КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 29-июну № 63
2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2014-жылдын 20-мартындагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан
кабыл алынган
1-берене.
2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2014-жылдын 20-мартындагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн № 1 кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |