Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 139 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 147
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө
2017-жылдын 28-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын (мындан ары - Тартип комиссиясы) статусун, аны түзүү, уюштуруу тартибин жана иштөө принциптерин жана судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартибин аныктайт.
2-берене. Тартип комиссиясынын статусу, укуктук негизи жана иштөө принциптери
1. Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн көз каранды эмес коллегиялуу орган болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары Тартип комиссиясынын ишинин укуктук негизи болуп саналат.
3. Териштирүүнүн көз карандысыздыгы, мыйзамдуулугу, объективдүүлүгү, адилеттүүлүгү, коллегиялуулугу, тикелейлиги, айкындыгы, ачыктыгы, оозекилиги, иликтөөнүн объективдүүлүгү, териштирүүгө катышуучулардын тең укуктуулугу Тартип комиссиясынын иштөөсүнүн негизги принциптери болуп саналат.
3-берене. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктары
1. Тартип комиссиясы:
1) судьялардын тартип жоопкерчилиги тууралуу маселелерди карайт;
2) тартип бузуу жоруктарын жасаганы үчүн судьяларга карата тартип жазаларын салат;
3) судьяларды сот тартибинде берилүүчү жазыктык жана административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берет;
4) судьяларды жазыктык жоопкерчиликке тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, аны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берет;
5) кынтыксыздык талаптарын бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Жогорку соттун Конституциялык палатасы) судьясын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) сунуштама киргизүү үчүн жана жергиликтүү соттун судьясын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) сунуш киргизет;
6) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Өз ишин натыйжалуу уюштуруу максатында Тартип комиссиясы иштөө регламентин иштеп чыгат жана бекитет.
2-глава. Тартип комиссиясын түзүүнүн жана анын ишин уюштуруунун тартиби
4-берене. Тартип комиссиясын түзүү жана анын курамы
1. Тартип комиссиясы 9 мүчөдөн турат жана Президент, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши) тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша, комиссия курамынын үчтөн бир бөлүгү түзүлөт.
Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эске алуу менен Тартип комиссиясынын 3төн мүчөсүн сунуштайт.
2. Тартип комиссиясы анын курамынын кеминде үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
3. Тартип комиссиясынын курамына Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары, төрагаларынын орун басарлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, прокурорлор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, адвокаттар, Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрү кире албайт.
5-берене. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптар
1. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин курагы 40 жаштан кем болбоого, юридикалык жогорку билими, юридикалык адистик боюнча 15 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы жана кынтыксыз аброю болууга тийиш. Судьялык коомдоштуктан сунушталган талапкерлер судьялык кызмат ордунда кеминде 5 жыл иш стажына ээ болууга тийиш.
2. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүдөй адамдар талапкер боло албайт:
1) соттуулугу барлар, анын ичинде соттуулугу жоюлгандар же алып салынгандар;
2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда судьянын кызмат ордунан бошотулгандар;
3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамына шек келтиргендигине байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандар же адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиядан ажыратылгандар;
4) кылмыш жасагандыгына шектелгендер же айыпталгандар же болбосо жазыктык куугунтуктоо реабилитацияланбай турган негиздер боюнча токтотулгандар;
5) саясий партиялардын мүчөсү болуп саналгандар;
6) чет мамлекеттин жарандыгы барлар же Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоктор.
6-берене. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
1. Тартип комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү комиссиянын биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып 3 жылды түзөт.
2. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жаңы мүчө ыйгарым укуктардын калган мөөнөтүнө тиешелүү орган тарабынан Судьялар кеңешине бир айдан кеч эмес мөөнөттө, гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эске алуу менен сунушталууга тийиш.
3. Бир эле адам катары менен экиден ашык мөөнөткө Тартип комиссиясынын мүчөсү боло албайт.
4. Тартип комиссиясынын курамын түзгөн органдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаган же токтогон, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын курамы өзгөргөн учурда, Тартип комиссиясынын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну мөөнөтү аяктаганга чейин уланта берет.
5. Тартип комиссиясынын жаңы курамын түзүү аракеттеги курамдын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин 3 ай калганда башталат.
7-берене. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздер
1. Тартип комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарын төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотот:
1) арыз бергенде;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;
4) соттун айыптоочу өкүмү же болбосо жазыктык куугунтуктоону реабилитацияланбай турган негиздер боюнча токтотуу жөнүндө токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;
6) өлгөндө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;
7) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;
8) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына бир жылдын ичинде үч же андан көп ирет жүйөсүз себептер менен келбей койгондо;
9) тартип бузуунун материалы боюнча купуя маалыматты ачыктаганда;
10) анык эмес маалымат бергендигинин фактылары айкындалганда.
2. Тартип комиссиясынын судья жана мамлекеттик кызматкер болуп саналган мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары судьялардын ыйгарым укуктары токтотулган жана мамлекеттик кызматкер кызмат ордунан бошотулган учурларда да мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
3. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу Тартип комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.
8-берене. Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы
1. Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышын чакыруу Судьялар кеңешинин төрагасына жүктөлөт.
2. Чакыруу Тартип комиссиясынын үчтөн экисинен кем эмес курамы түзүлгөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы өткөрүлбөсө, аны өткөрүүнү уюштурууну Президент жүзөгө ашырат.
3. Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышында:
1) Судьялар кеңешинин төрагасы Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн атап көрсөтөт;
2) Тартип комиссиясынын укуктуу курамынын көпчүлүк добушу менен, ачык добуш берүү аркылуу Тартип комиссиясынын төрагасы, төраганын орун басары бир жылдык мөөнөткө шайланат.
9-берене. Тартип комиссиясынын төрагасынын жана төраганын орун басарынын ыйгарым укуктары
1. Тартип комиссиясынын төрагасы:
1) Тартип комиссиясынын ишин уюштурат;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Тартип комиссиясынын атынан чыгат;
3) жыйналыштарды чакырат, Тартип комиссиясынын жыйналыштарынын кароосуна коюлуучу маселелерди аныктайт;
4) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына төрагалык кылат;
5) Тартип комиссиясынын ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;
6) Президентке, Жогорку Кеңешке, Судьялар кеңешине Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маалымат берет;
7) Жергиликтүү соттордун ишин камсыздоочу, Жогорку сотко караштуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисине Тартип комиссиясынын ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыз кылуучу бөлүмдүн иши тууралуу маалымат берет.
2. Тартип комиссиясынын төрагасы болбогон мезгилде анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары аткарат.
10-берене. Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
1. Тартип комиссиясынын мүчөсү:
1) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына катышат;
2) даттанууларды жана сунуштамаларды (мындан ары - кайрылуу) алдын ала кароону жүзөгө ашырат;
3) Тартип комиссиясынын кароосуна коюлган материалдар менен таанышат;
4) кызматтык иликтөө жүргүзөт, материалдарды изилдейт жана текшерет;
5) каралып жаткан маселе боюнча далилдүү жана негиздүү жүйөлөрдү келтирет;
6) ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алууга катышат;
7) Тартип комиссиясынын чечимдерине кол коет;
8) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Тартип комиссиясынын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Тартип комиссиясынын компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү болууга;
2) тартиптик материалда камтылган купуя маалыматты ачыктабоого;
3) эгерде чечим кабыл алынып жаткан адам анын жакын тууганы болуп саналса, Тартип комиссиясынын жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселени кароодо өзүн өзү четтетүү билдирүүгө.
11-берене. Тартип комиссиясынын катчысы
1. Тартип комиссиясынын катчысынын функцияларын Тартип комиссиясынын катчылыгынын кызматкерлери жүзөгө ашырат.
2. Тартип комиссиясынын катчысы;
1) Тартип комиссиясында иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;
2) Тартип комиссиясынын жыйналышын даярдоону камсыз кылат;
3) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө, кайрылуу менен кайрылган адамга жана үстүнөн кайрылуу берилген судьяга Тартип комиссиясынын жыйналышын өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду тууралуу билдирет;
4) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө Тартип комиссиясынын кезектеги жыйналышынын күн тартибин жеткирүүнү камсыз кылат;
5) Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
6) кызыкдар жактарга чечимдердин көчүрмөлөрүн таркатууну камсыз кылат;
7) Тартип комиссиясынын төрагасынын тескөөсү боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3-глава. Тартип комиссиясында тартип бузуу жөнүндө материалдарды кароонун тартиби
12-берене. Тартип комиссиясына кайрылуунун субъекттери
1. Судьянын аракетине же аракетсиздигине карата кайрылуулар менен Тартип комиссиясына төмөнкүлөр кайрыла алат:
1) жеке жана юридикалык жактар;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары;
3) Кыргыз Республикасынын сотторунун төрагалары.
2. Судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама менен Тартип комиссиясына жазык жоопкерчилигине тартууга - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор), сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга - тиешелүү мамлекеттик органдар кайрылат.
13-берене. Кайрылуунун формасына жана мазмунуна карата коюлуучу жалпы талаптар
1. Кайрылуу Тартип комиссиясына кат түрүндө же электрондук почта аркылуу берилет.
2. Жарандардын, юридикалык жактардын кайрылуусу Тартип комиссиясына даттануу түрүндө берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кайрылуусу сунуштама түрүндө жол-жоболонот.
3. Кайрылууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) кайрылуунун авторунун фамилиясы, аты, атасынын аты, юридикалык жактын, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын аталыштары, даректери, бар болсо - телефон номерлери;
2) үстүнөн кайрылуу түшкөн судьянын фамилиясы;
3) кайрылууда сыпатталган аракеттер жасалган дата жана жер;
4) тартип бузуу жоругунун (сот тартибинде жаза салынуучу кылмыштын, административдик укук бузуунун) жагдайларынын кыскача сыпатталышы;
5) судьянын тартип бузуу жоругун (сот тартибинде жаза салынуучу кылмышты, административдик укук бузууну) жасагандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү далилдер - алар бар болгондо;
6) кайрылуунун датасы жана автордун колтамгасы.
4. Электрондук почта аркылуу берилген кайрылууда автордун электрондук санариптик кол тамгасы да камтылууга тийиш.
14-берене. Кайрылууну кайтарып берүү
1. Тартип комиссиясы кайрылууну маңызы боюнча карабастан төмөнкү учурларда кайтарып берет:
1) эгерде ал ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган талаптарга ылайык келбесе;
2) кайрылуу чакыртып алынганда;
3) эгерде анда сот актысы даттанылса;
4) эгерде анда камтылган талап Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирбесе;
5) эгерде ал мурда каралса жана ал жаңы жүйөлөрдү камтыбаса.
2. Кайрылууну кайтарып берүү жөнүндө чечим Тартип комиссиясынын жыйналышында кабыл алынат. Кайрылуу комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын колу коюлган жүйөлөнгөн кат менен авторго кайтарылат.
3. Кайрылууну ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарып берүү кемчиликтерди жойгондон кийин кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
4. Кайрылуу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-6-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарылып берилгенде кайрадан кайрылуу берилген учурда бул кайрылуу каралууга жатпайт.
15-берене. Кайрылууну каттоо
1. Кайрылуу Тартип комиссиясынын катчылыгына берилет. Кайрылуу кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен катталат жана Тартип комиссиясынын төрагасына берилет.
2. Тартип комиссиясынын төрагасы кайрылууну текшерүү жүргүзүү үчүн комиссия мүчөлөрүнүн бирине берет.
16-берене. Кызматтык иликтөө
1. Кайрылууну кайтарып берүү үчүн негиз болбогон учурда, Тартип комиссиясынын мүчөсү төраганын тапшыруусу боюнча материал ага келип түшкөн күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен кызматтык иликтөө жүргүзөт. Үстүнөн кайрылуу берилген судья жүйөлүү себептер менен болбогон мезгил бул мөөнөткө кирбейт.
2. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча Тартип комиссиясынын мүчөсү тартип бузуу жоругунун болгондугу же болбогондугу жөнүндө маалымкатты Тартип комиссиясынын кароосуна берет.
3. Кызматтык иликтөө өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) үстүнөн кайрылуу берилген судьяны сурамжылоону жана андан түшүндүрмөлөрдү жана башка далилдерди талап кылууну;
2) эгерде кайрылуу конкреттүү ишти кароодо судья жол берген аракетке же аракетсиздикке карата берилсе, судья караган иштин материалдарын изилдөөнү;
3) кайрылууну берүүгө негиз болгон себептер жана жагдайлар тууралуу толук маалыматты чогултуу боюнча кайсы болбосун башка аракеттерди.
4. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө Тартип комиссиясынын мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тиешелүү документтердин, анын ичинде соттук иштердеги документтердин көчүрмөлөрүн суратып алууга;
2) үстүнөн кайрылуу берилген судья иштеген соттун төрагасынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан башка зарыл маалыматтарды суратып алууга;
3) зарыл учурда, кайрылуу берген адамдан жазуу жүзүндөгү жана оозеки түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле кайрылууда келтирилген жагдайларга байланыштуу башка кошумча далилдерди талап кылууга, күбөлөрдү сурамжылоого.
17-берене. Тартип жоопкерчилигине тартуу мөөнөттөрү
Кызматтык иликтөө жүргөн, Тартип комиссиясы кайрылууну караган же судья жүйөлүү себептер боюнча ишке келбеген убакытты эсептебегенде, судья кайрылуу катталган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен, бирок тартип бузуу жоругу жасалган күндөн тартып 3 жылдан кечиктирилбестен тартип жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
18-берене. Тартип комиссиясынын жыйынында кайрылууну кароонун тартиби
1. Тартип комиссиясында кайрылуу аны кызматтык иликтөө аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен каралат. Үстүнөн кайрылуу берилген судья жүйөлүү себептер боюнча болбогон мезгил бул мөөнөткө кирбейт.
2. Үстүнөн кайрылуу берилген судья ишти жабык жыйналышта кароону өтүнгөн учурларды кошпогондо, Тартип комиссиясынын жыйналыштары ачык өткөрүлөт.
3. Кайрылууну кароо Тартип комиссиясынын кызматтык иликтөөнү жүргүзгөн мүчөсүнүн маалымкатын билдирүү менен башталат.
4. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам Тартип комиссиясынын жыйналышына катышууга укуктуу.
5. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам жыйналыш өтүүчү күн жана жер тууралуу кабарландырылат. Алардын жүйөсүз себептер боюнча келбей калуусу кайрылууну кароого тоскоолдук кылбайт.
6. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам иштин материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Тартип комиссиясы башка адамдарды да угууга, документтерди жана башка материалдарды иликтөөгө укуктуу.
7. Судьянын аракеттеринен кылмыш белгилери табылган учурда, Тартип комиссиясы тартип бузуу жөнүндө материалдарды Башкы прокурорго өткөрүп берет.
19-берене. Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу
1. Тартип комиссиясынын жыйналышында жыйналыштын протоколу жүргүзүлөт.
Протоколдо Тартип комиссиясынын курамы, жыйналыштын датасы, кайрылууну кароого катышуучу адамдардын келгендиги тууралуу маалыматтар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары, жыйналышка катышуучу адамдардын түшүндүрмөлөрү, кабыл алынган чечим тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.
2. Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколуна комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коёт.
3. Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу тартиптик материалга тиркелет.
20-берене. Кайрылуу боюнча Тартип комиссиясынын чечим кабыл алуусу
1. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча Тартип комиссиясы чечим кабыл алат.
2. Тартип комиссиясынын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Кызматтык иликтөө жүргүзгөн Тартип комиссиясынын мүчөсү чечим кабыл алууга катышууга укугу жок.
3. Тартип комиссиясынын чечими кеңешүүчү бөлмөдө кабыл алынат.
Тартип комиссиясынын төрагасы, ал болбогондо төраганын орун басары Тартип комиссиясынын чечиминин корутунду бөлүгүн жарыя кылат, ал эми Тартип комиссиясы чечимдин корутунду бөлүгү жарыя кылынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жүйөлөнгөн чечим даярдайт.
Тартип комиссиясынын кабыл алынган чечим боюнча өзгөчө пикири бар мүчөсү аны жүйөлөрүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө баяндай алат. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири комиссиянын чечими менен бирге жарыя кылынат.
4. Чечимге төрагалык кылуучу жана Тартип комиссиясынын кайрылууну кароого катышкан мүчөлөрү кол коёт.
5. Судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу тууралуу маалымат Тартип комиссиясынын веб-сайтында (веб-баракчада) жарыяланат.
21-берене. Судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берүү жөнүндө чечим
Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Тартип комиссиясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясын кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту андан ары Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Президентке, жергиликтүү соттун судьясын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө сунушту Президентке киргизет.
22-берене. Судьяны тартип жоопкерчилигине тартуудан баш тартуу
Тартип комиссиясы кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча судьяны тартип жоопкерчилигине тартуудан төмөнкү учурларда баш тартат:
1) судьяны тартип жоопкерчилигине тартуунун ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган мөөнөтү өтүп кеткенде;
2) судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болбогондо.
23-берене. Тартип комиссиясынын чечиминин мазмуну
Тартип комиссиясынын чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Тартип комиссиясынын курамы;
2) кайрылуу каралган дата;
3) тартип жоопкерчилигине тартылган судьянын фамилиясы, аты жана кызмат орду;
4) кайрылуунун жана судьянын түшүндүрмөсүнүн мазмуну;
5) иштин кызматтык иликтөөдө аныкталган жагдайлары;
6) кабыл алынган чечимдин негиздери;
7) судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө кайрылууну канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тыянак;
8) тартип жоопкерчилигине тарткан учурда, судьяга салынуучу тартиптик жазанын түрү;
9) судьяны жазыктык же административдик жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берүү же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу тыянак;
10) чечимди даттануунун тартиби, эгерде ал даттанууга жатса.
24-берене. Тартип комиссиясынын чечимин даттануунун тартиби
Тартип комиссиясынын судьяга тартиптик жаза салуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде аныкталган учурларда жана тартипте даттанылышы мүмкүн.
25-берене. Тартип комиссиясынын актысын аткаруу
1. Тартип комиссиясынын чечими ал жарыя кылынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
2. Тартип комиссиясынын чечиминин көчүрмөлөрү ал кабыл алынгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Судьялар кеңешине, судья иштеп жаткан сотко, судьянын өздүк ишине тиркөө үчүн ыйгарым укуктуу органга жана ага карата чечим кабыл алынган судьянын өзүнө жөнөтүлөт.
3. Кайрылуу берген адамга кабыл алынган чечим тууралуу билдирилет. Анын арызы боюнча ага чечимдин көчүрмөсү берилет.
4. Судьяны ээлеп турган кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуш Тартип комиссиясынын чечимин даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Президентке жөнөтүлөт. Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылган учурда, сунуш сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жөнөтүлөт.
5. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен Башкы прокурорго жөнөтүлөт.
6. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жана судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, Президентке жөнөтүлөт.
7. Судьяны сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбестен тиешелүү мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
26-берене. Тартип жазасын алып салуу тартиби
1. Эскертүү, сын-пикир же сөгүш судьядан судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, бирок тартип жазасынын берилген мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин Тартип комиссиясы тарабынан алып салынышы мүмкүн.
2. Тартип комиссиясына тартип жазасын алып салуу тууралуу сунуш менен тартиптик жаза алган судья же ал иштеген соттун төрагасы кайрыла алат.
3. Тартип жазасын алып салуу тууралуу Тартип комиссиясынын чечими Судьялар кеңешине, судья иштеп жаткан сотко, судьянын өздүк ишине тиркөө үчүн ыйгарым укуктуу органга жана чечим кабыл алынган судьянын өзүнө жөнөтүлөт.
27-берене. Тартип комиссиясынын ишин уюштуруу жана камсыздоо
1. Тартип комиссиясынын катчылыгынын функциялары ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.
2. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган мүчөлөрү өз иштерин коомдук башталышта жүргүзөт жана алардын негизги жумуш орду боюнча эмгек акысы сакталып турат. Мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган мүчөлөр Тартип комиссиясында иштеген убакта өз кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.
3. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турбаган мүчөлөрүнө ай сайын материалдык сый акы төлөнөт. Материалдык сый акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө, ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
4. Тартип комиссиясынын региондордон келген мүчөлөрүнө иш сапарынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнүп берилет.
5. Тартип комиссиясынын ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан финансыланат.
Тартип комиссиясын материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында эл аралык уюмдардын каражаттары тартылышы мүмкүн.
4-глава. Корутунду жана өткөөл жоболор
28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
2. Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен 2 айлык мөөнөттө Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин түзсүн.
3. Судьялар кеңеши:
1) Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин 10 күндүк мөөнөттө биринчи жыйналышты уюштурсун;
2) 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин келип түшкөн кайрылууларды алар келип түшкөн учурда колдонууда болгон ченемдерге ылайык кароону камсыз кылсын.
4. Тартип комиссиясы:
1) биринчи жыйналыш өткөрүлгөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өзүнүн иш регламентин иштеп чыксын жана бекитсин;
2) 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенден кийин келип түшкөн кайрылууларды ушул Мыйзамда белгиленген эрежелер боюнча жана мөөнөттөрдө кароону камсыз кылсын.
5. Ыйгарым укуктуу орган Тартип комиссиясынын ишин камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айдын ичинде ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |