюу салынат.
Илимий максаттарда, балык корлорун кайра өндүрүп чыгаруу, балык кармоону жана атайын тордолгон орундарда өстүрүлгөн балыктарды кар- моону кошпогондо, балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн, анын ичинде алардан иштелип чыккан балык продукциясын жана икраны кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана Кыргыз Республикасынан алып чыгууга 5 жылдык мөөнөткө тыюу салынат.
Балык чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыктын чийки зат корлорунун абалы үчүн жыл сайын илимий, ихтиологиялык изилдөөлөрдү жана мониторинг жүргүзүү жолу менен балык корлорунун сакталышына жана көбөйүшүнө тыюу салуулардын таасирине баа берүү боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн суу көлмөлөрүндө балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого мораторийди колдонуу мезгилинде балык ресурстарын коргоо жана кайра өндүрүп чыгаруу боюнча иштерди жүзөгө ашырат. (КР 2009-жылдын 3-мартындагы №73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Балыктын Ысык-Көлдү жана Соњ-Көлдү байырлаган өзгөчө баалуу жана
эндемикалык түрлөрүн, алардан иштелип чыккан балык продуктуларын же
алардын икраларын мыйзамсыз кармоодо, ташууда, сатып алууда, сатууда
жана Кыргыз Республикасынан алып чыгууда ушул иш-аракеттерди жасоонун
куралы же болбосо тикелей объектиси болуп саналган же болбосо балык
продукциясын жана балык икрасын кармоодо, ташууда, өндүрүүдө жана кайра
иштетүүдө тикелей катышы бар буюмдар (мыйзамсыз балык кармоо куралдары,
сууда сүзүүчү жана башка транспорт каражаттары, балыкты кайра иштетүү
цехтери, мыйзамсыз кармалган же сатып алынган балык, андан иштелип чы-
гарылган продукция жана икра) сот тартибинде конфискацияланууга жатат.
Балыкты браконьердик жол менен кармоодо колдонулган конфискация-
ланган сууда сүзүүчү жана башка транспорт каражаттары, ошондой эле укук
бузуучулардан алынып коюлган балык жана андан иштелип чыккан продукция
жана балык икрасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү
жобого ылайык сатылууга жатат.
Балыкты браконьердик жол менен кармаганда алынып коюлган мыйзамсыз
балык кармоо куралдары балык чарба субъектилерине сатылат же болбосо
Кыргыз Республикасынын балык чарбасын башкарган атайын ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органы аныктаган тартипте жок кылынат.
Браконьердик иш-аракеттерден алынган кирешелер алынып коюлууга жа-
на республикалык бюджетке чегерилүүгө жатат.
Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыкка күнөөлүү адамдар Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркинтоо" газетасында 2008-жылдын 12-августунда № 59-60 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев