МыйзамКүчүндө

КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 143 «2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы тарифтик саясаттын негиздерин кошуп алганда, Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция25.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 25-июлу № 143

2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы тарифтик саясаттын негиздерин кошуп алганда, Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2017-жылдын 28-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы тарифтик саясаттын негиздерин кошуп алганда, Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууну жөнгө салуу тартибин колдонуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте казакстан тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 90 (2815) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев