МыйзамКүчүндө

КР 2018-жылдын 26-июлундагы № 75 «2017-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция26,07,2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 26-июлу № 75

2017-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө

2018-жылдын 28-июнунда                                                                                                  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2017-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG жана Гранттык макулдашууга (Грант № ТР 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каты ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (Дүйнөлүк банк) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-катынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков