Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 9-июлу № 122
Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын
менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө
(КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12), 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2025-жылдын 28-майындагы N 108 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү жана уюштуруу документтери
3-глава. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн укуктук абалы
4-глава. Корутунду жоболор
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө мыйзамдар
Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө мыйзамдар Конституциядан, Жарандык кодекстен, Турак жай кодексинен, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын колдонулушу коммерциялык эмес уюм - көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктигин (мындан ары - турак жай менчик ээлеринин шериктиги) түзүү жолу менен, көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүндөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин аны натыйжалуу күтүү жана башкаруу менен байланышкан мамилелерине жайылтылат. Ушул Мыйзам көп батирлүү үйлөрдү куруу жана реконструкциялоо процессинде турак жай менчик ээлеринин жаңыдан түзүлгөн шериктигине да жайылтылат.
2-глава Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү жана уюштуруу документтери
3-берене. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктиги
1. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктиги - көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү (кыймылсыз мүлк комплексин) биргелешип башкаруу, ошол комплексти эксплуатациялоону камсыз кылуу, ээлик кылуу, пайдалануу жана мыйзамдарда белгиленген чектерде көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тескөө, ошондой эле чектеш аймакты көрктөндүрүү үчүн көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын (менчик ээлери) менчик ээлери тарабынан уюштурулат.
3. Мүчө болууну каалаган менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин анын мүчөлөрү болуп калышат жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн ушул Мыйзамда каралган укуктарына жана милдеттерине ээ болушат.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуп саналбаган менчик ээлери көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү түйшүгүн тең тартышат.
4. Көп батирлүү бир үйдө эки же андан көп турак жай менчик ээлеринин шериктиктерин түзүүгө жол берилбейт.
5. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүүдө жана иштөөсүндө менчиктештирилбеген турак жайларга карата мамилелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына алардын ыйгарым укуктуу органдары өкүл болот.
Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүлкүн башкаруу боюнча чыгымдарды бирдей көтөрүүгө милдеттүү.
Жер төлөөлөрдү, турак жана турак эмес жайларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон кире бериштер, тепкичтер, чатырлар, лифттер жана башка мүлктөр турак жай менчик ээлеринин шериктигинин пайдалануусуна акысыз берилүүгө тийиш.
Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мамлекеттик орган ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн мүлктү акысыз пайдаланууга берүүдөн баш тартса, көп батирлүү үйдү башкаруу бул мүлктүн менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү үчүн турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин 10 пайызы демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.
Демилгелүү топ чогулуш өткөрөт, анда уюштуруу чогулушунун датасы, убактысы жана орду, уюштуруу чогулушунун алдын ала күн тартиби жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин алдын ала аталышы аныкталат. Демилгелүү топтун чогулушу демилгелүү топтун чогулушуна катышкан турак жай ээлеринин фамилиясы, аты жана атасынын аты, дареги, телефондору көрсөтүлүү менен протоколго түшүрүлүшү керек.
Демилгелүү топ уюштуруу чогулушуна он күн калганга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына уюштуруу чогулушун өткөрүү датасын, убактысын жана ордун, ошондой эле демилгелүү топтун бардык мүчөлөрүнүн байланыш каражаттарын көрсөтүү менен турак жай менчик ээлеринин шериктигинин уюштуруу чогулушун өткөрүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберет.
Демилгелүү топ уюштуруу чогулушун өткөрүү датасын, убактысын, ордун, демилгелүү топтун катышуучуларынын фамилиясын, атын жана атасынын атын, даректерин, байланыш каражаттарын, уюштуруу чогулушунун алдын ала күн тартибин жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин алдын ала аталышын көрсөтүү менен, уюштуруу чогулушун өткөрүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө бардык менчик ээлерине билдирет.
Уюштуруу чогулушу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү ар бир менчик ээсине кол коюу менен тапшырылууга тийиш, ал эми жашаган жери боюнча менчик ээси жок болгон учурда же билдирүүнү кабыл алууну каалабаган учурда бул тууралуу демилгелүү топ тарабынан жүргүзүлгөн билдирүү журналына жазуу жазылат.
Көп кабаттуу үйдү курган жеке ишкер же юридикалык жак, анын уюштуруучулары жана кызматкерлери демилгелүү топтун жана уюштуруу чогулушунун курамында болууга укугу жок.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы турак жай менчик ээлеринин шериктештигин түзүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун турак жай менчик ээлеринин шериктештиги менен мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнө зарыл жардам көрсөтүү үчүн уюштуруу чогулушуна кызматкерди жиберүүгө укуктуу.
2. Уюштуруу чогулушу төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү жөнүндө;
2) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин аталышын жана жайгашкан жерин бекитүү тууралуу;
3) уставын бекитүү тууралуу;
4) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкаруу органдарын шайлоо тууралуу.
Уюштуруу чогулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүүгө жана анын ишине тиешелүү жана башка маселелерди кароого укуктуу.
3. Уюштуруу чогулушу, эгерде ага турак жай жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин көпчүлүгү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
Добуш берүү бюллетень колдонуу менен же чогулуш тарабынан белгиленген башкача жол менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Добуш берүүгө турак жайдын же турак эмес жайдын бир гана менчик ээси катыша алат. Эгерде менчик ээси бир нече турак же турак эмес жайга ээ болсо, анда анын добушу бир добушка барабар.
4. Эгерде менчик ээлеринин жалпы санынын добуштарынын 51 пайызынан кем эмеси ал үчүн добуш берсе, турак жай ээлеринин шериктигин түзүү тууралуу чечим кабыл алынган болуп эсептелинет.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары чечим кабыл алынгандан кийин 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө менчик ээлерине жеткирилет.
5. Уюштуруу чогулушунун протоколу милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.
6. Демилгечи топ турак жай менчик ээлеринин шериктигин мамлекеттик каттоодо ыйгарым укуктуу органдарга берилген маалыматтардын тактыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлгөн болуп эсептелинет жана юридикалык жак болуп саналат.
8. Эгерде шериктиктин уставында башкача каралбаса, турак жай менчик ээлеринин шериктиги ишинин мөөнөтү чектелбестен түзүлөт.
9. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги өз милдеттенмелери боюнча ага таандык болгон бардык мүлкү менен жооп берет. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги шериктиктин мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми шериктиктин мүчөлөрү шериктиктин милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин уставы
Турак жай менчик ээлеринин шериктиги өз уставынын негизинде аракеттенет.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин уставы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин толук аталышын жана анын юридикалык дарегин, ишинин предметин жана максаттарын;
2) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ишин башкаруунун тартибин, башкаруу органдарынын сандык курамын жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүн;
2-1) турак жайды же турак эмес жайды ижарага берүү жөнүндө турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчик ээсинин кабарлоосунун тартиби;
3) жалпы чогулуш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага киргизүүнү зарыл деп эсептеген башка маселелерди.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин укуктары
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо жөнүндө келишимдерди жана менчик ээлеринин жана шериктиктин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарындагы башка келишимдерди түзүүгө;
2) бир жылга кирешелердин жана чыгашалардын сметасын, анын ичинде көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүүгө жана оңдоого зарыл чыгашаларды, көп батирлүү үйдү капиталдык оңдоого жана реконструкциялоого чыгымдарды, атайын төгүмдөрдү жана резервдик фондго чегерүүлөрдү, ошондой эле мыйзамда жана шериктиктин уставында белгиленген башка максаттар үчүн чыгашаларды аныктоого;
3) бир жылга кабыл алынган кирешелер жана чыгашалар сметасынын негизинде ар бир менчик ээси үчүн анын көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлккө жалпы менчиктеги укугунун үлүшүнө ылайык төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмүн белгилөөгө;
4) менчик ээлери үчүн иштерди аткарууга жана аларга кызмат көрсөтүүгө;
5) банктар тарабынан берилүүчү насыяларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда пайдаланууга;
6) келишим боюнча шериктик үчүн иштерди аткаруучу жана шериктикке кызматтарды көрсөтүүчү адамдарга материалдык жана акчалай каражаттарды берүүгө;
7) шериктикке таандык мүлктөрдү убактылуу пайдаланууга берүүгө;
8) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) жайга менчик укугун ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
10) турак жай менчик ээлеринин шериктигине төгүмдөр боюнча жеңилдиктерди аныктоого;
11) аймакты жашылдандыруу, мүлктү башкаруу, бухгалтердик эсеп жүргүзүү, юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча компанияларды жалдоого;
12) милдеттүү төгүмдөрдү төлөбөгөн жана жалпы мүлктү башкаруу боюнча чыгашаларды көтөрбөгөн карызкорлордун тизмесин, алардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбастан, көрүнүктүү жерге жарыялоого;
13) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коммуналдык кызматтар менен турак жай менчик ээлеринин шериктигинин иши, менчик ээлери менен болгон талаш-тартыштарды кароо, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин алдындагы карызды төлөө маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө;
14) бухгалтердик ачык-айкын эсеп жүргүзүү шартында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан гранттарды, финансылык жана башка жардамдарды, ошондой эле пайызсыз кредиттерди алууга.
2. Эгерде бул менчик ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса, турак жай ээлеринин шериктиги төмөнкүлөргө укуктуу:
1) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн бир бөлүгүн пайдаланууга берүүгө;
2) турак жай курулушун жүзөгө ашыруу, чарбалык жана башка курулуштарды куруу жана аларды андан ары эксплуатациялоо үчүн жер участокторун пайдаланууга алууга же болбосо менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине алууга же сатып алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык менчик ээлеринин атынан жана эсебинен ошондой үйгө чектеш бөлүнүп берилген жер участокторунда курулуштарды жүзөгө ашырууга;
4) шериктиктин максаттарына жана милдеттерине жооп берген бүтүмдөрдү түзүүгө жана башка аракеттерди жасоого.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана шериктиктин уставында белгиленген тартипте милдеттүү төлөмдөрдү, төгүмдөрдү жана башка жалпы чыгашаларды төлөөнү кечиктиргендиги үчүн үстөк айып белгилөөгө укуктуу, анын суммасы карыздын жалпы суммасынын 20 пайызынан ашышы мүмкүн эмес.
31. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга турак жайлардын менчик ээлеринин турак жай менчик ээлеринин шериктигине болгон карызы жөнүндө маалыматтарды турак жай мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте берүүгө укуктуу.
4. Менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жалпы чыгашаларына катышуу боюнча өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте же соттук тартипте милдеттүү төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
5. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги менчик ээлеринин милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү төлөө жана башка жалпы чыгашаларды төлөө боюнча милдеттерин аткарбаганынын натыйжасында өзүнө келтирилген чыгашалардын ордун толук толтурууну сот тартибинде талап кылууга укуктуу.
6. Турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине турак үйдө башка өзүнчө турак жай, соода жана өнөр жай объекттерине берилүүчү товарларды жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө тыюу салынат.
(КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12), 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин милдеттери
Турак жай менчик ээлеринин шериктиги төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле шериктиктин уставын аткарууну камсыз кылууга;
2) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн талаптагыдай санитардык жана техникалык абалын камсыз кылууга;
5) ушул мүлккө жалпы менчик үлүшүнө ылайык көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо боюнча милдеттемелердин бардык менчик ээлери тарабынан аткарышын камсыз кылууга;
6) жалпы менчикке ээлик кылуунун, пайдалануунун жана тескөөнүн шарттарын жана тартибин белгилөөдө менчик ээлеринин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылууга;
7) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн менчик ээлеринин ээлик кылуу, пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде тескөө укугун ишке ашырууга бөгөт болгон же ага тоскоолдук кылган үчүнчү жактардын аракеттерине жол бербөө же токтотуу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга;
8) менчик ээлеринин, анын ичинде үчүнчү жактар менен болгон мамилелердеги мыйзамдуу кызыкчылыктарын көздөөгө;
9) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин иши жөнүндө маалыматтарды шериктиктин мүчөлөрүнө алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берүүгө;
10) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнө, алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча, текшерүү комиссиясынын корутундусунун көчүрмөсүн, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулуштарынын протоколдорун берүүгө;
11) банктык эсепке жалпы мүлктү башкаруу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү кабыл алууга жана накталай эмес формада кирешелердин жана чыгашалардын эсебин жүргүзүүгө;
12) ар бир менчик ээси үчүн жеткиликтүү болгон, кирешелер жана чыгашалар боюнча кагаз жана электрондук ташыгычтарда ачык-айкын бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө;
13) квартал сайын менчик ээлерине турак жай менчик ээлеринин шериктигинин иши, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет берип турууга;
14) сарамжалдуулукту сактоого жана акча каражаттарын үнөмдөөгө.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин кайра түзүү жана жоюу
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечими боюнча турак жай же турак жай-курулуш кооперативине кайра түзүлүшү мүмкүн.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ал жоюлгандан жана карыздарын тындыргандан кийин калган мүлкү шериктиктин мүчөлөрүнүн ортосунда жалпы мүлктөгү алардын үлүштөрүнө жараша бөлүштүрүлөт.
9-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин бирикмеси
Турак жай менчик ээлеринин эки жана андан көп шериктиги көп батирлүү үйлөрдөгү жалпы мүлктү биргелешип башкаруу үчүн турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин бирикмесин түзө алышат. Көрсөтүлгөн бирикмени башкаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
10-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине документтерди сактоо жана өткөрүп берүү
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып мурда менчик ээлери же менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкарып келген уюм ошол имаратка же имараттарга жана аларга бекитилген жер участокторуна байланыштуу бардык документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча бир айдын ичинде турак жай менчик ээлеринин шериктигине өткөрүп берүүгө, ошондой эле жазуу жүзүндөгү корутундуну берүү менен жалпы мүлктүн, имараттын же имараттардын техникалык абалын күбөлөндүрүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
11. Уюштуруу чогулушунун демилгелүү тобу турак жай менчик ээлеринин шериктигине уюштуруу чогулушун өткөрүү демилгеси менен байланышкан документтерди берет.
12. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте документтерди алты жыл бою сактоого милдеттүү.
2. Эгерде турак жай ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөн учурга карата андай уюмдар өз ишин токтоткон болсо, көрсөтүлгөн документтер өткөрүлүп берилген адам ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталган тартипте аларды турак жай менчик ээлеринин шериктигине өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3. Турак жай ээлеринин шериктигин түзүүдө жалпы мүлк, эреже катары, мурда тейлеген уюм тарабынан ойдогудай абалга келтирилиши керек.
Жалпы мүлктүн талаптагыдай абалын үйдүн ичиндеги түйүндөрдүн жана инженердик жабдуулардын нормалдуу иштешин, ошондой эле көп батирлүү үйдүн имаратынын коопсуздугун камсыз кылуу тутумунун оң экенин талаптайт.
4. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги түзүлүп жаткан көп батирлүү үйдү курган юридикалык жак же жеке ишкер турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн турак жай менчик ээлеринин шериктигине пайдаланууга талаптагыдай сапатта өткөрүп берүүгө милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн укуктук абалы
11-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуу
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуу турак жай менчик ээлеринин шериктигине кирүү жөнүндө менчик ээсинин арызынын жана укук белгилөөчү документтердин берилген көчүрмөлөрүнүн негизинде пайда болот.
2. Эгерде көп батирлүү үйдө турак жай менчик ээлеринин шериктиги түзүлгөн болсо, бул үйдөн жай сатып алышкан адамдар аларда турак же турак эмес жайга менчик укугу пайда болгондон кийин шериктикке мүчө болууга укуктуу.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуу шериктиктин мүчөлүгүнөн чыгуу жөнүндө арыз берген учурдан тартып, же көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жайга менчик укугу токтотулган учурдан тартып токтотулат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
111-берене. Бир нече көп кабаттуу үйлөрдү тейлеген турак жай ээлеринин шериктигинен чыгуу
1. Бир нече көп батирлүү үйлөрдү тейлеген турак жай менчик ээлеринин шериктигинен бир көп батирлүү үйдү чыгаруу жөнүндө маселе шериктиктен чыгууну демилгелеген көп батирлүү үйдүн менчик ээлеринин жалпы чогулушуна коюлат.
2. Шериктиктен чыгуу жөнүндө чечим, эгерде ага шериктиктен чыгууну демилгелеген көп кабаттуу үйдүн менчик ээлеринин жалпы санынын 51 пайызынан кем эмеси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
3. Чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жалпы чогулуштун протоколу турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кеңешине берилет. Бул документ турак жай менчик ээлеринин шериктештигин кайра уюштуруу үчүн негиз болуп саналат.
4. Турак жай менчик ээлеринин учурдагы шериктигинен чыккандан кийин менчик ээлери үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын турак жай мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жалпы мүлктү башкаруу ыкмасын тандап алууга милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкаруу органдары
Шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу, шериктиктин башкармалыгы жана текшерүү комиссиясы (текшерүүчү) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкаруу органдары болуп саналат.
13-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жалпы чогулушу шериктиктин жогорку башкаруу органы болуп саналат жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте чакырылат.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) шериктиктин уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, анын ичинде аны жаңы редакциясында кабыл алуу;
2) шериктикти кайра түзүү жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3) шериктиктин башкармалыгын жана текшерүү комиссиясын (текшерүүчүнү) шайлоо;
4) шериктиктин мүчөлөрүнүн милдеттүү төлөмдөрүнүн жана төгүмдөрүнүн өлчөмүн белгилөө;
5) шериктиктин атайын фонддорун, анын ичинде резервдик фонду, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү жана анын жабдууларын калыбына келтирүү жана оңдоо фондун түзүү;
6) зайым каражаттарын, анын ичинде банктык насыяларды алуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
7) шериктиктин чарбалык ишинен кирешелерди пайдалануунун багыттарын аныктоо;
8) шериктиктин жылдык бюджетин жана финансылык иши жөнүндө жылдык планын жана мындай планды аткаруу жөнүндө отчетун бекитүү;
9) шериктиктин башкармалыгынын, башкармалыктын төрагасынын жана текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) аракеттерине даттанууларды кароо;
10) шериктиктин башкармалыгынын төрагасынын сунуштамасы боюнча милдеттерине көп батирлүү үйдү тейлөө кирген кызматкерлерге карата шериктиктин ички иш эрежелерин, алардын эмгек акысын төлөө тууралуу жобону кабыл жана өзгөртүү;
11) шериктиктин башкармалыгынын мүчөлөрүн сыйлоонун өлчөмүн аныктоо;
12) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү ижарага берүү же башка укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
13) башкармалыктын ар жылдык отчетун бекитүү;
14) шериктиктин жалпы мүлкүн жеке же юридикалык жакка (башкаруучуга) башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле башкаруучу шериктикке көрсөтүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоо;
15) көп батирлүү үйдө кошумча жайларды жана жалпы мүлк объекттерин куруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
151) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин финансылык-чарбалык ишин көз карандысыз текшерүү (аудит) үчүн аудитордук уюмду же аудиторду тартуу.
16) ушул Мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка маселелер.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу шериктиктин башкармалыгынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укугу бар.
4. Турак жай ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда шериктиктин ар бир мүчөсүнө бир добуш берилет.
5. Турак жай ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү өкүлүнө жалпы чогулушка катышууга ыйгарым укук берүүгө укуктуу, анын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним катта ырасталат.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөсү тарабынан өкүлдөрүнө берилген ишеним кат шериктиктин башкармалыгынын төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мөөрү менен бекемделиши мүмкүн.
6. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ушул Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынган чечимдери жараксыз болуп саналат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз чогулуштар башкарманын чечими боюнча, текшерүү комиссиясынын талабы боюнча же болбосо турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде он пайызынын демилгеси боюнча чакырылат.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кеңешин кошпогондо, өзүнүн демилгеси боюнча чогулушту чакырган жак турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кеңешине жыйналыштын күн тартибин жана датасын көрсөтүү менен кезексиз чогулушту чакыруу зарылчылыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүгө милдеттүү.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы ушул Мыйзамда белгиленген тартипке ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүүгө милдеттүү.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу төмөнкүдөй жолдор менен өтүшү мүмкүн:
1) жеке добуш берүү (күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо жана добушка коюлган маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн биргелешип катышуусу);
2) сырттан добуш берүү (сурамжылоо жүргүзүү жолу менен).
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүү жазуу жүзүндө турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ар бир мүчөсүнө кол коюу менен тапшырылат же почта аркылуу (тапшырык кат) жөнөтүлөт. Билдирүү жалпы чогулушту өткөрүү датасына чейин 10 күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
4. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүдө анын формасы, орду, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу күн тартибине киргизилбеген маселелерди талкуулоого алып чыгууга укуксуз.
5. Кезексиз чогулуш өткөрүлө турган болсо, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүдө бул жалпы чогулушту чакырууну демилгелеген жак жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
6. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасынын төрагасы алып барат. Ал жок болгон учурда жалпы чогулушту турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасынын мүчөлөрүнүн бири алып барат.
7. Ушул Мыйзам аркылуу жалпы чогулуштун компетенциясына кирген маселелер боюнча турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимдери ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 7, 12 жана 13-пункттарына ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат, ал эми 13-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту боюнча чечим жайлардын бардык менчик ээлеринин макулдугун талап кылат. Башка маселелер боюнча чечимдер жалпы чогулушка катышкан турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн же алардын өкүлдөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимдери турак жай менчик ээлеринин жана жайлардын менчик ээлеринин шериктигинин бардык мүчөлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2025-жылдын 28-майындагы № 108 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
141-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун жеке добуш берүү жолу менен өткөрүүнүн тартиби
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу, эгерде ага турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн же алардын өкүлдөрүнүн 50 пайыздан ашыгы катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
Кворум жок болгон учурда турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү катышкандардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кийинки чогулушту өткөрүүнүн формасы жөнүндө чечим кабыл алат. Сырттан добуш берүү жолу менен жалпы чогулушту өткөрүү чечими кабыл алынган учурда шериктиктин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу сурамжылоо жүргүзүү үчүн үч адамдан кем эмес сандагы жооптуу адамдарды шайлайт. Жалпы чогулуштун чечими протокол менен таризделет. Каттоо баракчасы протоколго милдеттүү тиркеме болуп саналат.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жаңыдан дайындалган жалпы чогулушу өтпөй калган жалпы чогулуштун датасынан тартып 2 күндөн эрте эмес жана 30 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүшү мүмкүн.
Жалпы чогулушка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрү катыша алат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
142-берене. Сырттан добуш берүү жолу менен өткөрүлүүчү турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы жалпы чогулуштун күн тартибиндеги маселелер боюнча сурамжылоо барактарын даярдайт. Добуш берүүгө коюлган маселелер боюнча сурамжылоо барагында добуш берүүгө катышкан адам жана күн тартибинин ар бир маселеси боюнча "макул", "каршы" же "калыс" деген сөздөр менен туюнтулган чечимдер жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
2. Сурамжылоо барагынын ар бир бетине турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасынын төрагасы кол коюуга тийиш жана мөөр басылышы керек.
3. Добуш берүүгө алынып чыккан маселелер боюнча сурамжылоо барактары турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ар бир мүчөсүнө жеткирилет, алар жок болгон учурда сурамжылоо жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар кол коюшкан тиешелүү акт түзүлөт.
4. Жооптуу адамдар сурамжылоо барактарын чогулткандан кийин турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт. Сурамжылоо барактары протоколго милдеттүү тиркеме болуп саналат.
5. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыктары, жарыяланган датасы көрсөтүлүү менен, маалымат стендине илинет.
6. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасын жана текшерүү комиссиясын шайлоодо сырттан добуш берүү менен өткөрүлүүчү жалпы чогулуш төмөнкүдөй 2 этапта өткөрүлөт:
1) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөттө башкарманын жана текшерүү комиссиясынын курамына талапкерлер турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү тарабынан жазуу жүзүндө сунушталат. Бул учурда сунушталган талапкерлер аларды шайлануучу башкарманын курамына киргизүүгө жазуу жүзүндө макулдугун берүүгө тийиш.
2) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасына жана текшерүү комиссиясына талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын менчигинде турган жайдын дарегин камтыган сурамжылоо барагын түзүү жана жалпы чогулушту өткөрүү.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ишине жетекчилик шериктиктин башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырылат. Көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компентенциясына киргизилген маселелерди кошпогондо, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы шериктиктин ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы шериктиктин мүчөлөрүнүн ичинен шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда шериктиктин уставында белгиленген, бирок 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө шайланат. Башкармалыктын мүчөлөрүнүн саны жуп эмес болушу керек жана шериктиктин уставы менен белгиленет.
Бир эле адам шериктиктин башкармасына катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
21. Шериктиктин башкармалыгынын курамына жашы жеткен, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн.
Эгерде башкармалыктын мүчөлөрүнүн аракеттери же аракетсиздиги турак жай ээлеринин кызыкчылыктарына зыян келтирип жатса, алар чакыртып алынышы мүмкүн.
Башкармалыктын мүчөлөрүн чакыртып алуу турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин уставында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы өз курамынан шериктиктин төрагасын шайлайт.
4. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы шериктиктин аткаруу органы болуп саналат, шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна отчет берет.
5. Эгерде шериктиктин уставында башкача белгиленбесе, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын жыйналышы айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
6. Эгерде ошондой жыйналышка шериктиктин башкармалыгынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышса, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын жыйналышы укуктуу деп таанылат. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын чечими протокол менен жол-жоболоштурулат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2025-жылдын 28-майындагы №108 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын милдеттери
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) шериктик тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана шериктиктин уставынын талаптарын сактоо;
2) жайлардын менчик ээлеринин белгиленген милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү өз учурунда төлөшүн көзөмөлдөө;
3) тийиштүү жылга шериктиктин кирешелер жана чыгашалар сметасын (жылдык бюджетин) жана финансылык иши жөнүндө отчетторду түзүү, бекитүү үчүн аларды шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна коюу;
4) көп батирлүү үйдү башкаруу же аны башкарууга келишим түзүү;
5) көп батирлүү үйдү тейлөө үчүн кызматкерлерди жалдоо жана аларды бошотуу;
6) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тейлөөгө, эксплуатациялоого жана оңдоого келишимдерди түзүү;
7) шериктиктин мүчөлөрүнүн тизмесин, иш кагаздарын, бухгалтердик эсепти жана бухгалтердик отчетту жүргүзүү;
8) шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун чакыруу жана өткөрүү;
9) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин уставынан келип чыккан башка милдеттерди аткаруу.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын төрагасы
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын төрагасы шериктиктин уставында белгиленген мөөнөткө шайланат. Шериктиктин башкармалыгынын төрагасы башкармалыктын чечимдерин аткарууну камсыз кылат, шериктештиктин бардык кызмат адамдарына көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди берүүгө укугу бар, анын аткарылышы көрсөтүлгөн адамдар үчүн милдеттүү.
11. Шериктиктин башкармалыгынын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын төрагасы шериктиктин атынан ишеним катсыз аракеттенет, төлөм документтерине кол коет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, шериктиктин уставына ылайык шериктиктин башкармалыгы же шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун милдеттүү түрдө жактыруусун талап кылбаган бүтүмдөрдү жасайт, милдетине көп батирлүү үйдү тейлөө кирген кызматкерлерге карата шериктиктин ички тартибинин эрежелерин, алардын эмгек акыларын төлөө тууралуу жобону иштеп чыгат жана шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна бекитүүгө киргизет.
(КР 2025-жылдын 28-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы (текшерүүчү)
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы (текшерүүчү) шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө шайланат. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясынын курамына шериктиктин башкармалыгынын мүчөлөрү жана алардын үй бүлө мүчөлөрү кире алышпайт.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы өз курамынан текшерүү комиссиясынын төрагасын шайлайт.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы (текшерүүчү):
1) шериктиктин финансылык ишин жылына бир жолудан кем эмес текшерүүнү жүргүзөт;
2) шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна тийиштүү жылга шериктиктин кирешелер жана чыгашалар сметасы жөнүндө корутундуну жана финансылык иши жана милдеттүү төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмдөрү жөнүндө отчетту берет;
3) өз иши тууралуу шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда отчет берет.
19-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин каражаттары жана мүлкү
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигинде кыймылдуу мүлк, ошондой эле көп батирлүү үйдүн ичинде же сыртында жайгашкан кыймылсыз мүлк турушу мүмкүн.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин каражаттары төмөнкүлөрдөн турат:
1) көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга жана күтүүгө жайлардын менчик ээлери тарабынан үлүштөрүнө ылайык төлөнүп жаткан акча каражаттары түрүндөгү милдеттүү төлөмдөрдөн;
11) көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн учурдагы же капиталдык оңдоо жүргүзүү үчүн же материалдарды же жабдууларды сатып алуу үчүн жайлардын менчик ээлери тарабынан төлөнүп жаткан максаттуу акча каражаттары түрүндөгү төгүмдөрдөн;
2) шериктиктин максаттарын, милдеттерин жүзөгө ашырууга жана аткарууга багытталган шериктиктин чарбалык ишинен түшкөн кирешелерден;
3) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү эксплуатациялоону, учурдагы жана капиталдык оңдоолорду жүргүзүүнү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн берүүнү камсыз кылуучу субсидиялардан(гранттардан) жана башка субсидиялардан;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка түшүүлөрдөн.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде уставда каралган максаттарга чыгымдалуучу атайын фонддор түзүлүшү мүмкүн. Атайын фонддорду түзүүнүн тартиби шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан аныкталат.
4. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы банктагы эсепте турган шериктиктин каражаттарын шериктиктин финансылык планына ылайык тескөөгө укугу бар.
5. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги жалпы мүлктү күтүүнү жылдык бюджетке жана шериктиктин ишинин финансылык иши жөнүндө жылдык планга ылайык камсыз кылат.
6. Эгерде жалпы мүлктүн абалын текшерүү, аны оңдоо же элементтерин алмаштыруу жүргүзүлүп жатса, аларга жетүү жайдын ичинен өтсө, менчик ээси кабарлоо алгандан кийин турак жай ээлеринин шериктигинин өкүлүн жайдын ичине киргизүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги жалпы мүлктү күтүүнү камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында менчик ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруп берет.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин чарбалык иши
1. Уставда каралган максаттарга жетүү үчүн турак жай менчик ээлеринин шериктиги чарбалык иштер менен алектенүүгө укуктуу.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги чарбалык иштердин төмөнкүдөй түрлөрү менен алектене алат:
1) көп батирлүү үйдөгү кыймылсыз мүлктү тейлөө, эксплуатациялоо жана оңдоо;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп батирлүү үйдө кошумча жайларды жана жалпы мүлк объекттерин куруу;
3) ижарага берүү, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн бир бөлүгүн жалдоо;
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде шериктиктин чарбалык ишинен түшкөн киреше жалпы чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланылат же шериктиктин уставында каралган максаттарга чыгымдалуучу атайын фонддорго жөнөтүлөт. Кошумча киреше турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ишинин ушул главада жана шериктиктин уставында каралган башка максаттарына багытталышы мүмкүн.
4-глава Корутунду жоболор
21-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо
1. Эгерде турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун, шериктиктин башкармалыгынын, башкармалыктын төрагасынын же текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) чечими ушул Мыйзамга же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, уставга карама-каршы келсе, анда турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кандай болбосун мүчөсү сотко даттанууга укуктуу.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги менен анын мүчөлөрүнүн, ошондой эле турак жай менчик ээлеринин шериктиги менен башка жарандардын же юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилүүгө жатат.
3. Ушул Мыйзамда каралган милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда башкарманын, текшерүү комиссиясынын төрагасы, мүчөлөрү жана турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Жайлардын менчик ээлеринин жалпы чыгашаларга катышуусу
1. Менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчөлүгүнө карабастан, турак жай менчик ээлеринин шериктиги башкарган жалпы мүлктү күтүү боюнча жалпы чыгашаларга өздөрүнүн жалпы мүлктөгү үлүшүнө пропорциялуу түрдө катышууга милдеттүү.
Жалпы мүлктү күтүүгө төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмү коомдун уставында белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктиги тарабынан аныкталат.
2. Тийиштүү төгүмдөрдү жана төлөмдөрдү төгүү ай сайын шериктиктин уставында каралган тартипте жүргүзүлөт.
Турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан жалпы мүлктү пропорциялуу эмес пайдалануу менен байланышкан сарптоолор алар тарабынан өздөрүнүн эсебинен жабылат. Жайларга бекитилген жалпы мүлктү жеке пайдалануу менен байланышкан менчик ээлеринин чыгымдары ошол менчик ээлери тарабынан жабылат.
Жалпы мүлктү пайдалануудан алынган кирешелер менчик ээлерине таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы мүлктү натыйжалуу күтүү жана башкаруу максаттарында пайдаланылат.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү же турак жана турак эмес жайдын менчик ээлери төмөнкүдөй учурларда милдеттүү төгүмдөрдү жүргүзбөөгө жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башка чыгашаларын төлөбөөгө укуктуу:
1) эгерде турак жай менчик ээлеринин шериктиги 2026-жылдын 1-январынан тартып накталай эмес жол менен эсептешүүнү жүзөгө ашырбаса;
2) эгерде башкарманын мүчөлөрү өз иштери жөнүндө отчет бербесе жана Турак жай кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шериктиктин финансылык отчетун бербесе;
3) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин атынан башкарманын төрагасынын жеке максаттары үчүн бүтүмдөрдү түзсө;
4) милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнүн Турак жай кодексинин ченемдерине дал келбесе.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөсү же шериктикке кирбеген жайдын менчик ээси ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенден кийин төлөөлөрдү кайра баштоого жана милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
221-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жайларын жалдоочулардын (ижарачылардын) милдеттери
Турак жана турак эмес жайларды жалдоочулар, менчик ээлери болуп саналбаган жана алар тарабынан ыйгарым укук берилбеген ижарачылар шайлоо укугуна ээ эмес жана турак жай менчик ээлеринин шериктигин башкарууга катышууга укугу жок, бирок турак жай ээлеринин шериктиги үчүн жалпы эрежелерди сактоого милдеттүү.
Эгерде турак же турак эмес жайдын менчик ээси көп убакыттан бери жок болгон жана жалпы мүлктү сактоо боюнча милдеттенмени үч айдан ашык аткарбаган учурда, мындай милдеттер ижарага алынган турак жайда жашаган же башка турак эмес жайды ижарага алган адамдар тарабынан аткарылат. Мында жалпы мүлктү күтүүгө кеткен чыгашалар ижара акысынын эсебинен чыгарып салынат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай менчик ээлеринин шериктигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте методикалык, уюштуруучулук, техникалык, финансылык колдоо көрсөтүшөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эгерде жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болсо, жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн капиталдык же учурдагы оңдоого финансылык каражаттарды берүүгө укуктуу.
Шериктиктерге жергиликтүү маанидеги айрым маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте келишимдик негизде өткөрүп берилиши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2013-жылдын 12-июлундагы № 58 саны менен жарыяланды.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
"Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери (кондоминимумдар) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-октябрындагы № 77 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 12, 568-ст.);
"Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери (кондоминимумдар) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-октябрындагы № 78 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 12, 569-ст.);
"Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери (кондоминимумдар) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 17-ноябрындагы № 152 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 503-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |