Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 25-июлу № 143
2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы тарифтик саясаттын негиздерин кошуп алганда, Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 28-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы тарифтик саясаттын негиздерин кошуп алганда, Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте казакстан тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 90 (2815) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |