Редакцияот 30.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 30-декабры № 223 (28)

2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

2017-жылдын 30-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишим ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссияга жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдары Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине карама-каршы келбеген бөлүгүндө, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин ченемдерин ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылар күчүнө киргене чейин колдонулары белгиленсин.

4-берене.

Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков