МыйзамКүчүндө

КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 153 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (»Жарнак жөнүндө«,»Атаандаштык жөнүндө«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июлу № 153

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарнак жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене.

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

31-берененин 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) Жарнак берүүчү, жарнак чыгаруучу же жарнак таратуучу мамлекеттик монополияга каршы органдын аракетине (аракетсиздигине) администрациялык иштин негиздери жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган же соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу.".

2-берене.

(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев