Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 28-октябры № 126
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин колдонууга киргизилсин.
2. Ушул Мыйзамда колдонууга киргизүүнүн башка мөөнөттөрү белгиленген жоболорду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин колдонууга киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин колдонууга киргизилсин.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги Кодекстин аталышындагы «Жазык-аткаруу» деген сөздөр «Жаза аткаруу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги Кодекстин бүткүл тексти боюнча:
– ар кандай жөндөмө формаларындагы «жазык-аткаруу» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «жаза аткаруу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– ар кандай жөндөмө формаларындагы «жазыктык-укуктук» жана «жазык-укуктук» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «кылмыш-жаза укуктук» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– ар кандай жөндөмө формаларындагы «коомдук жумуштар» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «коомдук иштер» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 1-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 2-беренеде:
а) 9-пункттагы «ыктыярдуу» деген сөз алып салынсын;
б) 10, 11 жана 12-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10) пробация органы – коомдон обочолотуу менен байланышпаган кылмыштык жазалардын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын, социалдык-укуктук иш-милдеттерин аткаруу менен жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарды көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
11) пробациялык көзөмөл – сот тарабынан соттолгондорго жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын жана пробациялык милдеттердин аткарылышын контролдоону мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашыруу боюнча пробация органынын иши;
12) гауптвахта – бул кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, ошондой эле аларга карата сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган аскер кызматчыларын жаза аткаруу мыйзамдарынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган обочолонгон шартта кармоо үчүн атайын жабдылган орун жай;»;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
«15) электрондук көзөмөл – сот тарабынан пробация кардарларына жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын сакталышына жана пробациялык милдеттердин аткарылышына электрондук-техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен пробация органы жүзөгө ашыруучу көзөмөл.»;
5) 3-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы «жана жоруктарды» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы «кылмыштар менен жоруктардын» деген сөздөр «кылмыштардын» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде (мындан ары – Кылмыш-жаза кодекси) каралган жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жалпы жоболорун жана принциптерин;»;
6) 6-берененин 2-бөлүгүндөгү «же жорук» деген сөздөр алып салынсын;
7) 12-беренедеги «же жорук» деген сөздөр алып салынсын;
8) расмий тилдеги тексттин 13-беренесиндеги «или проступком» деген сөздөр алып салынсын;
9) 15-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Соттолгондор Конституцияда, Кылмыш-жаза кодексинде, ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген укуктарга, эркиндиктерге ээ жана чектөөлөрү бар милдеттерди аткарышат.»;
10) 27-берененин 1-бөлүгүндөгү «же жорук» деген сөздөр алып салынсын;
11) 30-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кылмыш жасаганы үчүн дайындалган айып түрүндөгү жаза мажбурлап аткаруучу органдар тарабынан соттолгондун жашаган жери (иш жүзүндө жашаган жери) боюнча аткарылат.
2. Коомдук иштер, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө жана балдарга карата тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары түрүндөгү жазалар жүрүм-турумун эскертүү менен чектөө түрүндө соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органдары тарабынан аткарылат.»;
б) 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 8 жана 9-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулган адамдар, ошондой эле жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган жана жазасын өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар пробация органдарынын көзөмөлү астында турат.
9. Мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жаза жана материалдык чыгым менен моралдык зыяндын ордун толтуруу түрүндөгү кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүү чарасы соттолгондун жашаган (иш жүзүндө жашаган) же иштеген жери, анын мүлкү турган же киреше алуучу жери боюнча мажбурлап аткаруучу органдар тарабынан аткарылат.»;
г) 10-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 11-бөлүгүндөгү «Жашы жетелектерге» деген сөздөр «Балдарга» деген сөзгө алмаштырылсын;
е) 13-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Негизги жазаны өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүү түрүндөгү жаза миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер органдары жана чек ара кызматы тарабынан аткарылат.»;
12) 36-берененин 2-бөлүгү «жана жазаны жеңилдетүү» деген сөздөрдөн кийин «, жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу, түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү» деген сөздөр менен толукталсын;
13) 43-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү ар кандай жөндөмө формаларындагы «Премьер-министр» жана «Өкмөт» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Министрлер Кабинетинин Төрагасы» жана «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 44-берененин 1-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 45-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51 жана 52-пункттар менен толукталсын:
«51) пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;
52) пробация органдарына жазуу жүзундө кабарлоосуз административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын) чегинен тышкары чыкпоого;»;
б) 5 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 48-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Соттолгон коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн пробация органы себептерин аныктагандан кийин соттолгонго коомдук иштер түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинде каралган башка жаза менен алмаштыра тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.»;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же коомдук иштер түрүндөгү жазаны аткаруудан кыянаттык менен качкан соттолгондорго карата пробация органы сотко коомдук иштер түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинде каралган жазанын башка түрү менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.»;
в) 5-бөлүгүндөгү «ал боюнча соттолгон берененин санкциясында (берененин бөлүгүндө)» деген сөздөр «Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинде» деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 49-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 50-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту «жазадан бошотууда» деген сөздөрдөн кийин «же жазаны аткарууну кийинкиге калтырууда» деген сөздөр менен толукталсын;
19) 51-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«51-берене. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондун милдеттери
1. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) коомдон обочолотуу менен байланышпаган жазаны дайындаган соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып жашаган жери боюнча пробация органына - он күндүн ичинде, ал эми эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин же шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганда – беш күндүн ичинде келүүгө;
2) иштеген жана жашаган жери жөнүндө жана алардын өзгөрүшү, иштен бошонуп кетиши жөнүндө маалыматтарды пробация органдарына билдирүүгө;
3) өкүмдүн жазма эскертүүлөрүн аткарууга;
4) пробация органдарынын талабы боюнча жазаны өтөө менен байланышкан документтерди берүүгө.
2. Өкүмдү аткарбаган жана белгилүү бир кызматты ээлөөнү же белгилүү бир иш жүргүзүүнү улантып жаткан, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттерди аткарбаган соттолгонго карата пробация органы сотко аны Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизет.»;
20) 52-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин, ошондой эле иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары соттун өкүмүн аткарбаган учурда, пробация органдары ыйгарым укуктуу органдарга аларды Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизет.»;
21) 54-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:
«11) пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;
12) пробация органдарын жазуу жүзүндө кабарлоосуз административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын) чегинен тышкары чыкпоого;»;
б) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө соттун өкүмү чыгарылгандан кийин I же II топтогу майыптар деп таанылган адамдарга, ошондой эле кош бойлуу аялдарга карата, эгерде түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө өкүм чыгарылгандан кийин кош бойлуу болуп калса, пробация органдары сотко аларды Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесинде каралган тартипте жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуштама жиберет.»;
г) 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
22) 56-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин кызмат адамдары соттун өкүмүн аткарбаган учурда, пробация органдары ыйгарым укуктуу органдарга аларды Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизет.»;
23) 57-берененин 2-бөлүгүндөгү «эсеп-кысабына» деген сөз «атайын эсебине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 58-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Соттолгон адам түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн пробация органы анын себептерин ачыктагандан кийин, соттолгонго түзөтүү жумуштары Кылмыш-жаза кодексинде каралган башка кыйла катаал жаза менен алмаштырылышы мүмкүн экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.»;
б) 4 жана 5-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качкан соттолгондорго карата пробация органы сотко түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесинде каралган жазанын башка түрүнө алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.
5. Соттолгондун түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качуусу болуп түзөтүү жумуштарын жазанын башка түрүнө алмаштыруу мүмкүн экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүдөн кийин жасалган, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө тартибин жана шарттарын кайталап бузуу таанылат.»;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Соттун өкүмү чыгарылгандан кийин жумушунан ажырап калган жана бир айдын ичинде өз ыктыяры менен жумушка орношпогон адамга пробация органы сотко түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны 40тан 300 саатка чейинки мөөнөттөгү коомдук иштер түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.»;
25) 59-беренеде:
а) берененин аталышындагы «Кылмыш жасаганы үчүн дайындалган» деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүгүндөгү «бир» деген сөз «үч» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Соттолгон адам үч айдын ичинде айыпты төлөбөгөн учурда, мажбурлап аткаруу органы сотко айып түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесине ылайык эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет же болбосо ыйгарым укуктуу органдарга аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш жиберет.»;
г) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 60-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
27) 63-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41) өлкөнүн чегинен чыгып кетпөөгө;»;
28) 64-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же эркиндигин чектөөгө соттолгон адам жазаны өтөөдөн качкан учурда, пробация органы сотко эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.»;
29) 65-берененин аталышындагы «жөнүндө өкүмдү аткаруу» деген сөздөр «түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби» деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 651 жана 652-беренелер менен толукталсын:
«651-берене. Мүлктү конфискациялоо түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Соттолгондун мүлкүн конфискациялоо же Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык конфискацияланууга жаткан предметтин ордуна акча каражаттарын же башка мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу баракчасын жана соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн аткаруу үчүн мажбурлап аткаруу органына жиберет.
2. Мүлктү конфискациялоонун тартиби аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
3. Ушул Кодекстин тиркемесинде белгиленген Тизмекке ылайык соттолгондун мүлкү конфискацияланууга жатпайт.
4. Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жаткан соттолгондун мүлкүнүн таандыктуулугу жөнүндө талаштар жарандык процессуалдык мыйзамдарга ылайык чечилет.
652-берене. Соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары
чыгарып жиберүү түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн мыйзамда белгиленген негиздер болбогондо, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин чыгарып жиберүү соттолгондун Кыргыз Республикасынын чегинен контролдонуп чыгып кетүүсү аркылуу жүргүзүлөт.
2. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар же мекемелер жазаны өтөгөндөн кийин чыгарып жиберүүгө жаткан адамды жаза мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен миграция, улуттук коопсуздук же ички иштер органдарына алдыда күтүлгөн чыгарып жиберүүнүн зарылдыгы жөнүндө кабарлама жөнөтөт.
3. Соттолгондордун мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн зарыл болгон инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерин калыбына келтирүү зарыл болгондо, жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар же мекемелер соттолгон адамдар жарандары (букаралары) болуп саналган, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломаттык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандарына (букараларга) карата, - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдардан тиешелүү маалыматты сурашат.
4. Миграция органдары жазаны аткаруучу органдардан же мекемелерден алдыда күтүлгөн соттолгонду чыгарып жиберүү жөнүндө кабарлоону алгандан кийин, чек ара кызматынын органдарына тиешелүү кабарлама жиберет.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү соттолгон адамды чыгаруу пункту катары аныкталган жерге чейин миграция органдарынын жана ички иштер же улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин коштоосу аркылуу ишке ашырылат, мында чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте чыгаруу жүргүзүлөт.
6. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын, чек ара кызматынын соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби эл аралык келишимдер жана мыйзамдар менен аныкталат.
7. Чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды соттолгон адам же болбосо аны Кыргыз Республикасына чакырган жеке же юридикалык жак тартат. Чыгымдарды жабуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын каражаттары жок же жетишсиз болгон учурларда, чыгарып жиберүү бюджеттик каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
8. Соттолгондорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруу жөнүндө миграция органдары өкүм чыгарган сотко кабарлама жиберет, ошондой эле алар жарандары (букаралары) болуп саналган, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандарына (букараларга) карата, - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдарга кабарлайт.»;
31) 11-главанын аталышындагы «(коопсуздук чараларын)» деген сөздөр алып салынсын;
32) 66-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
33) 67-берененин 1-бөлүгүндөгү «аткаруу өндүрүшү» деген сөздөр «мажбурлап аткаруу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
34) 68-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
35) 12-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
36) 72-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Соттолгонго түзөтүү мекемесинин түрүн аныктоо Кылмыш-жаза кодексинин 67 жана 68-беренелеринин талаптарына ылайык сот тарабынан жүзөгө ашырылат.»;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
«31. Соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөй турган жерди аныктоо жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.
Жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын курамы жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөй турган жерди аныктоо боюнча жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечимине даттануу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт, бирок анын аткарылышын токтотпойт.
Жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу же өзгөртүү кызматтык иликтөөнүн корутундусунун, прокурордук чара көрүү актысынын же соттун чечиминин негизинде жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.»;
в) 4-бөлүгүндөгү «түзөтүү мекемесинин түрүн жана» деген сөздөр алып салынсын;
37) 73-беренеде:
а) 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндөгү «түзөтүү жумуштары» деген сөздөр «түзөтүү жумуштары жана коомдук иштер, эркиндигин чектөө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 9-бөлүгүндөгү «жашы жетелектердин» деген сөздөр «балдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 10 жана 11-бөлүктөрүндөгү «жашы жетелек адамдар» деген сөздөр «балдар» деген сөзгө алмаштырылсын;
38) 74-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «түрүн жана» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) 75-беренеде:
а) 2-бөлүгүндөгү «жашы жетелектер» деген сөздөр «балдар» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
40) 76-берененин 5-бөлүгүндө:
а) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы үчүн;»;
б) 3-пунктундагы «жашы жетелектерге» деген сөздөр «балдарга» деген сөзгө алмаштырылсын;
41) мамлекеттик тилдеги 77-беренеде:
а) 1-бөлүгүндөгү «Жазык-процесстик» деген сөздөр «Кылмыш-жаза процессуалдык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Эркиндигинен ажыратууга соттолгонду башка иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууда, ага карата камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалса, аны тергөө изоляторунда кармоонун мөөнөтү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык аныкталат.»;
42) мамлекеттик тилдеги 78-берененин 3-бөлүгүндөгү «жазык-процесстик» деген сөздөр «кылмыш-жаза процессуалдык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 79-беренеде:
а) 1-бөлүгүндөгү «жашы жетелектер» деген сөздөр «балдар» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасаганы үчүн соттолгондор.»;
в) 4-бөлүгүндөгү «жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы» деген сөздөр «сот» деген сөзгө алмаштырылсын;
44) 80-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө:
– 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) жалпы жана катуу режимдеги түзөтүү абактарынан жатак-абакка – коркунучтуулугу аз кылмыштар үчүн соттолгондор жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бир бөлүгүн өтөгөндө; анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондор - жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын өтөгөндө; оор кылмыштар жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор же мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар жана жазасынын өтөлө элек бөлүгүндөгү мезгилде жаңы кылмыштарды жасагандар – жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн эки бөлүгүн өтөгөндө; эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылганда - жаза мөөнөтүнүн кеминде бештен төрт бөлүгүн өтөгөндө;»;
– бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) медиациянын алкагында жабырлануучу тарап менен өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишкен учурда, соттолгондор жалпы жана катуу режимдеги түзѳтүү абактарынан жатак-абактарга - коркунучтуулугу аз кылмыштар үчүн жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бир бѳлүгүн, ал эми анча оор эмес кылмыштар үчүн - жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтѳн бир бѳлүгүн өтөгөндө которулат.»;
б) 3-бөлүгүндө:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор;»;
– 5-пунктундагы «жашы жетелектерге» деген сөздөр «балдарга» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-бөлүгүнүн 1-пунктундагы «жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы» деген сөздөр «сот» деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 6-бөлүгүндө:
– биринчи абзацындагы «жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын» деген сөздөр «соттун» деген сөзгө алмаштырылсын;
– экинчи абзацындагы «Атайын комиссия» деген сөздөр «Сот» деген сөзгө алмаштырылсын;
45) 81-берененин 3-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
46) 83-берененин 3-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
47) 85-беренеде:
а) 1-бөлүгү «Табигый кырсыкта,» деген сөздөрдөн кийин «эпидемиялар (пандемиялар), эпизоотиялар болгондо,» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндө:
– биринчи абзацындагы «жана ички иштер министри» деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Соттолгондордун массалык тартипсиздиктери болгон жана тобу менен баш ийбеген учурда өзгөчө шарттар режимин киргизүү жөнүндө чечим кошумча ички иштер министри менен макулдашылат.»;
48) 88-берененин 1-бөлүгүндөгү «жашы жетелек соттолгондор» деген сөздөр «соттолгон балдар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
49) 89-беренеде:
а) 5-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-бөлүгү «юридикалык жардам алуу үчүн» деген сөздөрдөн кийин «, анын ичинде медиация маселелери боюнча,» деген сөздөр менен толукталсын; «адвокаттар» деген сөздөн кийин «, медиаторлор» деген сөз менен толукталсын;
50) 91-берененин 2-бөлүгүндөгү «кат кабарлар» деген сөздөрдөн кийин «, ушул Кодекстин 25-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын;
51) 96-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы үчүн;»;
52) 97-беренеде:
а) 2-бөлүгүндөгү «жашы жетелек» деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүгүндө:
– 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы, уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамындагы кылмыштар үчүн;»;
– 6-пунктундагы «жашы жетелектердин» деген сөздөр «балдардын» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүндөгү «жашы жетелектерге» деген сөздөр «балдарга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
53) 98-берененин 1-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
54) 99-беренеде:
а) 6-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүгүндөгү «жашы жетелектерге» деген сөздөр «балдарга» деген сөзгө алмаштырылсын;
55) 101-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
56) 103-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Соттолгондор Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жекече иш менен алектенүүгө укуктуу.»;
б) 2-бөлүгүндөгү «Жашы жетелек соттолгондор» деген сөздөр «Соттолгон балдар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
57) 107-берененин 2-бөлүгүндөгү «жашы жетелектерден» деген сөздөр «балдардан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
58) 108-берененин 3-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
59) 110-берененин 4-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
60) 111-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
61) 115-берененин 6-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
62) 117-берененин 2-бөлүгүндөгү «экиге», «бир» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «үчкө», «эки» деген сөздөргө алмаштырылсын;
63) 125-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «он» деген сөз «кырк беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «он» жана «беш» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «он эки» жана «жети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «он» деген сөз «он эки» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «он эки» деген сөздөр «элүү» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «он эки» жана «алты» деген сөздөр «он төрт» жана «сегиз» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «он эки» деген сөздөр «он төрт» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «сегиз» деген сөз «кырк» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «сегиз» жана «үч» деген сөздөр тишелүүлүгүнө жараша «он» жана «беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «сегиз» деген сөз «он» деген сөзгө алмаштырылсын;
64) 127-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «сегиз» деген сөз «кырк» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «сегиз» жана «төрт» деген сөздөр тишелүүлүгүнө жараша «он» жана «алты» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «сегиз» деген сөз «он» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «он» деген сөз «кырк беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «он» жана «беш» деген сөздөр тишелүүлүгүнө жараша «он эки» жана «жети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «он» деген сөз «он эки» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «алты» деген сөз «отуз» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «алты» жана «бир» деген сөздөр тишелүүлүгүнө жараша «сегиз» жана «беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «алты» деген сөз «сегиз» деген сөзгө алмаштырылсын;
65) 129-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «алты» деген сөз «отуз» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы «алты» жана «үч» деген сөздөр тишелүүлүгүнө жараша «жети» жана «төрт» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «алты» деген сөз «сегиз» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «сегиз» деген сөз «отуз беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «жети» жана «үч» деген сөздөр тишелүүлүгүнө жараша «сегиз» жана «беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «жети» деген сөз «тогуз» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «төрт» деген сөз «жыйырма беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «төрт» жана «эки узак мөөнөттүү жолугушуу» деген сөздөр тишелүүлүгүнө жараша «беш» жана «үч узак мөөнөттүү жолугушуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «төрт» деген сөз «алты» деген сөзгө алмаштырылсын;
66) 130-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «үч» деген сөз «жыйырма» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «үч» жана «бир» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «беш» жана «эки» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «үч» деген сөз «беш» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «төрт» деген сөз «жыйырма беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «төрт» жана «эки» деген сөздөр тишелүүлүгүнө жараша «алты» жана «үч» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы «төрт» деген сөз «алты» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүгүндө:
– 1-пунктундагы «алты» деген сөз «отуз» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 2-пунктундагы «алты» жана «үч» деген сөздөр тишелүүлүгүнө жараша «сегиз» жана «төрт» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктундагы «алты» деген сөз «сегиз» деген сөзгө алмаштырылсын;
67) 131-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 1-пунктундагы «төрт» деген сөз «жыйырма беш» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктундагы «төрт» деген сөз «беш» деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-пунктундагы «төрт» деген сөз «алты» деген сөзгө алмаштырылсын;
68) 19-главанын аталышындагы «Жашы жетелектердин» деген сөздөр «Балдардын» деген сөзгө алмаштырылсын;
69) 132-берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарындагы «жашы жетелектер» деген сөздөр «балдар» деген сөзгө алмаштырылсын;
70) 135-берененин 2-бөлүгүндөгү «жашы жетелек соттолгондорго» деген сөздөр «соттолгон балдарга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
71) 136-берененин 1-бөлүгүндөгү «жашы жетелек соттолгондорго» деген сөздөр «соттолгон балдарга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
72) 138-беренеде:
а) 2-бөлүгүндөгү «жашы жетелек соттолгондор» деген сөздөр «соттолгон балдар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндөгү «жазык-аткаруу системасынын борбордук органынын атайын Комиссиясынын» деген сөздөр «соттун» деген сөзгө алмаштырылсын;
73) 141-берененин 1-бөлүгүндөгү «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
74) 143-берененин 1-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
75) 149-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
76) 21-главанын аталышындагы «Жашы жетелектерге» деген сөздөр «Балдарга» деген сөзгө алмаштырылсын;
77) 150-беренеде:
а) ар кандай жөндөмө формаларындагы «жашы жетелек» жана «жашы жетелек адамдарга» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «бала» жана “балдарга” деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги тексттин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тарбиялык мүнөздөгү ушул мажбурлоо чарасын аткарууну жүктөгөн жактардын же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын балдарды көзөмөлдөө жана тарбиялык таасир көрсөтүү боюнча милдеттерди аткаруусун контролдоону жүзөгө ашырат.»;
78) 151-беренеде:
а) 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41) өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;»;
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Соттолгон адам мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же соттолгон адам жүрүш-турушту эскертүү менен чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузган, же башка укук бузуу жасаган учурда, пробация органы сотко балага карата тарбиялык мүнөздөгү кыйла катуу чараны же кылмыш жазасын колдонуу жөнүндө өтүнүч жиберет.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
«7. Мажбурлоочу чараларды өтөө шарттарын ак ниет аткарганда, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда оң натыйжаларга жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген
залалдын ордун толугу менен толтурганда, жүрүш-турушту эскертүү менен чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасынын мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин, пробация органы сотко мажбурлоо чарасын жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама жиберүүгө укуктуу.
Сот сунуштаманы канааттандыруудан баш тарткан учурда, сунуштама кайрадан баш тартылган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин жиберилиши мүмкүн.»;
79) мамлекеттик тилдеги 152-берененин 1-бөлүгүндөгү «Жазык» деген сөз «Кылмыш-жаза» деген сөздөргө алмаштырылсын;
80) 23-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
81) 160-беренеде:
а) 7, 9, 10-бөлүктөрүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 8-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
82) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1601-1604-беренелер менен толукталсын:
«1601-берене. Жаш баласы бар соттолгондорго карата жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу
1. Өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратылып соттолгон аялдарды кошпогондо, соттолгон кош бойлуу аялдарга жана он төрт жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарга карата, ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жатышкан эркектерди кошпогондо, он төрт жашка чейинки курактагы баласы бар жана жалгыз ата-эне болгон эркектерге карата түзөтүү мекемелеринин администрациясы сотко баласы он төрт жашка чыкканга чейинки мөөнөткө жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу жөнүндө сунуштама жиберет.
2. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу жөнүндө сунуштама соттолгон адамдын мүнөздөмөсүн, туугандарынын соттолгон адамды жана баланы кабыл алууга, аларга турак-жай берүүгө жана жашоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө макулдугу жөнүндө маалымкатты, кош бойлуулук жөнүндө медициналык корутундуну же болбосо баласы бар экендиги жөнүндө маалымкатты, ошондой эле анын өздүк ишин тиркөө менен бир жумалык мөөнөттө сотко жиберилет.
3. Эгерде сот жазаны аткарууну кийинкиге калтыруудан баш тарткан учурда, соттун чечими Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгонго карата жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу жөнүндө соттун чечимин алгандан кийин аны бошотот. Соттолгон адамдан келген күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө жашаган жери боюнча пробация органына келүүсү жөнүндө кол кат алынат.
5. Соттолгондор жашаган жери боюнча пробация органына өз алдынча каттоого туруу үчүн жөнөтүлөт.
6. Бошотулган күнү түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органына бошотулган күнүн көрсөтүү менен соттун жазаны кийинкиге калтыруу жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн жиберет.
7. Соттун чечимин алгандан кийин пробация органы соттолгон адамды каттоого коёт жана анын кийинки жүрүш-турушуна контроль жүргүзөт.
8. Соттолгон адам келгенден кийин пробация органы үч сутканын ичинде түзөтүү мекемесине анын каттоого коюлгандыгы жөнүндө ырастаманы жиберет, ошондой эле сотко соттун чечимин аткарууга алынгандыгы жөнүндө кабарлайт.
1602-берене. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу тартиби
1. Жазанын аткарылышы кийинкиге калтырылган, он төрт жашка чейинки курактагы баласы бар соттолгондор жашаган жери боюнча пробация органдарынын көзөмөлү астында турушат.
2. Жазасынын аткарылышы кийинкиге калтырылган соттолгондор соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен пробация органдарына келүүгө милдеттүү.
3. Пробация органдары:
1) соттолгондордун эсебин жүргүзөт;
2) соттолгондорго жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;
3) балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуусу менен соттолгондор тарабынан көзөмөлдүк талаптардын аткарылышын контролдойт;
4) соттолгондор тарабынан укуктук ченемдердин сакталышы боюнча иштерди жүргүзөт.
1603-берене. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун шарттары
1. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.
2. Жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) көзөмөлдөө талаптарын аткарууга;
2) пробация органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
3) пробация органдарынын макулдугусуз жашаган, иштеген, окуган жерин алмаштырбоого;
4) пробация органынын уруксаты жок административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары чыкпоого;
5) пробация органынын уруксаты жок өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;
6) пробация органдарына өзүнүн жүрүш-турушу жана көзөмөлдөө талаптарын аткаргандыгы жөнүндө отчет берүүгө;
7) катталуу жана алдын алуу маегине катышуу үчүн, ошондой эле пробация органынын чакыруусу боюнча айына эки жолу келип турууга.
1604-берене. Жазанын аткарылышын кийинкиге калтыруунун тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Жазанын аткарылышын кийинкиге калтыруунун тартибин жана шарттарын жүйөлүү себептерсиз бузган учурда, пробация органы кайталап бузганда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө соттолгонго жазуу жүзүндө эскертет.
2. Эгерде соттолгон адам жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун тартибин жана шарттарын кайталап бузуп, мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбесе, баладан баш тартса же баланы тарбиялоо милдеттеринен качса, анын мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берилгенден кийин пробация органы сотко жазаны кийинкиге калтырууну жокко чыгаруу жана соттолгонду өкүм боюнча дайындалган жазаны өтөөгө жөнөтүү жөнүндө сунуштама киргизет.
3. Бала он төрт жашка толгондо же ал каза болгон учурда, пробация органы соттолгондун жүрүш-турушун, баланы тарбиялоого болгон мамилесин, жасаган кылмышынын мүнөзүн, өтөлгөн жана өтөлө элек жаза мөөнөтүн эске алуу менен сотко соттолгон адамды жазадан бошотуу жөнүндө же жазаны жеңилирээгине алмаштыруу, же болбосо аны эркиндигинен ажыратуу жайларына жиберүү жөнүндө сунуштама жөнөтөт.»;
83) 162-берененин 3 жана 5-бөлүктөрүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
84) 163-беренеде:
а) 3-бөлүгүндөгү «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4 жана 5-бөлүктөрүндөгү ар кандай жөндөмө формаларындагы «жашы жетелектер» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «балдар» деген сөзгө алмаштырылсын;
85) 164-беренедеги «беш жылдан ашпаган мөөнөткө» деген сөздөр алып салынсын;
86) 165-берененин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
87) 166-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
– 1-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген» деген сөздөр «соттолгон пробация органына келген» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 4-пункттагы «өлкөнүн жана (же)» деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41) өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;»;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Соттолгон адам үчүн сот тарабынан белгиленген пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин, пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниет аткарганда, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда жакшы натыйжаларга жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген залалдын ордун толугу менен толтурганда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама жиберүүгө укуктуу.
Сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруудан баш тарткан учурда пробация органынын кайталап берген сунуштамасы баш тартылган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин жөнөтүлөт.»;
88) 167-беренеде:
а) аталышындагы, 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү «Жашы жетелектерге», «жашы жетелектердин», «жашы жетелекти» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «Балдарга», «балдардын», «баланы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Соттолгон бала үчүн сот тарабынан белгиленген пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин, пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниет аткарганда, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда жакшы натыйжаларга жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген залалдын ордун толугу менен толтурганда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама жиберүүгө укуктуу.
Сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруудан баш тарткан учурда пробация органынын кайталап берген сунуштамасы баш тартылган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин жөнөтүлөт.»;
89) 168-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Соттолгон адам мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген, ошондой эле көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди эки жана андан көп жолу бузган учурда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жана соттолгонду дайындалган жазасын өтөө үчүн жиберүү жөнүндө сунуштама жиберет.»;
90) Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жатпаган мүлктөрдүн тизмегинин тиркемесинде:
а) 6-пунктундагы «Өкмөт» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 8-пунктундагы «же жорук» деген сөздөр алып салынсын.
3-берене
«Пробация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 94-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
– ар кандай жөндөмө формаларындагы «жазык-аткаруу» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «жаза аткаруу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– ар кандай жөндөмө формаларындагы «жазыктык-укуктук» жана «жазык-укуктук» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «кылмыш-жаза укуктук» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– ар кандай жөндөмө формаларындагы «коомдук жумуштар» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «коомдук иштер» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-берененин 2-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жаза чараларынын түрлөрүн аткаруу;»;
б) 2-пункту «мурда бошотулган адамдарга» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле жазаны аткаруусу кийинкиге калтырылган адамдарга» деген сөздөр менен толукталсын;
3) 2-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги тексттеги «Жазык», «Жазык-процесстик» жана «Жазык-аткаруу» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «Кылмыш-жаза», «Кылмыш-жаза процессуалдык» жана «Жаза аткаруу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) «Жоруктар жөнүндө кодекси,» деген сөздөр алып салынсын;
в) «Жазык-аткаруу кодекси,» деген сөздөрдөн кийин «Укук бузуулар жөнүндө кодекси,» деген сөздөр менен толукталсын;
4) 3-беренеде:
а) 1-пунктундагы «ыктыярдуу» деген сөз алып салынсын;
б) 3-пункту «аларга жүктөлгөн» деген сөздөрдөн кийин «көзөмөлдүк талаптардын жана пробациялык» деген сөздөр менен толукталсын;
в) 4-пункту «шарттуу бошотулган» деген сөздөрдөн кийин «, жазаны аткаруу кийинкиге калтырылган» деген сөздөр менен толукталсын; «аткаруу менен» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле укук бузуулар үчүн жаза чараларынын түрлөрүн» деген сөздөр менен толукталсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:
«11) пробациянын кардарларынын тобокелдигин баалоо жана классификациялоо тутуму – пробациянын кардарларынын криминологиялык жана социалдык-психологиялык диагностика аркылуу жаңы кылмыштарды жасоо тобокелдигин аныктоо, андан кийин пробациянын кардарларын тобокелдик даражасына жараша классификациялоо;
12) электрондук көзөмөл – пробация органдарынын сот тарабынан пробация кардарларына жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын сакталышына жана пробациялык милдеттердин аткарылышына электрондук-техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен жүзөгө ашыруучу көзөмөлү.»;
5) 4-беренеде:
а) 7-пунктундагы «ыктыярдуу» деген сөз алып салынсын;
б) 8-пункту «мажбурлоо чараларын» деген сөздөрдөн кийин «жана укук бузуулардын жаза чараларын» деген сөздөр менен толукталсын;
6) 5-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пунктунда:
– «д» пунктчасындагы «жашы жете электерге» деген сөздөр «балдарга» деген сөзгө алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы «ж» пунктчасы менен толукталсын:
«ж) жаш балдары бар соттолгондорду жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу менен кылмыш жазасынан бошотуу.»;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21) соттун чечими менен укук бузуулар үчүн жаза чаралары колдонулгандар;»;
в) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 6-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Пробациянын кардарлары Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кылмыш-жаза кодексинде, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, Жаза аткаруу кодексинде, Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, ушул Мыйзамда жана башка мыйзам актыларында белгиленген чектөөлөрү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына, эркиндиктерине ээ жана милдеттерин алып жүрүшөт.»;
б) 2-бөлүгүндө:
- 1-пункту «пробациялык көзөмөлдүн» деген сөздөрдөн кийин «жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун, ошондой эле укук бузуулардын жаза чараларынын» деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5) кайра социалдаштыруу программаларына катышууга.»;
8) 7-беренеде:
а) 1-пункт «жазык-аткаруу мыйзамдарына» деген сөздөрдөн кийин «жана укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга» деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) бекитилген усулга ылайык, пробациянын кардарларынын тобокелдиктерин баалоо жана классификациялоо.»;
9) 9-беренеде:
а) 2-бөлүгүндөгү «талабы» деген сөз «чечими» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндөгү «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Айыпталуучу сот актысында көрсөтүлгөн дарек боюнча жашабаса, маалыматтар жок же толук эмес болгондо, каза болгондо, ошондой эле Кылмыш-жаза кодекси менен аныкталган адамдарга карата пробациялык баяндама түзүлбөйт. Ошол эле учурда пробация органдары пробациялык баяндаманы түзүү мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн корутунду чыгарат.»;
г) 10-бөлүгүндөгү «талабы» деген сөз «чечими» деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 10-беренеде:
а) 1-бөлүгү «чараларды колдонуу» деген сөздөрдөн кийин «, укук бузуулар үчүн жаза чараларынын түрлөрүн аткаруу» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндөгү «Аткаруу» деген сөз «Ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктунда каралган пробациянын кардарларын кошпогондо, аткаруу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 11-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Пенитенциардык пробация - соттолгондорго карата колдонулган пробация болуп саналат жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, түзөтүү мекемелеринин администрацияларына, коммерциялык эмес уюмдарга жана пробациянын кардарларына соттолгон адамдарды түзөтүү мекемелеринен бошотууга даярдоодо жардам көрсөтүүдөн турат.»;
б) 2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы «аларды социалдык адаптациялоо боюнча иш жүргүзүлөт» деген сөздөр «пробация органдары тарабынан жардам көрсөтүлөт» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 13-берененин 3-бөлүгүндөгү «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 14-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 6-бөлүгүндөгү «аймактык бөлүмдөрүнүн» деген сөздөр «жардамы менен пробация органдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 16-берененин 1-бөлүгүндөгү «, пенитенциардык» деген сөз алып салынсын;
15) 17-берененин 3-бөлүгүндөгү «жазадан жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларынан бошотуу, жазаны» деген сөздөр «мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин пробациялык көзөмөлдү алып салуу, жазадан жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 18-берененин 4-бөлүгүндө:
а) 2-пунктундагы «төлөөнү камсыз кылуу» деген сөздөр «төлөмдөрдү алууга жардам берүү» деген сөздөргө алмаштырылсын; “пробациянын кардарларына” деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-пунктундагы «пробациянын кардарларын» деген сөздөр алып салынсын;
в) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) медициналык жана пенсиялык камсыздандырууну жол-жоболоштурууга жардам берүү;»;
г) 7-пунктундагы «берүү» деген сөз «алууга көмөк көрсөтүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 19-берененин 7-бөлүгүндөгү «иштебеген» деген сөз «иштеген» деген сөзгө алмаштырылсын;
18) 20-беренеде:
а) 2-бөлүгүндөгү «, пенитенциардык» деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүгүндөгү «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 28-берененин 3-бөлүгүндөгү «бошотуу» деген сөз «мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 30-берененин 7-бөлүгүндөгү «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 32-беренеде:
а) 2-бөлүгүндөгү «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Пробация боюнча кеңешке жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары башчылык кылат.»;
22) 34-беренедеги «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 35-беренеде:
а) ар кандай жөндөмөлөрдөгү «Жашы жете электер» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «балдар» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) балдарга, ювеналдык пробациянын кардарларына карата пландын жана программанын иш-чараларын пробациянын башка кардарларынан өзүнчө жүргүзүү;»;
24) 36-беренеде:
а) ар кандай жөндөмөлөрдөгү «Жашы жете электер» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «балдар» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө:
– биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Балдар, ювеналдык пробациянын кардарлары менен төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзүлөт:»;
– 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) балдарга, ювеналдык пробациянын кардарларына карата үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу, бөгөт коюу боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрүү;»;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 7-пунктундагы «жашы жете элек жетимдерди» деген сөздөр «жетим балдарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Балдарга, ювеналдык пробациянын кардарларына карата план жана программа балдарга байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларын эске алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турууга тийиш.».
4-берене
«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) ушул Мыйзамда белгиленген учурларда тараптардын аткаруу өндүрүшү боюнча арыздарын жана өтүнүчтөрүн кароого жана алар боюнча токтом кабыл алууга;»;
2) 17-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же мүлктүк өндүрүп алуу бөлүгүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан чыгарылган, анын ичинде электрондук документ түрүндө таризделип, юридикалык күчү укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук кол коюусу менен ырасталган токтомдор;»;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Көчүрмөлөр аткаруу документтери болуп саналбайт, буга ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар кирбейт.»;
3) 18-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
– биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Сот аткаруучунун токтомун, соттук буйрукту, укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча токтомду жана алименттерди төлөө жөнүндө нотариалдык жактан ырасталган макулдашууну кошпогондо, аткаруу документинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:».
– 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) өндүрүп алуучу - жеке жактын жана карызкор - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (турган) жери жана/же иштеген жери, эгерде ал белгилүү болсо, карызкор - жеке жактын ИЖНи, карызкор - юридикалык жактын – ИСНи, эгерде алар белгилүү болсо, карызкор-жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосунун датасы жана орду;»;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомдун мазмуну Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси менен аныкталат.»;
4) 21-берененин 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эгерде аткаруу иш-аракеттери жасалса, ал эми мажбурлап өндүрүп алуу чаралары 22 саат өткөндөн кийин колдонулса, анда сот аткаруучу бул жөнүндө улук сот аткаруучуга жазуу жүзүндө, же электрондук, уюлдук байланыш аркылуу кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирет.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Ушундай эле учурларда улук сот аткаруучуда турган аткаруу өндүрүшү боюнча ал ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте жогору турган сот аткаруучуга билдирет.»;
5) 23-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Сот аткаруучунун токтому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, сот аткаруучунун электрондук колу коюлган электрондук документтин форматында кабыл алынышы мүмкүн жана электрондук почта аркылуу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдарга жиберилет.»;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Сот аткаруучунун токтому ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде аткаруу өндүрүшүнө катышкан тиешелүү адамдарга жөнөтүлөт.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын өтүнүчтөрү жана арыздары сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө келип түшкөн күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде каралууга тийиш.»;
6) 24-берененин 2-пунктундагы «жана калыс-күбөлөр» деген сөздөр «калыс-күбөлөр, жооптуу мүлк сактоочулар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Токтомдун көчүрмөсү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жөнөтүлөт.»;
8) 33-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Эксперт билип туруп жалган корутунду бергени үчүн, ал эми адис - билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган жоопкерчиликти тартат.»;
9) 37-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы «алты айдын» деген сөздөр «үч жылдын» деген сөздөргө алмаштырылсын; «жана актылары» деген сөздөр алып салынсын;
10) 39-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилген учурда, аталган аткаруу документтери соттун тиешелүү аткаруу документин аткаруу үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө чечими чыккан күндөн тартып үч айдын ичинде аткарууга берилет.»;
11) 40-беренеде:
а) «төрт» жана «эки» деген сөздөр тийиштүү түрдө «алты» жана «төрт» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Ушул беренеде белгиленген мөөнөттөр мезгилдүү өндүрүп алуулар жөнүндө аткаруу документтерин аткарууда колдонулбайт.»;
12) 49-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) айыпты өндүрүү жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи ушул Мыйзамдын 94 жана 95-беренелеринде коюлган талаптарга жооп бербесе.»;
б) 3-бөлүгү «10» деген цифрадан кийин «, 11» деген сөздөр менен толукталсын;
13) 50-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Маалыматта Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык карызкор анык эмес билдирүүлөрдү, толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды бергендиги, ушуга тете маалыматтарда көрсөтүлгөн мүлктү ажыраткандыгы жана/же коромжу кылгандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет.»;
14) 51-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
– биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аткаруу документтеринин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында сот аткаруучу ыктыярдуу аткаруу жөнүндөгү сунуш тапшырганга чейин жана ал мөөнөттүн ичинде камсыз кылуу мүнөзүндөгү төмөнкүдөй аткаруу иш-аракеттерин жүзөгө ашырат:»;
– 4 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызынын негизинде жана ушул чараны кабыл албоо андан аркы аткарууга мүмкүндүк бербей турган жагдайлар болгондо гана жасоого укуктуу.»;
15) 52-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкор - жеке жактын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан карызкор - юридикалык жактын жетекчисине Кыргыз Республикасынан чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом чыгарат, ага ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.»;
б) 3-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Карызкордун чыгып кетишине убактылуу чектөө коюу жөнүндө токтом төмөнкү учурлардын бири болгондо гана жокко чыгарылат: аткаруу документи толук көлөмдө аткарылганда; өндүрүп алуучунун арызы боюнча; аткарылган күнгө карата алименттик милдеттенмелер боюнча карызды толугу менен төлөгөндө; аткарылган күнгө карата мезгилдүү төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча карыз толугу менен жоюлганда; аткаруу өндүрүшү кыскартылганда.»;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Алименттик милдеттенмелер боюнча жана мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча карызкордун чыгып кетишине чектөө коюу карыз бар болгон учурда гана мүмкүн.»;
16) 55-беренеде:
а) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Карызкордун кыймылсыз мүлкүнө камак салуу сот аткаруучунун токтомунун негизинде жүргүзүлөт, ал каттоочу мамлекеттик органга жиберилет. Кыймылсыз мүлктү камак салуу жөнүндө токтом аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.»;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
«8. Камак салуу ушул Мыйзамдын 111-беренесинде жана 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 8-пункттарында каралган учурларда же өндүрүп алуучунун арызы боюнча сот аткаруучунун токтомунун негизинде жокко чыгарылат. Камак салууну жокко чыгаруу же камак салууну жокко чыгаруудан баш тартуу жөнүндө токтом аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына, тиешелүү органдарга жиберилет жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.»;
17) 56-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү «соттук актынын негизинде» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөрдөгү «соттук акты» жана «соттук актыны» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «токтом» жана «токтомду» деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 58-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Дебитордук карызды камакка алуу жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат жана акт түзөт, аларда дебитордук карыз бар экенин ырастоочу документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн документтерди алып коюу жана аларды сактоого өткөрүп берүү жүргүзүлөт.»;
19) 61-беренеде:
а) 2-бөлүктүн биринчи – үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Сот аткаруучу жазуу жүзүндө аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жазуу жүзүндөгү билдирүү алган учурдан баштап беш жумушчу күндүн ичинде өзүнүн баалоочусун сунуштоо тууралуу алардын укугун, ошондой эле баалоочуну тартуу жана баалоочунун кызматын төлөө боюнча чыгымдар баалоочуну сунуш кылган аткаруу өндүрүшү тарабынан жүргүзүлө тургандыгын түшүндүрөт.
Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде аткаруу өндүрүшүнүн тараптары өздөрүнүн баалоочуларын көрсөтпөсө, анда сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын ал тарабынан дайындалган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмү баалоо боюнча кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзгөн баалоочуга же баалоочу уюмга жиберет, мында төмөнкүлөр жөнүндө эскертет:
- баалоочу катары тартылган экспертти, - корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчилиги жөнүндө;»;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Бир нече баалоочулар тартылган жана баалоочулардын бир нече корутундусу же көрсөтмөсү алынган учурда, сот аткаруучу баалоочулардын корутундуларынын же көрсөтмөлөрүнүн негизинде баалоо объектисинин орточо наркын аныктайт жана тиешелүү токтом кабыл алат, ал аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.
Баалоо объектисинин орточо наркы жөнүндө токтомду алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде, тараптар же аткаруу өндүрүшүнүн тарабы сот аткаруучуга баалоо объектисинин орточо наркы менен макул эместигин билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын жана алынган баалоолорду алар дайындаган, мажбурлап аткаруу органы менен баалоо кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн баалоочуга же баалоочу уюмга жиберет.»;
20) 65-берененин 4-бөлүгүндөгү «, чарба жүргүзүү жана/же оперативдүү башкаруу укугунда» деген сөздөр алып салынсын;
21) 66-беренеде:
а) 1 - 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда бандалсын:
«1. Карызкордун улуттук валютадагы жана чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттарын, анын ичинде сейфтерде, карызкордун - юридикалык жактын кассасында, карызкордун - юридикалык жактын башка жайларындагы же болбосо банктарда, финансы-кредиттик мекемелерде сакталган акча каражаттары камакка алынат жана алып коюлат.
Алып коюлган накталай акча каражаттары алынган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнүн депозиттик эсебине (мындан ары - депозиттик эсеп) которуу үчүн банкка тапшырылат.
2. Карызкордун эсептеринен акча каражаттарын чегерүү аткаруу документинин, сот аткаруучунун токтомунун негизинде банк же башка финансылык-кредиттик мекеме тарабынан жүргүзүлөт жана банкка карызкордун төлөм тапшырмасын берүүнү талап кылбайт.
3. Эгерде акчалай каражаттар карызкордун бир нече эсептеринде бар болсо, анда сот аткаруучу токтомдо кайсы эсептен жана канча көлөмдө акчалай каражаттар эсептен чыгарылууга тийиш экендигин көрсөтөт.
Эгерде карызкордун эсептериндеги акчалай каражаттарга камак салынган болсо, анда сот аткаруучу токтомдо карызкордун акчалай каражаттарынан ал тарабынан салынган камак кандай көлөмдө жана тартипте алынарын көрсөтөт.
Банк, финансы-кредиттик мекеме токтомду алган күндөн тартып үч күндүн ичинде аталган токтомдун аткарылгандыгы жөнүндө сот аткаруучусуна билдирүүгө милдеттүү.»;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда бандалсын:
«5. Эгерде карызкордун эсептеринде акчалай каражаттар жок болсо же болбосо аталган эсептерде турган акчалай каражаттарга камак салынган болсо же мыйзамда белгиленген тартипте акчалай каражаттар менен операциялар токтотулса, банк, финансы-кредиттик мекемелер аткаруу документин толугу менен аткарбай кое алышат.»;
в) 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Банк же башка финансы-кредиттик мекеме жүргүзүлгөн которуулар жөнүндө токтоосуз сот аткаруучуга маалымдайт.»;
г) 7-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
22) 70-берененин биринчи абзацындагы «, чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда» деген сөздөр алып салынсын;
23) 78-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрдөгү «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Адистештирилген уюм сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында, ал эми сот аткаруучу тооруктарда сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырууга милдеттүү.»;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакция баяндалсын:
«3. Дебитордук карызды сатуу 74-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда тооруктарды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.»;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Жаныбарларды сатуу ушул Мыйзамдын 801-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;
24) төмөнкүдөй мазмундагы 801-берене менен толукталсын:
«801-берене. Жаныбарларды сатуунун тартиби
1. Карызкорго таандык болгон, камакка алынган жаныбарларды сатуу адистештирилген уюм (мал базарлар, ж.б.) тарабынан жүзөгө ашырылат. Жаныбарларды сатуу үчүн адистештирилген уюмга өткөрүп берүүдө сот аткаруучу кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт.
2. Адистештирилген уюм сатып алуучуларга мүлктү сунуш кылган баа адистин баалоосунда көрсөтүлгөн жаныбарлардын наркынан төмөн болбошу керек.
3. Эгерде карызкорго таандык жаныбар адистештирилген уюм иштеген күнү сатылбаса, анда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга бул жаныбарды адис белгилеген баада өзүнө калтырууну сунуш кылат.
Эгерде бул баа аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучуга төлөнүүчү суммадан ашык болсо, анда өндүрүп алуучу депозиттик эсепке тиешелүү айырманы ошол эле убакта төлөгөн (которгон) шартта сатылбаган жаныбарды өзүндө калтырууга укуктуу. Мындай учурда айырма бир жумушчу күндүн ичинде депозиттик эсепке чегерилүүгө тийиш. Эгерде өндүрүп алуучу тарабынан депозиттик эсепке тиешелүү айырма төлөнбөсө, анда жаныбар карызкорго кайтарылууга жатат, ал эми аткаруу документ өндүрүп алуучуга аткарылбастан кайтарылып берилет.
4. Сот аткаруучу тарабынан карызкорго таандык жаныбарды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
5. Бир кезекте турган бир нече өндүрүп алуучу бар болсо жана адистештирилген уюм тарабынан жаныбар сатылбаган болсо, жаныбарды өзүнө калтыруу жөнүндө сунуштар ушундай өндүрүп алуучуларга сот аткаруучулары тарабынан сот аткаруучулардын бөлүмүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезекке ылайык жөнөтүлөт. Бул учурларда жаныбарды өткөрүп берүү тартиби ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган эрежелер боюнча ишке ашырылат.
6. Жаныбар башка кезекке тургандарга төмөнкүдөй сунушталат:
1) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүп алуучулар жаныбарды өзүнө калтыруудан баш тарткан учурда;
2) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүп алуучулар тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тиешелүү айырманы депозиттик эсепке төлөбөгөн (которбогон) учурда.
7. Өндүрүп алуучулардын сатылбаган жаныбарды өздөрүнө калтыруу жөнүндө чечими жок болгон учурда, жаныбар карызкорго кайтарылып берилет, ал эми аткаруу документи аткарылбастан өндүрүп алуучуга кайтарылат.
8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн токтомдордун көчүрмөлөрү, алар чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жөнөтүлөт.»;
25) 83-беренеде:
а) аталышындагы, 1-бөлүгүндөгү «кабарлоо», «Кабарлоо» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «жарыялоо», «Жарыялоо» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 84-беренеде:
а) расмий тилдеги тексттеги 4-бөлүгүнүн 1-пунктундагы «дать» деген сөз «подать» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бул маалымат жарыялангандан кийин, сот аткаруучу аукциондун башталгандыгын жарыялайт жана аукциондун катышуучуларын баа өзгөртүүнүн бир кадамына баштапкы бааны жогорулатуу менен мүлктү сатып алууну сунуштайт. Сот аткаруучу өзүнүн аукциондук номерин биринчи болуп көтөргөн жана сот аткаруучу жарыялаган бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусун аныктайт. Андан кийин сот аткаруучу мүлктү жаңы жарыяланган, б.а. акыркы жарыяланган баадан бир кадамга бааны жогорулатуу менен сатып алууну сунуш кылат. Аукцион бир гана катышуучу сот аткаруучу жарыялаган жаңы баада мүлктү сатып алууга макул болгонго чейин улантылат. Сот аткаруучу мүлктүн жаңы баасын жана ушул катышуучунун номерин үч жолу атап, аны сатып алуучу деп жарыялайт.
Эгерде аукцион башталгандан кийин жана сот аткаруучу мүлктүн биринчи баасын жарыялагандан кийин (б.а. мүлктүн баштапкы баасын 2 пайызга жогорулатуу менен) аукциондук номерин аукциондун бир гана катышуучусу көтөрсө, анда сот аткаруучу бул катышуучунун номерин үч жолу атап, аны сатып алуучу деп жарыялайт.»;
в) 10-бөлүгүндөгү «көчүрмөсүн» деген сөз «нускасын» деген сөзгө алмаштырылсын;
27) 85-берененин 5-бөлүгүндөгү «3 жана 4-пункттарында» деген сөздөр «2, 3 жана 4-пункттарында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 87-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Карызкордун мүлкүн өзүндө калтыруу боюнча өндүрүп алуучунун (өндүрүп алуучулардын) чечими жок болсо жана башка өндүрүп алуучу (башка өндүрүп алуучулар) болбосо, сот аткаруучу он күндүн ичинде мүлктүн биринчи тоорукта белгиленген баштапкы баасы менен аукцион кайрадан өткөрүлө тургандыгы жөнүндө жарыялайт.»;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кайрадан өткөрүлүүчү аукцион ушул Мыйзамдын 83 жана 84-беренелеринде белгиленген тартипте өткөрүлөт.»;
в) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 4-бөлүгүндөгү «Мүлктүн алгачкы наркын төмөндөтүү ыкмасын колдонуу менен» деген сөздөр алып салынсын;
29) 88-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кайрадан өткөрүлгөн аукцион ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча сот аткаруучу тарабынан өткөн жок деп табылат.
Кайрадан өткөрүлгөн аукцион өткөн жок деп жарыяланган учурда, мүлк сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучуга же өндүрүп алуучуларга кайрадан өткөн аукциондо белгиленген баадан он пайызга төмөн баада сунушталат.
Карызкордун сатылбаган мүлкүн калтыруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу карызкордун мүлкүн калтыруудан баш тартуунун же болбосо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө сунушка жооп жибербөөнүн кесепеттерин өндүрүп алуучуга түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.
Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунуш келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде сот аткаруучуну сатылбаган мүлктү өзүнө калтыруу чечими тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
Эгерде бир кезекте турган бир нече талапкер бар болсо, анда сот аткаруучу тарабынан сунуштар сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезегине ылайык өндүрүп алуучуларга жөнөтүлөт.
Мүлктү өзүнө калтырган өндүрүп алуучу беш күндүк мөөнөттө өткөрүп берилип жаткан мүлктүн баштапкы баасынын суммасы менен анын үлүшүнө туура келген сумманын ортосундагы айырманы талаптарды канааттандыруунун белгиленген кезектүүлүгүн сактоо менен түзүлгөн ар бир өндүрүп алуучуга тиешелүү болгон сумманын эсебинен депозиттик эсепке которууга тийиш.»;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Сот аткаруучу сатылбаган мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат.»;
30) 89-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы «талаптарга» деген сөздөн кийин «жана сот аткаруучунун тапшырмаларына» деген сөздөр менен толукталсын;
31) 90-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Карызкордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен, анын ичинде интеллектуалдык иштин натыйжаларынын авторлоруна берилүүчү сыйакыдан кармап калуунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар кармалгандан кийин жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин калган суммадан эсептелет.»;
32) 94-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«94-берене. Кылмыш жасагандыгы үчүн жаза катары дайындалган айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу документин аткаруунун тартиби
1. Кылмыш үчүн дайындалган айып ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча аткарылат.
2. Айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу барагы айып түрүндө жаза дайындоо жөнүндө өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин сот тарабынан сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнө жөнөтүлөт.
3. Өзүнүн өндүрүшүнө айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу барагын кабыл алып, сот аткаруучу карызкорго (соттолгон адамга) айыпты төлөбөй коюунун кесепеттерин бир эле учурда түшүндүрүү менен, өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин айыпты төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоо тапшырат.
4. Кабарлоо ушул Мыйзамдын 45-беренесинде белгиленген эрежелер боюнча карызкорго тапшырылат же жөнөтүлүшү мүмкүн.
5. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген айыпты төлөө үчүн мөөнөт аяктагандан кийин, сот аткаруучуда карызкор тарабынан тиешелүү акчалай сумма төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат жок болсо, анда ал сот актысын чыгарган сотко жаза катары дайындалган айыпты эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет. Сунуш менен бирге сотко аткаруу барагы кайтарылат.»;
33) 95-берене төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын:
«95-берене. Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин
аткаруунун тартиби
1. Мүлктү конфискациялоо аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлктү карызкордон же башка жактардан мажбурлоо менен акысыз алып коюуну жана аны мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүнү өзүнө камтыйт.
Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи менен бирге сот аткаруучулар бөлүмүнө өкүмдүн көчүрмөсү жөнөтүлөт.
Сот аткаруучу мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин алган күндөн тартып өкүмдө көрсөтүлгөн мүлктүн бар экендигин текшерет.
Эгерде сот аткаруучуга конфискациялануучу мүлк көрсөтүлбөгөн мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу баракчасы келип түшсө, анда сот аткаруучу мындай аткаруу баракчасын кабыл алуудан баш тартат жана аны өкүм чыгарган сотко кайтарат.
2. Конфискацияланган мүлктү алардын компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү, конфискацияланган мүлк турган жерде кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча көрсөтүлгөн мүлккө сот аткаруучу тарабынан салынган камакка алууну алып салгандан кийин жана башка органдар тарабынан салынган камакка алуу алынбастан жүргүзүлөт.
Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи бешинчи кезектеги талап болуп саналат жана ушул Мыйзамдын 107-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген биринчи-төртүнчү кезектеги өндүрүп алуучулардын талаптары канааттандырылгандан кийин аткарылууга тийиш.
3. Конфискацияланган мүлктү алуудан, аткаруу документин кайра чакыртып алуудан жана карызкор менен жарашуу макулдашуусун түзүүдөн баш тарткан укуктарды кошпогондо, конфискацияланган мүлк өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өндүрүп алуучунун укугуна ээ.
4. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуусу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
5. Мүлктү конфискациялоо (карызкордун банктардагы эсептерде жана салымдарда турган акча каражаттарын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунда турган карызкордун баалуу кагаздарын жана акча каражаттарын кошпогондо) сот аткаруучу тарабынан калыс-күбөлөрдүн катышуусунда жана мүлктү тизмектөө актысын түзүү жана алып коюу менен жүргүзүлөт.
6. Акча каражаттарын конфискациялоодо сот аткаруучу конфискациялоо жөнүндө токтомду банкка, финансы-кредиттик мекемеге жиберет. Токтомдо акча каражаттары которулууга тийиш болгон республикалык бюджеттин эсебинин реквизиттери көрсөтүлөт.
7. Документсиз баалуу кагаздарды конфискациялоодо сот аткаруучу конфискацияланган баалуу кагаздарды карызкордун эсебинен чыгарып салуу жана алардын компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине чегерүү жөнүндө тапшырмасы менен бул баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алууну жүзөгө ашыруучу адамга конфискациялоо жөнүндө токтомду жиберет.»;
34) 109-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
«8) сот аткаруучу тарабынан мүлктү баалоо дайындалганда.»;
35) 112-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аткаруу өндүрүшү кыскартылгандан кийин сот аткаруучу өзү дайындаган бардык мажбурлап аткаруу чараларын, анын ичинде мүлктү камакка алууну, ошондой эле карызкор үчүн белгиленген чектөөлөрдү жокко чыгарат.»;
36) 113-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Сот аткаруучунун аткаруу өндүрүшүн токтото туруу же кыскартуу жөнүндө же болбосо өндүрүштү токтотуп туруудан же кыскартуудан баш тартуу тууралуу токтому сотто талашылышы мүмкүн.»;
7) 114-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
38) 115-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
«8) актынын иш жүзүндө аткарылышына карабастан укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча чыгарылган аткаруу актысынын эскирүү мөөнөтү бүткөндө;»;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Ушул Мыйзамда белгиленген негиздер боюнча уюмга же сот аткаруучулардын аймактык башка бөлүмүнө кармоо үчүн өткөрүп берилгендигине байланыштуу аткаруу өндүрүшү аяктаганда, карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө, ошондой эле карызкор үчүн белгиленген чектөөлөрдү алып таштоо жүргүзүлбөйт. Издөөнү токтотуу боюнча, ошондой эле чектөөлөрдү өзгөртүү жана алып таштоо боюнча ыйгарым укуктар аткаруу өндүрүшү өткөрүп берилген сот аткаруучуга өтөт.»;
в) 4-бөлүктөгү «6» деген цифра «5» деген цифрага алмаштырылсын;
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө аяктаган аткаруу өндүрүшү боюнча сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси менен сот актысы, башка органдын же кызмат адамынын актысы боюнча акча каражаттарын кармоонун жана которуунун тууралыгын текшерет. Мындай текшерүүнү жүргүзүүдө юридикалык жак же карызкорго эмгек акы, пенсия, стипендия жана башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөп берген башка адам сот аткаруучусуна тиешелүү бухгалтердик жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.»;
39) 121-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Токтом даттанылбаган учурлардан тышкары, сот аткаруучунун токтомуна, ошондой эле анын аракетине (аракетсиздигине) даттануу жогору турган сот аткаруучуга же сотко берилет. Сотко берилген даттануу сот тарабынан процессуалдык мыйзамдарда белгиленген эрежелерге ылайык каралат. Эгерде даттануу бир эле учурда жогору турган сот аткаруучуга жана сотко берилген болсо, анда ал даттануу соттук тартипте каралууга тийиш.»;
40) 123-берененин 3-бөлүгүндөгү «даттанууну караган жогору турган сот аткаруучу, сот» деген сөздөр «жогору турган сот аткаруучу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
41) 124-берененин 1-бөлүгүндөгү «, сот» деген сөз алып салынсын;
42) 126-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктундагы «соттун аталышы, судьянын фамилиясы жана аты-жөнү» деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктөгү «сот,» деген сөз алып салынсын;
в) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Жогору турган сот аткаруучу даттанууну негиздүү деп тапкан учурда, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:
1) кабыл алынган токтомду толугу менен же бир бөлүгүн жокко чыгарат;
2) токтомду жокко чыгарат жана жаңы чечим кабыл алат;
3) сот аткаруучунун аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп табат жана жол берилген мыйзам бузууларды четтетүү максатында кабыл алынууга тийиш болгон чараларды аныктайт.
Эгерде сот аткаруучунун токтомуна даттануу бир бөлүгүндө негиздүү деп табылса, жогору турган сот аткаруучу кабыл алынган токтомду жарым-жартылай жокко чыгарат жана сот аткаруучуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул бөлүк боюнча жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет.
Жогору турган сот аткаруучу токтом түрүндө чечим кабыл алат.»;
43) 129-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) сот аткаруучу өндүрүшкө кабыл алган аткаруу документи боюнча өндүрүп алуудан өндүрүп алуучу баш тартканда;»;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) кылмыш иштери боюнча айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу документтери боюнча.»;
44) 2-тиркеменин 1-пунктундагы «турак үй» деген сөз «турак жай» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене
«Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1 - 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 7 жана 8-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 9-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
4) 10-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 12 - 14-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 15-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене
Ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өздөрүнүн колдонулуусун сактаган жоболорду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (мындан ары – Кылмыш-жаза кодекси) колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (мындан ары – 2017-жылдагы Жазык кодекси) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 79-ст.);
2) 2019-жылдын 15-майындагы № 62 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 5, 258-ст.);
3) 2020-жылдын 28-февралындагы № 21 «Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 6-марты, № 25);
4) 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 3-апрели, № 32);
5) 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 «Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 28-июлу, № 59);
6) 2020-жылдын 21-августундагы № 137 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 28-августу, № 68);
7) 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3 «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 17-ноябры, № 94);
8) 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 «Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 5-январы, № 1);
9) 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 19-марты, № 21-22);
10) 2021-жылдын 12-майындагы № 62 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 18-майы, № 61);
11) 2021-жылдын 22-июлундагы № 87 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 27-июлу, № 82).
7-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси (мындан ары – Укук бузуулар жөнүндө кодекс) күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 78-ст.);
2) 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 58, 285-ст.);
3) 2018-жылдын 4-августундагы № 85 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 2-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 485-ст.);
4) 2018-жылдын 10-ноябрындагы № 94 «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 11, 616-ст.);
5) 2019-жылдын 15-февралындагы № 25 «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 2, 70-ст.);
6) 2019-жылдын 21-февралындагы № 29 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 2, 74-ст.);
7) 2020-жылдын 15-январындагы № 6 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 17-январы, № 5);
8) 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 28-апрели, № 34);
9) 2020-жылдын 26-июнундагы № 64 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 30-июну, № 50);
10) 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 «Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана 2-беренелери («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 28-июлу, № 59);
11) 2020-жылдын 12-августундагы № 122 «Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 18-августу, № 65);
12) 2020-жылдын 14-августундагы № 129 «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 18-августу, № 65);
13) 2020-жылдын 14-августундагы № 130 «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 18-августу, № 65);
14) 2020-жылдын 14-августундагы № 131 «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 18-августу, № 65);
15) 2020-жылдын 21-августундагы № 137 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 28-августу, № 68);
16) 2020-жылдын 21-августундагы № 138 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, «Автомобиль жолдору жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 28-августу, № 68);
17) 2021-жылдын 15-январындагы № 5 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө», «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 22-январы, № 5);
18) 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 19-марты, № 21-22);
19) 2021-жылдын 10-мартындагы № 30 «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 19-марты, № 21-22);
20) 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 2-апрели, № 29-30);
21) 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 48 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 9-апрели, № 32);
22) 2021-жылдын 29-апрелиндеги № 58 «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 4-майы, № 40);
23) 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 «Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 30-июлу, № 83);
24) 2021-жылдын 4-августундагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 6-августу, № 85);
25) 2021-жылдын 9-августундагы № 93 «Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 13-августу, № 87).
8-берене
Ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өздөрүнүн колдонулуусун сактаган жоболорду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси (мындан ары – Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси) колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 80-ст.);
2) 2019-жылдын 15-майындагы № 62 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 5, 258-ст.);
3) 2020-жылдын 4-июнундагы № 57 «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2020-жылдын 5-июну, № 43);
4) 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 «Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 5-январы, № 1);
5) 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси («Эркин Тоо» газетасы, 2021-жылдын 19-марты, № 21-22).
9-берене
1. «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары – Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин катталган, сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган, квалификациясы Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган жоруктар жөнүндө иштер жосун декриминалдашкандыгына байланыштуу кыскартылсын жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык материалдар караштуулугу боюнча аталган Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлсүн.
2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган, квалификациясы Кылмыш-жаза кодексинде каралган жоруктар жөнүндө иштер, жосун декриминалдашкандыгына байланыштуу, аталган Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өндүрүштөн кыскартылууга жатат. Берененин ушул бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоруктар жөнүндө иштер боюнча келтирилген зыяндар жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде, жабырлануучу тарабынан өндүрүлөт.
3. Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жөнүндө кодекс күчүнө кирген учурда мыйзамдуу күчүнө кире элек, соттун чечимдери чыгарылган жоруктар жөнүндө иштер жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн Кылмыш-жаза кодексинин жана Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жоболорун эске алуу менен жогору турган сотторго жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөр чыгарылган жоруктар жөнүндө иштер кайрадан каралууга жатпайт жана мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга тийиш.
5. Жазаларды жана башка кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын дайындоо жөнүндө өкүмдөр чыгарылган жана аткарылган жоруктар жөнүндө иштер кайра каралууга жатпайт.
6. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси боюнча соттолгон жана пробация органдарында каттоодо турган адамдар андан ары жаза өтөөдөн бошотулат.
10-берене
1. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин күчүнө кирген күнүнө карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана сотко чейинки өндүрүш органдарынын (анын ичинде өндүрүштөн токтотулган иштер жандандырылган учурларда) өндүрүшүндө турган кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштөр алардын өндүрүшүндө калат жана токтоосуз түрдө, токтомдун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринде каралган жосундар боюнча кайра квалификацияланууга тийиш жана кийин маалыматтар «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилет.
Мындан аркы тергөө жана процессуалдык иш-аракеттер кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомду чыгаруусуз, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык улантылат жана жүргүзүлөт, коркунучтуулугу аз кылмыштар боюнча тергөө бир айлык мөөнөттө, ал эми анча оор эмес, оор же болбосо өзгөчө оор кылмыштар боюнча – 2 айлык мөөнөттө аякташы керек.
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык тергөө караштуулугу өзгөргөн учурда, кылмыш иштери тергөө караштуулугу боюнча бир айдын ичинде өткөрүлүп берилет.
2. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин алгач тергөө органдары тарабынан башталган атайын тергөө иш-аракеттери боюнча ыкчам издөө иш-чаралары аталган Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
3. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күндөн тартып, Кылмыш-жаза кодексинин 182, 252-258, 264-266, 323-335, 402-408, 409-416-беренелеринде каралган даярдалып жаткан кылмыштардын белгилери боюнча ыкчам издөө иш-чараларын «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацында, 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер боюнча улуттук коопсуздук органдары тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте жүргүзүлүүсүнө жол берилет.
Кылмыш-жаза кодексинин 182, 252-258, 264-266, 323-335, 402-408, 409-416-беренелеринде каралган даярдалып жаткан кылмыштар боюнча, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-пунктунун үчүнчү абзацында, 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган негиздер боюнча адамдын конституциялык укуктарын чектөөчү ыкчам-издөө иш-чаралары Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте тергөө судьясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Ушул бөлүктүн абзацтарынын жоболору тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары күчүнө киргенге чейин колдонулат.
4. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин алынган далилдөө чектери жөнүндө маселени чечүү Кодекс күчүнө киргенге чейин колдонулган тартипте аныкталат.
5. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин сотко чейинки жана (же) сот өндүрүшүнүн убагында колдонулган бөгөт коюу чараларынын, мүлккө камак салуу, кызмат ордунан убактылуу четтетүү чараларынын колдонулуусу алар узартылган, өзгөртүлгөн же жокко чыгарылган учурга чейин уланат. Андан кийинки узартуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
6. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген учурда сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган, кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн кылмыш иштери, мындан аркы тергөө жана процессуалдык иш-аракеттер 2017-жылдагы Жазык-процесстик кодексине ылайык улантылат жана жүргүзүлөт, ошондой эле соттук териштирүү да 2017-жылдагы Жазык-процесстик кодексине ылайык жүргүзүлөт. Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун шарттары аткарылбаган учурда, мындан аркы тергөө жана соттук териштирүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык жалпы тартипте жүргүзүлөт.
7. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген учурда соттун өндүрүшүндө турган кылмыш иштери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык каралууга жатат. Мында соттук териштирүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген учурда турган баскычтан тартып улантылат. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген негиздер боюнча прокурорго кылмыш иштерин кайтарып берүүгө жол берилбейт.
8. 2017-жылдагы Жазык-процесстик кодексине ылайык сот тарабынан прокурорго кайтарылып берилген кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш, андан аркы тергөө амалдары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
9. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынган жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күнгө карата мыйзамдуу күчүнө кирбеген сот чечимдери (өкүмдөр, токтомдор, аныктамалар) апелляциялык тартипте жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин колдонулуп келген мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.
10. Түзөтүү мекемесинин түрүн аныктабастан эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо жөнүндө соттор тарабынан чыгарылган жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күнгө карата мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөр боюнча түзөтүү мекемесинин түрү жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен аныкталат.
11. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күнгө карата жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын кароосунда турган түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү жөнүндө материалдар соттук караштуулугу боюнча сотторго жөнөтүлүүгө жатат.
12. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынган жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген күнгө карата мыйзамдуу күчүнө кирбеген, даттанылбаган сот чечимдери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте мыйзамдуу күчүнө кирет.
13. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин кылмыш иштери боюнча чечимдерге карата берилген апелляциялык, кассациялык даттануулар жана (же) сунуштамалар, ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө кирген учурга карата каралып бүтпөгөн иштер улантылат жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте каралат.
14. Сот чечимдерин жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси күчүнө киргенге чейин келтирилген өтүнүчтөр жана (же) арыздар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин тартибинде каралат.
15. 2017-жылдагы Жазык-процесстик кодексине ылайык өндүрүшү башталган кылмыш иштери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин негизинде кыскартылышы мүмкүн.
11-берене
1. 2017-жылдагы Жазык кодексинде каралган кылмыштарды жасаган жактарга карата сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган кылмыш иштери боюнча өндүрүш жосун декриминалдашкан учурда кыскартылсын.
2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган, квалификациясы Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган кылмыш иштери боюнча өндүрүш жосун декриминалдашкандыгына байланыштуу кыскартылсын жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, материалдар караштуулугу боюнча аталган Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлсүн.
3. Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин жасалган, сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган, 2017-жылдагы Жазык кодексинде каралган кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өткөн кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча өндүрүш шектүүнүн, айыпталуучунун макулдугу менен кыскартылсын.
4. 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси жана 2017-жылдагы Жазык кодекси боюнча соттолгон адамдарга карата өкүмдөр, эгерде алар соттолгон беренелердин санкциялары Кылмыш-жаза кодексинин 86-беренесинин 2-бөлүгүнүн эрежелери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелеринин санкцияларынан ашып кетсе кайра каралсын.
5. Жаза аткаруу органдары Кылмыш-жаза кодексине ылайык кайра кароонун натыйжасы боюнча чыгарылган өкүмдү алгандан кийин жаза мөөнөтүнүн жаңы эсептелгендиги жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаган күн жөнүндө адамдарга маалымдайт.
6. 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси жана 2017-жылдагы Жазык кодекси боюнча жосундар үчүн соттолгондор Кылмыш-жаза кодексинде ал үчүн жоопкерчилик каралбагандыктан жазадан (негизги жана кошумча) бошотулсун.
Жосундары декриминалдашкандыгына байланыштуу жазадан бошотулган адамдар жазадан бошотулган күндөн тартып соттуулугу жок деп эсептелсин.
7. Эгерде 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси жана 2017-жылдагы Жазык кодекси менен адамды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу каралган болсо, аларга карата өкүм чыга элек адамдар 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин жана 2017-жылдагы Жазык кодексинин тийиштүү беренелериндеги эскертүүлөрдө каралган шарттарды аткарса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулсун.
8. 2017-жылдагы Жазык кодекси боюнча мүлктү конфискациялоо (алып коюу) түрүндөгү жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүчү мажбурлоо чарасына соттолгон адамдар, эгерде ал Кылмыш-жаза кодекси күчүнө кирген күнгө карата аткарылбаса, аталган чара аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарга ылайык аткарылат.
9. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгон адамдарга карата соттордун өкүмдөрү, эгерде Кылмыш-жаза кодексинде ушул эле жосун үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралса, кайра каралууга жатпайт.
10. Соттордун Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин мыйзамдуу күчүнө кирген жана аткарылган айып түрүндөгү жазаларды дайындоо жөнүндөгү өкүмдөрү кайра каралууга жатпайт.
11. Негизги жаза катары айып түрүндөгү жазага соттолгон адамдарга карата соттордун өкүмдөрү аткарылбаган учурларда, Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине ылайык кароого жатат.
12. Кошумча жаза катары айып түрүндөгү жазага соттолгон адамдарга карата соттордун өкүмдөрү аткаруу документин берген органга Кылмыш-жаза кодексине ылайык кайтарылууга жатат.
13. 2017-жылдагы Жазык кодексинде эскирүүгө, жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга, 2017-жылдагы Жазык кодексинин 74-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган жеңилдетүүчү жагдайлар жыйналганда жаза дайындоого, соттуулукту жоюуга карата белгиленген эрежелер Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган адамдарга жайылтылат, буга аталган адамдардын кылмыштуу жосундарынын жазыктык-укуктук кесепеттери Кылмыш-жаза кодекси менен жеңилдетилген учурлар кирбейт.
14. Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин жасалган кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоодо 2017-жылдагы Жазык кодексинин 78-беренеси колдонулат. Эгерде жыйындыга кирген кылмыштардын эч болбогондо бири Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенден кийин жасалса, анда Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренеси же 108-беренесинин 3-бөлүгү колдонулат.
15. Эгерде жазасын өтөп жаткан адам Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенден кийин жаңы кылмыш жасаса, ага өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоодо Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренеси же 108-беренесинин 3-бөлүгү колдонулат.
16. 2017-жылдагы Жазык-процесстик кодексинин 423-беренесинин негизинде жазаны аткаруусу кийинкиге калтырылган адамдарга карата өкүмдөр эсепке алынууга жана Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине ылайык пробация органдары тарабынан аткарылууга жатат.
17. 2017-жылдагы Жазык кодексинде каралган, Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин жасалган кылмыштарды коркунучтуулугу аз, анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмыштарга киргизүү жөнүндө маселени чечүүдө, эгерде бул Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган адамдардын кылмыш жоопкерчилигин жеңилдетсе, Кылмыш-жаза кодексинин 19-беренесин жетекчиликке алуу керек. Башка учурларда 2017-жылдагы Жазык кодексинин тийиштүү жоболорун колдонуу зарыл.
18. 2017-жылдагы Жазык кодексинин негизинде соттолгон адамдарга карата иштерди кайра кароо, ошондой эле Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган адамдарга карата жана соттордун, тергөө жана алгачкы териштирүү органдарынын өндүрүшүндө турган, ушул Мыйзамдын колдонулуусуна туура келген иштерди кыскартуу кылмыш иши өндүрүшүндө турган орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
12-берене
1. Укук бузуулар жөнүндө кодекс күчүнө киргенге чейин жасалган мыйзам бузуулар жөнүндө иштер же материалдар соттор жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары- Бузуулар жөнүндө кодекс) ылайык каралат.
2. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдардын мыйзамдуу күчүнө кирген токтомдорунун негизинде айып салуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер кайра каралуусу мүмкүн эмес жана Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык аткарылууга жатат.
3. Укук бузуулар жөнүндө кодекс күчүнө киргенге чейин соттордун өндүрүшүндө турган ыйгарым укуктуу органдардын мыйзам бузуулар жөнүндө иштер боюнча даттанылган токтомдору Укук бузуулар жөнүндө кодексте белгиленген тартипте каралууга жатат.
4. Укук бузуулар жөнүндө кодекс күчүнө киргенге чейин апелляциялык инстанциядагы соттордо кароодо турган бузуулар жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдардын токтомдоруна даттануу жөнүндө иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча соттордун чечимдерине даттануу боюнча иштер Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган тартипте каралууга жатат.
13-берене
1. Ушул Мыйзамдын 11-беренеси Кылмыш-жаза кодекси күчүнө кирген күндөн баштап алты айдын ичинде аткарылууга жатат.
2. Ушул Мыйзамдын 11-беренесин аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
1) тергөө органдарына - коркунучтуулугу аз кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө - бир айлык мөөнөттө, ал эми анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмыштар боюнча тергөө - эки айдын ичинде аякташы керек;
2) сотторго:
а) жасаган кылмыштары жөнүндө кылмыш иштери соттордун өндүрүшүндө турган жана карала элек адамдарга карата;
б) жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган, шарттуу соттолгон, Жоруктар жөнүндө кодекс боюнча соттолгон адамдын жосуну Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык укук бузуу катары таанылган же Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмыш деп таанылган учурда, өздөрүнүн арызы боюнча өкүмдүн аткарылышын кийинкиге калтыруу менен соттолгон адамдарга карата;
в) түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан жана пробация органдарында каттоодо турган адамдарга карата. Жаза аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери, пробация органдары үч айдын ичинде өкүм чыгарган сотторго ушул пунктчада көрсөтүлгөн адамдарга карата сунуштарды, өкүмдүн көчүрмөсүн тиркөө менен жөнөтүшөт. Сунуш өкүм чыгарган сот тарабынан соттолгондун катышуусуз каралат.
3) прокуратура органдарына - соттун айыптоо өкүмү чыгарылган, бирок алар боюнча өкүм мыйзамдуу күчүнө кирбеген же мыйзамдуу күчүнө кирген, бирок аткарууга алынбаган адамдарга карата - бир айдын ичинде.
14-берене
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин сот арачылары катышкан соттор жөнүндө 45-главасы 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
15-берене
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана Жаза аткаруу кодексине ылайык келтиргенге чейин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана Жаза аткаруу кодексине каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
16-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын 2-5-беренелери аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:
1) мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында ченемдик укуктук актыларды Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Жаза аткаруу кодексине, «Пробация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Жаза аткаруу кодексине, «Пробация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүнү карап чыксын;
3) 2021-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жоболорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды бөлүүнү карасын.
4. Укук коргоо, сот органдары, прокуратура органдары, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар жаңы кодекстер күчүнө кирген учурдан тартып ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык тутумдарын алардын талаптарына ылайык келтиришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти ушул Мыйзамдын 14-беренесин ишке ашырууну камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 22-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |