Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июлу № 153

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарнак жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене.

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

31-берененин 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) Жарнак берүүчү, жарнак чыгаруучу же жарнак таратуучу мамлекеттик монополияга каршы органдын аракетине (аракетсиздигине) администрациялык иштин негиздери жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган же соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу.".

2-берене.

(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев