Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 26-июлу № 75
2017-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө
2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
2017-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG жана Гранттык макулдашууга (Грант № ТР 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (Дүйнөлүк банк) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-катынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |