Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2004-жылдын 13-августу № 115
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-июлундагы № 206, 2010-жылдын 8-февралындагы № 24, 2011-жылдын 26-июлундагы № 131, 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2017-жылдын 17-июнундагы № 108, 2020-жылдын 21-августундагы № 137, 2023-жылдын 23-майындагы № 105, 2024-жылдын 17-июлундагы № 119, 2025-жылдын 14-мартындагы № 54 , 2025-жылдын 13-августундагы № 199 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун («Ысык-Көл» ЭЭТ) сактоого, пайдаланууга жана туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салууга багытталган.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Антропогендик оорчулук - адамдардын иш-аракетинин натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө келтирилген оорчулук же таасир.
Жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү - жаратылыш ресурстарын толуктоо же антропогендик таасир көрсөтүүнүн, болбосо жаратылыштын каргашалуу күчтөрүнүн натыйжасында жок болгон жаратылыш объекттеринин пайдалуу касиеттерин арттыруу боюнча жасалма чаралар (уюштуруу-техникалык, экономикалык).
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамына ылайык үчүнчү бөлүгү күчүн жоготкон)
Шаар куруучулук же урбанизациялык-экологиялык түркүк - адамдарды отурукташтыруунун аймактык түзүмүн экологиялык жактан сарамжал пландаштыруу модели.
Экологиялык-экономикалык тутумдун сыйымдуулугу - адамдардын чогуу жашоосунун бул экотутум кыйла убакыттын ичинде талкаланбай, өзүн-өзү калыбына келтирүүгө жөндөмдүү болгон эң чоң өлчөмү.
Рекреациялык зоналар - эс алуу, ден соолукту чыңдоо жана туризм үчүн пайдаланылуучу айлана-чөйрө мейкиндигинин бир бөлүгү, анын ичинде улуттук, жаратылыш сейил бактары, корук жайлар, курорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жерлери жана объекттери.
Тарыхый-маданий мурас - тарых жана маданият эстеликтеринин жыйындысы.
Тарыхый-маданий эстелик - адамдын элдин турмушундагы тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө, материалдык жана руханий чыгармачылыкка байланыштуу тарыхый, илимий, көркөм же эстетикалык баалуулук болгон чыгармачылык иши.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамына ылайык тогузунчу бөлүгү күчүн жоготкон)
Капиталдык курулуш - тургузуу үчүн тереңдетилген пайдубалды орнотуу, тосуучу жана кармап туруучу конструкцияларды коюу, тазалагыч курулмаларды кошуп алганда бардык зарыл инженердик коммуникацияларды алып келүү боюнча жер казуу жана куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүнү талап кылган объекттердин курулушу.
Рекреация объекттери - менчигинин формасына жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун укуктук формасына карабастан, эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу, рекреациялык, мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашап туруу, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттер.
Тазалагыч курулмалар - калк жайгашкан жердин (пункттун), өнөр жай ишканасынын, рекреация объектинин башка чарбакер объекттердин канализация системасында агынды сууларды аларда камтылган булгануулардан тазалоого арналган, иштетилүүсүнүн натыйжасында тазалоо процессинен кийин суунун сапаты белгиленген санитардык жана техникалык ченемдерге туура келе турган инженердик курулмалардын комплекси.
Эстеликти коргоо - эстеликти коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплекси.
Рекреация объекттери - эс алуунун, ден соолукту чыңдоонун жана туризмдин объекттери.
Экологиялык тутумдун даремети же жаратылыш даремети - экологиялык (жаратылыштык) тутумдун өзүнө зыян келтирбестен жаратылыш ресурстарынын бир бөлүгүн берүүгө же пайдалуу ишти жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгү.
Жаратылыш мурасы - жаратылыш эстеликтеринин комплекси.
Жаратылыш эстелиги - табигый жаратылыштын тарыхый, илимий, көркөм же эстетикалык баалуулук болгон объекти.
Жаратылыш ресурстары - адамдын жаратылышты керектөөсүнүн табигий булактары (жер, суу, токой ресурстары, пайдалуу кендер, минералдык чийки заттардын корлору, радиоактивдүү материалдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, алардын компоненттери жана башка жаратылыш жыргалчылыктары).
Парквей - сейил багынын, токой сейил багынын ичинде салынган, көбүнчө экскурсиялык же туристтик багыттагы үзгүлтүксүз кыймылдын автожолу.
Экотутумдун өзүн-өзү калыбына келтирүү даремети - экотутумдун антропогендик таасирдин же жаратылыштын табигый күчтөрүнүн натыйжасында жок болгон өз ресурстарын калыбына келтирүүгө жөндөмдүүлүгү.
Тең салмактуу өнүгүү - адамдардын учурда жашап жаткан муунунун керектөөлөрүн канааттандырган жана болочок муундардын жаратылыш чөйрөсүнө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу жөндөмдүүлүгүнө коркунуч келтирбеген коомдук өнүгүш.
Жаратылышты тең салмактуу пайдалануу - жаратылыш ресурстарын пайдалануунун экологиялык тутумдун өзүн-өзү калыбына келтирүүчү дареметинен ашып түшпөгөн бардык түрлөрүнүн жыйындысы.
Экологиялык көпүрө - автожолдун жаныбарларды коргоо жана жолдун эстетикалык кооздугун арттыруу максатында 1-2 км аралыкта астынан тирөөчтөр менен көтөрүлүп турган участогу.
«Ысык-Көл» ЭЭТсы - жаратылыш чөйрөсүнүн дараметинин өзүн-өзү калыбына келтирүүсүнөн ашпаган антропогендик жүк, тең салмактуу тутум. «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутуму Кыргызстандын элинин кенчи болуп саналат жана төмөнкү тутумчалардан:
- жаратылыш дареметинен;
- жаратылыш чөйрөсүнөн;
- жаратылыштык-аймактык эстеликтерден;
- тарыхый-маданий жана антропогендик эстеликтерден;
- жаратылыштык-чарбалык комплекстин жыйындысынан турат.
Суулуу-саздак жерлер – саздак, фен, чым көңдүү жерлердин же табигый же жасалма, туруктуу же убактылуу, токтоп турган же агымдуу, тузсуз, шор же туздуу көлмө-суулардын райондору.
Суу корголуучу зона – суу объектинин акваториясынын тегерегиндеги аймак, анда суунун кирдешин, булганышын, азайышын жана балырланышын болтурбоо үчүн атайын режим белгиленет.
Сууда сүзүүчү жана сууга жакын жашаган канаттуулар – суулуу-саздак жерлерде жана жээкке жанаша жаткан жерлердеги суулуу объекттерде жашаган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери.
Сейил бактык-пляждык зона - Ысык-Көл көлүнүн суусу бүткөн жерден туурасы 100 метрге чейинки жалпы пайдалануудагы аймак.
Суу мотоцикли (гидроцикл) - ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар, жогорку ылдамдыктагы жеке суу транспорт каражаты.
Асма мотор - кеменин арт жагында жайгашкан, негизинен чакан кемелерде (ялдарда, сейилдөөчү кайыктарда, туристтик кемелерде, скутерлерде) башкы кыймылдаткыч катары орнотууга арналган, кемеден обочолонуп өз алдынча турган винттүү моторлуу түзүлүш.
Эки такттуу кыймылдаткыч - ичинен күйүүчү кыймылдаткыч, мында ар бир цилиндрдеги иш процесси муунактуу валдын бир айлануусунда, башкача айтканда, поршендин эки жүрүшүндө аткарылат.
Жасалма кыймылдаткыч - кол эмгегин пайдалануу менен жасалган жана тиешелүү сертификаты же болбосо документи жок кыймылдаткыч.
Төрт такттуу кыймылдаткыч - ичинен күйүүчү поршендүү кыймылдаткыч, мында ар бир цилиндрдеги иш процесси муунактуу валдын эки айлануусунда, башкача айтканда, поршендин төрт жүрүшүндө (тактында) аткарылат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2017-жылдын 17-июнундагы № 108, 2020-жылдын 21-августундагы № 137, 2025-жылдын 14-мартындагы № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Ысык-Көл көлүнүн өзгөчө статусу
Ысык-Көл көлүнүн өзгөчө статусу тарыхый-маданий эстеликтердин, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын, курорттук-рекреациялык объекттердин комплекси менен биосфералык аймак, дүйнөлүк маанидеги табигый-жаратылыштык жана тарыхый-маданий объекттери болгон жана мамлекеттин коргоосунда турган Кыргыз Республикасынын улуттук кенчи катары мааниси менен аныкталат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсын сактоо жана пайдалануу боюнча иштин негизги принциптери
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын сакталышы жана өнүктүрүлүшү төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
- ресурстарды сактоо жана калыбына келтирүү аркылуу локалдык жана глобалдык биотүзүлүштү сактоо менен сарамжал пайдалануу;
- «Ысык-Көл» ЭЭТсын:
а) Кыргыз Республикасынын өтө сейрек жаратылыш эстелиги жана жаратылыш мурасы;
в) тарыхый-маданий мурасы;
б) экономикалык иштин объекти;
г) рекреациялык маанидеги объект жана туризм объекти катары пайдалануунун көп варианттуулугу;
- коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын илимий негизделген шайкеш айкалыштыруу, ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин комплекстүү чечүү жолу менен экологиялык-экономикалык тутумдун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
«Ысык-Көл» ЭЭТсын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамына ылайык экинчи бөлүгү күчүн жоготкон)
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү
Ушул Мыйзам менчигинин түрүнө карабастан иш-аракети «Ысык-Көл» ЭЭТсын пайдалануута, сактоого жана өнүктүрүүгө байланышкан бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
6-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыштык дареметинин мазмуну
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыштык дареметин төмөнкү ресурстар түзөт:
- бардык абалдагы жана орун алган жердеги (жер үстүндө, жер астында, мөнгүлөрдө, кар корлорунда, туздуу, таза, жылуу жана ушуга окшогондордо) суу ресурстары;
- жер ресурстары (айыл чарбасына жарактуу, калктуу конуштардын, өнөр жайдын, транспорттун жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, суу жана токой фонддору жана башкалар);
- жер казынасынын ресурстары;
- атмосфера ресурстары;
- биологиялык ар түрдүүлүк ресурстары, анын ичинде токойлор.
7-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын бүтүндүгүн сактоо үчүн жаратылыш дареметин жөнгө салуунун укуктук объекти
Төмөнкү тутумчалардан:
- Ысык-Көл көлүнүн акваториясынан;
- жээкке жанаша жаткан зонадан;
- тоо этектеринин жана бөксө тоолордун сел жүрүүчү зоналарынан;
- бийик тоолуу зоналардан турган, тарыхый калыптанган жана мейкиндикте өзгөчөлөнгөн бирдиктүү тутум «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш дареметин жөнгө салуунун укуктук объекти болуп саналат.
Көлдүн суу массасы, жээкке жанаша жаткан аймак, суулуу-саздак жерлер жана курчап турган тоо чокулары (мөңгүлөр), жер үстүндөгү жана жер астындагы суулар, жаратылыш ландшафттары, аба бассейни, өсүмдүктөр жана канаттуулар «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш чөйрөсүнүн укуктук режиминин объекттери болуп саналат.
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш даремети Кыргызстандын элдеринин азыр жашап жаткан жана болочоктогу муундарынын кенчи болуп саналат жана алардын өнүгүүсүнүн негизги ресурсу катары каралат.
Жаратылыш дареметинин айрым ресурстарынын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жөнгө салынат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш ресурстары
1. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын мөңгүлөрү глобалдык, региондук, улуттук жана локалдык маанидеги ресурс жана жаратылыш эстелиги болуп саналат.
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын мөңгүлөрүн сактоо жана пайдалануу суу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Тоолордогу жана тоо этектеринин зонасындагы токойлор, Ысык-Көлдүн айланасындагы чычырканак бадалдары «Ысык-Көл» ЭЭТсындагы өзгөчө мааниге ээ болгон ресурсту түзөт.
Көл өрөөнүндөгү токойлорду жана табигый ресурстардын сакталышын, корголушун жана пайдаланылышын контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жер казынасы Кыргызстандын элинин келечек муундарынын керектөөсүн канааттандырууга багытталган стратегиялык ресурс болуп саналат.
4. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын суулуу-саздак жерлерин кошуп алганда, биологиялык ресурстар глобалдык биологиялык ар түрдүүлүктөрдү сактоонун генетикалык фонду болуп саналат.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 131 , 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш дареметинин ресурстарын пайдалануу
Тиешелүү ресурстарды башкарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жердин жаратылыш ресурстарын жана «Ысык-Көл» ЭЭТсынын таза суусун пайдалануу пландарын иштеп чыгууда төмөнкү ченемдерге негизденүүтө тийиш:
- күндөлүк пайдаланууга ресурстун 3/1инен ашык эмес (ченемдин жеткен чеги);
- өзгөчө кырдаалдарда - ресурстун кийинки 3/1инен ашык эмес;
- ресурстун акыркы 3/1ин - экотутумдун кыйроосун болтурбай коюу үчүн колтийгис кор.
Айрым жаратылыш ресурстарын пайдалануунун ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш дареметинин ресурстарынын абалын жана пайдаланылышын контролдоо
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш дареметинин ресурстарынын абалын жана пайдаланылышын контролдоо өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул органдарга «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш ресурстарынын дареметин сактоонун жана пайдалануунун узак мөөнөтгүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча милдеттер жүктөлөт.
Жарандык институттар ресурстардын пайдаланылышынын бүдөмүксүздүгүн камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарынын дареметинин абалынын максатка ылайыктыгын коомдук контролдоо боюнча ишти жүзөгө ашырат.
11-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш чөйрөсүн пайдалануу
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш чөйрөсүнүн аймагында укуктук режимдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте ар кыл максатка багытталган айрым аймактык участоктор: биосфералык аймак, улуттук мамлекеттик сейил бактар, коруктар, заказниктер, мөңгүлөр, саз-суу баскан жерлер, токойлор, ошондой эле санаторийлик-курорттук мекемелер түзүлүшү мүмкүн.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын биологиялык ар түрдүүлүгү
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш чөйрөсү глобалдык, региондук (Борборазиялык), улуттук жана жергиликтүү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоочу жай болуп саналат.
Ысык-Көлдүн жаратылыш чөйрөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн түзүүчү жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, анын ичинде эндемикалык жана өзгөчө баалуу түрлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте эсепке алынууга, мамлекет тарабынан корголууга жана пайдаланылышы контролго алынууга тийиш.
Өлүү жана жок болуу коркунучу алдында турган түрлөр тиешелүү дең- гээлдеги Кызыл китепке Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте киргизилүүгө тийиш.
Табигый жана жасалма өстүрүлгөн дарак, бадал жана башка өсүмдүктөрдүн жыйындысы «Ысык-Көл» ЭЭТсынын токой экосистемаларындагы корголуучу объекттер болуп саналат.
Жанаша жаткан табигый чычырканак бадалдары «Ысык-Көл» ЭЭТсынын өзгөчө коргоосунда болот, аларда чычырканакты кыюуга, түбү менен казып алууга, жаш бутактарын сындыруу (кесүү) жолу менен чычырканактын мөмөсүн терүүгө тыюу салынат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоону контролдоо
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын биологиялык ар түрдүүлүгүнүн сакталышын мамлекеттик контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш чөйрөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча чаралар
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш чөйрөсүн сактоо боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан камсыз кылынат жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- уюштуруучулук мүнөздөгү чараларды - жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн жашоо жерлерин түзүү жана коргоо, коогалаңдуу кырдаалдарда (кургакчылык, суу каптоо, кардын көп жаашы, кескин түшкөн суук, өрттөр, сел, суу ташкыны, жер титирөө, жаралышы антропогендик химиялык заттар менен уулануу жана башкалар) жашоону камсыз кылып турууну;
- социалдык мүнөздөгү чараларды - маалыматтарды жайылтуу жана ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иштин ыктарына үйрөтүү жолу менен адам ресурстарын мобилизациялоону, коомдук-пайдалуу иштерге тартуу аркылуу калкты иш менен камсыз кылууну, өкмөттүк эмес уюмдар, жамааттар жана башка жарандык бирикмелер менен контракттарды түзүүнү, адистерди контракттык негизде тартууну;
- «Ысык-Көл» ЭЭТсынын туруктуу өнүктүрүү боюнча, анын ичинде: Ысык-Көл көлүнүн деңгээлин турукташтыруу, көлдүн тоодогу жана тоо этектериндеги токой массивдерин, өзгөчө Кызыл китепке кирген жаныбарлар дүйнөсүн калыбына келтирүүнү жана коргоону, областты экологиялык таза тамак-аш азыктарын өндүрүүгө этап менен которуу боюнча илимий-техникалык так программаларды иштеп чыгууну;
- Ысык-Көл көлүн булгануудан коргоо, калк жайгашкан жерлердин, рекреациялык мекемелердин, өндүрүштүк жана башка эл чарба объекттеринин сууну агындылоо тутумун жана тазалагыч курулмаларын куруу жана паспорттоштуруу боюнча чараларды;
- чычырканак бадалдарын кыюуга тыюу салуу, калыбына келтирүү жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги зонада табигый экологиялык тутумдарды сактоо боюнча, ошондой эле чарбачылык иш менен алектенген субъекттерди жээктеги зонатардын аймагындагы пансионаттардагы чычырканак бадалдарын калыбына келтирүүгө милдеттендирүү боюнча чараларды:
- мөңгүлөрдүн үстүнкү бетинин кирдешине жана булганышына жол бербөө боюнча чаралар, ошондой эле музга айланган алардын аянттарынын мындан ары төмөндөшүнө жол бербөө боюнча чараларды;
- радиоактивдик жана уулуу калдыктарды сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында калдыктарды сактоочу жайдын геотехникалык туруктуулугун бекемдөө боюнча чараларды;
- тоо аймактарында «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК колдонгон автотранспорттук каражаттарды көмүүгө тыюу салуу боюнча чараларды.
- суунун өзүн өзү тазалоосунун табигый механизмдерин калыбына келтирүү жана колдоо, анын ичинде балыктардын эндемикалык түрлөрүн (чабак, чабакча, маринка, карп жана башка), ошондой эле башка жырткыч эмес түрлөрүн (лещ, сазан жана башка) сактоо жана алардын санын көбөйтүү боюнча чараларды;
- суунун табигый чыпкалары катары кызмат кылуучу, жээктеги токой-саз экотутумдарын коргоо боюнча чараларды.
(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 131 , 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2020-жылдын 21-августундагы № 137, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсы тарыхый-маданий эстелик катары
Ысык-Көлдүн боюндагы элдин турмушундагы тарыхый окуялар менен байланышкан тарых жана маданият эстеликтери, «Ысык-Көл» ЭЭТсынын аймагында жайгашкан материалдык жана руханий чыгармачылыктын тарыхый, илимий, көркөм же эстетикалык баалуулукту түзгөн чыгармалары тарыхий-маданий мурас болуп саналат. Аларга чыгаан адамдардын эстеликтери, мүрзөлөрү, үйлөрү, табынуу курулуштары, көрүстөндөр, аскадагы жазуулар, байыркы конуштар кирет.
Маданий-тарыхий мурастын эстеликтерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыштык-чарбалык иши
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыштык-чарбалык иши өзүнө:
- тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн жер жана суу ресурстарын пайдаланууну;
- рекреация максаты үчүн жаратылыш ресурстарын пайдаланууну;
- туризм үчүн тарыхий, маданий, жаратылыш эстеликтерин жана эстетикалык жактан көз жоосун алган ландшафттарды пайдаланууну;
- энергия жана жылуулук менен жабдуу үчүн жаратылыш ресурстарын пайдаланууну;
- ландшафттык өзгөчөлүктөрдү жана бийиктик алкактарынын - жээкке жанаша жаткан зонанын, тоо этектеринин, бөксө тоолордун, бийик тоолордун сыйымдуулуктарын эске алуу менен шаар курууну (конуштарды курууну);
- пайдалуу кендердин чыккан жерлерин иштеп чыгууну;
- өнөр жайлык өндүрүштү жана транспортту;
- өзгөчө айылдарда жана сейсмикалык кооптуу зоналарда жана эң жогорку антропогендик оорчулук зоналарында ресурстарды калыбына келтирүүчү жумуштарды камтыйт;
-токойду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү;
-балыктын эндемикалык жана жок болуп бараткан түрлөрүнүн өсүшүн көбөйтүү жана кайрадан калыбына келтирүү.
Жаратылыштык-чарбалык иштерди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте биосфералык аймактарга коюлуучу талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Жаратылыштык-чарбалык ишти чектөө
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын аймагында жаратылыш процесстеринин табигый өсүшүнө же жаратылыш комплекстерине жана объекттерине терс таасир тийгизүүчү чарбалык жана башка иштерге, атап айтканда:
- Ысык-Көл көлүн же анын бир бөлүгүн, ошондой эле суу топтоо аянттарын агынды сууларды, зыяндуу заттарды агызуу жана чыгаруу, пестициддерди, агрохимикаттарды, радиоактивдүү заттарды пайдалануу, транспортту пайдалануу, эки такттуу стационардык жана бардык типтеги, анын ичинде кустардык өндүрүштөгү асылма кыймылдаткычы бар сүзүүчү каражаттарды кошкондо, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын жайгаштыруу жана которуштуруу, ошондой эле чарбалык-тиричилик жана өндүрүштүк агын сууларды көлгө жана ага агып кирүүчү өзөндөргө агызуу менен байланышкан химиялык булгоолорго;
- Ысык-Көл көлүнүн же анын бир бөлүгүнүн абалынын өзгөрүшүнө (суунун температуралык режиминин, суунун денгээлинин көрсөткүчтөрүнүн жол берилген чектердеги маанилерден башкача өзгөрүшү);
-Ысык-Көлгө куюлган суулардын жанындагы пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө;
-Ысык-Көлдү жана жээкке жанаша жаткан зонаны өндүрүш жана керектөө калдыктары менен булгоого;
- Ысык-Көл көлүндө жана Ысык-Көл көлү менен туруктуу же убактылуу байланышы бар суу объекттеринде Ысык-Көл көлүнүн экологиялык тутумуна коошпогон суу жаныбарларын жана өсүмдүктөрдү пайдаланууга, өстүрүүгө же климатташтыруута байланышкан Ысык-Көл көлүн биологиялык булгоого тыюу салынат.
- тазалагыч курулмалар болуп саналбаган топтогучтарга, чогултма аңдарга, септиктерге жана башка ыңгайлаштырылмаларга рекреация объекттеринен агынды сууларды агызууну жүзөгө ашырууга.
Ысык-Көл көлүнүн жээгинде жайгашкан курорттук-рекреациялык мекемелердин администрациясы алардын аймагындагы пляждарга жана массалык эс алуунун башка жайларына жергиликтүү калктын барышына чек коюуга укуксуз.
Курорттук-рекреациялык мекемелер же алардын бир бөлүгү чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар тарабынан ижарага алынган учурларда алардын кызматкерлеринин кеминде 90 пайызын Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүгө тийиш.
Жаратылышты пайдаланууга же чарба жүргүзүүнүн салтка айланган түрлөрүнө ар кандай чектөөлөрдү коюуларды киргизүү жергиликтүү калкка материалдык компенсация берүү менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
Көлдүн өзүнүн фаунасына коошпогон күнжеле форель же балыктын бөлөк түрлөрүн багууга жана өстүрүүгө байланышкан садок чарбаларынын Ысык-Көлдө иштешине, ошондой эле балык кармоо үчүн монофильдик түйүнсүз торлорду пайдаланууга тыюу салынат.
Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагында агынды суулардын көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчү калкка белгиленген тартипте үй чарбалары үчүн аныкталган орточо суткалык көрсөткүчүнөн ашкан өнөр жайлык, рекреациялык объекттердин жаныларын курууга жана иштеп жаткандарын реконструкциялоого, мындай объекттердин долбоордук документтерине мамлекеттик курулуштук экспертизанын жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болбосо, тыюу салынат.
Ысык-Көл көлүнүн аймагында экологиялык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен, Ысык-Көл көлүнүн атайын бөлүнгөн туристтик зоналарында, адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлеринде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилет.
Куткаруу иштеринде жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иш-чараларды өткөрүүдө гидроциклдерди пайдаланууга чектөөлөр коюлбайт.
Төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2010-жылдын 8-февралындагы № 24, 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2020-жылдын 21-августундагы № 137, 2025-жылдын 14-мартындагы № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
171-статья. Суу объекттерин коргоону камсыз кылуучу экологиялык коопсуздук талаптары
1. Суу объекттерин коргоо максатында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- айыл чарбалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоочулук максаттарда чарбалык-ичүүчү, коммуналдык-тиричиликтик жана балык чарбалык арналышта пайдаланылуучу суу объекттерине, ошондой эле жер астындагы горизонтко жана сугат талааларга тазаланбаган, зыянсыздандырылбаган жана жушугсуздандырылбаган агынды сууларды чыгарууга;
- канализациялык системага кабыл алуу талаптарына жооп бербеген, локалдык тазалагыч курулмаларда алдын ала тазаланбаган өндүрүштүк агынды сууларды шаардык жана шаарчалык канализациялардын системаларына бурууга;
- аныктоо методдору белгиленбеген заттарды камтыган өндүрүштүк агынды сууларды канализация системаларына чыгарууга;
- чарбалык жана башка иштин стационардык объекттерин агынды сууларды тазалоочу түзүлүштөр жана алардын иштөөсүн контролдоочу каражаттар менен жабдыбастан ишке киргизүүгө жана пайдаланууга;
- өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка калдыктарды суу объекттерине чыгарууга жана чөктүрүүгө, анын ичинде суу объекттерин жана алардын жээктерин калдыктар менен булгоого.
- агынды суулардын тунмаларын санкцияланбаган жерлерде жайгаштырууга же сактоого;
2. Рекреация объекттеринин менчик ээлери же аларды пайдалануучу ижарачылар, агынды суулардын жаралышына алып келүүчү чарбалык же башка иштин субъекттери:
- суу объекттерине булгоочу заттарды чыгарууга белгиленген чектөөлөрдү сактоону жана булгоочу заттарды азайтуу боюнча пландалган иш-чараларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
- жер үстүндөгү жана жер астындагы булактардан алынуучу суулардын эсебин жүргүзөт;
- агынды сууларды канализация системаларына чыгаруу үчүн аларды тазалоого арналган жабдууларды жана курулмаларды пайдалануунун эрежелерин жана режимин сактайт.
(КР 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
18-статья. Тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн жер жана суу ресурстарын пайдалануу
Айыл чарбасына жарактуу жерлер, токой фондунун жерлери, таза суулардын жана Ысык-Көлдүн суусунун корлору калкты тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн ресурс болуп кызмат кылат.
Убактылуу жайгаштырууну кошуп алганда калктын ар бир адамына айдоо жерлерин керектөөнүн ченеми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында да белгиленет.
Таза сууну чарбалык-тиричилик муктаждыктарына керектөөнүн ченеми аймакты жайлуу кылуунун даражасына байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте белгиленет.
Тамак-аш азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн жер жана суу ресурстарын пайдалануу төмөнкү принциптерге ылайык келүүгө тийиш:
- азык-түлүктүк автономияга жана көз карандысыздыкка багытталгандыкка;
- туруктуу жашаган жана убактылуу жайгаштырылган калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өндүрүлүүчү айыл чарба азыктарынын ар түрдүүлүгүнө;
- сугат суусун көп санда талап кылуучу жана эндемикалык өсүмдүктөрдүн антагонисти болуп саналган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жол бербөөгө;
- экологиялык жактан таза тамак-аш азыктарын өндүрүүнү кенейтүүгө;
- агрономиялык жана биологиялык ар түрдүүлүккө, жогорку технологиялуу жана селективдик өсүмдүктөрдү, алардын түрлөрүн жайылтууга умтулууга.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-статья. Жаратылыш ресурстарын рекреация максаты үчүн пайдалануу
Рекреация үчүн жарактуу жерлерге жээкке жанаша жайгашкан, тоо этегиндеги, бөксө тоолуу жана бийик тоолуу зоналар кирет.
Ысык-Көл көлүнүн акваториясы, бальнеологиялык, баткак, спелеологиялык, жаратылыш-ландшафттык жана башка ресурстар рекреация объекттеринин иштешин аныктоочу факторлор болуп саналат.
Рекреация объекттери үчүн бөлүнүп берилген жерлердин ченеми:
- курорттор үчүн - 1 адамга 0,01 гектарды;
- санаторийлер үчүн - 1 адамга 0,02 гектарды;
- башка объекттер үчүн - 1 адамга 0,005 гектарды түзөт.
Ысык-Көл көлүнөн 100 метрден кем аралыкта капиталдык курулуш курууга тыюу салынат.
Ысык-Көл көлүнөн 500 метрден жакын жерге рекреация объекттеринен тышкары объекттерди курууга жана пайдаланууга тыюу салынат.
Жаратылыш ландшафттарынын көркүн архитектуранын талаптарына ылайык келбеген колдон жасалган объекттер менен «булгоого» тыюу салынат.
Жашылдандыруунун ченеми - рекреация объектинин ар бирине кеминде 50 пайыз жана сейил бак жана токой сейил бак объекттерине кеминде 70 пайыз.
20-статья. Рекреация объекттерине болгон укуктар
Рекреация объекттери Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өзалдынча башкаруу органдарынын менчигинде болушу мүмкүн.
Жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттери чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жеке менчигинде болушу мүмкүн. Чет өлкөлүк жарандардын же юридикалык жактардын же болбосо башка чет өлкөлүк элементтин катышуусу менен татаалдашкан бардык жарандык-укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Рекреациялык объекттерге пайдаланылуучу жер участоктору чет өлкөлүк жарандарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык, мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.
(Бөлүк КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Бөлүк КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Рекреация объекттеринин менчик ээлери, ошондой эле ижарачылары рекреация объекттеринин иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
Сейил бактык-пляждык зонанын жер участоктору эреже катары түздөн-түз сейил бактык-пляждык зонага чектеш курорттук-рекреациялык мекемелерге же башкаларга салыштырганда сейил бактык-пляждык зонага кыйла жакын курорттук-рекреациялык мекемелерге ижара шарттарында берилиши мүмкүн.
Сейил бактык-пляждык зонаны ижарага берүү шарттары жана тартиби, ошондой эле бир эле субъектке өткөрүп берүүгө жол берилген сейил бактык-пляждык зоналардын чектүү аянттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Белгиленген тартипте ижара шарттарында пайдаланууга берилген сейил бактык-пляждык зона ижарачы тарабынан тосулууга тийиш эмес. Ижарачылар, сейил бактык-пляждык зоналарды пайдалануучулар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү сейил бактык-пляждык зоналардын тазалыгын жана коопсуздугун камсыз кылышат.
(Бөлүк КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Сейил бактык-пляждык зонанын жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет.
Ушул Мыйзам чыкканга чейин рекреация объекттерин менчиктештирип же сатып алган юридикалык жана жеке жактар үчүн аларды иштетүүнү камсыз кылуунун үч жылдык мөөнөтүн эсептөө ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып башталат.
(Бөлүк КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Курорттук-рекреациялык объекттердин иштешин камсыз кылуу максатында ал объекттерди бөлүп-бөлүп кайра сатууга жол берилбейт.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2017-жылдын 17-июнундагы № 108, 2023-жылдын 23-майындагы № 105, 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Курорттук-рекреациялык мекемелерди түзүүнүн түрлөрү
Менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан курорттук-рекреациялык мекемелер географиялык жайгашкан жери боюнча катталуу менен юридикалык жак түрүндө да, ошондой эле жеке жак түрүндө да түзүлүшү жана иштеши мүмкүн.
22-статья. Рекреация объекттеринин абалы үчүн жоопкерчилик
Рекреация объекттерин эксплуатациялоочу субъекттер санитардык жана жаратылышты коргоо ченемдеринин жана талаптарынын сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчилик тартышат.
Рекреация объекттерин эксплуатациялоочу менчик ээлери же ижарачылар, чарбачылык жана башка иштердин субъекттери адистештирилген техниканы колдонуу менен пляждык зоналарды катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоону жүргүзүүгө милдеттүү.
Пляждык зоналарды катуу тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоонун аткарылышын жана аларды адистештирилген техниканы колдонуу менен ташып чыгарууну контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2025-жылдын 13-августундагы № 199 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-статья. Рекреация объекттеринин иштешинин энергетикалык режимине коюлуучу талаптар
Рекреация объекттери тарабынан электр энергиясын керектөө жергиликтүү калкка зыян келтирбей жүзөгө ашырылууга тийиш.
Рекреация объекттери өзүнүн энергетикалык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн энергиянын альтернативдүү булактарына: күн нурунан жана шамалдан энергия алуучу жабдууларга, чакан ГЭСтердин энергиясына, арашан булактарына, энергиялык жактан натыйжалуу имараттарга этап менен өтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Туризм объекттери
Туризм объекттерине тарыхый, маданий, жаратылыш эстеликтери, эстетикалык жактан көз жоосун алган ландшафттар жана аларды байланыштырып турган инфраструктура кирет.
Туризм объекттери элди жайгаштыруунун калыптанган тутумун толуктап жана өнүктүрүп турат.
Бийиктиги ар кыл алкактык зоналарды өзара байланыштыруу принциби туризм инфраструктурасын долбоорлоонун негизи болот.
25-статья. Туризм объекттерине коюлуучу талаптар
Туризм объекттерин долбоорлоодо:
- «Ысык-Көл» ЭЭТсынын аймагы боюнча инфраструктуранын жыштыгынын ар түрдүүлүгүнүн жана белгилүү бир кылкалыгынын принцибин сактоо;
- жайкы мезгилде бир туруктуу жашоочуга үч туристтин туура келишинин жол берилген чектеринин сарамжал катышын камсыз кылуу, мындайда меймандостук сакталып калат;
- уюштурулбаган адамдардын агымынын өзгөчө баалуу ландшафттарга тийгизген таасирин чектөө;
- «экологиялык» көпүрөлөрдү кошуп алганда аймактарды аралай кеткен экологиялык трассалар түрүндөгү жаңы туристтик жолдорду, сейил бактарынын жолдорун (парквейлер) түзүү;
- региондо туризмге кызыгууну жогорулатуу үчүн этнографиялык туризмди, ландшафттын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жаңы түрлөрдү (рафтинг, дельтапланеризм) өнүктүрүү зарыл.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья. Туризм инфраструктурасынын объекттерине жана айрым бөлүктөрдүн объекттерине болгон укуктар
Туризм инфраструктурасынын же анын айрым бөлүктөрүнүн объекттери Кыргыз Республикасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өзалдынча башкаруу органдарынын менчигинде болушу мүмкүн.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте болгон инфраструктура объекттерин жана анын айрым бөлүктөрүн сатууга тыюу салынат.
Инфраструктуранын жана анын айрым бөлүктөрүнүн объекттерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте ижарага берүүгө уруксат берилет.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
27-статья. Туризм инфраструктурасынын объекттеринин абалы үчүн жоопкерчилик
Туризм инфраструктурасынын объекттерин эксплуатациялоочу субъекттер шаар куруу, санитардык жана жаратылышты коргоо ченемдеринин жана талаптарынын сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясында химиялык жана физикалык коркунуч туудуручу ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар менен иштеген жүрүү жана ташуу каражаттарын пайдаланууга чектөө киргизилиши мүмкүн.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-статья. Энергия жана жылуулук менен камсыздоо үчүн жаратылыш ресурстарын пайдалануу
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын аба бассейинин сактоо жана энергиянын өзалдынчалуулугуна жетишүү үчүн жергиликтүү энергия жана жылуулук менен камсыздоонун экологиялык жактан таза, калыбына келип туруучу булактарын пайдаланууга шарттарды түзүү боюнча милдеттер жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана өзалдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
29-статья. Конуштардын инфраструктурасына коюлуучу талаптар
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын конуштардын инфраструктурасын түзүүдө жана калыптандырууда курулушка, пайдаланууга жана технологиялык, санитардык, экологиялык ченемдерди сактоого жогорулатылган талаптар коюлат.
Тиешелүү долбоорлордун мамлекеттик экологиялык жана архитектуралык экспертизалардан оң корутундусу жок болгондо жаңы объекттерди курууга, кеңейтүүгө, иштеп жаткан объекттерди реконструкциялоого тыюу салынат.
(Юридикалык жана жеке жактарга (булгоочу объекттердин, рекреация объекттеринин ээлери же ижарачылары) "Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагында туристтик, дарылоочулук-ден соолук чыңдоочулук жана башка чарбалык ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле туристтерди жайгаштыруу максатында рекреация объекттерин, турак жайларды пайдаланууга, төмөндөгүлөр бар болбосо, тыюу салынат:
- тийиштүү уруксаттык документтер;
- тазалагыч курулмалар же болбосо сууну агындылоого жана агынды сууларды тазалоого келишимдер;
- турмуш-тиричиликтик катуу таштандыларды жайгаштырууга келишимдер.
(КР 2009-жылдын 11-июлундагы № 206 , 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
30-статья. Конуштарды куруунун принциптери
Конуштарды пландаштыруу жана куруу шаар куруу-экологиялык түркүктүн түзүлүшүнө негизделип, бул өзүнө төмөнкү принциптерди камтыйт:
- конуштардын учурдагы чегараларын токой фондусунун жерлеринин, кордогу жерлердин, өзгөчө корголуучу аймактардын жана айыл чарба багытындагы жерлердин эсебинен кеңейтүүгө жол бербөөнү;
- «Ысык-Көл» ЭЭТсынын түндүк жана чыгыш чакан райондорунда жаны ири конуштарды жайгаштырбоону;
- Ысык-Көл көлүнүн жээгинен тартып 500 метрге чейинки аралыкта жаңы калктуу конуштарды жайгаштырууга жол бербөөнү;
- туруктуу, ошондой эле убактылуу конуштардын чегинде ландшафттарды жана аквопарктарды бир адамга 8-10 чарчы метр туура келгендей түзүүнү;
- конуштардын архитектуралык келбетин ландшафттардын өзгөчөлүктөрүн эске алып жана архитектуранын талаптарына ылайык түзүүнү.
(КР 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-статья. Өнөр жай өндүрүшү
Өнөр жай өндүрүшү жогорку технологияларга жана экологиялык жактан туюк циклдерге негизделет.
Ресурстарды көп талап кылган жана айлана-чөйрөнү булгоочу өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө курууга жана пайдаланууга жол берилбейт.
Айыл чарба азыктарын кайра иштеп чыгуу жана балык өстүрүүчүлүк өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыты болуп саналат.
Өнөр жай өндүрүшүнүн бардык объекттеринде мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу болууга тийиш.
Өнөр жай өндүрүшүнүн, башка жарандык жана коммерциялык объекттердин (анын ичинде коомдук тамактануу объекттеринин, автомашина жуучу жайлардын) агынды сууларын "Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагындагы суу объекттерине, суулардын нуктарына чыгарууга тыюу салынат.
(КР 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-статья. Транспорт
Калк жыш жайгашкан жерде транспорт агымын азайтуу максатында айылдарды аралабай өтүп кетүүчү жолдорду курган учурлардан тышкары реконструкциялоону, ыңгайлаштырууну, ошондой эле туристтик сейил бак жолдорун (парквейлерди) түзүүнү албаганда, жаңы автомобиль жолдорун курууга уруксат берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети энергиянын жаңы альтернативдүү булактарын өздөштүрүүнүн жана жүрүүнүн альтернативдүү каражаттарын өнүктүрүүнүн эсебинен калкты транспорт кызматтары менен камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-статья. Пайдалуу кендерди иштеп чыгуу
Жаңы кендерди иштеп чыгуу жөнүндө чечим айлана-чөйрөгө көрсөтүлгөн таасирге баа берүүнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
Менчигинин түрүнө карабастан пайдалуу кендерди иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу бардык ишканаларда милдеттүү түрдө мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болууга тийиш.
Кен чыккан жерлерди пайдаланууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар глобалдык, региондук жана улуттук маанидеги жаратылыш эстеликтерине терс таасир тийгизгендик үчүн жоопкерчилик тартат.
Ар кандай пайдалануу кен чыккан жерди пайдаланууну аяктоо милдеттүү түрдө бузулган ландшафтты кайра культивациялоо иштерин жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
34-статья. Ресурстарды калыбына келтирүү
Чарбалык иш ресурстарды калыбына келтирүү боюнча иштерди эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өзалдынча башкаруу органдары компетентүү органдардын корутундусунун негизинде сел жүрүү жана жер титирөө кооптуулугун төмөндөтүү боюнча ресурстарды калыбына келтирүү ишин уюштурат.
35-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын аймагындагы чарбалык объекттерди экологиялык паспорттоштуруу
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын аймагындагы чарбалык ишти жүзөгө ашыруучу, анын ичинде рекреация объекттерин ээлөөчү жана башкаруучу юридикалык жана жеке жактардын (булгоочу объекттердин ээлеринин) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болууга милдеттүү.
Мамлекеттик экологиялык экспертизанын он корутундусу болмоюнча "Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагында чарбалык ишти жүзөгө ашырууга, рекреация объекттерин пайдаланууга жол берилбейт.
Чарбалык объекттерге, рекреация объекттерине мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2020-жылдын 21-августундагы № 137, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
36-статья. Экологиялык жактан коркунучтуу чарбалык объекттерди жоюу же алардын багытын өзгөртүү
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын аймагындагы экологиялык жактан коркунучтуу чарбалык объекттерди жоюу же алардын багытын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
37-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсы жөнүндө маалымат
Жеке жана юридикалык жактарга «Ысык-Көл» ЭЭТсы жөнүндө ар кандай маалыматты басылма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте алуу камсыз кылынат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
38-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын мониторинги
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын абалына жана динамикасына (өзгөрүүлөрүнө) сандык жана сапаттык баа берүү эларалык туруктуу өнүгүү индикаторлорунун негизинде жүзөгө ашырылат.
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын абалына жана динамикасына (өзгөрүүлөрүнө) милдеттүү түрдөгү мамлекеттик экологиялык мониторинг жана аларды контролдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо органы, башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Экологиялык жана башка коомдук уюмдар Ысык-Көл көлүнүн жана айлана-чөйрөсүнүн абалына көз карандысыз экологиялык мониторингди жана контролдоону жүзөгө ашырууга укуктуу. Мамлекеттик органдар көз карандысыз экологиялык мониторингди жана контролду жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого тийиш.
39-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын режимин бузууда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, административдик, тартиптик жана материалдык жоопкерчилик тартат.
«Ысык-Көл» ЭЭТсынын режимин бузуу менен ага келтирген зыяндын ордун ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурат.
40-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары:
- ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө мыйзам актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |