Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 3-августу № 214
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 , 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн мамлекеттик саясатынын укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгекке жана жумушсуздуктан социалдык коргоого конституциялык укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт.
1-берене. Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын ишинин чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) жумушсуздар - жумушу же иш менен камсыз кылууга, эмгек акыга (кирешеге) теңештирилген иши жок, ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана ага киришүүгө даяр эмгекке жарамдуу курактагы жарандар;
2) убактылуу иш менен камсыз кылуу - убакыттын белгилүү бир мезгилинин ичинде келишим боюнча аткарылуучу туруктуу эмес жумуш;
3) иш менен камсыз кылуунун ыңгайлуу түрлөрү - кызматкерлерди иш менен камсыз кылуунун стандарттык эмес шарттарын (толук эмес иш убактысы, вахталык ыкма жана башка) колдонууга негизделген жумушчу күчүн пайдалануунун түрлөрү;
4) жумуш издеген жарандар - жумуш (жаңы) издеген жана ага киришүүгө жөндөмдүү эмгекке жарамдуу жарандар. Алар ылайыктуу жумуш издөө максатында калкты иш менен камсыз кылуу кызматында катталган жана катталбаган болушу мүмкүн;
5) иш менен камсыз кылуу - жарандарга киреше (эмгек акы) алып келүүчү, алардын жеке жана коомдук керектөөлөрүн канааттандыруу менен байланышкан, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген ар кандай эмгек иши;
6) иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чаралары - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашыруучу жумушсуз жана жумуш издеген калктын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик колдоо чаралары;
7) акы төлөнүүчү коомдук жумуштар - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жумуш берүүчүлөр иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары менен бирге уюштуруучу, жарандарды убактылуу иш менен камсыз кылуу үчүн иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча алар тарабынан аткарылуучу жана социалдык-пайдалуу багыты бар жумушсуз жарандын алдын-ала кесиптик даярдыгын талап кылбаган, эмгек ишинин түрлөрү;
8) иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызматтын органы - иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясатын ишке ашыруучу жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик орган;
9) расмий жумушсуздар - жумушу же эмгек акыга (кирешеге), иш менен камсыз кылууга теңештирилген иши жок катары калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында катталган, ошондой эле ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана ага киришүүгө даяр болгон эмгекке жарамдуу курактагы жарандар;
10) ылайыктуу жумуш - жаран аткарууга жөндөмдүү, билими квалификациясы, кесиптик даярдыгы, иш тажрыйбасы, ден-соолугу боюнча туура келген, жашаган жеринен же болбосо турган жеринен алыс эмес (жол жүрүү бир сааттан ашпаган) жана эң төмөнкү эмгек акынын белгиленген деңгээлинен төмөн эмес эмгек акыга кепилдик берүүчү иш;
11) жумушсуздук боюнча жөлөкпул - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жумушсуз жарандарга кепилденген колдоонун түрү;
12) кесиптик окутуу жана кайра окутуу - эмгек рыногунда жумушсуз жарандардын атаандаштык кудуретин жогорулатуу үчүн аларды кесиптик даярдоо квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
13) кызматкер - иш берүүчү менен эмгек мамилелерине кирген аракетке жөндөмдүү жеке жак;
14) иш берүүчү - кызматкер менен эмгек мамилесине кирген жеке же юридикалык жак;
15) эмгек рыногу - иш берүүчү (суроо-талап) менен жумушчу күчүн (сунушту) бириктирүүчү механизм;
16) өз алдынча иш менен камсыз болуу - менчик бизнести жүзөгө ашыруучу жана өзүн иш менен камсыз кылуучу адамдардын эмгек ишмердигинин түрү;
17) эмгек ортомчулугу - иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызматтын органдарынын, ошондой эле жарандарды ишке орноштуруу менен алектенген юридикалык жана жеке жактардын калкты ишке орноштурууга көмөктөшүүсү;
18) Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - Кыргыз Республикасынын аймагында калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясатын иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
19) окуу жайы - билим берүү иши менен алектенүүгө укуктуу, ошондой эле жумушсуз жарандарды окутууга конкурстук тандоодон өткөн уюм;
19-1) формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу - эмгек мыйзамдарына ылайык таризделбеген эмгек иши;
20) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
21) (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22) социалдык контракт - жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн (же алардын тобунун) жана жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык аймактык бөлүм үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми үй-бүлө (же алардын тобу) Программа менен каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Жарандардын иш менен камсыз кылынышы
Иш менен камсыз болгон жарандарга, ошондой эле ишмердиги иш менен камсыз кылууга теңештирилген жарандарга төмөнкүлөр кирет:
1) эмгек келишими боюнча толук же болбосо толук эмес жумуш убактысынын шарттарында сый акы үчүн иштеген, ошондой эле тиешелүү келишим менен тастыкталган акы төлөнүүчү иши бар, бирок оорусуна, өргүүсүнө, өндүрүштүн убактылуу токтотулушуна байланыштуу убактылуу иши жоктор;
2) мамлекеттик, муниципалдык органдарда мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызмат ордун ээлегендер жана акчалай сый акы үчүн кесиптик ишти туруктуу негизде жүзөгө ашыргандар;
3) өздөрүн өз алдынча иш менен камсыз кылуучулар, анын ичинде чакан жана орто бизнес ишкерлери, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген жарандар;
4) эгерде өндүрүлгөн продукция рынокто сатууга багытталган болсо, айыл чарба, токой чарба, аңчылык, балык уулоо продукцияларын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү кошо алганда, үй чарбасында товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү менен алектенгендер, өндүрүш кооперативдеринде, дыйкан (фермер) чарбаларында иштегендер, ошондой эле 0,05 гектардан көп өлчөмдөгү өзгөчө баалуу жерлерге ээлик кылуу менен айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө катышкандар;
5) маңызы жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүү болуп саналган жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча иштерди аткаруучулар;
6) альтернативдик кызмат өтөөчү адамдарды кошпогондо, аскердик кызмат, ошондой эле ички иштер, улуттук коопсуздук органдарында, бажы органдарында, жазык-түзөтүү системасынын, өрткө каршы кызматтын мекемелеринде жана органдарында кызмат өтөп жаткандар;
7) аскер окуу жайларында жана аскер академияларында окутууну кошкондо, жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч кесиптик, орто кесиптик, жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында күндүзгү окуу курстарынан өткөндөр;
8) иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген коомдук коммерциялык эмес уюмдарда иштеп жаткандар;
9) ушул уюмдарга карата мүлктүк укуктарга ээ эмес коомдук уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун, юридикалык жактардын бирикмелеринин (ассоциацияларынын жана бирликтеринин) уюштуруучуларын (катышуучуларын) кошпогондо, уюмдардын уюштуруучулары (катышуучулары) болуп саналгандар.
(КР 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Иш менен камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик кепилдиктер
4-берене. Иш менен камсыз кылуу жаатында мамлекеттик колдоо кепилдиктери
1. Иш менен камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөнкүдөй кепилдиктер берилет:
1) иштин түрүн, кесипти (адистикти), эмгектин түрүн жана мүнөзүн тандоо эркиндиги;
2) иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызматтын органдарынын ортомчулугу менен ылайыктуу жумуш тандоого жана ишке орношууга көмөктөшүү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик багыт берүү, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча акысыз кызмат көрсөтүүлөрдү алуу;
4) окууга чек боюнча окутууну кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо мезгилинде, анын ичинде убактылуу эмгекке жараксыз мезгилде стипендия алуу;
5) ишкердик иштин маселелери боюнча консультация алуу;
6) акы төлөнүүчү коомдук иштердин программаларына катышуу;
7) расмий жумушсуздарга жумушсуздук боюнча, анын ичинде алардын убактылуу ишке жараксыз мезгилинде жөлөкпул төлөө.
2. Жумушсуздарды социалдык жактан колдоого кепилдиктерди каржылоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу тартибин белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
5-берене. Жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жумушсуз же жумуш издөөчү катары кайрылган жарандарды каттоо жашаган жери же болбосо турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан, жумушсуз төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жеке кайрылганда жүзөгө ашырылат:
1) паспортун;
2) эмгек китепчесин же анын дубликатын;
3) анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтерин.
Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесипке (адистикке) ээ болбогон жарандарды каттоо жашаган, жүргөн же кайрылган жери боюнча паспортун жана билими жөнүндө документин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
21. Калкты иш менен камсыз кылуу кызматында ылайыктуу жумуш табуу максатында төмөнкүлөр каттала албайт:
- иштеп жаткан, ошондой эле эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн жарандар;
- жаш курагы боюнча пенсионерлер.
Калкты иш менен камсыз кылуу кызматында ылайыктуу жумуш табуу максатында төмөнкүлөр каттала алышат:
- бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн адамдар;
- пенсия курагына чейинки пенсионерлер жана кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу, уюмдарды кайра уюштурууда жана жоюуда бошонуу жөлөкпулун жана компенсацияларды алуу үчүн бошотулган иштеп жаткан пенсионерлер;
- 0,05 гектардан көп өлчөмдөгү өзгөчө баалуу жерлери бар жарандар;
- окуу жайларында күндүзгү бөлүмдө окуган жаштар.
3. Жарандарга алар катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуу жумуш таап берүүгө мүмкүн болбогондо, алар расмий жумушсуздар деп таанылат.
(КР2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61, 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене. Жарандарды расмий жумушсуз деп таануудан баш тартуу үчүн негиздер
1. Төмөнкүлөр расмий жумушсуздар деп таанылбайт:
1) 16 жашка толо элек жарандар;
2) Кыргыз Республикасынын пенсия мыйзамдарына ылайык жаш курагы боюнча пенсия дайындалган жарандар;
3) аларга ылайыктуу жумуш сунуш кылуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде келбеген, ошондой эле аларды жумушсуз катары каттоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө келбеген жарандар;
4) убактылуу мүнөздөгү жумушту кошо алганда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ылайыктуу жумуштун эки вариантынан баш тарткан, биринчи жолу жумуш издеген (мурда иштебеген) жана мында кесиби (адистиги) болбогон жарандар;
5) убактылуу мүнөздөгү жумушту кошо алганда, кесиптик даярдыктан же сунушталган акы төлөнүүчү коомдук жумуштан эки жолу баш тарткан жарандар. Жаранга бир эле жумуш, бир эле кесип, адистик боюнча кесиптик даярдык, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу эки жолу сунушталбайт;
6) жумушу жана эмгек акысы жоктугу тууралуу көз көрүнө жалган маалыматтарды камтыган документтерди берген жарандар;
7) соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон жарандар;
8) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде саналган жарандар.
2. Расмий жумушсуз деп таануудан белгиленген тартипте баш тартылган жарандар өздөрүн жумушсуз деп таануу жөнүндө маселени чечүү үчүн баш тартылган күндөн тартып бир календардык айдан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрадан кайрылууга укуктуу.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмүн аныктоо тартиби
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнүн шарттары, тартиби жана мөөнөттөрү
1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул камсыздандыруу төгүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерилгендигин ырастоочу жеке камсыздандыруу эсебинин көчүрмөсүндөгү маалыматтарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылар алдындагы акыркы 3 жылдын ичинде суммалык камсыздандыруу стажы 12 айдан кем эмес болсо, белгиленген тартипте расмий жумушсуздугу таанылган жаранга төлөнөт.
2. Биринчи жолу жумуш издеп жүргөн, ошондой эле узак (эки жылдан ашык) тыныгуудан кийин эмгектик ишин кайра жаңыртууну каалаган жарандарды кошпогондо, жумушсуздук боюнча жөлөкпул расмий түрдө катталган жумушсузга анын жумуш издөөчү катары катталган датасынын 11-күнүнөн тартып дайындалат.
3. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте иш стажына карата пайыздык катышта белгиленет.
4. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду дайындоо тууралуу чечим жаранды жумушсуз деп таануу тууралуу чечим менен бир мезгилде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. Расмий жумушсузга жумушсуздук боюнча жөлөкпул аны расмий жумушсуз деп тааныган биринчи күндөн тартып эсептелет.
5. Уюмдун жоюлушуна, уюмдун кызматкерлеринин санынын же штатынын кыскарышына же болбосо жеке ишкер катары ишин токтотушуна байланыштуу бошотулган, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, бирок акыркы иштеген жериндеги орточо эмгек акы төлөмү (бошонуу жөлөкпулун эсепке алуу менен) сакталган жумушка орноштурула элек мезгилде жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул белгиленген мезгил аяктагандан кийин биринчи күндөн тартып эсептелет.
6. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул 3 жылдын ичинде, бирок 12 айдан ашпаган мезгилде ай сайын төлөнөт.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
9-берене. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөп берүүнү токтотуу, убактылуу токтотуу
1. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөп берүү жаранды расмий жумушсуз катары эсептен алып салуу менен бирге төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде каралган негиздер боюнча жаранды иш менен камсыз кылынган катары тааныганда;
2) расмий жумушсуз эки айдын ичинде жүйөлүү себептерсиз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келбегенде;
3) Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарында каралган тартипте жаш курагы боюнча пенсия дайындалганда;
4) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) жалган маалыматтарды берүүдөн улам жумушсуздук боюнча жөлөкпул алып жатканда;
6) соттун чечими боюнча эркиндигинен ажыратылбастан түзөтүү жумуштарына, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондо;
7) каза болгондо.
2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө төмөнкүдөй мезгилге токтотулат:
1) жумушсуз акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан;
2) окуп жаткан мезгилине стипендия төлөнүү менен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өтүп жаткан.
Көрсөтүлгөн мезгилдер жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөөнүн жалпы мезгилине кошуп эсептелбейт, ал эми жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө убактысы ошол мезгилдерге узартылат.
3. Төмөнкүдөй учурларда жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөө бир айга убактылуу токтотулушу мүмкүн:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий билдирилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде жумуш берүүчү менен жумушка орноштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жүйөлүү себептерсиз келбегенде;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий билдирилген күндөн тартып жумушка (окууга) жолдомо алуу үчүн 3 жумушчу күндүн ичинде жүйөлүү себептерсиз келбегенде.
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим жумушсузга чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө билдирүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Иш менен камсыз кылуу жаатында жарандардын укуктары
1. Жарандар жумуш берүүчүгө түз кайрылуу жолу менен же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын акысыз ортомчулугун пайдалануу жолу менен же ишке орношууга көмөк көрсөтүүчү башка уюмдардын жардамы менен жумуш ордун тандоого укуктуу.
2. Жарандар иш (кесип), ишке орношуу чөйрөсүн, кесиптик окуу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде интернет-ресурстарын пайдалануу аркылуу тандоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кесиптик багыт берүү боюнча акысыз консультацияга, маалыматтарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алууга укуктуу.
3. Расмий жумушсуздар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомолору боюнча, кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде окутууга берилүүчү чек боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алууга укуктуу.
4. Жарандар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта өз алдынча жумуш издөөгө жана ишке орношууга, ошондой эле чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшулган жалдоо программаларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортомчулук кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укуктуу.
Жарандар ишке орношууга көмөк көрсөтүүчү башка уюмдардын жардамы менен чет өлкөлөрдө ишке орношууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарында жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар кош бойлуулук мезгилинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте жөлөкпул алууга укуктуу.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Жумушсуз жарандарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
1. Жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик окутуу төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;
2) жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын зарыл кесиптик квалификация алуусу;
3) жумушсуздун жана жумуш издеген жарандардын кесиптик көндүмдөрүнө жооп берүүчү жумуш жоктугуна байланыштуу квалификациясын өзгөртүү.
2. Жумушсуздарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн, эгерде:
1) жаран кесипке (адистикке) ээ болбосо;
2) жарандын кесиптик көндүмдөрүнө жооп берүүчү жумуштун жоктугуна байланыштуу кесипти (адистикти, иштин түрүн) өзгөртүү зарыл болсо;
3) жаран мурдагы кесиби (адистиги) боюнча ишти аткаруу кудуретин жоготсо.
3. Жумушсуз жарандарды жана жумуш издеген жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо квалификациясын жогорулатуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн келишимдерге ылайык билим берүү мекемелеринде жүргүзүлөт.
4. Артыкчылыктуу тартипте кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон өтүүгө жана квалификациясын жогорулатууга төмөнкүлөр укуктуу:
1) расмий жумушсуздар;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
3) жашы жете элек балдары бар адамдар
4) аскердик кызматтан бошотулган жарандар;
4-1) пробация клиенттери;
5) жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандар.
5. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кесиптик-квалификациялык түзүм жана ишке орноштурууга муктаж болгон бүтүрүүчүлөрдүн саны жөнүндө маалымат берет.
6. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Окутууга чекти ишке ашыруу механизми, анын ичинде төлөө суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча кесиптик даярдоодон, квалификациясын жогорулатуудан жана кайра даярдоодон өтүү мезгилинде расмий жумушсуздарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык өлчөмүнүн 120 пайызынан кем эмес өлчөмдө стипендия төлөнөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан окутууга, кайра окутууга жиберилген адамдарга жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун базалык чегинде стипендия төлөнөт.
8. Окууларга жетишпеген же туруктуу катышпаган учурда стипендия төлөп берүү бир айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтотулат.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жумушсуз жарандарды жана жумуш издөөчү жарандарды, ошондой эле окуучуларды кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөрүүнүн алдында аларга кесиптик багыт берүү ишин жүргүзөт. Кесиптик багыт берүү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек рыногунун муктаждыктарын аныктоо методологиясын иштеп чыгат жана бекитет, квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыктарды аныктоо үчүн эмгек рыногуна талдоо жүргүзөт.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
12-берене. Ишкердик иш менен алектенүүнү каалаган расмий жумушсуздарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каржылык колдоо көрсөтүү тартиби
(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
121-берене. Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардам
1. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн жигердүү чараларынын бири болуп социалдык контракт саналат.
2. Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардамды алуу ыктыярдуу негизде гана жүзөгө ашырылат.
3. Социалдык контракттын/келишимдин негизиндеги социалдык жардамды каржылоонун жана кошо каржылоонун булактары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин (жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгон учурда) каражаттары, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка финансылык каражаттар болушу мүмкүн.
4. Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардамды берүүнүн тартиби, катышуучулардын саны, социалдык контрактка кол койгон адамды жумушсуз жана жумуш издеген адам катары эсептик каттоодон чыгаруу жана кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Расмий жумушсузду жана жумуш издөөчүнү эсептен чыгаруу
( Берененин аталышы 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жумушсуз жаранды жана жумуш издөөчүнү төмөнкүдөй учурларда эсептен чыгарат:
1) ушул Мыйзамдын 3-беренесинде каралган негиздер боюнча жаран иш менен камсыз кылынган катары таанылганда;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки айдын ичинде келбегенде;
3) сунушталган ылайыктуу жумуштан эки жолу баш тартканда;
4) Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарында белгиленген тартипте жаш курагы боюнча пенсия дайындалганда;
5) жашаган жерин же болбосо турган жерин которууга байланыштуу кетип калганда;
6) кесиптик окутуу курстарына жүйөлүү себептерсиз келбегенде;
7) күндүзгү окуу бөлүмүнө тапшырганда;
8) анык аскердик кызматка чакырылганда;
9) каза болгондо.
10) иш менен камсыз болгондугу жөнүндө маалымдабаганда.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды жумушсуз же жумуш издеген катары кайрадан каттоо ушул берененин 1, 4, 5 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, каттоодон чыгарылган учурдан тартып 6 айдан кийин жүргүзүлөт.
(КР , 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-берене. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маалымат базасы
1. Эмгек рыногунун маалыматтык системасы - кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.
2. Эмгек рыногунун маалыматтык системасын түзүү, калыптандыруу жана эксплуатациялоо тартиби, анын ичинде маалыматтык системадагы маалыматтарды коргоо боюнча талаптар, маалыматтардын тизмеги жана системада пайдаланылуучу документтердин формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракеттерине даттануунун тартиби
Жарандар жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Иш берүүчүлөрдүн калкты иш менен камсыз кылууга катышуусу
16-берене. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалар мекемелер жана уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуусу менен калкты убактылуу иш менен камсыз кылуу максатында акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурушат.
1-1. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган багыттарга ылайык көмөкчү, квалификациялуу эмес жана квалификациялуу жумуштардын түрлөрү катары региондордун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында уюштурулат.
3. Долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын эмгек акысына кошумча төлөө катарында сарпталган каражаттардын жалпы суммасынан ашпаган өлчөмдө долбоордун материалдык сарптоолорун каржылоого жол берилет.
4. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга ылайыктуу жумуш табуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган, ошондой эле расмий жумушсуз статусун алган жарандар укуктуу.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган адамдардын электрондук маалымат базасын жүргүзөт.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган адамдардын электрондук маалымат базасын жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул албаган, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда 6 айдан ашык каттоодо турган, өз багуусунда 16 жашка чейинки курактагы үчтөн ашык баласы бар расмий жумушсуздар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга артыкчылыктуу укукка ээ.
7. Жумушсуздардын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуусуна алардын макулдугу менен гана жол берилет. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жиберүүдө жарандардын ден-соолугу, курактык, кесиптик жана башка жеке өзгөчөлүктөрү эске алынат.
8. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууну каалаган жумушсуздар же жумуш издеген жарандар менен мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт. Мөөнөттүү эмгек келишими жумушсуз жана жумуш издеген жарандар тарабынан ал туруктуу же башка жумушка орношкондо мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
9. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жарандардын эмгек акысы акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулардын каражаттарынан иш жүзүндө аткарылган иштер үчүн төлөнөт.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда эмгектенген жумушсуздарга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
9-1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар линиясы боюнча алыскы аймактардагы жумушсуз калкты тейлөө үчүн агенттер тартылат. Агенттерди тартуу жана иштөө тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
10. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жарандарга Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдары колдонулат.
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-берене. Иш берүүчүлөрдүн калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүсү
1. Иш берүүчүлөр төмөнкүлөрдүн негизинде калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатын жүргүзүүгө көмөктөшөт:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек мамилелерин жөнгө салуучу келишимдердин шарттарын сактоонун;
2) ишканалар, уюмдар жоюлганда же кызматкерлер иштен бошотулганда кызматкерлерге компенсацияларды төлөп берүүнүн;
3) ишке орноштурууга, кесиптик даярдоого көмөк көрсөтүүнүн, иштен бошотулган кызматкерлерге иш берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен кошумча материалдык жардамдарды берүүнүн;
4) иштеп жаткандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн, анын ичинде насаатчылыкты жүзөгө ашыруу жолу менен шарттарды түзүүнүн;
5) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, социалдык коргоого муктаж калктын аярлуу топторун ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын квоталоонун;
6) кызматкерлерди кесиптик окутууну, кайра квалификациялоону, квалификациясын жогорулатууну жүргүзүү аркылуу адам ресурстарын башкаруунун.
2. Иш берүүчүлөр ай сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берип турат:
1) бош жумуш орундары (кызматтар) бар экендиги жөнүндө маалыматтарды;
2) иштеген адамдардын саны жөнүндө, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын квоталанган жумуш орундарына ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды.
3. Иш берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жиберилген жаранды ишке кабыл алгандыгы тууралуу маалыматты ишке кабыл алгандыгы жөнүндө буйрук (тескеме) чыккан күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жиберилген жаранды ишке кабыл алуудан баш тарткан учурда иш берүүчү жазуу жүзүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жаранга баш тартуунун себеби жөнүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
5. Ушул берененин 3- же болбосо 4-бөлүгүнүн жазма буйруктарын аткарбаган адам тартип же администрациялык жоопкерчиликке тартылат.
6. Ишканада (уюмда) насаатчылык жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-берене. Иш берүүчүлөрдүн укуктары
1. Иш берүүчүлөр аларга түздөн-түз кайрылган жарандарды, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу бар жарандар менен бирдей негизде жумушка кабыл алууга укуктуу.
2. Иш берүүчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан эмгек рыногунун абалы тууралуу акысыз маалыматтарды алууга укуктуу.
3. Иш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого сарпталган чыгымдарды жалпы жылдык кирешеден кемитүүгө укуктуу.
(КР 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-1-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иш берүүчүлөрдөн ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде болжолдонуп жаткан түзүмдүк өзгөрүүлөр жөнүндө жана алардын натыйжасында кызматкерлердин олуттуу саны бошотулушу мүмкүн болгон башка иш-чаралар тууралуу, жумушчу күчкө муктаждыктар жөнүндө, жаңы жана кошумча жумуш орундарын ачуу тууралуу маалыматтарды суратып алууга укуктуу.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек рыногунун, калкты иш менен камсыз кылуунун көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө иштерин, ар кандай социологиялык сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн уюмдарды тартууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Корутунду жоболор
19-берене. Ушул Мыйзамдын колдонууга киргизилиши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 27-июлундагы № 113 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 12, 521-ст.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-январындагы № 13 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 238-ст.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 18-январындагы № 25 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 250-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 41 Мыйзамынын 10-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 200-ст.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-апрелиндеги № 70 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 256-ст.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 28-июнундагы № 117 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 427-ст.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-июлундагы № 161 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 502-ст.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-июнундагы № 72 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 438-ст.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-февралындагы № 31 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 306-ст.);
- "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 30-июлундагы № 119 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 870-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |