Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 17-июну № 108
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 25-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Сейил бактык-пляждык зона - Ысык-Көл көлүнүн суусу бүткөн жерден туурасы 100 метрге чейинки жалпы пайдалануудагы аймак.";
2) 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Сейил бактык-пляждык зонанын жер участоктору эреже катары түздөн-түз сейил бактык-пляждык зонага чектеш курорттук-рекреациялык мекемелерге же башкаларга салыштырганда сейил бактык-пляждык зонага кыйла жакын курорттук-рекреациялык мекемелерге ижара шарттарында берилиши мүмкүн.
Сейил бактык-пляждык зонаны ижарага берүү шарттары жана тартиби, ошондой эле бир эле субъектке өткөрүп берүүгө жол берилген сейил бактык-пляждык зоналардын чектүү аянттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Белгиленген тартипте ижара шарттарында пайдаланууга берилген сейил бактык-пляждык зона ижарачы тарабынан төмөнкүдөй максаттарда тосулушу мүмкүн:
- тартипти, эс алуучулардын коопсуздугун, мүлктүн сакталышын камсыз кылуу;
- жаныбарлардын сейил бактык-пляждык зонаны булгоосуна жол бербөө;
- ижарачынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими боюнча сейил бактык-пляждык зонанын аймагын көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча өткөрүлгөн иштердин учурларынан тышкары, транспорт каражаттарынын киришине жана башка техниканын пайдаланылышына жол бербөө.
Сейил бактык-пляждык зонаны тосууга карата талаптар ушул Мыйзамдын 17-беренесинин экинчи бөлүгүнүн сейил бактык-пляждык зонага жарандардын тоскоолдуксуз киришин камсыз кылуу жөнүндө жоболорун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Ушул талапты сактабоо ижара келишиминин бузулушуна алып келет.
Сейил бактык-пляждык зонанын жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет. Мында сейил бактык-пляждык зонанын тосмолорун пайдаланганы үчүн сейил бактык-пляждык зонанын тиешелүү участогун пайдаланганы үчүн ижара акынын өлчөмүндө кошумча акы алынат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 27-июнунда № 76 (2801) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |