КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 149
"Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 134, 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 137 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 139, 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106, 2023-жылдын 3-мартындагы N 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 28-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-главанын аталышында "Судьялар кеңешинин чечимине" деген сөздөр "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 204-беренеде:
а) берененин аталышында "Судьялар кеңешинин чечимине" деген сөздөр "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берененин текстиндеги ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Судьялар кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмө формаларындагы "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 205-беренедеги ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Судьялар кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмө формаларындагы "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы N 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 139 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 137 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 134 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене.
(КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |