Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 29-июну № 112
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 25-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын 2-пунктунда:
а) биринчи абзацында "төмөнкүдөй" деген сөз "камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин жылдык базалык ставкасынын өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында "ушул статьянын 1-пунктунда каралган" деген сөздөр "ушул пунктта каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Көлмөлөрдүн ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тиешелүү райондун сугат айдоо жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет.
Насостук станциялар менен сугарылуучу жерлердин ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тиешелүү райондун кайрак айдоо жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет.";
г) жетинчи абзацында "90 пайыз" деген сөздөр "89,75 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
2) 51-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы";
б) 1-пунктунда:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:";
- "а" пунктчасында:
"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөр алып салынсын;
- пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1,75 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;";
в) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.
Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) айыл чарба кооперативине ижарага беришкен жана ошол эле мезгилде алардын кызматкерлери болгон айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн бир негиз боюнча төлөөнү тандоо укугуна ээ болушат.
Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү үстүдөгү жылдын 25-июлуна чейин бир жолу же 25-июлуна чейин жана 25-декабрына чейин бирдей үлүштөр менен төлөнөт.
Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан төлөнөт.";
3) 6-статьяда:
а) 1-пунктунда:
- биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.";
- үчүнчү абзацында "9 пайыз" деген сөздөр "8,75 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
б) 2 жана 21-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салыктарды төлөгөн, анын ичинде контейнерлерден, павильондордон, күркөлөрдөн товар сатып базарларда иш жүргүзгөн (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу же лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатуу жолу менен базарларда иштеген жеке ишкерлерди кошпогондо) жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
21. Лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатып базарларда ишкердик ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 3 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүзөгө ашырылат:
Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
в) 3-пунктунда:
- биринчи абзацында "өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул статьянын 1 же 2-пункттарына ылайык ишке ашырышат, ал эми" деген сөздөр алынып салынсын;
- "б-1"-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
4) 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы
1. Кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөйт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган же өзүнүн жер үлүшүн жана/же участогун же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлеринин ижарачылары - жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.
3. Жеке жактарга Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринен (жайыттарды кошпогондо) жерлерди, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө, камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт. Мында токой фондусунун участоктору үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн көп жылдык өсүмдүктөргө каралган жер салыгынын базалык ченине теңештирилет.
Жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
4. Юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган жеке жактар, берилген лицензиялардын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сыйакы) алгандар алган гонорарынын (сыйакынын) 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.";
5) 9-статьяда:
а) 5-пунктунун экинчи абзацында "90 пайыз" деген сөздөр "89,75 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-пунктунда:
"а" пунктчасында:
- биринчи абзацында "1 жана 4-пункттарына" деген сөздөр "1-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацында "8 пайыз" деген сөздөр "8,75 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"б" пунктчасынын экинчи абзацында "90 пайыз" деген сөздөр "89,75 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) 7-статьянын 4-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 90 пайыз.";
в) 7-пунктунун экинчи абзацында "92,6 пайыз" деген сөздөр "89,75 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен ар кандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн Пенсиялык фондго 8 пайыздан кем эмес же орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздан кем эмес өлчөмдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
Пенсиялык фондго - 8 пайыз;
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна - 2 пайыз.
2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте үстүдөгү ай үчүн жана келерки мезгилге гана жүзөгө ашырылат.
3. 1996-жылдын январынан кийинки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана өздүк камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн Пенсиялык фондго ар кандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 8 пайызынан кем эмес өлчөмдө төлөй алышат.";
7) 11-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик ишин жүргүзгөн I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер жана жер үлүшүнө жана/же участогу жана/же анын бир бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.";
8) 141-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"141-статья. Бир айлык орточо эмгек акыдан камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына карата камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмү (6-статьянын 2 жана 21-пункттарында каралган төлөөчүлөрдү кошпогондо) - бул өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн бир айлык орточо эмгек акынын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген өлчөмү.
2. 6-статьянын 2 жана 21-пункттарында каралган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрүнө карата камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмү - бул орточо бир айлык эмгек акынын деңгээли жалпы республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 пайыздан жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эске албастан, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген Кыргыз Республикасынын райондорундагы жана шаарларындагы бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмү.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматтарынын негизинде өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмдөрү жөнүндөгү маалыматты үстүдөгү жылдын 1-декабрына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
Тарифтик ставканы эсептөө жыл сайын келерки жылдын 1-январынан тартып жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 8-пунктунун үчүнчү абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 30-июнунда № 77 (2802) жарыяланды
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |