Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 23-ноябры № 193
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 16-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 62-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 62-статьяда:
а) статья "муз даярдоо" деген сөздөрдөн мурда "Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү иш-аракеттерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Ушул алып таштоолор Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө мурунку таасир этүүлөргө жайылтылбайт.
Ушул сыяктуу иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду көз карандысыз экспертизанын натыйжаларын эске алуу менен, ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.";
2) 67-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "Агым" деген сөздөн мурда "Ушул Кодекстин 62-статьясында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |