Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-октябры № 178
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 21-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1049-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чаралары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашыруучу жумушсуз жана жумуш издеген калктын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик колдоо чаралары;";
2) 4-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 3 жана 4-пункттарындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" жана "шаардык жана райондук ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" жана "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктөгү "шаардык жана райондук ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн 2-пункту "мыйзамдарына ылайык" деген сөздөрдөн кийин "жаш курагы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 8-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда камсыздандыруучу төгүмдөрдүн чегерилгендигин ырастаган жеке камсыздандыруучу эсебинен көчүрмө берилгенде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуунун алдында акыркы 3 жылдын ичинде 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруучу стажы болсо, расмий жумушсуздугу белгиленген тартипте таанылган жаранга төлөнүп берилет.";
6) 4-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пунктундагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн 2-пунктундагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 10-беренеде:
а) 1-3-бөлүктөрдөгү ар кандай жөндөмө формаларындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар кош бойлуулук мезгилинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте жөлөкпул алууга укуктуу.";
8) 11-берененин бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Ишкердик иш менен алектенүүнү каалаган расмий жумушсуздарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каржылык колдоо көрсөтүү тартиби
Расмий жумушсуз катары катталган, ишкердик иш менен алектене турган жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ишкердик ишти уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана микрокредит берүү түрүндө каржылык колдоону көрсөтөт.";
10) 13-беренеде:
а) биринчи абзацтагы "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункттагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 14-берененин 1-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракеттерине даттануунун тартиби
Жарандар жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.";
13) 16-беренеде:
а) берененин бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда эмгектенген жумушсуздарга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
14) 17-беренедеги ар кандай жөндөмө формаларындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 18-беренедеги "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |