Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-сентябры № 121
Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө
(КР 2024-жылдын 28-февралындагы № 61 , 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети, максаты жана негизги милдеттери
1. Ушул Мыйзам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясына (мындан ары - ДСУ ТКАК) ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин, никотиндин таасиринен коргоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана тамеки заттарынан бөлүнүп чыккан заттарсыз абага жарандардын укугун бекемдейт, ошондой эле тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун тийгизген таасиринен келип чыккан ооруларды азайтуу жана алардын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылат.
2. Ушул Мыйзамдын негизги максаты тамеки заттарынын бардык түрлөрүн керектөөнүн алдын алуу жана кыскартуу менен тамекини жана никотинди керектөөгө байланышкан оорулар менен ооруп калууну жана өлүмгө учуроону азайтуу болуп саналат.
3. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөө жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун тийгизген таасиринин кесепеттеринен коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ДСУ ТКАК жоболорун ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасында тамекини жана никотинди керектөөнүн таралышын туруктуу азайтуу үчүн шарттарды түзүү;
3) жарандардын ден соолугун тамекинин жана никотиндин таасиринен коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
4) айланадагы тамеки түтүнүсүз жана аэрозолсуз таза абага жарандардын укуктарын жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу,
5) калк арасында тамеки жана никотин эпидемиясын алдын алуу жана кыскартуу боюнча секторлор аралык деңгээлде макулдашылган иш-чараларды жүргүзүү;
6) тамекиге каршы пропаганда жүргүзүү, тамеки жана никотин заттарын керектөөнүн зыяны жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун зыяндуу таасири жөнүндө калктын билим деңгээлин жана маалымдар болуусун жогорулатуу;
7) тамеки жана никотин камтылган заттарын керектөөдөн баш тартууга багытталган медициналык-маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) тамекиге жана никотинге каршы күрөш - тамеки жана никотин камтылган заттарды калк керектөөсүн, ошондой эле ага тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасирин жоюу же азайтуу аркылуу калктын саламаттыгын жакшыртууга багытталган ташып келүү, суроо-талап жана зыянды азайтуу жаатындагы стратегиялардын кеңири чөйрөсү;
2) суу түтүгү - чегүүчү буюм, атап айтканда, суу аркылуу түтүндү, аэрозолду чыпкалоо жана муздатуу жүргүзүлүүчү тамекини же тамеки эмес чегүүчү аралашмаларды тарта турган прибор (кальян, шиша, наргиле жана башка окшош товарлар) (адатта ал бири-бири менен жылчыксыз бириктирилген үч негизги бөлүктөн: шахтадан, колбадан жана мундштуктан турат);
3) экинчи тамеки түтүнү жана аэрозолу (же айланадагы тамеки түтүнү жана аэрозоль) - тамеки чегүү жана никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары жүзөгө ашырылып жаткан же мурда жүзөгө ашырылып жүргөн жерлерде атмосфералык абада камтылган, колдонуп жаткан чегүүчү тамеки заттарынан жана (же) никотин камтылган заттардан келип чыккан жана (же) тамеки чеккен жана никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын колдонгон адамдын дем чыгаруусунан улам пайда болгон тамеки түтүнү жана аэрозоль;
4) ысытылуучу тамекиси бар буюмдар - тамекини электрондук же тамекинин күйүү процесси болбостон башка ыкма менен ысытуунун натыйжасында пайда болгон аэрозолдон дем алуу үчүн арналган тамекиси бар буюмдар;
5) ингредиент - тамеки заттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу жана даяр тамеки заттарында, анын ичинде өзгөртүлгөн формада колдонулуучу зат (тамеки жалбырагын жана тамекинин башка бөлүктөрүн кошпогондо);
6) чегүү - тамекинин кызарган чогунан же никотиндин ысуусунан пайда болгон заттар менен дем алуу максатында тамекини жана никотинди (тамеки жана никотин камтылган заттарды) колдонуу;
7) тамеки чегүү буюмдары - тамеки жана никотин камтылган заттарды чегүү процессин жүзөгө ашырууга багытталган предметтер (анын ичинде чегүүчү трубкалар, суу түтүктөрү (кальяндар), тамеки ысытуу системалары, никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары, анын ичинде электрондук сигареттер, тамеки кагазы, жандыргычтар, күл түшүргүчтөр);
8) чегүүчү тамеки заттары - тамеки тартууга арналган тамеки буюмдары;
9) тамекиге (никотинге) көз карандылыктан айыктыруу - тамекини жана никотин камтылган заттарды керектөөнү токтотуу максатында тамекини жана никотинди керектөөчүлөргө медициналык жардам көрсөтүү, анын ичинде жүрүм-турумдук колдоону камсыз кылуу жана дары-дармектер менен камсыз кылуу;
10) медициналык-маалыматтык регламент - ДСУ ТКАК чараларын жана ушул Мыйзамды ишке ашырууга максатында колдонулуучу медициналык-маалыматтык эрежелердин жыйындысы;
11) насвай - сорууга арналган жана тамекиге щелочтук компонентти (анын ичинде акиташты) жана башка ингредиенттерди кошуу менен тамекиден жасалган чегилбей турган тамеки заты;
12) мыйзамсыз соода жүргүзүү - өндүрүүгө, жөнөтүүгө, алууга, ээлик кылууга, бөлүштүрүүгө, сатууга же сатып алууга тиешеси бар, мындай ишке мүмкүндүк берүү максатындагы практиканын же жүрүм-турумдун ар кандай түрүн кошуп алганда, мыйзамда тыюу салынган ар кандай практиканын же жүрүм-турумдун түрү;
13) чегилбей турган тамеки заттары - сорууга, чайноого, жыттоого арналган тамеки заттары;
14) чегүүчү тамекисиз аралашма - ар түрдүү ыкмалар менен, анын ичинде суу түтүктөрүн колдонуу менен керектөө үчүн арналган тамекинин жалбырагын жана тамекинин башка бөлүктөрүн камтыбаган аралашма;
15) никотин - Nicotiana Tabacum жана Nicotiana Rustica паслена түркүмүндөгү Nicotiana түрүндөгү өсүмдүктөрдө камтылуучу алкалоид;
16) никотинди камтыган суюктук - никотинди камтыган жана электрондук никотин жеткирүү системаларында, анын ичинде электрондук сигареталарда (картридждерде, резервуарларда жана башка контсйнерлерде) колдонууга арналган, ысытууда дем алууга арналган аэрозоль пайда болгон суюктук;
17) никотин камтылган чегилбөөчү тамеки заттары - дары-дармек каражаттарын кошпогондо, тамеки заттары болуп саналбаган жана сорууга, чайноого, жыттоого арналган никотинди же никотиндин тузун, өсүмдүк чийки затын жана (же) тамак-аш кошулмаларын, ошондой эле накта түрдөгү никотинди камтыган табигый тектеги тамак-аш азыктарын камтыган продуктулар;
18) коомдук жайлар - ээлик кылуу негиздерине жана пайдалануу укугуна, ошондой эле жеткиликтүү болгон убакытка карабастан, саны чектелбеген адамдардын чөйрөсүнө же жамааттык пайдаланууга жеткиликтүү жайлар;
19) коомдук транспорт - жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу жалпы пайдалануудагы транспорт (автомобиль, темир жол, аба, ички суу, шаардык электр транспорту);
20) имарат-жай - чатыр, дубал же тосмолор үчүн пайдаланылган материалдын түрүнө карабастан, ошондой эле конструкциянын туруктуу же убактылуу экендигине карабастан, чатыры бар жана (же) бир же андан көп дубал же тосмолор менен чектелген ар кандай мейкиндик;
21) тамеки жана никотинди керектөөнүн кесепеттери - тамеки, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана азрозолдун таасиринен улам адамдын өмүрүнө же ден соолугуна, анын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүү, ошондой эле ушуга байланыштуу медициналык, демографиялык, социалдык-экономикалык кесепеттер;
22) тамеки чегүү - тамеки заттарын чегүү, жыттоо, соруу жана чайноо, ошондой эле багыты боюнча тамеки затгарын колдонуунун башка ыкмалары;
23) тамекини жана (же) никотинди керектөөчү - ар кандай тамеки жана (же) никотин камтылган заттарды керектөөчү адам;
24) тамеки заттарын керектөөнүн зыяндуулугу жөнүндө эскертүү - тамеки заттарынын керектөөчүлүк таңгагына тамеки заттарын жана тамеки түтүнүн керектөөнүн адамдын ден соолугу үчүн кыйратуучу кесепеттери жөнүндө тексти бар түстүү сүрөттөр же фото сүрөттөр түрүндө түшүрүлгөн маалымат;
25) суу түтүктөрүн (кальян, шиша, наргиле жана башкалар) колдонуу менен тамекини жана (же) тамеки эмес аралашмаларды тартуунун зыяндуулугу жөнүндө эскертүү - адамдын ден соолугу үчүн тамекини жана тамеки эмес чегүүчү аралашмаларды тартуунун кыйратуучу кесепеттери жөнүндө суу түтүктөрүнүн таңгактарына текст камтылган түстүү сүрөттөр же фото сүрөттөр түрүндө түшүрүлгөн маалымат;
26) никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын, анын ичинде электрондук сигареталарды пайдалануунун зыяндуулугу жөнүндө эскертүү - никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын, анын ичинде электрондук сигареталарды жана алардын керектөөчүлүк таңгагына адамдын ден соолугу үчүн кыйратуучу кесепеттери жөнүндө текст камтылган түстүү сүрөттөр же фото сүрөттөр түрүндө түшүрүлгөн маалымат;
27) ысытылуучу тамеки заттарын чегүүнүн зыяндуулугу жөнүндө эскертүү - ысытылуучу тамекиси бар буюмдардын керектөө таңгагына, ошондой эле тамеки ысытуучу системаларын керектөө таңгагына тамеки чегүүнүн адамдын ден соолугу үчүн кыйратуучу кесепеттери жөнүндө текст камтылган түстүү сүрөттөр же фото сүрөттөр түрүндө түшүрүлгөн маалымат;
28) тамекини жана никотинди керектөөнү токтотуу - тамеки жана никотин камтылган ар кандай затты, кимдир-бирөөнүн жардамы менен же жардамысыз эле аны керектөөнү токтотуу процесси;
29) жумуш орду - эмгектик ишмердүүлүк процессинде кызматкерлердин туруктуу же убактылуу болуучу жери, анын ичинде жумушчу убактысында кызматкер пайдаланган жерлер;
30) никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары үчүн эритме - никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларында, анын ичинде электрондук сигареталарда колдонуу үчүн арналган никотин камтылган суюктук жана (же) никотин камтылган гель, ошондой эле никотин камтылбаган суюктук же гель;
31) тамеки жана никотин камтылган заттарды, тамеки чегүүгө таандык буюмдарды сатууну жарнамалоо жана түрткү берүү - натыйжасында же мүмкүн болуучу натыйжасында тамеки заттарын сатууга же тамекини жана никотин камтылган затты колдонууга түздөн-түз же кыйыр түрдө түрткү берүү максатында коммерциялык маалыматты, сунуштамаларды же аракеттерди берүүнүн ар кандай түрү;
32) ДСУ ТКАК беренелерин жүзөгө ашыруу боюнча жетектөөчү принциптер - ДСУ ТКАК айрым беренелерин жүзөгө ашырууда мамлекеттерге көмөктөшүү максатында иштелип чыккан ДСУ ТКАК Тараптарынын Конференциясынын чечими менен бекитилген документтер;
33) тамекини ысытуучу система - ысытылуучу тамеки заттарын керектөөгө арналган жана керектөөчү дем алуу максатында аэрозолду же буу чыгаруучу электрондук түзүлүш (тамеки чегүүчү буюм), анын ичинде өзүнчө сатылаарына же жоктугуна карабастан, түзүлүш менен пайдаланууга арналган ар кандай буюм же тетик;
34) тамекини жана никотинди керектөөнү таштоого көмөктөшүү - тамекиге (никотинге) көз карандылыкты дарылоону кошуп алганда, бүтүндөй калкты камтыган, тамекини же никотинди керектөөнү таштоого өбөлгө түзүүчү чаралар жана мамилелер;
35) социалдык корпоративдик жоопкерчилик - заказчыларга, жөнөтүүчүлөргө, кызматкерлерге, акционерлерге, жергиликтүү коомдоштуктарга жана башка мыйзамда белгилеген мыйзамдарды сактоо милдеттенмелеринин алкагынан сырткары чыккан коомдук чөйрөнүн башка кызыкдар тараптарына өз ишинин таасири үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө жүктөгөн уюмдар тарабынан коомдун кызыкчылыктарын эске алган жана ал кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана жалпы эле коомдун жашоо-турмушунун сапатын жогорулатуу үчүн өз ыктыяры менен кошумча чараларды көрө тургандыгын болжолдогон концепция;
36) тамекиге жана никотинге демөөрчүлүк кылуу - максаты, натыйжасы же ыктымалдуу натыйжасы тамеки затынын сатылышына же тамеки жана никотин камтылган затты керектөөгө түздөн-түз же кыйыр түрдө түрткү берүү болуп саналган ар кандай окуяга, иш-чарага же өзүнчө адамга болгон салымдын ар кандай түрү;
37) тамеки - чийки зат алуу максатында иштетилүүчү Nicotiana Tabacum жана Nicotiana Rustica паслена түркүмүндөгү Nicotiana түрүнө кирүүчү өсүмдүктөр;
38) тамеки заттары - толугу менен же жарым жартылай тамеки жалбырагынан жана (же) тамеки өсүмдүгүнүн башка бөлүктөрүнөн чийки зат катары даярдалган, аларды чегүү, соруу, чайноо же жыттоо үчүн пайдалангыдай даярдалган продукт;
39) тамекиге (никотинге) көз карандылык - тамекини (никотинди) көп ирет керектөөдөн кийин калыптануучу жана адатта тамекини жана (же) никотинди керектөөгө болгон каалоосун өтө күчөтүүчү, аны керектөөнү контролдоону кыйындатып, тамекини жана (же) никотинди үзбөй чегүүгө алып келүүчү жүрүм-турумдук, когнитивдик жана физиологиялык көрүнүштөрдүн жыйындысы;
40) тамеки уюмдары - уюштуруу-укуктук формасына карабастан, тамеки же никотин камтыган заттарды өндүрүүнү, жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн тамеки же никотин камтыган заттарды өндүрүү, жүгүртүү менен алектенген жеке ишкерлер тамеки уюмдарына теңештирилет;
41) никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары (НЖЭС) - никотинди жеткирүүчү электрондук системалар үчүн эритиндини ысытуу жана пайдалануучу адам дем алуучу аэрозолду же бууну генерациялоо жолу менен тамеки тартууну имитациялаган түзүлүштөр, анын ичинде электрондук сигареталар (кадимки тамеки буюмдарына, мисалы, сигаретага, сигарага, сигаркага, түтүккө же кальянга окшош, ошондой эле күндөлүк тиричиликте колдонгон буюмдардай, мисалы, калем сап, USB-флешка жана андан чоңураак цилиндр, тик бурчтук формасындагы буюмдар же башка түрдө жана формада болушу мүмкүн);
42) электрондук сигареталар - электрондук технологиялардын жардамы менен никотин камтыган суюктукту ысытуучу, ошондой эле жылытуучу элементи бар (электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) жана дем алууга арналган аэрозолду түзүүчү тамекиси жок буюмдар.
2. Башка түшүнүктөр ушул Мыйзамда ДСУ ТКАК жана анын беренелерин ишке ашыруу боюнча жетектөөчү принциптеринде, Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" (ТР ТС 035/2014) техникалык регламентинде, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин башка техникалык регламенттеринде аныкталган мааниде пайдаланылат.
(КР 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Жарандардын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Жарандардын ден соолугун тамекинин, никотиндин жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
4-берене. Ушул Мыйзамдын эл аралык укуктун ченемдери менен байланышы
1. Кыргыз Республикасы ДСУ ТКАК жана анын протоколдорун бир кыйла натыйжалуу ишке ашыруу максатында эки тараптуу же көп тараптуу макулдашууларды түзө алат.
2. Жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы ДСУ ТКАКта жана анын протоколдорунда камтылгандарга кошумча чараларды, анын ичинде региондук интеграциялык бирикмелердин алкагында кабыл алынган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим сыяктуу эл аралык келишимдерге ылайык чараларды жүзөгө ашыра алат.
5-берене. Никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын жана алар үчүн эритмени жүгүртүүнү жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары бөлүп чыгарган заттардан коргоо жана тамекиге (никотинге) өнөкөт көз каранды адамдардын санын азайтуу максатында ушул Мыйзамдын ченемдери никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларына жана алар үчүн эритмелерге ушул Мыйзамга ылайык жайылтылат.
2-глава. Тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
6-берене. Тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоонун негизги принциптери
Тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү негизги принциптер болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын сактоо;
2) тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жана стратегияны иштеп чыгуу жана аныктоо ишинде саясий жолун жолдоочулук, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоонун артыкчылыгы тамеки уюмдарынын кызыкчылыгынан жогору турат;
3) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун айланага тийгизген таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо системасын түзүүгө көмөктөшүүчү салык саясатын жүргүзүү;
4) тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктун активдүү катышуусу;
5) адамдын ден соолугу үчүн тамекини жана никотинди колдонуунун кыйратуучу кесепеттери тууралуу маалыматтын жеткиликтүүлүгү;
6) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, анын ичинде тамеки тармагында иштөөнүн натыйжасында кесиптик ооруга дуушар болгон адамдарга келтирилген залалдын ордун толтуруу;
7) тамекиге жана никотинге каршы күрөшүү боюнча коомдук саламаттыкты сактоо саясатын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана ишке киргизүү процесстерин тамеки уюмдарынын коммерциялык жана корпоративдик кызыкчылыктарынын таасиринен коргоо;
8) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тамеки уюмдар жана анын аффилирленген уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгы жана айкындыгы;
9) жарандардын тамекисиз, никотинсиз, тамекинин түтүнүсүз жана аэрозолсуз жашоо укуктарын коргоо, тамекини, никотинди колдонуу жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасири менен байланышкан калктын ооруларга чалдыгуусун, майып болуусун, мезгилсиз өлүмгө кириптер болуусун алдын алуу, ошондой эле калктын тамеки жана никотин камтылган заттарды колдонууну азайтуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү;
10) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусун камсыз кылуу;
11) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен, айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө жарандардын укуктарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги;
12) тамекини, никотинди колдонуунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тамеки уюмдары менен байланышпаган коомдук уюмдардын, жеке ишкерлердин, жарандардын жана юридикалык жактардын өз ара аракеттенүүсү;
13) тамеки жана никотин камтылган заттардын баңгилик жана бүлгүнгө учуратуучу мүнөзү жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун зыяндуу таасири жөнүндө калкты кабардар кылуу;
14) ушул Мыйзамда каралган чараларды ишке ашырууда системалуу мамиле, алардын үзгүлтүксүздүгү жана ырааттуулугу;
15) калкта тамекиге (никотинге) көз карандылыктын келип чыгышынын алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын рыногунда буга чейин болуп келген тамеки жана никотин камтылган заттардын бардык түрлөрүн азайтуу.
7-берене. Тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттин кепилдиктери
Мамлекет тарабынан төмөнкүлөр кепилденет:
1) тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен, айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун коргоо;
2) тамекини, никотинди сунуштоону жана тамеки жана никотин камтылган заттарга суроо-талаптарды азайтууга багытталган мамлекеттик программаларды, анын ичинде медициналык-маалыматтык регламентти, башка социалдык-экономикалык чараларды иштеп чыгуу, кабыл алуу, ишке киргизүү;
3) тамекиге жана никотинге каршы күрөшүү боюнча коомдук саламаттык сактоо саясатын тамеки уюмдарынын коммерциялык жана корпоративдик кызыкчылыктарынын таасиринен коргоо;
4) адамдын ден соолугуна тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттери жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасири жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
5) тамекиден жана (же) никотинден баш тартууну каалаган керектөөчүлөрдү тамекиден (никотинден) көз карандылыктан дарылоо;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында чегилбей турган тамекини жана никотин камтылган чегилбей турган заттарды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салуу саясатын жүргүзүү;
7) тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик контролду уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.
8-берене. Тамекиге жана никотинге каршы күрөшүү боюнча коомдук саламаттык сактоонун мамлекеттик саясатын коргоо боюнча чаралар
Тамекиге, никотинге жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасирине каршы күрөшүү боюнча коомдук саламаттык сактоо саясатын иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну тамеки уюмдарынын таасиринен коргоо максатында:
1) мамлекеттик органдарга тамеки уюмдары менен ар кандай өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана тамеки уюмдары үчүн, анын ичинде ар кандай жол менен аларды субсидиялоо түрүндө аларга преференциялык режим берүүгө тыюу салынат;
2) тамеки уюмуна жана алардын аффилирленген жактарына алардын корпоративдик социалдык жоопкерчилик алкагындагы иши жөнүндө же бул ишке чыгашалар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мындай чыгашалар тууралуу билдирүү милдети белгиленген учурлар кирбейт;
3) тамеки уюмдарынын жана алардын аффилирленген жактарынын өкүлдөрүнө ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп эсептелген маселелер боюнча саясатты түзүүчү же жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын алдындагы кандайдыр-бир комитеттерге же консультациялык топторго катышуусуна тыюу салынат;
4) тамекини керектөөнүн зыяндуулугу тууралуу калкка маалымат берүүдө тамеки уюмдары тамеки өндүрүүчү уюмдардын атынан же алардын кызыкчылыгы үчүн ачык же жашыруун түрдө аракет кылган айрым адамдарды жана алар менен байланыштагы уюмдарды пайдаланып жаткандыгы тууралуу билдирүүгө тыюу салынат;
5) тамеки уюмдары жана тамеки уюмдарынын кызыкчылыктарын көздөгөн адамдар менен өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жүрүш-туруш эрежелерин жана жүрүм-турумуна карата талаптарды аныктоочу регламентти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштеп чыгууга жана бекитүүгө тыюу салынат;
6) тамеки уюмдарына жана анын аффилирленген жактарына саясий ишке төгүмдөрдү жүргүзүүсүнө тыюу салынат.
9-берене. Тамекиге (никотинге) көз каранды адамдарга алдын алуучу, консультациялык жардамды уюштуруу, тамекини, никотинди керектөөнүн зыяндуулугу жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун ден соолукка таасири жөнүндө маалымдоо
1. Тамекиге (никотинге) көз карандылыкты болтурбоо жана жайылышын азайтуу, тамекини, никотинди керектөөгө жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун ден соолукка тийгизген таасирине байланышкан оорулардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) калктын ар кандай катмарларынын арасында бардык жеткиликтүү методдорду жана коммуникациянын, жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен төмөнкү маалыматтарды камтыган натыйжалуу медициналык-маалыматтык, маалыматтык билим берүү программаларын жүргүзүү:
а) тамекисиз, никотинсиз, ошондой эле айланадагы тамеки түтүнүсүз жана аэрозолсуз сергек жашоо ыңгайынын артыкчылыктары жөнүндө;
б) тамекини жана никотинди керектөөнүн терс социалдык-экономикалык, медициналык-демографиялык кесепеттери жөнүндө;
в) тамеки уюмунун максаттары, стратегиялары жана тактикалары жөнүндө;
г) Кыргыз Республикасынын аймагында тамекини жана никотинди керектөөнүн масштабдары жана чыгымга алып келбеген, экономикалык жактан натыйжалуу методдорду пайдалануу менен аларды керектөөнү кыскартуу боюнча ишке ашырылып жана (же) пландаштырылып жаткан иш-чаралар жөнүндө;
д) тамекини, никотинди, тамеки жана никотин камтылган заттарды таштоого жардам берүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө;
2) улуттук, жергиликтүү жана жеке деңгээлдерде квалификациялуу медициналык консультация жана жардам берүү, жүрүм-турумдук колдоо көрсөтүү, ошондой эле тамекиге (никотинге) көз карандылыкты төмөнкүлөр аркылуу дарылоо:
а) улуттук деңгээлде түз телефондук байланыш линиясын уюштуруу;
б) тамекиге (никотинге) көз карандылыкты дарылоону жана (же) консультацияларды берүүнү уюштуруу;
в) тамекиге (никотинге) көз карандылыкты болтурбоо, тамекиге (никотинге) көз карандылыктын жана тамеки жана никотинди керектөөнүн натыйжасында пайда болуучу оорулардын кесепеттерин алдын алуу жана аларды азайтуу боюнча план ченемдүү жана узак мөөнөттүү чараларды көрүү.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул беренени ишке ашыруу үчүн медициналык-маалыматтык регламентти иштеп чыгат жана бекитет.
3. Ушул беренеде каралган чараларды каржылоо ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
10-берене. Илимий изилдөөлөр, эпидемиологиялык көзөмөл, жүргүзүлүп жаткан чараларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
1. Тамекини, никотинди керектөөнүн жана тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттерин жана масштабдарын изилдөө, ошондой эле айланадагы тамеки түтүнүнүн жана азрозолдун таасирин болтурбоого тамекини жана никотинди керектөөнү азайтууга багытталган чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) тамеки жана никотин камтылган заттарды керектөөнүн себептерин жана кесепеттерин изилдөөгө багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
2) калктын ар кандай топторунун арасында тамекини жана никотинди керектөөнү изилдөөлөрдү, анын ичинде репрезентативдүү эпидемиологиялык изилдөөлөрдү (эпидемиологиялык көзөмөлдү) жүргүзүүнү;
3) компетенттүү эл аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар менен бирдикте тамекини жана никотинди керектөөнү контролдоонун ар кандай өңүттөрүн изилдөө жүргүзүүнү;
2. Илимий изилдөөлөрдүн, эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
1) тамекини, никотинди керектөөнү кыскартууга жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун жарандардын ден соолугуна тийгизген таасирин болтурбоого багытталган чаралардын натыйжалуу ишке ашырылышына талдоо жүргүзөт жана баа берет;
2) жарандарынын ден соолугун коргоо жана чыңдоо, саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларга киргизилүүгө тийиш болгон тамекини жана никотинди керектөөгө каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат;
3) ушул Мыйзамдын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин жана никотиндин таасиринен коргоо боюнча андан аркы иш-чаралардын багытын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
4) Кыргыз Республикасынын аймагында тамекини жана никотинди керектөөнүн масштабдары жана аларды керектөөнү азайтуу боюнча ишке ашырылып жаткан жана (же) пландалып жаткан иш-чаралар жөнүндө мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана калкты кабардар кылат;
5) Кыргыз Республикасы ДСУ ТКАКты аткарышы жөнүндө докладды компетенциясынын алкагында даярдоону жана берүүнү жүзөгө ашырат.
11-берене. Тамекини жана никотинди керектөөнү азайтуу боюнча консультациялык, маалыматтык жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу
Калкты кабардар кылуу, маалымат берүү жана тамекиге (никотинге) көз карандылыктан арылууну чечкен адамдарга квалификациялуу жардам берүү маселелерин чечүү, ошондой эле изилдөө иштерин жүргүзүү максатында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ден соолукту чыңдоо, коргоо, билим берүү жана маалымат берүү жаатындагы тиешелүү кесипкөй коммерциялык эмес уюмдарды кызматташууга тартат.
3-глава. Тамекиге жана никотинге суроо-талаптарды азайтууга тийиштүү чаралар
12-берене. Тамекиге жана никотинге суроо-талапты азайтуу боюнча баа түзүү жана салык чаралары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тамеки жана никотин камтылган заттарды керектөөнү азайтуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында тамеки заттарынын бардык түрлөрү, анын ичинде ысытылуучу тамекиси бар заттар, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алардын эритмелери жагынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана (же) өз чечимдерине ылайык салыктык жана баа саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат.
13-берене. Тамеки заттарынан, айланадагы тамеки түтүнүсүз жана аэрозолсуз, анын ичинде ысытылуучу тамеки буюмдарынан жана НЖЭС заттардан бөлүнүп чыккан заттарсыз таза абага болгон жарандардын укугу
1. Адамдардын ден соолугуна айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун жана анын ичинде ысытылуучу тамеки буюмдарынан жана НЖЭС заттардан (анын ичинде электрондук сигареталардан), анын ичинде электрондук сигареталардан бөлүнүп чыккан заттардын тийгизген таасирин четтетүү үчүн тамекини жана никотинди чегүүгө, анын ичинде суу түтүктөрүн (кальянды), тамекини ысытуу үчүн системаларды жана башка тамеки буюмдарын пайдалануу менен чегүүгө, ошондой эле НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) пайдаланууга толук тыюу салынат:
1) төмөнкү жерлерде:
а) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, подъезддерде, лифттерде, тепкич аянтчаларда жаиа аянттарда, дааратканаларда, анын ичинде көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында, коммуналдык квартиралардын көмөкчү жана кошумча жайларында;
б) жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелердин, органдардын, социалдык кызматтардын имараттарында жана жайларында, стадиондордун аймактарында;
в) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан темир жол бекеттеринин, автобекеттердин имараттарында жана жайларында;
г) калк үчүн кызматтар көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда, жайларда, анын ичинде турак жайларда, мейманканаларда, тиричилик тейлөө жана (же) коомдук тамактануу убактылуу жашап турууну камсыздоо, коомдук тамактануу боюнча жайларда жана убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
д) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда;
е) тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда;
2) имараттарда, курулмаларда жана жайларда уюштурулган жумуш орундарында жана жумушчу зоналарда;
3) өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде автомай куюучу станцияларда;
4) жайларда жайгашкан коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрүндө);
5) коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба транспортунун кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
6) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын, балдардын эс алуу уюмдарынын аймагында жана мекемелеринде, балдар үчүн аянтчаларында;
7) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарында;
8) калыбына келтирүү жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган имараттарда жана жайларда;
9) калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда, жайларда, жабык базарлардын аймактарында;
10) коомдук транспорттун аялдамаларында;
11) тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо, маданий-массалык, спорттук иш-чараларды, чогулуштарды, акцияларды өткөрүү мезгилинде ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.
2. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өз ишин жүргүзүүчү аймактарда, имараттарда, курулмаларда жана жайларда ушул берененин талаптарынын аткарылышына контроль жүргүзүүгө милдеттүү.
3. Тамеки жана никотин камтыган заттарды керектөөгө тыюу салынган аймактарды, имараттарды жана объекттерди белгилөө үчүн тиешелүү түрдө тамеки тартууга (керектөөгө) тыюу салуу жөнүндө белги коюлуп, аны жайгаштыруу талабы жана тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
4. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерде күл түшүргүчтөрдү жайгаштырууга жана тамеки чегүү үчүн жана никотинди камтыган продукцияны пайдалануу үчүн башка шарттарды түзүүгө тыюу салынат.
5. Ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин формасына карабастан аэропорттордун жетекчилери аэропорттордо жана учуу алдындагы текшерүүдөн өткөндөн кийин учууга катталган жүргүнчүлөргө арналган зоналарда жана транзиттик жүргүнчүлөр үчүн арналган зоналарда өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактоо менен желдетүү системалары менен жабдылган, атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдү уюштура алышат.
6. Менчигинин түрүнө карабастан, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасында жана 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери жана ээлери тамеки чегүү үчүн атайын орун жайларды бөлүп бере алышат жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдый алышат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жайгашкан коомдук жайларда тамеки чегүү үчүн атайын жайларды аныкташат жана камсыз кылышат.
Тамеки чегүү үчүн орун жайларды жабдууга талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2024-жылдын 28-февралындагы № 61, 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
14-берене. Чегүүчү тамеки заттарына талаптар
1. Чегилүүчү тамеки буюмдарына, тамеки заттарын керектөөчүлөр үчүн маалыматтын (маркировкасынын) мазмунуна, тамеки заттарынын курамы жана алар чыгарган заттар жөнүндө отчет берүү эрежелерине карата талаптар, ошондой эле тамеки буюмдарынын шайкештигин баалоо жол-жоболору Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" техникалык регламенти (ББ ТР 035/2014) менен белгиленет.
2. Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген чегүүчү тамеки заттарынын Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" техникалык регламенти (ББ ТР 035/2014) ченемдерине шайкеш келүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
15-берене. Чегилбеген тамеки заттарына жана никотин камтылган чегилбеген заттарга талаптар
1. Насвайды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында чегилбеген тамеки заттарын жана никотин камтылган чегилбеген заттарды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жүгүртүүгө (анын ичинде сактоого, дүңүнөн жана чекене сатууга, ташып чыгарууга) тыюу салынат.
2. Насвайдын курамына жана анын жүгүртүлүшүнүн эрежелерине милдеттүү талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети насвайдын колдонулушун алдын алуу жана азайтуу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) насвай өндүрүүдө колдонулган тамекини өстүрүү үчүн багытталган аянтты этап-этабы менен кыскартууну;
2) тамеки өстүрүүнүн ордуна пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрүүнү жана сатууну камтыган иштин экономикалык жактан пайдалуу альтернативаларына өтүүнү;
3) ушул Мыйзамдын 9-беренесине ылайык калкка медициналык-консультациялык жардамды.
Көңүл буруңуздар! 15-берененин 1-бөлүгү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, 2-бөлүгү жана 3-бөлүгүнүн 2-пункту ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 36 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
151-берене. Жарандардын ден соолугун коргоо жана колдоо үчүн чаралар
Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук сигареталарды ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат.
(КР 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Тамеки заттарын керектөөнүн зыяны жөнүндө эскертүүгө жана тамеки буюмдарынын, НЖЭСтин, анын ичинде электрондук сигареталардын, ысытылуучу тамеки бар буюмдардын, насвайдын, суу түтүктөрүнүн керектөө таңгагына жайгаштырууга арналган башка маалыматка талаптар
1. Тамеки буюмдарынын ар бир керектөө таңгагы, анын ичинде ысытылуучу тамеки буюмдары жана ысытылуучу тамеки системалары, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталар) жана алар үчүн эритмелер, насвай жана суу түтүктөрү бар буюмдар аларды керектөөнүн жана пайдалануунун ден соолукка зыяндуулугу жөнүндө тексттик жазуу жана иллюстрацияланган түстүү сүрөттөр түрүндө мамлекеттик жана расмий тилдердеги эскертүүнү камтууга тийиш.
2. Чегүүчү тамеки заттарынын керектөөчүлүк таңгактарына түшүрүлгөн тамеки заттарынын ден соолукка зыяндуулугу жөнүндө эскертүүлөр Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" (ББ ТР 035/2014) техникалык регламентинде белгиленген эрежелерге ылайык жайгаштырылат.
3. Тамекини (тамеки аралашмасын) жана (же) тамеки эмес аралашманы суу түтүктөрүн (кальян) пайдалануу аркылуу, ысытылуучу тамеки заттарын тартуунун, НЖЭСти (анын ичинде электрондук сигаретаны) колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө эскертүүлөрдүн тизмеги жана жайгаштыруу параметрлери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эскертүүлөр ороочу тунук материалга, башка кандайдыр бир сырткы ороочу пленкага басылбашы керек, башка басылма маалымат менен жабылбоосу керек жана керектөөчүлүк таңгактын бет жагын албаганда, жарым-жартылай акциздик маркалар менен жабылышы мүмкүн.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эскертүүлөрдүн тексти даана, так, жеңил окула турган, жуулуп кетпей турган жана климаттык факторлордун шарттарына туруштук берүүчү тамгалар жана символдор менен жазылышы керек.
6. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү керектөөчүлүк таңгакка түшүрүп жазуу каражаттары жана ыкмалары продукцияны ташып келүүдө, сактоодо жана сатууда алардын сакталып калышын камсыз кылышы керек.
7. Насвайдын ар бир керектөө таңгагында керектөө пакети насвайды колдонуунун зыяны жөнүндө мамлекеттик (алдынкы тарабы) жана расмий (арткы тарабы) тилдердеги эскертүү камтылууга тийиш, ал керектөө таңгагынын ар бир негизги тарабынын аянтынын кеминде 65 пайызын ээлейт.
8. Системалык уулардын, канцерогендик жана мутагендик заттардын курамы жөнүндө маалымат керектөө таңгагынын каптал бөлүгүнө насвайдын түсүндө, керектөө таңгагынын негизги түсүнө карама-каршы келип, Не1үейса шрифтинде: "Системалык ууларды, канцерогендик жана мутагендик заттарды камтыйт" деген жазуу түрүндө жазылат, насвайдын керектөө таңгагынын капталынын 17 пайыздан кем эмесин ээлейт.
9. Ар бир суу түтүгүндө суу түтүктөрү аркылуу тамекини (тамеки аралашмасын) жана (же) тамеки эмес аралашманы чегүүнүн зыяндуулугу тууралуу эскертүү мамлекеттик (алдыңкы тарабында) жана расмий (арткы тарабында) тилдерде берилип, прибордун (шахтанын) чоң бөлүгүнүн негизги аянтынын 65%дан кем эмесин ээлеши керек.
10. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын рыногуна келип түшкөн, коомдук жайларда багыты боюнча пайдаланылуучу суу түтүктөрүндө эскертүү бир тараптуу сууга туруктуу ламинацияланган чаптама баракка түшүрүлүшү керек, ал прибордун (шахтанын) эки тарабынан тең негизги көрүнүктүү бөлүгүн жапкандай кылып приборго чапталат.
11. Ысытылуучу тамеки бар буюмдардын жана тамекини ысытуу үчүн системалардын ар бир керектөө таңгагы тамеки чегүүнүн зыяндуулугу жөнүндө мамлекеттик (алдыңкы тарабы) жана расмий (арткы тарабы) тилдерде эскертүүнү камтууга тийиш, ал керектөө таңгагынын ар бир негизги тарабынын аянтынын кеминде 65 пайызын ээлейт.
12. НЖЭСтин (анын ичинде электрондук сигареталардын) жана алардын эритмелеринин ар бир керектөө таңгагында НЖЭСти (анын ичинде электрондук сигареталарды) колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө маалымат мамлекеттик (алдынкы тарабында) жана расмий (арткы бетинде) тилдерде берилип, керектөө таңгагынын негизги эки бетинин аянтынын 65%нан кем эмесин ээлеши керек.
13. НЖЭСтин (анын ичинде электрондук сигареталардын) жана алар үчүн эритмелердин керектөө таңгагына, ысытылуучу тамеки заттарынын жана тамекини ысытуу үчүн системалардын керектөө таңгагына керектөөчүлөрдү адаштыра турган, анын ичинде төмөнкүдөй маалыматты жазууга жол берилбейт:
1) тамеки заттарынын мүнөздөмөлөрү жөнүндө, анын ичинде кандайдыр-бир буюм башка ушундай буюмдарга караганда азыраак зыяндуу экендиги жөнүндө, анын ичинде керектөө ыкмаларынын, анын ичинде чайырдын жоктугун көрсөткөн маалыматтардын эсебинен түз же кыйыр түрдө жалган пикир түзгөн ар кандай термин, сүрөттөмө, соода маркасы (товардык белги) жана (же) соода маркаларынын (товардык белгилердин) түсү, символикалык же башка белги;
2) тамак-аш азыктарына, тамак кошундуларына же дары каражаттарына, анын ичинде дары-дармек өсүмдүктөрүнө окшош деген элести пайда кылуучу, анын ичинде тамеки заттары тамак-аштын же дары каражатынын, же дары өсүмдүктөрүнүн даамындай даамы бар деген ар кандай сөз же сөз айкашы (анын ичинде "алча", "кулпунай", "алма", "шоколад", "жалбыз" деген сыяктуу сөздөр), мындай сөздөр менен уңгулаш, сөздөр, сөздөрдүн чет тилдердеги аналогдору, ошондой эле чет тилдерден мамлекеттик жана (же) расмий' тилге трансляцияланган мындай сөздөрдүн аналогдору, белгилер, символдор жана башка атоолор;
3) тамеки заттарынын түтүнүндө, парында же аэрозолунда кара чайырдын, никотиндин жана монооксид көмүртектин камтылышынын сандык көрсөткүчтөрү, ошондой эле төмөнкүлөр жөнүндө ырастоолорду камтыган маалымат:
а) бул тамеки затын пайдаланууда тамеки заттарын жана НЖЭСти керектөө же аларга окшогон башка заттарды колдонууга байланыштуу, анын ичинде аларды керектөө ыкмаларынын эсебинен ушундай заттарды пайдалануу менен байланышкан оорулардын пайда болуу коркунучун төмөндөтөт;
б) ушул тамеки затын жана НЖЭСти керектөөгө байланышкан оорулардын пайда болуу коркунучу тамеки затын керектеп жатканда бөлүнүп чыккан заттан (же ал заттын аз камтылышынан) улам төмөндөйт.
14. Ушул беренедеги көрсөтүлгөн заттарды өндүрүүчү жана (же) импорттоочу (сатуучу) ага ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү эскиздерге ылайык алар бекитилген күндөн 12 айдан ашпаган мөөнөттө жайгаштырылуусун камсыз кылууга тийиш.
Көңүл буруңуздар! 16-берененин 3-12-бөлүктөрү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 18 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
17-берене. Тамекиге демөөрчүлүк кылууга, тамекини жана никотин камтылган заттарды, суу түтүктөрүн, НЖЭСтн (анын ичинде электрондук сигареталарды) сатууга демөөрчүлүк кылууга жана жарнамалоого тыюу салуу
1. Жарандардын ден соолугун тамекинин жана никотиндин таасиринен коргоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тамеки жана никотинге демөөрчүлүк кылууга;
2) тамекини, тамеки продукциясын жана (же) тамекини, тамеки жана никотин камтылган заттарды, ысытылуучу тамеки заттарын, тамеки ысытуучу системаларды, НЖЭСти (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка чегүүчү заттарды керектөөнү жарнамалоого жана аларды сатууну стимулдаштырууга, анын ичинде:
а) купондорду, талондорду чыгаруу жана башка ыкмалар аркылуу бааны түшүрүүнү колдонууга;
б) аларды калк арасында бекер таркатууга, анын ичинде белек катары берүүгө;
в) максаты, натыйжасы же болжолдуу натыйжасы тамеки заттарын, ошондой эле ысытылуучу тамеки заттарын, НЖЭСти (анын ичинде электрондук сигареталарды) сатып алууга, чегүүгө, керектөөге кызыктырууга түздөн-түз же кыйыр багытталган маданий-массалык, спорттук иш-чараларды, калк алдында акцияларды жана конкурстарды уюштурууга;
г) маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө тамеки заттарын, тамеки чегүү аспаптарын жана чегүү буюмдарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларды, НЖЭСти (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана суу түтүктөрүн байге түрүндө белгилөөгө;
д) тамеки заттарына окшоштуруп чыгарылган момпосуйду, сагызды, оюнчуктарды жана башка азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды же тамекини же никотинди камтыган заттардын, ошондой эле тамеки уюмдарынын товардык белгилерин (логотиптерин) пайдалануу менен даярдоого, сатууга жана таратууга;
3) тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларды, никотин камтылган заттарды, НЖЭСти (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки чегүү аспаптарын соода объектилеринде коюу (көргөзмөгө коюу) демонстрациялоо жолу менен дүң жана чекене сатууга;
а) чекене соода жүргүзүү үчүн сунушталып жаткан тамеки заттары, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттары жана тамеки ысытуучу системалар, никотин камтылган заттар, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталар) жана алар үчүн эритмелер, суу түтүктөрү жана башка тамеки чегүү аспаптары жөнүндө маалыматтар сатуучу тарабынан сатылып жаткан тамеки жана никотин камтылган заттардын тизмегин соода залында жайгаштыруу аркылуу сатып алуучулардын эсине салынат, алардын тексти ак фондо кара түстөгү кичине тамгалар менен Times New Roman шрифтинин 14 пт ашык эмес өлчөмүндө аткарылат жана алфавиттик тартипте бааларын көрсөтүү менен кандайдыр бир графикалык сүрөттөлүштү, түстү же сүрөттөрдү пайдаланбастан түзүлөт;
б) тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларын, никотин камтылган заттарын, НЖЭСти (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки чегүү аспаптарын демонстрациялоо сатып алуучунун талабы боюнча гана тизмек менен таанышкандан кийин жүргүзүлөт;
в) тамеки заттары, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттары жана тамеки ысытуучу системалар, никотин камтылган заттар, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталар) жана алар үчүн эритмелер, суу түтүктөрү жана башка тамеки чегүү аспаптары түздөн-түз сатылып жаткан жерде жасалган жабык шкафтарда сакталат;
г) соода объектилеринде аталган заттарды керектөөнү жана сатууну жарнамалоочу жана дем берүүчү маалыматтарды кайсы бир жактарга, анын ичинде тамеки заттарын, ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларды, никотин камтылган заттарды, НЖЭСти (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки чегүү аспаптарын сактоочу шкафтарга жазууга, анын ичинде сөздөрдү, дизайнды, сүрөттөлүштөрдү, түстөрдү, анын ичинде тамеки жана никотин камтылган заттардын дизайнын, сүрөттөрүн, соода маркаларын жана логотиптерин, тамеки жана никотин камтылган заттарды өндүрүүчүлөрдүн же импортерлордун аталыштарын пайдаланууга тыюу салынат.
2. Кайрадан жаңыдан чыгарылган жана балдарга арналган аудио-видео чыгармаларда, анын ичинде теле- жана көрмө-фильмдерде, театралдык оюн-зооктордо, радио-, теле-, видео- жана кинохроникалык программаларда тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларды, никотин камтылган заттарды, НЖЭСти (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана суу түтүктөрүн жана керектөө процессин демонстрациялоого, ошондой эле тамеки заттарын жана тамекини керектөө процессин демонстрациялоо көрсөтүлгөн чыгармаларды, көрсөтүүлөрдү, программаларды ачык аткарууга, обого чыгып билдирүүгө, кабель аркылуу жана ар кандай башка ыкма менен пайдаланууга жол берилбейт.
3. Кайрадан жаңыдан чыгарылган жана чоң кишилерге арналган аудио-видео чыгармаларда, анын ичинде теле- жана видеофильмдерде, театралдык оюн-зооктордо, радио-, теле-, видео- жана кинохроникалык программаларда тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларды, никотин камтылган заттарды, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелердин, суу түтүктөрүн жана керектөө процессин демонстрациялоого, ошондой эле мындай аракет көркөм ойдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган учурларды кошпогондо, тамеки заттарын жана тамеки керектөө процессин демонстрациялоочу көрсөтүлгөн чыгармаларды, көрсөтүүлөрдү, программаларды эл алдында чыгып аткарууга, обого чыгып билдирүүгө, кабель аркылуу жана ар кандай башка ыкма менен пайдаланууга жол берилбейт.
4. Тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларды, никотин камтылган заттарды, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана тамекини керектөө процессин демонстрациялоочу мурда чыгарылган аудио-видео чыгармаларды, анын ичинде теле- жана видео фильмдерди, теле-, видео- жана кинохроникалык программаларды демонстрациялоодо, демонстрациянын уюштуруучусу же алып баруучусу түздөн-түз демонстрациялоонун алдында же анын жүрүшүндө тамекини жана никотинди керектөөнүн зыяндуулугу жөнүндө социалдык жарнаманы трансляциялоону камсыз кылууга тийиш.
5. Тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларды, никотин камтылган заттарды, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана тамекини жана никотинди керектөө процессинин зыяндуу таасири тууралуу калкка маалымат берүүдө, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан маалымат кампанияларын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жүргүзүүдө айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун же НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталардын), ысытылуучу тамеки заттарын керектөө процессин демонстрациялоого жол берилет.
Көңүл буруңуздар! 17-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту, 2-4-бөлүктөрү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
18-берене. Кыргыз Республикасынын рыногуна өзүнүн товарын берип жаткан ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди өндүрүүчүлөрдүн жана импортерлордун отчету
1. Кыргыз Республикасынын рыногуна өзүнүн товарын берип жаткан НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталардын) жана алар үчүн эритмелерди, ысытылуучу тамеки заттарын жана тамеки ысытуучу системаларды өндүрүүчүлөр жана импортерлор ар жылдагы отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-мартынан кечиктирбестен саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана (же) анын рыногуна келип түшкөн НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталар) жана аларга эритмелер, ысытылуучу тамеки заттары жана тамеки ысытуучу системалары жөнүндө алардын ар бир түрү жана соодадагы аталышы боюнча маалыматты;
2) ушул заттын дизайны кайсы категориядагы жарандарга багытталгандыгы жөнүндө маалыматтарды;
3) төмөнкүлөрдүн зыяндуулугу жөнүндө эскертүүлөрдү колдонуу тууралуу маалыматтарды;
а) ысытылуучу тамеки заттарын тартуунун;
б) тамекини жана (же) тамеки эмес аралашмаларды суу түтүктөрүн пайдалануу менен тартуунун;
в) НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте керектөөнүн;
4) бул буюмдардын ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын техникалык регламент жөнүндө мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде аныкталган талаптарга шайкештиги жөнүндө маалыматтарды;
5) жүргүзүлгөн токсикологиялык изилдөөлөр жана мында пайдаланылган методдорду, өлчөөлөрдү жана өлчөө каражаттарынын типтерин аткаруу методдорун көрсөтүү менен бул изилдөөлөрдүн натыйжалары жөнүндө маалыматты. Токсикологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү фактысы жана алардын натыйжалары коммерциялык сыр болуп саналбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, зарыл болгондо, өндүрүлүп алынган тамеки продукциясынын ушул Мыйзамда аныкталган талаптарга шайкештигин баалоо үчүн арасынан тандап алып текшерүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылышы мүмкүн. Бул изилдөөлөр Кыргыз Республикасында, ошондой эле Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (150) 17025 Стандартына (Сыноо жана калибровкалоо лабораторияларынын компетенттүүлүгүнө жалпы талаптар) ылайык, ДСУ ТКАК жүзөгө ашыруу боюнча жетекчилик принциптердин алкагында кабыл алынган методологияга ылайык сертификациялоочу орган катары таанылган, аккредиттелген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматташуу борборлорунда өткөрүлүшү мүмкүн.
3. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ысытылуучу тамеки заттарынан, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталардан) жана аларга эритмелерден, алардан бөлүнүп чыккан заттарда уулуу ингредиенттердин камтылышы жөнүндө, ошондой эле өндүрүлүүчү продукциянын ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын техникалык регламент жөнүндө мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин укугунда аныкталган талаптарга шайкештиги тууралуу тамеки уюмунун отчетунун мазмуну жөнүндө керектөөчүлөрдү жыл сайын маалымдап турат.
Көңүл буруңуздар! 18-берене ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 18 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4-глава. Тамекини жана никотинди берүүнү азайтууга тийиштүү чаралар
19-берене. Тамеки заттарын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу тутумду сатууга карата талаптар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки заттарын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу системаларды жана башка тамеки чегүүгө таандык шаймандарды төмөнкүлөргө сатууга тыюу салынат:
1) он сегиз жаш курагына чыга элек адамдарга сатууга жана ал адамдардын сатуусуна;
2) төмөнкү жерлерде:
а) жаштар иши боюнча мекемелердин, органдардын, социалдык кызматтардын, маданият жана спорт уюмдарынын имараттарында жана жайларында, стадиондордун аймагында;
б) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда;
в) имараттарда, курулмаларда жана жайларда уюштурулган жумуш ордуларында жана жумуш зоналарында;
г) коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба транспортунун кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
д) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын имараттарында жана аймагында, балдардын эс алуу уюмдарында, балдар аянтчаларында;
е) ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарында;
ж) калыбына келтирүү жана санаториялык-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган имараттарда жана орун жайларда;
з) маданий-массалык, спорттук иш-чараларды, чогулуштарды, акцияларды өткөрүү мезгилинде ачык аянттарда;
3) көтөрүп жүрүп сатуу жолу менен;
4) соода автоматтарын пайдалануу менен.
2. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) жыйырма даанадан кем же ашык сигареталары бар керектөө тангагындагы (пачкадагы) сигареталарды чекене сатууга;
2) сигареталарды жана папиросторду дааналап сатууга;
3) колдонуу тарасы жок тамеки заттарын сатууга;
4) тамекини, ошондой эле ысытылуучу тамеки заттарын жана тамекини ысытуучу системаларды, никотин камтылган заттарды, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана товарлар менен бирге бир колдонуу тарасына таңгакталып салынган, тамеки жана никотин камтылган буюмдар болуп саналбаган алар үчүн эритмелерди, ошондой эле аларды пайдалануу үчүн шаймандарды сатууга;
5) тамеки буюмдарын, анын ичинде ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарында жана Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" (ББ ТР 035/2014) техникалык регламентинде, Бажы бирлигинин башка техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда тамеки заттарын, ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди сатууга;
6) тамеки заттарынын, ысытылуучу тамеки заттарынын, тамекини ысытуучу системанын, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталардын) жана алар үчүн эритмелердин бардык түрлөрүн пайдалануунун зыяндуулугун эскертүүсүз сатууга;
7) таза никотинди, никотин туздарын, ошондой эле эгерде эритмедеги никотиндин камтылуу көлөмү 20 мг/мл.ден ашып кетсе, никотин эритмесин чекене сатууга.
3. Тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын, тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн сатып өткөрүүчү адамдар ар бир кассанын жанында (же сатып алынган товар үчүн төлөм жүргүзүлгөн жерде) көрүнүктүү жерде тамеки заттарын, ысытылуучу тамеки заттарын, анын ичинде тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана аларга эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки буюмдарын он сегиз жаш курагына чыга элек адамдарга сатууга тыюу салынары тууралуу маалыматы бар плакаттарды жайгаштырууга милдеттүү. Ар бир плакаттын көлөмү 1000 чарчы сантиметрден кем эмес болууга тийиш.
4. Тамеки заттарын, анын ичинде ысытылуучу тамеки заттарын жана тамекини ысытуучу системаны, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) жана алар үчүн эритмелерди, суу түтүктөрүн жана башка тамеки чегүүгө таандык шаймандарды сатып өткөрүүчү адамдар:
1) сатып алуучунун жаш курагынан шек санаган учурда, алардын ким экендигин ырастоочу документтерин көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү;
2) алар өздөрүнүн ким экендигин ырастоочу документтерин көрсөтпөгөн учурда, ушул бөлүктө көрсөтүлгөн заттарды сатуудан баш тартууга тийиш.
Көңүл буруңуздар! 19-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 18 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
20-берене. Тамеки жана никотин камтылган заттардын мыйзамсыз сатылышын жоюу
1. Тамеки заттарын мыйзамсыз сатууну жоюу ДСУ ТКАК жана анын протоколдоруна, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерге, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Бажы бирлигинин "Тамеки продукциясына техникалык регламент" (ББ ТР 035/2014) техникалык регламентинде талаптарына жооп бербеген бардык тамеки заттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте алып салынууга тийиш.
3. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бербеген тамеки жана тамеки ысытуучу системалары бар бардык буюмдар, никотин камтылган заттар, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталар) жана алар үчүн эритмелер, суу түтүктөрү жана тамеки тартуучу башка буюмдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте алып салынууга тийиш.
4. Тамеки жана никотин камтылган заттарды, аларды пайдалануу түзүлүштөрүн мыйзамсыз сатуудан жана (же) өндүрүүдөн жана импорттоодон түшкөн каражаттар конфискацияланууга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте республикалык бюджетке которулууга тийиш.
21-берене. Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди пайдалануунун кесепеттеринен, айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик контроль
Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди пайдалануунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик контроль ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өз компетенцияларынын чектеринде жүзөгө ашырылат.
5-глава. Корутунду жоболор
22-берене. Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди пайдалануунун кесепеттеринен, айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо боюнча иш-чараларды каржылоо
Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди пайдалануунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо боюнча иш-чараларды каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден;
2) тамеки уюмдары менен байланышта болбогон уюмдардын, коомдук бирикмелердин (ассоциациялардын, кыймылдардын), жарандардын гранттарынын, төгүмдөрүнүн, кайрымдуулуктарынын эсебинен.
23-берене. Жарандардын ден соолугуна келтирилген залалдын ордун толтуруу
1. Жарандар тамеки заттарын пайдалануунун, ошондой эле ысытылуучу тамеки заттарын, никотин камтылган заттарды, НЖЭС (анын ичинде электрондук сигареталарды) керектөөнүн жана (же) айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин натыйжасында, ошондой эле тамекини жана никотинди камтыган заттарды өндүрүү учурунда алардын ден соолугуна келтирилген залалдын ордун толтуртууга укуктуу.
2. Келтирилген зыяндын өлчөмү жана залалдын ордун толтуруу тартиби соттун чечими боюнча аныкталат.
24-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Тамекини, никотинди пайдалануунун кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартиптик, жарандык-укуктук жоопкерчилик белгиленет.
(КР 2024-жылдын 28-февралындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул беренеде күчүнө кирүүнүн башка мөөнөттөрү каралган беренелердин, бөлүктөрдүн жана пункттардын жоболорун кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет:
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 100 жарыяланды
1) 15-берененин 1-бөлүгү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет;
2) 17-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту, 2-4-бөлүктөрү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет;
3) 16-берененин 3-12-бөлүктөрү, 18-берене, 19-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 18 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет;
4) 15-берененин 2-бөлүгү жана 3-бөлүгүнүн 2-пункту ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 36 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 175 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 851-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-декабрындагы № 316 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2009-ж., № II, 1030-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июнундагы № 111 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 11, 514-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети он эки айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 29-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |