КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-августу № 81
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-статьянын 5-бөлүгүндө:
а) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- автомобиль жана суу транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- жарандык авиация жаатындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |