МыйзамКүчүндө

КР 2018-жылдын 2-августундагы № 81 «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция02,08,2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 2-августу № 81

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 27-июнунда                                                                                      Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-статьянын 5-бөлүгүндө:

а) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- автомобиль жана суу транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;";

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- жарандык авиация жаатындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков