Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 20-февралы № 61
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо менен программалардын тутумдарынын максаттарын жана мазмунун аныктайт, көрсөтүлгөн болжолдоолорду жана программаларды иштеп чыгуунун жалпы тартибин жөнгө салат.
(Экинчи бөлүк КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоосу - бул алдыда боло турган мезгилге негизги болжолдоочу көрсөткүчтөрдү жана максаттуу багыттарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн багыттары, критерийлери, принциптери, максаттары жана артыкчылыктары тууралуу илимий негизделген көз караштардын тутуму.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо - мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-билим берүү, коммерциялык уюмдар жана мекемелер, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш 30 пайыздан ашыкты түзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн болжолдоону иштеп чыгуу процесси.
(Абзац КР 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн концепциясы - бул узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык максаттарынын жана милдеттеринин көрүнүшү.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы - мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын стратегиялык максаттары жана артыкчылыктары, эң маанилүү багыттары жана орто мөөнөткө көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруунун каражаттары тууралуу көз караштардын тутуму.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы - өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүү чараларынын комплекстүү тутуму жана орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилге коюлган максаттарга жетишүүнүн мамлекет тарабынан пландаштырылган натыйжалуу жолдору жана каражаттары.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
2-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолорунун тутуму
1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо тутуму - узак мөөнөттүү (10 жана андан көп жылга), орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин) жана кыска мөөнөттүү (1 жылга чейин) мезгилге өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган, өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы.
Мамлекеттик болжолдоо процесси иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо, оңдоп-түзөтүү кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын контролдоо боюнча чаралардын комплексин колдонуу аркылуу ишке ашырылат.
Мамлекеттик болжолдоо Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга, жарандардын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик бийлик органдарынын жана өлкөнү өнүктүрүү процессинин башка катышуучуларынын иш-аракеттерин камтыйт.
Мамлекеттик болжолдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- он жана андан көп жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү болжолу, беш жылда бир жолу оңдоп түзөтүлөт;
- үч жылдан беш жылга чейинки Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү болжолу, жыл сайын оңдоп-түзөтүлөт;
- келерки жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү болжолу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү келечекке мамлекеттик болжолдоолорун (мындан ары - социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү болжолдоо) иштеп чыгуу тартибин аныктайт.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоосу тиешелүү мезгилге, ошондой эле болжолдонулуучу келерки бюджеттик жылга жана кийинки эки жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп эсептелет.
3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору Кыргыз Республикасынын демографиялык, интеллектуалдык абалын, илимий-техникалык күч-кубатын, топтолгон улуттук байлыгын, социалдык саясатын, тышкы абалын, жаратылыш ресурстарынын абалын жана көрсөтүлгөн факторлордун өзгөрүүсүнүн келечегин комплекстүү талдоо менен иштеп чыгарылат.
4. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору жалпы республика, экономиканын тармактары жана секторлору, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча иштелип чыгарылат.
5. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору ички жана тышкы саясий, экономикалык, социалдык жана башка факторлордун таасир этүү мүмкүндүгүн эске алган ар кандай варианттарда иштелип чыгат.
Социалдык-экономикалык өнүгүүнү болжолдоолор өзүнө макроэкономикалык кырдаалдын, экономикалык саясаттын, илимий-техникалык өнүгүүнүн, тышкы экономикалык иштин, ИДПнын өсүү жана керектөө динамикасынын, жашоо деңгээлинин жана анын сапатынын, экологиялык кырдаалдын, социалдык түзүмдүн, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу тутумдардын сандык көрсөткүчтөрүн жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн камтыйт.
7. (Биринчи абзац КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Экинчи абзац КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү болжолдоолорунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн варианттары такталат, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мүмкүн болгон максаттары, көрсөтүлгөн максаттарга жетүүнүн жолдору жана каражаттары аныкталат.
8. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдонгон параметрлери Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик болжолдуу багыттары болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан болжолдонуучу мезгилге келерки жылдын 31-мартынан кечиктирилбестен бекитилет.
9. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолору жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору
1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган координациялаган учурда жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик болжолдоолордун катышуучулары болуп аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-билим берүүчү, коммерциялык уюмдар жана мекемелер, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 30%дан ашыгын түзгөн чарбакер субъекттер эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоонун натыйжалары социалдык-экономикалык концепцияларды, стратегияларды жана программаларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Өкмөтү, аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштеп чыгууда жана кабыл алууда колдонулат.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
4-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолордун мазмуну
1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоолорунда төмөндөгүлөр чагылдырылышы керек:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өткөн мезгилдеги жыйынтыктарын баалоо жана Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы экономикасынын абалын мүнөздөө, анын ичинде экономиканын өнүгүшү үчүн тоскоол болуучу мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана коркунучтарды талдоо;
- макроэкономикалык саясаттын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана келечек мезгилге экономиканын өсүшүн көбөйтүү боюнча аракеттерин чагылдыруучу бюджеттик-салыктык, акча-кредиттик жана валюта саясатынын негизги багыттары жана программалык документтерде аныкталган өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясына жана артыкчылыктарына тийиштүү негизги багыттары;
- экономиканын стратегиялык тармактарында түзүмдүк реформалардын келечеги жана багыттары;
- тышкы экономикалык саясаттын негизги багыттары;
- инвестициялык саясатты өнүктүрүүнүн келечеги;
- экономиканын реалдуу секторун, анын ичинде өнөр жайын, айыл чарбасын, курулушту жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн мүнөздүү тенденциялары жана келечеги;
- келерки мезгилге социалдык саясаттын негизги багыттары;
- Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүнүн саясаты;
- инновациялык саясат;
- ишкердикти өнүктүрүү саясаты;
- экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору болжолдонуучу негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана аларга жетишүүнү камсыз кылуунун чараларын камтышы керек.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
5-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоону берүү, кароо жана бекитүү тартиби
1. Болжолдогу үч жылдык мезгилден мурунку жылдын биринчи кварталында, бюджеттик каржылоо боюнча алдын ала контролдук цифраларды жана Кыргыз Республикасын республикалык жана жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген орто мөөнөттүк параметрлерин эске алуу менен тармактык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош мэриялары тарабынан өнүгүүнүн орто мөөнөттүк стратегиялары/программалары, колдонуудагы бюджеттик мыйзамдардын алкагында бюджеттик каржылоо боюнча контролдук цифраларды тактоонун андан аркы жол-жоболору менен иштелип чыгат.
2. Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынды болжолу экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тармактык жана региондук болжолдордун негизинде түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн параметрлеринин болжолу учурдагы натыйжаларды баалоону, ички жана тышкы жаңы факторлорду/тобокелдиктерди табууну эске алуу менен, болжолдонгон мезгилдин ичинде кайра каралышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу келерки финансылык жылга жана кийинки эки болжолдонуучу жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык бюджеттеринин кирешелери боюнча болжолду даярдоо үчүн негиз болуп саналат.
5. Болжолдонгон жылдан мурунку жылдын 1-октябрына чейин белгиленген тартипте бекитилген жыйынтыкталган болжол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлөт.
6. Берилген жыйынтыкталган болжолду кароонун тартиби келерки жылга республикалык бюджеттик долбоорун талкуулоо учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалына ай сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылышат жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маалыматтык-статистикалык маалыматтарды жарыялашат.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140, 2018-жылдын 6-апрелиндеги N 36 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
6-берене. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору үчүн маалыматтарды так жана өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоолору үчүн маалымат берген аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, мамлекеттин катышуусу бар юридикалык жактар, коомдук, илимий жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты так жана аны өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик тартылышат.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө төмөндөгүлөрдү:
- ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |