Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 3-майы № 45
"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 29-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 129-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына карата мүлктүк укуктар
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына карата мүлктүк укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта башкасы белгиленбесе, Кыргыз Республикасына таандык болот, анын атынан мамлекеттик заказчы иш жүргүзөт.
Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын авторуна сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык, мүлктүк укуктарды алган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана өлчөмү автор менен укук ээсинин ортосундагы келишимде белгиленет.";
2) 14-статьянын 6-бөлүгүндө "алты" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |