МыйзамКүчүндө

КР 2017-жылдын 30-декабрындагы № 223 (28) «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция30.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 30-декабры № 223 (28)

2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

2017-жылдын 30-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишим ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссияга жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдары Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине карама-каршы келбеген бөлүгүндө, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин ченемдерин ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылар күчүнө киргене чейин колдонулары белгиленсин.

4-берене.

Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков