МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-январындагы № 18 «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция30.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 30-январы № 18

"Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 4-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 18-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-тиркемесинде:

а) "ЕАЭБ ТЭИ ТН коду" графасынын 37-пунктунда "4412 31 100 0; 4412 32 100 0" деген цифралар "4412 31 100 0; 4412 33 000 0; 4412 34 000 0" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) "ЕАЭБ ТЭИ ТН коду" графасынын 40-пунктунда "9406 00 200 0" деген цифралар "9406 10 900 0" деген цифраларга алмаштырылсын;

в) "ЕАЭБ ТЭИ ТН коду" графасынын 46-пунктунда "3917 22 100 0; 3917 22 900 0" деген цифралар "3917 22 100 0; 3917 22 900 9" деген цифраларга алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков