Редакцияот 30.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 30-январы № 18

"Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 4-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 18-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-тиркемесинде:

а) "ЕАЭБ ТЭИ ТН коду" графасынын 37-пунктунда "4412 31 100 0; 4412 32 100 0" деген цифралар "4412 31 100 0; 4412 33 000 0; 4412 34 000 0" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) "ЕАЭБ ТЭИ ТН коду" графасынын 40-пунктунда "9406 00 200 0" деген цифралар "9406 10 900 0" деген цифраларга алмаштырылсын;

в) "ЕАЭБ ТЭИ ТН коду" графасынын 46-пунктунда "3917 22 100 0; 3917 22 900 0" деген цифралар "3917 22 100 0; 3917 22 900 9" деген цифраларга алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков