Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 22-майы № 53

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 12-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-статья.

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) 1-бөлүгүндө "теле көрсөтүү жана радио уктуруу" деген сөздөр "телерадиоканалдар" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүгүндө "телеканалды, радиоканалды берүү (телекөрсөтүү, радио берүү), тиешелүүлүгүнө жараша телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы, радиопрограмманы берүү" деген сөздөр "телерадио берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Телерадио уюмдарынын массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын граждандарына жана (же) телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу массалык маалымат каражаттарына ээлик кылган юридикалык жактын уставдык капиталындагы акцияларынын (үлүштөрүнүн) кеминде 65 пайызына чет элдик катышуусу жок юридикалык жактарга таандык болгон учурда гана түзүлүшү жана өз ишин жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";

3) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6-статья. Массалык маалымат каражаттарын каттоо

Массалык маалымат каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо (мындан ары - каттоо) массалык маалымат каражаттарын түзүү, кайра каттоо жана ишинин токтотулушу жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү аркылуу 10 жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

Массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Массалык маалымат каражаттарын жайылтууга ал катталгандан кийин жол берилет.

Массалык маалымат каражаттарын каттоодон негизсиз баш тартуу же аны кечиктирүү административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.".

4) 7-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

2-статья.

1. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков