МыйзамКүчүндө

КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июлу № 149

"Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 134, 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 137 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 139,      2022-жылдын 16-ноябрындагы  № 106,     2023-жылдын 3-мартындагы N 49   Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

 

2017-жылдын 28-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-главанын аталышында "Судьялар кеңешинин чечимине" деген сөздөр "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 204-беренеде:

а) берененин аталышында "Судьялар кеңешинин чечимине" деген сөздөр "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берененин текстиндеги ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Судьялар кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмө формаларындагы "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 205-беренедеги ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Судьялар кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмө формаларындагы "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

    (КР 2023-жылдын 3-мартындагы N 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

3-берене.

(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 139 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

4-берене.

(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 137 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

5-берене.

(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 134 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

6-берене.

(КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

7-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев