Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 17-марты № 62
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
1-берене.
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья "чыгармаларын (автордук укук)" деген сөздөрдөн кийин ", электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-статьянын 1-бөлүгүндө ", Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан" деген сөздөр алып салынсын;
3) 3-статьяда:
а) 1-бөлүктө "Кыргызпатент" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган автордук жана чектеш укук мамилелери чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырат, илим, адабият жана искусство жаатында чыгармачылыкты өнүктүрүү, авторлордун жана чектеш укуктардын ээлеринин толук укуктуулугун, анын ичинде сотко кайрылууга, автордук укуктарды пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү укуктарын ишке ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө көмөктөшөт, ошондой эле автордук сый акыны чогултууну жана төлөп берүүнү жүзөгө ашырат.";
- экинчи абзацта "Кыргызпатенттин" деген сөз "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүктө "Кыргызпатент" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөн терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) автор - чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан жеке жак;
2) аудиовизуалдык чыгарма - тийиштүү техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен көрүүгө жана угууга (үн менен коштолгон учурда) арналган кадрлардын өз ара байланышкан (үн менен коштолгон же коштолбогон) белгиленген сериясынан турган чыгарма; аудиовизуалдык чыгармалар кинематографиялык чыгармаларды жана кинематографиялык каражаттарга окшош каражаттар аркылуу көрсөтүлгөн бардык чыгармаларды (теле- жана видеофильмдер, диафильмдер менен слайд-фильмдер жана ушул сыяктуу чыгармалар) алардын алгачкы же андан кийинки түшүрүлгөн ыкмаларына карабастан, өзүнө камтыйт;
3) маалыматтар базасы - маалыматтардын (макалалардын, эсептөөлөрдүн жана ушул сыяктуулардын) жыйындысын электрондук эсептөө машинасынын (мындан ары - ЭЭМ) жардамы аркылуу бул маалыматтар табылгыдай жана иштетилгидей түрдө иретке келтирилген берүүнүн жана уюштуруунун объективдүү формасы;
4) бенефициар - төмөнкүдөй адам:
а) азиз болуп саналган;
б) көрүүсү бузулган же болбосо тексттик чыгарманы көрүп кабыл алуу кудуретинин бузулушу же чектелүүсү жок болгон адамдын көрүү функциясына көрүү функциясына эквиваленттүү боло турган өлчөмдө оңдоого мүмкүн болбогон көрүп кабыл алуу же окуу жөндөмдүүлүгү чектелген;
в) кандайдыр-бир дарттардын өзгөчөлүктөрүнөн улам китепти пайдалана албаган же аны пайдалануу абалында болбогон же болбосо кайсы гана болбосун башка бузулууларга карабастан китеп окуу үчүн адатта алгылыктуу даражада көзүн бир жерге токтото албаган же көздөрүн кыймылдата албаган;
5) чыгарманы кайра чыгаруу - чыгарманын же анын бир бөлүгүнүн бир же андан ашык нускаларын кандай гана болбосун материалдык формада, анын ичинде үн жана видео жазуу түрүндө даярдоо, эки өлчөмдүү чыгарманын бир же андан көп нускасын үч өлчөмдө жана үч өлчөмдүү чыгарманын бир же андан көп нускасын эки өлчөмдө даярдоо; чыгарманы ЭЭМдин эстутумуна жазуу да кайра чыгаруу болуп саналат;
6) фонограмманы кайра чыгаруу - фонограмманын же анын бир бөлүгүнүн бир же андан көп нускасын ар кандай материалдык алып жүрүүчүдө даярдоо;
7) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын кайра чыгаруу - ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын бир же андан көп нускасын ар кандай материалдык формада даярдоо, ошондой эле аларды ЭЭМдин эстутумуна жазуу;
8) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын жарыкка чыгаруу (жарыялоо) - ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын нускаларын жактардын белгисиз чөйрөсүнө автордун макулдугу менен (анын ичинде ЭЭМдин эстутумуна жазуу жана басма текстти чыгаруу жолу менен) берүү;
9) ЭЭМ үчүн программаны декомпиляциялоо - ЭЭМ үчүн программанын түзүмүн изилдөө жана код коюу максатында объекттик кодду баштапкы текстке өзгөртүп түзүүнү камтуучу техникалык ыкма;
10) жазуу - техникалык каражаттардын жардамы менен үндөрдү жана (же) сүрөттөрдү бир нече жолу кабылдоону, кайра көчүрүүнү же кабарлоону жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү кандайдыр-бир материалдык формада белгилөө;
11) аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу - аудиовизуалдык чыгарманы даярдап чыгаруу үчүн демилгени жана жоопкерчиликти өзүнө алган жеке же юридикалык жак, мында ушул жак аны иш жүзүндө даярдоого, же болбосо ага заказ берип, анын чыгарылышын төлөп берүүгө тийиш; башка далилдер болбосо ал чыгармада ысымы же аталышы демейки түрдө көрсөтүлгөн жеке же юридикалык жак аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу болуп саналат;
12) укуктарды башкаруу жөнүндө маалымат - автордун, чектеш укук ээсинин же кайсы болбосун башка укук ээсинин ушул Мыйзам менен корголуучу чыгармасын же чектеш укуктар объектин бирдейлештирүүчү, укук ээлери тарабынан берилген кайсы болбосун маалымат же болбосо чыгарманын же чектеш укуктар объектинин нускасында камтылган, мындай чыгарманы же чектеш укуктардын объектин жалпыга жеткирүү үчүн кабарлоого байланыштуу ага тиркелген же пайда болгон чыгарманы же башка чектеш укуктардын объектин пайдалануунун шарттары жөнүндө маалымат, ошондой эле ушундай маалымат камтылган кайсы болбосун цифралар жана коддор;
13) аткаруу - чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюуларды оюн, декламация, ыр, бий аркылуу түздөн-түз аткаруу же техникалык каражаттардын (телерадиоберүүлөр, кабелдик телекөрсөтүү жана башка техникалык каражаттар) жардамы менен көрсөтүү; аудиовизуалдык чыгармалардын кадрларын алардын өз ыраатында (үн менен коштоп же коштобостон) көрсөтүү;
14) аткаруучу - актер, ырчы, музыкант, бийчи же роль аткарган, ырдаган, музыкалык аспапта ойногон же адабият же искусство чыгармаларын (анын ичинде эстрада, цирк же куурчак номерлерин) башкача түрдө аткаруучу башка адам, ошондой эле спектаклдин оюн коюучу режиссеру жана дирижеру;
15) баштапкы текст - кандайдыр-бир компилятор менен кайра иштетүүгө дуушар болбогон, кайсы тилде болбосун программалоонун жазылган тексти;
16) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу - аларды жарыкка чыгаруу, кайра чыгаруу, таратуу жана чарбалык жүгүртүүгө (анын ичинде модификациялык формада) киргизүү боюнча башка аракеттер. Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан ЭЭМ үчүн программада же маалыматтар базасында жарыкка чыгарылган билдирүүлөр жөнүндө берүүсү ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу деп таанылбайт;
17) контрафактылык нускалар - даярдалышы жана таратылышы автордук укукту жана чектеш укуктарды бузууга алып келүүчү чыгарманын же фонограмманын нускалары, ошондой эле ушул чыгармалар эч качан корголбогон же корголбой калган өлкөлөрдөн автордук укуктун жана чектеш укуктардын ээлеринин уруксатысыз Кыргыз Республикасына импорттолуп жаткан, Кыргыз Республикасында ушул Мыйзамга ылайык корголуучу чыгармалардын жана фонограммалардын нускалары;
18) ЭЭМ үчүн программаны компиляциялоо - ЭЭМ үчүн программанын түзүмүн изилдөө жана ага код коюу максатында баштапкы текстти объекттик кодго өзгөртүп түзүүнү камтуучу техникалык ыкма;
19) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын модификациялоо (кайра иштеп чыгуу) - алардын ыңгайлаштыруу болуп саналбаган кандай болбосун өзгөрүүлөрү;
20) автордук жана (же) чектеш укуктардын ээси - автор же аткаруучу мүлктүк укуктарга ээ болгон учурларда, автор же аткаруучу;
а) мүлктүк укуктар өткөрүлүп берилген жеке же юридикалык жак;
б) алгач мүлктүк укуктарга жеке же юридикалык жак ээ болгон учурларда автордон же аткаруучудан башка жеке жак же юридикалык жак;
21) чыгарманы жалпыга жарыялоо - автордун макулдугу менен чыгарманы жарыялоо, жалпыга көрсөтүү, эл алдында аткаруу, эфирде берүү аркылуу же башка жол менен жалпыга маалым кылуу үчүн ишке ашырылган алгачкы ирет жалпы элге жеткирүү аракети;
22) жарыялоо (жарыкка чыгаруу) - жалпы элдин муктаждыгын канааттандыруу үчүн чыгарманын авторунун, фонограмманы чыгаруучунун макулдугу менен чыгарманын, фонограмманын нускаларын жарыкка чыгаруу. Жарыкка чыгаруу деп ошондой эле чыгармага, фонограммага электрондук маалымат системалары аркылуу жетүү мүмкүнчүлүгү түшүнүлөт;
23) объекттик код - баштапкы текстти машиналык кодго өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында алынган программа;
24) эфирге берүү - чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн аларды радио же телекөрсөтүү (кабелдик телекөрсөтүүнү кошпогондо) аркылуу жалпыга маалымдоо (анын ичинде көрсөтүү же аткаруу) үчүн кабарлоо. Чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн эфирге спутник аркылуу бергенде эфирге берүү деп жердеги станциянын сигналдарын спутникке кабыл алуу жана сигналдары спутниктен берүү түшүнүлөт, алар аркылуу чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү эл аларды иш жүзүндө кабыл алган-албаганына карабастан жалпыга жеткирилиши мүмкүн;
25) эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүсү - эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмунун өзү тарабынан, ошондой эле анын буюртмасы боюнча анын каражатынын эсебинен башка уюмдар тарабынан түзүлгөн берүү;
26) чыгарманы көрсөтүү - чыгарманын түп нускасын же нускасын түздөн-түз же экранда пленканын, диапозитивдин, телекөрсөтүү кадрынын же башка техникалык каражаттардын жардамы менен көрсөтүү, ошондой эле аудиовизуалдык чыгарманын айрым кадрларын алардын ырааттуулугун сактабастан көрсөтүү;
27) автордук жана (же) чектеш укуктарды пайдалануучулар - автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдаланып жаткан ар кандай жеке жана юридикалык жактар;
28) кийин эфирге берүү - мурда эфирге берилген чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн кийин эфирге берүү;
29) ЭЭМ үчүн программа - белгилүү максатка же натыйжага жетишүү үчүн ЭЭМдин жана башка компьютердик түзүлүштөрдүн иштешине арналган, сөздөр, цифралар, коддор, символдор, белгилер же кандайдыр-бир башка форма аркылуу туюнтулган нускамалардын же эрежелердин жыйындысы;
30) декоративдик-колдонмо искусствонун чыгармасы - көркөм өнөр чыгармасын же өнөр жай ыкмасы менен даярдалган чыгарманы кошо эсептегенде, практикалык пайдалануу буюмдарына көчүрүлгөн эки өлчөмдүү же үч өлчөмдүү искусство чыгармасы;
31) фонограмманы өндүрүүчү - аткаруунун же башка үндөрдүн алгачкы ирет добушун жазып алуу үчүн демилгени жана жоопкерчиликти өзүнө алган жеке же юридикалык жак, мында ушул жак аны жеке өзү даярдоого же ага заказ берүүгө жана аны даярдоо үчүн акы төлөөгө тийиш; башкасынын далилдери жок болсо, аты же аталышы ошол фонограммада жана (же) ал салынган кутуда демейки ыкма менен белгиленген жеке же юридикалык жак фонограмманы өндүрүүчү катары таанылат;
32) туунду чыгарма - башка чыгармага негизделген интеллектуалдык чыгармачылыктын продуктусу (котормо, адаптация, инсценировка, кайра түзүү ж.б.);
33) жалпыга көрсөтүү, жалпыга жеткирүү үчүн ачык аткаруу же кабарлоо - эркин кирүү үчүн ачык жерлерде же үй-бүлөнүн демейки чөйрөсүнө таандык болбогон кыйла сандагы адамдар катышкан жерлерде чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрү аларды кабарлап жаткан жерде же ошол эле мезгилде чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик жана кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрү башка бир жерде кабыл алынып жатканына же жоктугуна карабастан түздөн-түз же техникалык каражаттардын жардамы аркылуу ар кандай көрсөтүү, аткаруу же кабарлоо;
34) спектаклди коюучу режиссер - театр, цирк, куурчак, эстрада же башка спектаклди (оюнду) коюуну ишке ашыруучу адам;
35) репродукциялоо (репрографиялык кайра чыгаруу) - фото көчүрмөлөө аркылуу же басып чыгаруудан башка техникалык каражаттардын жардамы менен жазма жана башка графикалык чыгармалардын түп нускаларынын же көчүрмөлөрүнүн бир же андан ашык нускаларын ар кандай өлчөмдө жана формада факсимилдик кайра чыгаруу; репрографиялык кайра чыгаруу көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү электрондук (анын ичинде санариптик), оптикалык же машина окуй турган формасында сактоону же кайра чыгарууну өзүнө камтыбайт;
36) ретрансляция - бир көрсөтүү уюмунун берүүсүн башка көрсөтүү уюму тарабынан бир эле мезгилде эфирге (кабель боюнча) берүүсү;
37) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын таратуу - ар кандай материалдык формада кайра чыгарылган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына жетүү мүмкүндүгүн берүү, анын ичинде тармактык жана башка ыкмалар менен, ошондой эле сатуу, прокат, жалдоого тапшыруу, карызга берүү жолдору менен берүү, анын ичинде ар кандай ушундай максаттар үчүн импорттоо;
38) автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттары - чыгармаларга же чектеш укуктардын объекттерине жетүүнү контролдоочу, автор, чектеш укуктардын ээси же ушул Мыйзамга ылайык корголуучу чыгармага же чектеш укуктардын объектине карата өзгөчө укуктардын башка ээси тарабынан уруксат берилбеген аракеттерди жүзөгө ашырууну болтурбоочу же чектөөчү ар кандай натыйжалуу техникалык түзүлүштөр же алардын компоненттери;
39) прокатка (жалдоого) тапшыруу - түз же кыйыр коммерциялык пайда алуу максатында чыгарманын же фонограмманын нускасын убактылуу пайдаланууга берүү;
40) билдирүү - чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү жалпы эл тарабынан иш жүзүндө аларды кабылдоого карабастан, алар аркылуу угууга жана (же) көрүүгө жеткиликтүү болуп кала турган (чыгарманын же фонограмманын нускаларын таратууну кошпогондо) көрсөтүү, аткаруу, эфирге берүү же башка аракеттерди жасоо;
41) кабель аркылуу жалпыга жеткирүү үчүн билдирүү - кабелдин, зымдын, оптикалык буланын же ушуларга окшош каражаттардын жардамы менен чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн жалпыга жеткирүү үчүн билдирүү;
42) фонограмма - аткаруулардын же башка үндөрдүн ар кандай материалдык алып жүрүүчүдө кабылданышы, кайра чыгарылышы мүмкүн болгон ар кандай бир гана үн жазмасы;
43) чыгарманын нускасы - чыгарманын ар кандай материалдык формада даярдалган көчүрмөсү;
44) фонограмманын нускасы - фонограммадан түздөн-түз же кыйыр түрдө даярдалган жана ошол фонограммада жазылган үндөрдүн бардыгын же үндөрдүн бир бөлүгүн камтыган фонограмманын ар кандай материалдык алып жүрүүчүдөгү көчүрмөсү;
45) ыйгарым укуктуу уюм - бенефициарларга билим берүү, кесиптик окутуу, адаптациялык окуу же маалыматка жетүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү пайда албастан көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген уюм. Ыйгарым укуктуу уюмга өз ишинин негизги түрлөрүнүн бири катары ушуга окшош кызмат көрсөтүүлөрүн бенефициарларга берүү жагынан иш жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдар да кирет;
46) жеткиликтүү форматтагы нуска - бенефициардын чыгармага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган, анын ичинде көрүүсү бузулбаган же басылма маалыматты кабылдоо кудурети башкача чектелбеген адам сыяктуу эле ага реалдуу жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүндүк берген чыгарманын альтернативалык түрдөгү же формадагы нускасы.";
5) 5-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"материалдык алып жүрүүчүсүнө, арналышына жана артыкчылыгына карабастан объективдүү формада берилген, жарыкка чыгарылган, ошондой эле жарыкка чыгарылбаган ЭЭМ үчүн ар кандай программаларга же маалыматтар базаларына.";
6) 7-статьяда:
а) 1-бөлүктүн он үчүнчү абзацы "системалар" деген сөздөн кийин ", маалыматтар базалары" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 21-бөлүктө:
- бөлүк "программалар" деген сөздөн кийин "жана маалыматтар базалары" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Маалыматтар базалары алар негизделген же алар камтыган маалыматтар автордук укуктун объекттери болуп саналганына же жоктугуна карабастан корголот.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-бөлүк менен толукталсын:
"22. Ушул Мыйзамда берилүүчү укуктук коргоо ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын же алардын кандайдыр-бир элементинин негизинде турган идеяларга жана принциптерге, анын ичинде интерфейсти жана алгоритмди уюштуруу идеяларына жана принциптерине, ошондой эле программалоо тилдерине жайылтылбайт.";
г) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Маалыматтар базаларына жыйнактарга берилгендей укуктук коргоо берилет.";
7) 8-статьянын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 9-статьяда:
а) ар кандай жөндөмө формаларындагы "Кыргызпатент" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын бардык мүлктүк укуктарынын автору же башка ээси (укук ээси) автордук укукту колдонуу мөөнөтүнүн ичинде өз каалоосу боюнча түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүү аркылуу ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын каттай алат. Өтүнмө берүүнүн жана каттоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
9) 16-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын жарыкка чыгарууну;
ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын модификациялоону, анын ичинде ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын бир тилден башка тилге которууну;";
10) 19-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын нускасына толук укуктуу ээ болгон жак ЭЭМ үчүн программанын ар кандай элементинин негизинде турган идеяларды жана принциптерди аныктоо максатында автордун же башка укук ээсинин макулдугусуз жана кошумча сый акы төлөбөстөн 25-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу аркылуу ушундай программанын иштешин үйрөнүүгө, изилдөөгө же сыноого укуктуу.";
11) 26-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 28-статьянын 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 29-статьянын үчүнчү абзацында "Кыргызпатент" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 30-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктар башка жеке же юридикалык жактарга төмөнкүчө өткөрүп берилиши мүмкүн:
1) толугу менен - ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим боюнча;
2) жарым-жартылай - лицензиялык келишим боюнча.";
15) 31-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 311-статья менен толукталсын:
"311-статья. ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим. Лицензиялык келишим
1. Чыгармага өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим боюнча автор же башка укук ээси чыгармага өзүнө таандык болгон өзгөчө укугун бул укукту алуучуга толугу менен өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет.
2. Лицензиялык келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөнкүдөй шарттарды камтууга тийиш:
1) өткөрүп берүүчү укуктардын көлөмүн жана ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу ыкмасын;
2) сый акы төлөө тартибин жана өлчөмүн;
3) пайдалануу аймагын;
4) келишимдин колдонулушунун мөөнөтүн.
3. Мүлктүк укуктардан ажыратуу жөнүндө келишим же ЭЭМ үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган программага же маалыматтар базасына лицензиялык келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим тараптардын макулдашуусу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы мүмкүн.";
17) 32-статьянын 3-бөлүгүндө ар кандай жөндөмө формаларындагы "Кыргызпатент" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 37-статьянын 8-бөлүгүндө "Кыргызпатентте" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 38-статьянын 5-бөлүгүндө "Кыргызпатентте" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 39-статьянын 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Кыргызпатент" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 44-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Кыргызпатенттин" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 45-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "Кыргызпатентте" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 46-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 47-статьяда ар кандай жөндөмө формаларындагы "Кыргызпатент" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 48-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48-статья. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу
Ушул Мыйзамда каралган автордук жана чектеш укуктарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, кылмыш-жаза жана башка жоопкерчилик келип чыгат.".
2-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 129-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын 4-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 5, 212-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы № 58 Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 499-ст.);
4) "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 26 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 28-ст.);
5) "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-декабрындагы № 205 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 973-ст.);
6) "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 3-майындагы № 45 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 278-ст.);
7) "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2020-жылдын 27-марты, № 31).
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 8-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |