Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 24-майы № 89
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 12-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
|
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2052 жана 2053-статьялар менен толукталсын:
"2052-статья. Ветеринардык палатанын реестринде каттоосуз жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруу
Ветеринардык врачтардын жана параветеринардык адистердин жеке ветеринардык практиканы Ветеринардык палатанын реестринде каттоосуз жүзөгө ашыруусу -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
2053-статья. Жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын кесиптик милдеттерин аткарбоосу же болбосо талаптагыдай эмес аткаруусу
Жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын кесиптик милдеттерин аткарбоосу же болбосо талаптагыдай эмес аткаруусу, өз ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу, ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузуусу, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын келип чыгуу фактыларын жана алардын келип чыгышына жана жайылышына коркунуч түзүүчү жагдайларды жашыруусу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн кырк, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 520-статьянын 1-бөлүгүндө "197 - 205-1, 410" деген цифралар "197 - 205-3, 410" деген цифраларга алмаштырылсын.
2-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 939-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы;";
2) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) ветеринардык практиканы жөнгө салуу жаатындагы эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бекитүү.";
3) 6-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизмекке ылайык келишимдик негизде ветеринардык практикага укугу бар жактарга ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү;";
4) 19-берененин 4-бөлүгүнүн 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 23-24-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы
1. Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы (мындан ары - Ветеринардык палата) - өзүн өзү башкаруу принциптеринде иштеген жана өлкөдө жеке ветеринардык практиканы жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу коммерциялык эмес уюм.
2. Ветеринардык палата ветеринардык практиканы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Ветеринардык палатанын Уставында аныкталуучу тартипте жөнгө салат.
24-берене. Ветеринардык палатанын компетенциясы
Ветеринардык палатанын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген, Ветеринардык палатанын реестринде каттоо үчүн зарыл болгон минималдуу талаптарга жактардын квалификациясынын ылайык келишине баа берүү;
2) минималдык квалификациялык талаптарга ылайык келүүчү, ветеринардык практика менен алектенүүчү жактарды акы төлөнүүчү негизде каттоо/кайра каттоо жана алардын реестрин жүргүзүү;
3) жеке ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер тарабынан ветеринардык врачтардын Кесиптик этика кодексинин ченемдеринин сакталышын контролдоо;
4) өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эл аралык жана башка уюмдарга Ветеринардык палатанын ишине тиешелүү маселелер боюнча кеңеш берүү.";
6) 25-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жеке ветеринардык практика менен алектенүү укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте Ветеринардык палатанын реестринде катталган ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер ээ болот.";
7) 26-беренеде:
а) берененин аталышында "ветеринардык врачтардын" деген сөздөр "жактардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдик негизде аткарууга;";
8) 30-беренеде:
а) берененин аталышы "ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгү "ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу адамдар" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүгү "ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ветеринардык палатанын реестринде каттоосуз жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 6-июнунда № 67-68 (2792-2793) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 24-майы № 89
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 12-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
|
|
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)