Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150

Мыйзамына ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 30-июну № 64

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2018-жылдын

24-майында   

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

 

                                                                                                  

1-берене.

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1-статья.

Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн багытталган жана үрөн чарбачылык, асыл тукум, эксперименталдык чарба жана айыл чарба кооперативдерин, товардык айыл чарба өндүрүшүн, коргоочу токой өстүрүү, багбанчылык, чарбакчылык, дачаларды жүргүзүү үчүн, илим-изилдөө, тажрыйба-селекциялык жана сорт сыноо жумуштарын өткөрүү үчүн, ошондой эле айыл чарба өндүрүшү менен байланыштуу башка максаттар үчүн пайдаланылуучу жерлер.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С. Жээнбеков