МыйзамКүчүндө

КРнын 2018-жылдын 22-майындагы № 52 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция22.05.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 22-майы № 52

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 19-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

7-статьяда:

а) 2-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацында "(акциялардын пакетине)" деген сөздөр алып салынсын;

б) 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү тартиби мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков