Редакцияот 20.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 20-июлу № 135

"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 22-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1048-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине чек ара аймактарында жайгашкан төмөнкү калктуу конуштар кирет:

- социалдык-экономикалык өнүгүүсү төмөн, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин агылып кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу эмес болгон;

- табигый-климаттык шарттары оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыгуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон.

Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Мында Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык критерийлерге ылайык келген калктуу конуштар киргизилет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 1-августунда № 87 (2812) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев