Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 8-июну № 100
Майыптык маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49, 2023-жылдын 9-мартындагы № 54, 2023-жылдын 11-августундагы № 179, 2025-жылдын 8-августундагы № 191 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар өздөрүнүн граждандык укуктарын жүзөгө ашырганда өз кол коюусун алмаштыруучу факсимилдик кол коюуну пайдалануусуна байланыштуу алардын граждандык укуктары чектелиши мүмкүн эмес.";
2) 176-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Дене бойлук кемчилдигинен улам өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү граждан өз кол коюусун толугу менен алмаштыра турган, нотариаттык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамганы пайдалануу менен жазуу жүзүндөгү формада бүтүм түзүүгө укуктуу.";
б) 3-пункт "өзү кол коё албаса" деген сөздөрдөн кийин "жана факсимилдик кол коюусу болбосо" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1931-статья менен толукталсын:
"1931-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик колтамгасын пайдалануу менен түзүлгөн бүтүмдүн жараксыздыгы
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол коюусун пайдалануу менен түзүлгөн бүтүм мындай адамдын же болбосо бүтүмдүн түзүлүшү кызыкчылыктарын козгогон адамдын арызы боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүм, эгерде ал түзүлгөн учурда факсимилдик кол коюу тигил же бул негиздер боюнча анын ээсинин тескөөсүнөн чыккандыгы далилденсе, жараксыз деп таанылат. Мындан тышкары, мындай бүтүм, эгерде бүтүмдү түзүүгө тартылган үчүнчү адам тарабынан факсимилдик кол коюуну колдонуунун ак ниеттүү эместиги далилденсе, жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол коюусун пайдалануу менен түзүлгөн бүтүм жараксыз деп таанылган учурда ушул Кодекстин 184-статьясында каралган натыйжалар колдонулат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 793-статьянын 1-пунктунун 6-пунктчасы "колтамгасын" деген сөздөн кийин "же өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган факсимилдик колтамгасын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 907-статьянын 2-пунктунун 8-пунктчасы "колтамгасы" деген сөздөн кийин "же болбосо өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын талаптагыдай ырасталган факсимилдик колтамгасы" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 1131-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Дене бойлук кемчилдигинен улам керээзге өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам нотариустун же керээзди ырастоого укуктуу башка адамдын катышуусунда факсимилдик колтамганын жардамы менен керээзге кол коюуга укуктуу. Мында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам тарабынан пайдаланылган факсимилдик колтамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариаттык ырасталууга тийиш, ал эми керээзде болсо факсимилдик колтамга колдонулгандыгынын жагдайлары жөнүндө белги коюлуусу керек.";
4) 1132-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде адам дене бойлук кемчилдигинен улам жашыруун керээзди өзү түзүүгө жана кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, мындай керээз кадимки техникалык каражаттарды (персоналдык компьютерди ж.б.) пайдалануу менен түзүлүшү, кагазга басылып чыгарылышы жана аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган факсимилдик колтамганын жардамы менен кол коюлушу мүмкүн. Мында факсимилдик колтамганын жана жашыруун керээзди өзү түзүүгө жана өзү кол коюуга мүмкүн болбогон себептердин аныктыгын ырастоочу документтер керээзге тиркелүүгө тийиш.";
5) 1133-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жаткан же улгайган граждандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык станционардык мекемелерде жашаган граждандардын бул ооруканалардын, госпиталдардын жана башка дарылоо мекемелеринин башкы врачтары, алардын медициналык бөлүк боюнча орун басарлары же кезметчи врачтары, ошондой эле госпиталдардын начальниктери, улгайган граждандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык станционардык мекемелердин директорлору же башкы врачтары тарабынан ырасталган керээздери;".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин Too" газетасы, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
44-берененин 2-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) жалпы оорунун, эмгектик майып болуунун же кесиптик оорунун натыйжасындагы I жана II топтогу майыптар жана аскер кызматчыларынын ичинен I жана II топтогу майыптар;".
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 94-статьянын 2-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ортодогу баланы ал он сегиз жашка чыкканга чейин багып-караган же бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналуучу ортодогу баланы багып-караган, жардамга муктаж жубайы.";
2) 95-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ортодогу баланы ал он сегиз жашка чыкканга чейин багып-караган же бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналуучу ортодогу баланы багып-караган, жардамга муктаж мурдагы жубайы;".
6-берене.
(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьянын он алтынчы абзацы төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам - жашоо-тиричиликтин чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттардын кесепеттери же дефекттер менен шартталган, организмдин функциялары туруктуу чачкындаган, адамды социалдык коргоого алуу жана реабилитациялоо зарылдыгын пайда кылган ден соолугунун бузулушу бар адам;".
8-берене.
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
10-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-июнунда № 72 (2797) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
2017-жылдын 26-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |