Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 12-декабры № 207 (12)
Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 15-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
88-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген архитектуралык-курулуш, шаар куруу ченемдери менен аныкталат.";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларынын (турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктеринин) электр энергиясын башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине берүүсүнө тыюу салынат.
Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, электр энергетика ишканаларынын көп батирлүү үйлөргө арналган электр энергиясын башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине берүүсүнө тыюу салынат.".
5-берене.
"Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 879-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине электр энергиясын берүүсүнө тыюу салынат.".
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |