Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 1-декабры № 196 (1)
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 19-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"альтернативдик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын диний ынанымдарын, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалоосун эске алуу менен мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү;";
б) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү - "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган милдеттерди аткарууга арналган мамлекеттик аскердик уюм;";
в) он экинчи абзацта "ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлери;" деген сөздөр алып салынсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу наряды - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын керектөөсүнө ылайык аныкталуучу, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырыла турган чакырылуучулардын саны;";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"коомдук пайдалуу жумуш - альтернативдик кызматтын кызматчысы тарабынан анын негизги жумушунан же окуусунан бош убактысында коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз жумушту аткаруусу, бул жумуштун түрү аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныкталат;";
2) 16-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чакыруу наряды аткарылгандыгына байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлбөгөн чакырылуучуларга карата мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечимдер жокко чыгарылат. Аларга ушул Мыйзамдын 32-беренесине ылайык альтернативдик кызмат өтөө укугу берилет. Мындай укукту пайдаланбаган чакырылуучулар кийинки чакырууда мөөнөттүү аскердик кызматка биринчи кезекте чакырылат.";
3) 21-берененин 5-бөлүгүндө "баштапкы аскердик жыйындардан," деген сөздөр алып салынсын;
4) 24-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"башка жарандыкка ээ болбогон Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек;";
5) 32-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ал аскердик кызматка жарактуу болуп, бирок чакыруу наряды аткарылгандыгына байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлбөсө жана коомдук пайдалуу жумушту аткарууга жазуу түрүндө каалоосун билдирсе.";
6) 3-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандардын альтернативдик кызматты өтөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Альтернативдик кызматты өтөө төмөндөгүлөрдү карайт:
үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылгандар үчүн - республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 180 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү;
диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн - кызмат өтөөнүн бүткүл мезгилинде 108 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумушту аткарууну жана республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 250 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү.
Ар бир квартал ичинде акчалай төгүмдүн жалпы көлөмүнүн алтыдан биринен кем эмеси төлөнүүгө жатат.
Альтернативдик кызматтын кызматчылары коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жөнөтүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тийиштүү аскер комиссариатына көрсөтүү үчүн альтернативдик кызматтын кызматчысына ал иштеген сааттардын саны жана жасаган жумуштары жөнүндө маалымкат берет.";
г) 5-бөлүктө:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"коомдук пайдалуу жумуштарды жана табигый кырсыктардын, эпидемиянын же башка чукул кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарды аткаруудан баш тартуу.";
алтынчы абзац "акча каражаттарын төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле белгиленген өлчөмдө коомдук пайдалуу жумуштарды аткарбаганда," деген сөздөр менен толукталсын;
д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жаран төмөнкүдөй учурларда альтернативдик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга жатат:
медициналык-социалдык эксперттик комиссия аны ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам деп тааныгандыгына байланыштуу;
аскердик-врачтык комиссия аны альтернативдик кызмат өтөөгө жарамдуу эмес деп таааныгандыгына байланыштуу;
белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөндүгүнө байланыштуу;
коомдук пайдалуу жумуштарды 108 саат аткаргандыгына жана белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөндүгүнө байланыштуу;
эгерде ал соттолсо.";
е) 7-бөлүктө "экинчи категориядагы аскер кызматчыларынын каттоосуна берилет жана" деген сөздөр алып салынсын;
6) 34-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"соттуулугу барлар соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан;";
7) 35-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"ички иштер маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасында) жана башка өлкөлөрдүн ушундай билим берүү уюмдарын бүтүргөндөр, ички иштер органдарынын бошотулгандар.";
8) 36-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Биринчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, чакыруучулардын мобилизациялык резервинде кызмат өтөгөн, альтернативдик кызматты үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча өтөгөн, баштапкы аскердик жыйындардан, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөн, ошондой эле ички иштер органдарынан бошотулгандан кийин ушул Мыйзамдын 35-беренесине ылайык запаска киргизилген аскерге милдеттүүлөр кирет.
Экинчи категориядагы запаска аскердик кызматты өтөбөгөн, альтернативдик кызматты үй-бүлөлүк эмес жагдайлары боюнча өтөгөн аскерге милдеттүүлөр кирет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |