Загрузка документа…
Ушул Мыйзамдын 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 4-августу № 85
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2018-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
тарабынан кабыл алынган
1-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жарнактын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде адабий тилдин ченемдери (алфавит жана орфографиялык эрежелер) сакталууга тийиш.".
4-берене.
Ушул Мыйзамдын 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |