Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июну № 111
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3015-статья менен толукталсын:
"3015-статья. Тамеки заттарына минималдуу чекене бааларды жөнгө салуучу мыйзамдарды сактабоо
Тамеки заттарын чекене соодада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тамеки заттарына минималдуу чекене баалардан төмөн баа боюнча сатуу, -
тамеки заттарын конфискациялоо менен жыйырма эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 508-статьянын 1-бөлүгү "3014," деген цифралардан кийин "3015," деген цифралар менен толукталсын;
3) 535-статьянын 1-бөлүгү "3014," деген цифралардан кийин "3015," деген цифралар менен толукталсын;
4) 5561-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма үчүнчү абзацы "3014," деген цифралардан кийин "3015" деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 2-статьясынын 6-пунктунун "б" пунктчасынын төртүнчү абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-июлунда № 78 (2803) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
2017-жылдын 17-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |