Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-июлу № 145
Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө
(КР 2014-жылдын 10-июлундагы № 128, 2017-жылдын 20-июлундагы № 135, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарын бекемдөө, анын улуттук коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана мамлекеттик чек аранын бузулгустугун камсыз кылуу, калкынын жашоо турмушунун сапатын жана иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
1-берене. Жалпы жоболор
Чек ара аймак - Кыргыз Республикасынын чек арасына чектеш жайгашкан аймак же администрациялык-аймактык бирдиктин аймагынын бир бөлүгү.
Ушул Мыйзамга ылайык айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берилет.
2-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуулар түзөт.
21-берене. Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын өзгөчө статусу менен байланышкан чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигине кыймылсыз мүлк объекттеринин кандай болбосун түрлөрүн ээликтен ажыратуу менен байланышкан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.
(КР 2014-жылдын 10-июлундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегинин аныкталышы жана бекитилиши
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине чек ара аймактарында жайгашкан төмөнкү калктуу конуштар кирет:
- социалдык-экономикалык өнүгүүсү төмөн, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин агылып кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу эмес болгон;
- табигый-климаттык шарттары оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыгуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Мында Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык критерийлерге ылайык келген калктуу конуштар киргизилет.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 135, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтому;
4-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик иштер
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу иштери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын жер участокторун өздөштүрүүнү, инфраструктурасын жакшыртууну жана өнүктүрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну, финансылык колдоону жана ишке ашырууну;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын калктуу конуштарынын тургундарынын жашоо турмушунун сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлиндеги айырмачылыктарын кыскартууну;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын калктуу конуштарынын тургундарын иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатууну;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын жаратылыш ресурстарын сактоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоону;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын калктуу конуштарынын жергиликтүү тургундарынын арасынан адистерди даярдоону, алардын квалификациясын жогорулатууну жана Кыргыз Республикасынын жаш адистерин чек ара аймактарындагы калктуу конуштарга тартуу үчүн шарттарды түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын өнүктүрүүгө тиешелүү республикалык программаларды, изилдөөлөрдү координациялоону жана финансылык жактан колдоону;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын жаратылыштык, техногендик жана эпидемиологиялык мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болжолдоону жана алдын алууну;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарындагы коомдук жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарын жана чек ара кызматын чыңдоону;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын калкын аскердик-патриоттук жактан даярдоо боюнча иштерди күчөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциясын алдын алуу үчүн шарттарды жакшыртууну;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарына Кыргыз Республикасынын жарандарын туруктуу жашоого тартуу, чек ара аймактарда калктуу конуштардын жана ал жерлерде жашаган элдин санын көбөйтүүгө шарттарды түзүүнү;
- чек ара аймактарында чектеш сооданы ишке ашыруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга шарттарды түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын өнүктүрүү жаатындагы башка милдеттерди чечүүнү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын өнүктүрүү жаатындагы өздөрүнүн милдеттерин жана башка артыкчылыктуу функцияларды аткарат.
5-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа тизмекке киргизилген жана өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына аймактык, экономикалык, демографиялык жана маданий-диний жана башка түрдөгү экспансияга жана агрессияга каршы күрөшүү чараларын, ошондой эле ушул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн иштерди камтыйт.
Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы N 9 "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому
6-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан колдоо
Мамлекет Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын калктуу конуштарында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик кепилдиктерди, компенсацияларды жана жеңилдиктерди белгилөө аркылуу социалдык колдоо көрсөтөт.
Компенсациялардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Администрациялык аймактык түзүлүштөрдүн бюджеттеринин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (жумуш берүүчүлөрдүн) каражаттарынын эсебинен кошумча кепилдиктер жана компенсациялар берилиши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарында болушу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген чек ара режиминин алкагында чек ара зонасына чет өлкөлүк жарандардын кириши, болушу, жашап турушу, иш жүргүзүүсү белгиленген тартипте ишке ашырылат.
8-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9-берене. Ушул Мыйзамдын колдонууга кириши
Ушул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- мыйзам актыларын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |