Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 15-июлу № 125
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 1-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 897-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгүндө "органдарынын" деген сөз алып салынсын;
2) 4-беренеде:
а) алтынчы абзацы "өкүлчүлүгү (элчилиги)," деген сөздөрдөн кийин "анын концеляриясы (бөлүмү)," деген сөздөр менен толукталсын;
б) он төртүнчү абзацы "жана/же Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн кийин "жайгашкан жана" деген сөздөр менен толукталсын;
в) он алтынчы абзацы "консулдук кызмат орундарды ээлеген" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле дипломатиялык кызмат органдарында мамлекеттик административдик орундарды ээлеп турган" деген сөздөр менен толукталсын;
г) он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"акчалай күтүү - бул ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЧУИ иштөөгө жиберилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматчыларына акчалай төлөмдөр;";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"консулдук кызмат көрсөтүү - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жеке жана юридикалык жактарга карата дипломатиялык кызмат органдары тарабынан консулдук иш-аракеттерди жасоодо билдирилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн түрү;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлери - ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЧУИ иштөөгө жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматчылары;
дипломатиялык кызматтын кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрү - жубайы, он сегиз жашка жете элек балдары, ошондой эле дипломатиялык кызматтын кызматкери болуп саналган ата-энелердин же алардын биринин багуусунда турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бул курактан улуу балдар;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башка кызматчылары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде техникалык иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн эмгек келишимдеринин/контракттардын негизинде Кыргыз Республикасынын жана/же чет мамлекеттердин ошол мамлекеттеги жарандарынын ичинен чет өлкөдөгү мекеме жалдаган кызматчылар.";
3) 7-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) улуттук коопсуздуктун дипломатиялык каражаттары менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана миграциялык саясатын ишке ашырууга катышуу;";
4) 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы 391-пункт менен толукталсын:
"391) дипломатиялык кызмат органдарынын финансылык иштерин эсепке алуу жана контролдоо боюнча иштерди уюштуруу;";
5) 11-беренеде:
а) берененин аталышында "жана дипломатиялык кызмат органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүгүндө "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын;
в) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кийим-кече алуу дипломатиялык кызмат органдарынын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.";
6) 12-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 13-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери;
2) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген, өз каалоосу боюнча бошонуп кетишкен же дипломатиялык кызмат органынан Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына өтүшкөн дипломатиялык кызматтын мурдагы кызматкерлери;";
б) 3-6-пункттарда "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын;
в) 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 8-пункту "2 жылдан кем эмес" деген сөздөрдөн кийин "үзгүлтүксүз" деген сөз менен толукталсын;
д) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бош кызмат ордун ээлөө үчүн өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыктары боюнча өтүү упайын алган, бирок бош кызмат ордуна дайындоого сунушталбаган жарандар;";
ж) 10-пунктунда "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын;
8) 14-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы "жаш адистерди" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле кадрлар резервинен же башка мамлекеттик органдардан которуу тартибинде" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун экинчи абзацында "Премьер-министрге", "Премьер-министрдин" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Президентке же Премьер-министрге" жана "Президенттин же Премьер-министрдин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр "дипломатиялык кызмат органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Дипломатиялык кызматтын кызматкери ыйгарым укуктуу орган тарабынан жиберилген ЧУИ Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин, эгерде анын ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда каралган тартиптик жаза чарасы болбосо, ал ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө ЧУИ кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес кызмат ордуна дайындалууга тийиш.
Ылайыктуу бош орун болбогондо, Кыргыз Республикасына ЧУИ кайтып келген кызматкер ЧУИ кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн кызматка, бирок бир баскычтан төмөн эмес жана кызматкердин өзүнүн макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн.";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде дипломатиялык кызматта жүргөн кызматкер ЧУИ Кыргыз Республикасына ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө же ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган башка мөөнөттө кайтууга жана ыйгарымдуу органга келүүгө тийиш.
Эгерде чет өлкөдөгү мекемедеги дипломатиялык кызматтын кызматкери ЧУИ Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн мөөнөттө кайтып келбесе, ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык ишке орноштуруу боюнча милдеттенмелер өзүнүн күчүн жоготот.";
9) 15-беренеде:
а) берененин аталышында ", убактылуу айкалыштыруу" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалуучу дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумундагы дипломатиялык кызмат органдарынын башка кызматкерлерин жылдыруу, которуу ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актысында белгиленген тартипте, ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысынын кызмат орду бош болгон учурда же эгерде Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысы белгилүү бир жагдайлардан улам өзүнүн функцияларын аткара албаганда, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруучуну анын улук кызмат адамдарынын ичинен дайындайт.";
в) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 16-беренеде:
а) берененин аталышында "Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерин" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүгүндө "жана мамлекеттик кызматчыларды" деген сөздөр алып салынсын;
в) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "мамлекеттик кызматчылары, алардын" деген сөздөр алып салынсын;
г) 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. ЧУИ жиберилгенге чейин дипломатиялык кызматтын кызматкери (ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө финансылык иштердин маселелерин тейлеген мамлекеттик кызматчыларды кошпогондо) же Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкери ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда жана/же Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө жыйындысында 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштөөгө тийиш.
4. ЧУИ ортосундагы мезгилде дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин (ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө финансылык иштердин маселелерин тейлеген мамлекеттик кызматчыларды кошпогондо) жана Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө үзгүлтүксүз иштеген мөөнөтү жыйындысында 2 жылдан кем эмес болууга тийиш.";
д) 5-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Дипломатиялык кызматтын, анын ичинде Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ЧУИ жиберилген кызматкерлеринин ЧУИ мөөнөтү - 3 жыл.
Көрсөтүлгөн мөөнөт кызматтык зарылчылык боюнча аттестациялык-конкурстук комиссиянын сунуштамасы жана дипломатиялык кызматтын кызматкеринин макулдугу менен, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан узартылышы, бирок бир жылдан ашык эмеске узартылышы мүмкүн.";
е) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. ЧУИ мөөнөтүнө дипломатиялык кызматтын кызматкеринин, анын ичинде Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш сапарга жиберилген кызматкеринин Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде, болгон мамлекетине жана ээлеген кызмат ордуна карабастан ЧУИ болгон датадан тартып жалпы үзгүлтүксүз болуу мөөнөтү кошулат.";
ж) 7-бөлүгүнүн биринчи абзацында:
- "же мамлекеттик кызматчынын" деген сөздөр алып салынсын;
- "7" деген цифра "8" деген цифрага алмаштырылсын;
з) 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнө тиешелүү кызмат ордуна дайындалган дипломатиялык кызматтын кызматкери ЧУИ жиберилгенге чейин, ошондой эле ЧУИ ортосундагы мезгилдерде ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бир жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштөөгө тийиш.";
11) 17-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Дипломатиялык кызматтан кызматкерлерин кызматтык аттестациялоо, эреже катары, 3 жылда бир жолудан ашык эмес өткөрүлөт. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби, шарты жана башка маселелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ыйгарым укуктуу органдын ченемдик актыларында аныкталат.";
б) 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин аттестациялоо аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан жүзөгө ашырат.
4. Аттестациялык-конкурстук комиссиянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен бекитилген аттестациялык-конкурстук комиссия жөнүндө Жободо аныкталат.";
12) 18-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери же ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацында:
биринчи сүйлөмүндө "Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери же ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмүндө "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндө "же мамлекеттик кызматчы" деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-бөлүгүндө "жана мамлекеттик кызматчылардын" деген сөздөр алып салынсын;
13) 19-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине төмөнкүдөй рангдар ыйгарылат:";
б) 3-бөлүгүндө "Мамлекеттик кызматчыларга" деген сөздөр "Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 20-берененин 2-бөлүгү "кызматкерлерине" деген сөздөн кийин ", анын ичинде ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган тартипте мөөнөтүнөн мурда же кезексиз" деген сөздөр менен толукталсын;
15) 21-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери үчүн ар бир дипломатиялык рангда болуу мөөнөттөрү төмөнкүдөн кем эмес мөөнөттөрдү түзөт:
1) атташе үчүн - 1 жылдан;
2) үчүнчү катчы, экинчи катчы үчүн - 2 жылдан;
3) 1 жана 2-класстагы биринчи катчы, 2-класстагы кеңешчи үчүн - 3 жылдан.
1-класстагы кеңешчинин дипломатиялык рангда болуу мөөнөтү белгиленбейт.";
б) 2-бөлүгү "Дипломатиялык кызматтын" деген сөздөрдөн мурда "Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
16) 22-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери иште олуттуу ийгиликтерге жетишкенде жана өзгөчө эмгек сиңиргенде, белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин рангынан жогорулатылышы (мөөнөтүнөн мурда ранг ыйгаруу) же ранг ыйгаруунун кезектүүлүгү сакталбастан, бирок бир тепкичтен жогору эмес (кезексиз ранг ыйгаруу) ранг ыйгарылышы мүмкүн.";
б) 2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы "Дипломатиялык кызматтын кызматкери" деген сөздөрдөн мурда "Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацында "Дипломатиялык кызматтын кызматкерин" деген сөздөр "Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгү "Дипломатиялык кызматтын кызматкери" деген сөздөрдөн мурда "Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Дипломатиялык рангдар ыйгарылган, дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эмгек акысына атайын үстөк акы төлөнүп берилет.";
17) 24-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) дипломатиялык кызмат органдарынын ченемдик актыларында белгиленген эрежелерди сактоого;";
18) 25-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктары (иш милдеттери) ыйгарым укуктуу органдын ченемдик актысына ылайык бекитилет.";
б) 2-бөлүгү "(иш милдеттерди)" деген сөздөрдөн кийин "ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
19) 26-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункту "мөөнөтүнөн мурда" деген сөздөрдөн мурда "- дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге карата" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук сыйлыктары жана баалуу белектери менен;";
20) 27-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 5-пункту "дипломатиялык рангын" деген сөздөрдөн кийин "/класстык ченин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункту "дипломатиялык рангынан" деген сөздөрдөн кийин "/класстык ченинен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) тартиптик жаза чарасы катары ЧУИ Кыргыз Республикасына мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) иштен бошотуу.";
в) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
21) 29-беренеде:
а) 3-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкери келген мамлекетте аны менен бирге жашаган жубайы болгон учурда, ар айлык акчалай күтүүнүн 30 пайыз өлчөмүндөгү кошумча акчалай акы ай сайын төлөнөт. Кошумча акчалай күтүү төлөнбөгөн өзгөчө учурлар Өкмөт тарабынан белгиленет.";
- төртүнчү абзацы "үй-бүлө мүчөлөрүнө" деген сөздөрдөн кийин "Өкмөт аныктаган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүгү "үй-бүлө мүчөлөрүнө" деген сөздөрдөн кийин "Өкмөт аныктаган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 6-бөлүгү "жүргөн кызматкери" деген сөздөрдөн кийин "Өкмөт аныктаган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 7-бөлүгү "үй-бүлө мүчөлөрү" деген сөздөрдөн кийин "Өкмөт аныктаган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
д) 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкерине ар жылдык төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилбеген (пайдаланылбаган) учурда, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИ жүргөн кызматкери эмгек өргүүсүнө чыкпай калган ар бир жыл үчүн эмгек өргүүсүн пайдаланууга же бир айлык акчалай күтүү түрүндөгү компенсацияга болгон укугун жоготпойт.";
е) 9-бөлүгү "үй-бүлө мүчөлөрү" деген сөздөрдөн кийин "Өкмөт аныктаган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
ж) 13-бөлүгүндө "ЧУИ кайтуусу боюнча аларга төлөнүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
22) 30-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "атайын каражаттардын" деген сөздөр "атайын эсептеги каражаттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары көрсөтүлгөн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча каражаттарын дипломатиялык кызмат органдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте алат.";
в) 5-бөлүгүндө:
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ыйгарым укуктуу органдын жана дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ортосундагы жамааттык келишимге ылайык, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдөн түзүлгөн атайын эсептеги каражаттарды жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген тартипте алынган башка каражаттарды пайдаланууга.";
23) 31-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Өкмөт тарабынан аныкталат.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин ишине дем берүү жана сыйлоо максаттарында эки же андан көп чет тилдерди билгендиги үчүн Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте үстөк төлөнүп берилет.
в) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине ЧУИ болуу убагында атайын эсептеги каражаттардын эсебинен, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими боюнча, ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, эмгек акысына жана акчалай күтүүгө ылайык кошумча акчалай сыйакы төлөнүшү мүмкүн.";
24) 33-берененин аталышында жана текстинде "органдарынын" деген сөз алып салынсын;
25) 34-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар.";
б) 2-бөлүгүндө "дипломатиялык же консулдук кызмат ордуна" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлеринин пайдасына кошуп эсептелген төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн, - 15,25 пайыз өлчөмүндө. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 15 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
б) 2-пунктунун "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлерине - ушул пункттун "а", "а-1" жана "б" пунктчаларына ылайык.
Ушул пунктчада көрсөтүлгөн кызматкерлерге жана кызматчыларга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 18-июлунда № 82 (2807) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |