Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 22-майы № 52
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 19-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
7-статьяда:
а) 2-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацында "(акциялардын пакетине)" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү тартиби мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков |