Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 6-апрели № 36
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 1-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 134-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) алтынчы абзацында "кыска мөөнөттүү" деген сөздөр "орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-берененин 8-бөлүгүндө:
а) "15-мартына чейин" деген сөздөр "31-мартынан кечиктирилбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "жана бюджеттин кирешесин үч жылдык мезгилге эсептөө үчүн негиз болуп саналат (СПБ)" деген сөздөр алып салынсын;
3) 3-берененин 1-бөлүгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн мурда "экономикалык болжолдоо боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 4-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "1. Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргызстан элине, Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө карата кайрылууларында аныктаган" деген сөздөр "программалык документтерде аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "Социалдык-экономикалык" деген сөздөр "2. Социалдык-экономикалык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 5-беренеде:
а) 1-бөлүгү "министрликтер," деген сөздөн кийин "мамлекеттик комитеттер, ведомстволор," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынды болжолу экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тармактык жана региондук болжолдордун негизинде түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн параметрлеринин болжолу учурдагы натыйжаларды баалоону, ички жана тышкы жаңы факторлорду/тобокелдиктерди табууну эске алуу менен, болжолдонгон мезгилдин ичинде кайра каралышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу келерки финансылык жылга жана кийинки эки болжолдонуучу жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык бюджеттеринин кирешелери боюнча болжолду даярдоо үчүн негиз болуп саналат.";
в) 5-бөлүгүндө "сентябрына" деген сөз "октябрына" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |