Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 29-июнундагы N 63 Мыйзамы менен ратификацияланды
2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. Фаза IV" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 КОШУМЧА МАКУЛДАШУУСУ
2018-жылдын 14-июну
ЕВРАЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ, 2006-жылдын 12-январында Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын ортосунда түзүлгөн Евразия өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө Макулдашуунун негизинде түзүлгөн жана өзүнүн ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган, Казакстан Республикасы, Алматы ш., 050051, Достык пр., 220 дареги боюнча жайгашкан, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарын Башкаруучу болуп саналган жана 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Келишимди, 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө Макулдашууну жана 2016-жылдын 23-сентябрындагы, № 28 протоколун, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Кеңешинин чечимин жетекчиликке алуу менен, анын катышуучуларынын атынан жана тапшырыгы боюнча чыгуучу, эл аралык уюм, мындан ары "Башкаруучу" деп аталат,
жана КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ, мындан ары "Алуучу" деп аталат,
төмөндөгүлөр жөнүндө 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. Фаза IV" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга ушул № 1 Кошумча макулдашуусун түзүштү (мындан ары - № 1 Кошумча макулдашуусу):
1. № 1 Кошумча Макулдашууда колдонулган терминдер жана аныктамалар, Макулдашууда колдонулган маанилерге ээ болот.
2. Макулдашуунун 3-беренесинин 3.1-пунктунда:
2.1. "3.01 Бөлүмдүн (б), г), д) пунктулары колдонулбайт)" деген сөздөр "3.01 Бөлүмдүн (г), д) пунктулары колдонулбайт)" деген сөздөр менен алмаштырылат.
2.2. Төмөнкү мазмундагы пункттар менен толукталынат:
Макулдашуунун максаттары үчүн Стандарттык жоболордун 3.01-бөлүмүнүн "б") пунктун өзгөртүү максатында, Резервдөө үчүн Комиссия Макулдашуунун 4-беренесинин 4.1-пунктунун л)-пунктчасына ылайык Алуучу тарабынан кабыл алынган жана макулдашылган Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планда (мындан ары - иш-чаралар планы) белгиленген мөөнөттө колдонулбаган Инвестициялык кредиттин суммасына эсептелинет иш- чаралар планына ылайык тийиштүү сумма пайдаланыла турган күндөн баштап, аны менен кошо, көрсөтүлгөн сумманын иш жүзүндө колдонуу датасы менен аяктап, аны камтыбоо менен, деп белгиленет.
Резервдөө үчүн комиссияны төлөө датасына 5 жумушчу күн калганга чейин иш-чаралар планы жеткиликтүү эмес болсо (тийиштүү түрдө бекитилген эмес, Башкаруучунун макулдугусуз жокко чыгарылган, өзгөртүлгөн, убактылуу токтотулган, же кандайдыр бир себептер менен туура эмес), Резервдөө үчүн комиссия Инвестициялык кредиттин бүтүн пайдаланбаган суммасына эсептелет бардык көрсөтүлгөн окуялардын келип чыгуу датасынан баштап, аны камтып, жана тийиштүү окуянын токтотулган датасы менен аяктап, аны камтыбоо менен. Иш-чаралардын планы Резервдөө үчүн комиссиясы төлөнө турган биринчи күнүнө карата тиешелүү түрдө бекитилбеген болсо, Инвестициялык кредиттин бүтүн пайдаланбаган суммасына Резервдөө үчүн комиссиясын эсептөөсү башталган датасы Келишимдин Резервдөө үчүн комиссияга тиешелүү 3.1-пункту күчүнө кирген датасы болуп саналат".
3. Келишимдин 4-беренесинин 4.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "л)" пунктчасы менен толукталсын:
"л) Алуучунун инвестициялык насыя каражаттарын пайдалануунун графигин камтыган, алдын ала Башкаруучу менен макулдашылган, Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитүү жана ишке ашыруу. Алдын ала Башкаруучу менен макулдашылбастан, иш чаралардын планын өзгөртүү, токтотуу же жокко чыгаруу мүмкүн эмес.
4. Макулдашуунун № 2 Тиркемесинин "Резервдөө үчүн комиссия" бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чен: 0,5 (нөл бүтүн ондон беш) жылдык пайыз.
Резервдөө үчүн комиссияны төлөө датасы: Жарым жылдык төлөмдөр, ар бир жылдын 30-мартында жана 30-сентябрында, Келишимдин 3.1-пунктунун Резервдөө үчүн комиссия бөлүгүнүн күчүнө кирүү күнүнөн кийинки жакынкы даталардан баштап жана насыянын жеткиликтүүлүгү мөөнөтү бүткөндөн кийинки көрсөтүлгөн эң жакынкы даталарына чейин".
Резервдөө үчүн комиссия Макулдашуунун 3.1-пунктуна, Стандарттык шарттардын 3.01-бөлүгүнүн "б" пунктуна ылайык эсептелет жана төлөнөт.
5. Ушул № 1 кошумча макулдашуу, 14-июнда 2018-жылы орус тилинде бирдей юридикалык күчкө ээ, Башкаруучу жана Алуучу үчүн бирден, эки нускада кол коюлду.
6. Ушул № 1 кошумча макулдашуу, Макулдашуунун 8.4-пунктуна ылайык күчүнө кирет жана күчүнө киргенден кийин Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
Алуучу үчүн |
| Башкаруучу үчүн |
|
|
|
_________________________ |
| Бельянинов А.Ю. Башкармалыктын төрагасы |