Сравнение редакций…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ
2018-жылдын 10-августу № 90
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 47, 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2021-жылдын 23-мартындагы № 41, 2021-жылдын 6-майындагы № 61, 2021-жылдын 22-майындагы № 65,2021-жылдын 22-майы № 67, 2021-жылдын 26-июнундагы № 80, 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149, 2022-жылдын 18-январындагы № 5, 2022-жылдын 14-апрелиндеги №26, 2023-жылдын 10-февралындагы № 23, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2024-жылдын 8-февралындагы № 41, 2024-жылдын 1-мартындагы № 65, 2024-жылдын 29-июлундагы № 151, 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 20-январындагы № 15 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 23-июнундагы № 124, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 222, 2025-жылдын 20-октябрындагы № 224 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 , 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262,
2026-жылдын 20-февралындагы № 17, 2026-жылдын 18-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Кодекс колдонулуучу чөйрө
Ушул Кодекс төмөндөгү мамилелерди жөнгө салат:
1) салыктык эмес кирешелерди белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча;
2) салыктык эмес кирешелерди эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо процессинде келип чыгуучу;
3) ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине, алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануулар боюнча.
2-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар
1. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ушул Кодекске жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга негизделген салыктык эмес кирешелер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.
Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
2. Ушул Кодекс төмөндөгүлөрдү белгилейт:
1) салыктык эмес кирешелердин системасын;
2) салыктык эмес кирешелердин түрлөрүн;
3) салыктык эмес кирешелерди белгилөө, өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартибин;
4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин келип чыгуу, өзгөрүү, аткарылыш жана токтотулуш негиздерин;
5) төлөөчүлөрдүн жана укуктук мамилелердин башка катышуучуларынын салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин;
6) салыктык эмес кирешелерди чегерүүнү жана төлөөнү контролдоонун формаларын;
7) салыктык эмес кирешелерди жыйноону ишке ашыруучу органдардын чечимдерине даттануу тартибин, аларды төлөө үчүн контролду, ошондой эле алардын кызматкерлеринин аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аргасыз кырдаал жагдайлары пайда болгон учурда, белгилүү мөөнөткө салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болуу, өзгөрүү, аткаруу жана токтотуу негиздери боюнча, ошондой эле салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн санкцияларды жана туумдарды колдонбоо боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ болот.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ушул Кодексте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
1. Ушул Кодексте пайдаланылуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жарандык, үй-бүлөлүк, бажылык, салыктык жана башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары бул мыйзам тармактарында пайдаланылган мааниде колдонулат.
2. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) салыктык эмес кирешелердин администратору - салыктык эмес кирешелерди чегерүү, жыйноо, эсепке алуу, эсептөөнүн тууралыгын, алардын толук жана өз убагында төлөнүүсүн контролдоо боюнча бир же бир канча функцияларды жүзөгө ашыруучу, ошондой эле ашыкча төлөнгөн (өндүрүп алынган) салыктык эмес кирешелерди, алар боюнча туумдарды жана айыптарды кайтаруу (эсепке киргизүү) жөнүндө чечимдерди кабыл алуучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмү;
2) салыктык эмес кирешелердин башкы администратору - карамагында салыктык эмес кирешелердин администраторлору бар, мыйзамдар менен аныкталган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ал эми карамагында администраторлор жок болсо алар салыктык эмес кирешелердин администратору болуп саналышат;
3) ыктыярдуу трансферттер - жеке жана юридикалык жактар тарабынан мамлекетке, бюджеттик мекемелерге жана жергиликтүү бюджеттерге кайтарымсыз өткөрүп берилүүчү мүлк, анын ичинде демөөрчүлүк жардам;
4) салыктык эмес кирешелер боюнча карыз - өнбөгөн калдыктын суммасы, ошондой эле туумдар менен санкциялардын тындырылбаган суммалары;
5) бюджеттик мекемелердин мүлкү - бюджеттик мекемелерге чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк;
6) өнбөгөн калдык - салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген, өз мөөнөтүндө төлөнбөгөн салыктык эмес кирешенин суммасы;
7) салыктык эмес кирешелер - ушул Кодекс менен белгиленген, мамлекеттик бюджеттин кирешесине төлөнүүчү жана салыктар, бажы төлөмдөрү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр жана расмий трансферттер болуп саналбаган жыйымдар, чегерүүлөр, төлөмдөр, анын ичинде, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
8) пайдадан чегерүү - пайдадан жүзөгө ашырылуучу жана бюджетке түшүүчү төлөмдүн түрү;
9) өнүктүрүүгө чегерүүлөр - жергиликтүү маанидеги белгилүү бир тармакты өнүктүрүүгө жана инфратүзүмдү күтүүгө мамлекет тарабынан белгиленген милдеттүү төлөмдүн түрү;
10) чечим - ушул Кодекске ылайык, салыктык эмес кирешелердин администратору, башкы администратору же салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынган, ушул Кодексте белгиленген тартипте талашуу мүмкүн болгон ченемдик эмес акт;
11) санкциялар - ушул Кодексте белгиленген жоболорду бузгандыгы үчүн колдонулуучу мүлктүк таасир берүүчү чаралар;
12) жыйым - уюмдардан жана жеке жактардан алынуучу төгүм, аны төлөө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан жыйымды төлөөчүлөргө карата юридикалык олуттуу аракеттерди жүзөгө ашыруу шарттарынын бири болуп саналат, буга белгилүү укуктарды берүү же уруксат (лицензия) берүү да кирет, же болбосо аны төлөө жыйым киргизилген аймактын чегинде ишкердик иштин айрым түрлөрүн жүргүзүү менен байланыштуу болуп саналат;
13) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - салыктык эмес кирешелер боюнча саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.
4-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын тийиштүү аймакта колдонула турган ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2. Жаңы салыктык эмес кирешелерди белгилөө, алардын ставкаларын жогорулатуу бөлүгүндө ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизе турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, алар расмий жарыялангандан эки календардык айдан кийинки айдын 1-числосунан эрте эмес күчүнө кирет.
3. Жаңы салыктык эмес кирешелерди белгилөөчү, ставкалардын өлчөмүн жогорулатуучу, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же оордотуучу, салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучусунун жаңы милдеттерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кайтарымдуу күчкө ээ эмес.
5-берене. Ченемдик укуктук актылардын катышы
1. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзам актылары жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Кодекске каршы келбеши керек.
2. Бюджеттик мекемелер тарабынан ишке ашырылуучу продукцияларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кошпогондо, инвестициялар тууралуу мыйзамдарга ылайык, турукташтыруу режимин колдонуу укугуна ээ инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкана, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда, турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 10 жылдын ичинде салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө боюнча алар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды тандоо укугуна ээ.
2-глава. Салыктык эмес кирешелердин системасы
6-берене. Салыктык эмес кирешелерди белгилөөнүн жалпы шарттары
Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул Кодекс менен салыктык эмес кирешелерди алуунун төмөнкү элементтери аныкталган учурда гана салыктык эмес кирешелер белгиленди деп эсептелет:
1) субъект;
2) салыктык эмес кирешенин ставкасы же өлчөмү, же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
3) төлөө тартиби.
7-берене. Субъект
Субъект (мындан ары - төлөөчү) - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу органдарынан тышкары, салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме жүктөлгөн жеке же юридикалык жак болуп саналат.
8-берене. Салыктык эмес кирешенин ставкасы, өлчөмү же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы
1. Салыктык эмес кирешелердин ставкасы же өлчөмү салыктык эмес кирешелердин ар бир түрү боюнча өзүнчө, пайыздарда же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдө, же болбосо мерчемделген акчалай суммада белгиленет.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
9-берене. Салыктык эмес кирешени эсептөөнүн тартиби
Төлөөчү, администратор же башкы администратор ушул Кодекске ылайык каралган жеңилдиктерди жана бошотууларды эсепке алуу менен салыктык эмес кирешенин суммасын өз алдынча эсептейт.
10-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөттөрү
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөттөрү ушул Кодекстин талаптарына жараша, салыктык эмес кирешелердин ар бир түрүнө карата өзүнчө белгиленет.
2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөттөрүн бузуу төлөөчүнү укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөнүн тартиби
1. Салыктык эмес кирешелер төмөнкүчө төлөнөт:
1) бардык суммасы же бөлүп-бөлүп;
2) түздөн-түз төлөөчү тарабынан же анын атынан;
3) накталай же накталай эмес акчалай формада.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө тартиби салыктык эмес кирешелердин ар бир түрүнө карата өзүнчө белгиленет.
II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ТӨЛӨӨДӨ КЕЛИП ЧЫГУУЧУ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕРДИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
3-глава. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчү
12-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучулары
Салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешелерди төлөөчү катары таанылган субъект;
2) салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлору;
3) салыктык эмес кирешелердин администраторлору;
4) салык кызматынын органдары;
5) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлү - салыктык эмес кирешелерди тескөөдө жана тиешелүү бюджетке өндүрүп алууда төлөөчүнүн атынан белгиленген тартипте чыгууга укуктуу жак;
6) салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери ушул Кодекс менен жөнгө салына турган башка жактар.
(КР 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн укуктары
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодекске ылайык, салыктык эмес кирешелерди бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн жактардан салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону талап кылууга;
2) укуктук мамилелерде жеке өзү же болбосо өзүнүн өкүлү аркылуу чыгууга;
3) салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн, ошондой эле ашыкча өндүрүп алынган суммасын кайтарууга;
4) негиздер болгондо жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди жана бошотууларды пайдаланууга;
5) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешени тийиштүү бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине даттанууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктык эмес кирешени тийиштүү бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын мыйзамсыз чечими менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга.
2. Төлөөчү салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жана башка укуктарга да ээ.
14-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн милдеттери
1. Төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди белгиленген тартипте аткарууга;
2) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте түшүндүрмөлөрдү, маалыматты жана документтерди берүүгө;
3) салыктык эмес кирешени бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн жактардын укук бузуулардын кесепеттерин жоюу жөнүндө же укук бузууларды жасоого алып келүүчү аракетти же аракетсиздикти токтотуу жөнүндө мыйзамдуу көрсөтмөсүн аткарууга;
4) ушул Кодекстин негизинде алар кызматтык милдеттерин аткарууда салыктык эмес кирешени бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөгө контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылбоого;
5) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр жана калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн алымдар боюнча салыктык эмес кирешенин төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтердин 6 жыл аралыгында сакталышын камсыз кылууга;
6) салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууну жүргүзүүгө жана отчет берүүгө.
2. Төлөөчү салыктык эмес кирешелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен белгиленген башка милдеттерди аткарат.
3. Төлөөчү салыктык эмес кирешелерди өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүү. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча талаптарды бузган учурда, төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Жоруктардын же кылмыштардын белгилерин камтыган салыктык эмес мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет.
15-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери төмөнкүчө аныкталат:
1) ушул Кодекс менен;
2) төлөөчү менен анын өкүлүнүн ортосунда түзүлүүчү жарандык укуктук келишим менен;
3) төлөөчү өзүнүн өкүлүнө берген ишеним кат менен.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча укуктук мамилелерде төлөөчүнүн катышуусу менен байланышкан төлөөчүнүн өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги катары таанылат.
3. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы, ошондой эле жашы жете электер жана ишке жөндөмсүз адамдар төлөөчүнүн өкүлү боло албайт.
4. Жеке нотариус нотариалдык аракеттерди жасоодо жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө төлөөчүнүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча өкүлү боло алат.

4-глава. Салык кызматынын органдарынын, салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун жана администраторлорунун укуктары жана милдеттери
16-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте белгиленген тартипте салыктык эмес кирешелердин тиешелүү бюджетке түшүүсүн контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) салыктык эмес кирешелерди эсептеп чыгуу жана тиешелүү бюджетке төлөө боюнча документтерди берүүнү салыктык эмес кирешени төлөөчүдөн, администратордон жана башкы администратордон талап кылууга;
3) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүдөн, администратордон жана башкы администратордон салыктык эмес кирешелерди эсептеп чыгуу жана төлөө менен байланышкан документтерди, ошондой эле эсептөөнүн тууралыгын жана төлөмдүн өз учурунда жүргүзүлгөндүгүн тастыктоочу документтерди толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга, төлөөчүдөн документтердин көчүрмөсүн алууга;
4) ушул Кодексте каралган негиздер боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө доо арызын сотторго берүүгө;
5) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын табылган бузууларды жоюуну талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
6) ушул Кодекске ылайык тиешелүү бюджетке салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга;
7) салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун ушул Кодекске ылайык өкүлдөнгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ишин контролдоого.
2. Ушул Кодекс менен белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ошондой эле ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга ээ.
3. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана салыктык эмес кирешелерди төлөөчүлөрдөн жана башкы администраторлордон анын аткарылуусун талап кылууга;
3) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча төлөөчүлөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышына көмөк көрсөтүүгө;
4) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча төлөөчүлөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоого;
5) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, төлөөчүлөрдүн, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдын жана сынам жыйымынын эсептелген жана төлөнгөн суммаларынын эсебин жүргүзүүгө;
6) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча отчеттуулуктун формаларын толтуруу тартибин түшүндүрүүгө;
7) кызматтык, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого;
8) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү же электрондук суроо-талабы боюнча аны алган күндөн кийинки күндөн тартып 2 жумуш күндөн кечиктирбестен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр жана туумдар, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча эсептөөлөрдүн суммалары жана даталары жөнүндө чечимди берүүгө;
9) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылган фактысын тастыктоочу документтердин 6 жылдын ичинде сакталышын камсыз кылууга;
10) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген тартипте жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-берене. Салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте каралган учурларда салыктык эмес кирешелерди төлөөнү эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында табылган бузууларды жоюуну талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
3) ушул Кодексте каралган негиздер боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп берүү жөнүндө доо арызын сотторго берүүгө;
4) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча администраторлордун текшерүүлөрүн жүргүзүүгө.
2. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төлөөчүнүн кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын сактоого;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;
3) төлөөчүлөрдүн салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө;
4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылыш фактыларын тастыктоочу документтердин 6 жыл аралыгында сакталышын камсыз кылууга;
5) ушул Кодекске ылайык белгиленген тартипте жана мөөнөттө отчетторду түзүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
6) башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууга жана отчет жүргүзүүгө;
7) салыктык эмес кирешелердин администраторлору тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз, толук эмес жана кечиктирилип көрсөтүлүшүнө карата төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого;
8) ушул Кодекстин 16-беренесинде каралган салык кызматынын органдарынын талаптарын аткарууга;
9) администраторлор тарабынан салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сакташын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
10) жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү салыктык эмес кирешелер боюнча отчетторду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу органына берүүгө.
18-берене. Салыктык эмес кирешелердин администраторлорунун жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте каралган учурларда салыктык эмес кирешелерди эсепке алууну, жыйноону жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) ушул Кодексте каралган негиздер боюнча сотторго салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп берүү жөнүндө доо арыздарын берүүгө.
2. Администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоого жана төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;

5) салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууну жүргүзүүгө жана отчетторду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башкы администраторго берүүгө;
6) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча төлөөчүлөргө текшерүү жүргүзүүгө;
7) ушул Кодекстин 16-беренесинде каралган салык кызматынын органдарынын талаптарын аткарууга.
III БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕ ЖАНА КАРЫЗ
5-глава. Жалпы жоболор
19-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме
1. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме болуп салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген жагдайлар болгондо төлөөчүнүн Бирдиктүү казыналык эсепке салыктык эмес кирешени төлөө милдети саналат.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме акчалай милдеттенме болуп саналат.
20-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмелердин келип чыгышы, өзгөрүшү, аткарылышы жана токтотулушу
Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген негиздер болгондо келип чыгат, өзгөрөт, аткарылды же токтотулду деп эсептелет.
21-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенменин валютасы
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында - сом менен аткарылат.
2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди эсептөөдө милдеттенменин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректегенге жол берилет.
22-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөө, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым жана калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча доонун эскирүү мөөнөтү, ушул Кодекске ылайык, салыктык эмес кирешени төлөө карала турган кырдаал келип чыккан күндөн тартып же салыктык эмес кирешени төлөө боюнча мезгил аяктагандан тартып 6 жылды түзөт.
2. Салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү талап кылуу укугу доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнчө сакталат.
3. Доонун эскирүү мөөнөтүн токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча карыз
Салыктык эмес кирешелер боюнча карыз болуп төмөнкү учурларда таанылган болуп саналат, эгерде ал:
1) ушул Кодексте белгиленген тартипте салыктык эмес киреше төлөөчүнүн отчеттуулугунун негизинде эсептелсе;
2) салыктык эмес кирешелердин администраторунун, башкы администраторунун же салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелип чыгып, аны менен салыктык эмес киреше төлөөчү тааныштырылса жана талашпаса;
3) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешенин администраторунун, башкы администраторунун же салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелип чыкса жана ал чечимге карата салыктык эмес кирешелер боюнча карыздарды төлөө тууралуу соттун күчүнө кирген чечими бар болсо.
6-глава. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу жана карызды жоюу
24-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу жана карызды жоюу
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу датасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эгерде акча каражаттары бюджетке түшкөн учурда төлөөчүнүн эсебинде төлөмдүк бул тапшырманы толук көлөмдө аткаруу үчүн жетиштүү каражаттар бар болсо, салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которууга банкка төлөмдүк тапшырманы берген күн;
2) салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которууга банктын төлөмдүк тапшырманы аткарган күнү;
3) салыктык эмес кирешенин тиешелүү суммасын которуу үчүн накталай акча каражаттарын банкка, администраторго же башкы администраторго төлөгөн күн.
2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенме төмөнкү учурларда өз мөөнөтүндө аткарылды деп таанылбайт:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде акча каражаттары бюджетке салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө түшпөсө;
2) салыктык эмес кирешенин суммасын которууга төлөмдүк тапшырманы төлөөчү кайра чакыртып алганда;
3) салыктык эмес кирешенин суммасын которууга төлөмдүк тапшырма төлөөчүгө банк тарабынан кайтарылып берилгенде;
4) салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которуу үчүн киргизилген накталай акча каражаттарын төлөөчү кайра чакыртып алганда.
3. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык тийиштүү түрдө аткарылууга тийиш.
4. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу төлөөчү тарабынан өз алдынча же анын өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Акча каражаттарын накталай же накталай эмес түрдө бардык тийиштүү сумманы төлөө эсебине киргизүү салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу болуп саналат.
25-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча карызды мажбурлап жоюу
1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, ушул Кодекске ылайык салыктык эмес киреше боюнча карыз болгон учурда, администраторлор, башкы администраторлор жана салык кызматынын органдары карыздын суммасынын чегинде, анын карамагындагы мүлктү тескөөгө чектөө салуу жана/же ушул төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу тууралуу доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
Сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
Бул доо үчүнчү тараптан, анын ичинде, дебитордун каражаттарынын эсебинен карызды өндүрүп алууну камтуусу мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доо арызын берүүдө, администраторлор, башкы администраторлор жана салык кызматынын органдары үчүнчү жакка, анын ичинде дебиторго, карызы бар төлөөчүнүн дарегине акчалай төлөмдөрдү токтотуу жөнүндө чечимди, чечимдин тиркемеси менен жөнөтүүгө укуктуу.
Эгерде соттун чечими чыкканга чейин үчүнчү жак чечимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаса жана ушул чечимге каршы чыкпаган болсо, андан ушул төлөмгө барабар келген, бирок салыктык эмес киреше боюнча карыздын суммасынан ашык эмес сумма өндүрүлүп алынат. Ушул бөлүктө каралган сумманы өндүрүп алуу соттун чечими менен жүзөгө ашырылат.
3. Төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу жөнүндө доо арызы боюнча иштерди кароо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Карыз төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алынган учурда, карызды төлөө боюнча милдеттенме түшкөн суммалардын эсебинен өндүрүп алуу ишке ашырылган жана карыз жоюлган күндөн тартып аткарылды деп эсептелет. Мурда камакка коюлган мүлктү саткан учурда, мүлк камакка коюлган күндөн баштап жана түшкөн суммалар бюджетке которулганга чейин карызды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум кошулбайт.
6. Администратордун, башкы администратордун жана салык кызматы органынын кызмат адамы, ошондой эле алар менен өз ара байланыштагы жактар төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу жөнүндө сот чечимин аткаруу иретинде сатылып жаткан салыктык эмес киреше төлөөчүнүн мүлкүн алууга укугу жок.
Администратордун, башкы администратордун жана салык кызматы органынын кызмат адамы менен өз ара байланыштуу болуп үй-бүлө мыйзамдары менен аныкталуучу алардын жакын туугандары саналат.
7. Эгерде салыктык эмес кирешени төлөө лицензиялык талап болуп саналса жана белгиленген тартип бузулса, анда лицензиялык-уруксат берүүчү система жөнүндө же жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.
8. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча карыз Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-1-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча үмүтсүз карызды эсептен чыгаруу
Салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча карыздар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык үмүтсүз карыз деп аныкталат жана таанылат.";

7-глава. Салыктык эмес кирешелерди кайра кайтаруу
26-берене. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтаруу
1. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу үчүн төлөөчү администратордун же башкы администратордун дарегине арыз берет. Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча арыз салыктык же эсепке алуу каттоосунда турган жер боюнча салык кызматынын органына берилет.
2. Администратор же башкы администратор кайра кайтаруу жөнүндө арыз түшкөндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде төлөөчүнүн талабы укук ченемдүү экендиги жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Талаптын укук ченемдүү экендиги таанылган учурда, казыналыкка салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу жөнүндө кайрылуу жөнөтүлөт. Талаптын укук ченемдүү эместиги таанылганда, төлөөчүгө кабыл алынган чечимдин негиздемеси бар жооп жөнөтүлөт.
3. Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн суммасын кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки 10 жумуш күндүн ичинде салык кызматынын органы төлөөчүнүн талаптарынын укук ченемдүү экендиги жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Талаптын укук ченемдүү экендиги таанылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына ашыкча/жаңылыш төлөнгөн сумманы кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө кайрылуу жөнөтүлөт. Талаптын укук ченемдүү экендиги таанылганда төлөөчүгө баш тартуу жөнүндө негизделген чечим жөнөтүлөт.
4. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтаруу администратордун, башкы администратордун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт, ал төлөөчүдөн кайтаруу жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына берилүүгө тийиш.
Салык кызматынын органы салыктык эмес кирешелердин ашыкча/жаңылыш төлөнгөн суммасын кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 2 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгына салык органы тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелердин ашыкча/жаңылыш төлөнгөн суммасын кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө кайрылууну жөнөтөт.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы башкы администратордун кайрылуусун алган күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде төлөөчүнүн эсебине салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын которууга тийиш.
6. Салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу жөнүндө арызды төлөөчү ашыкча төлөнгөн сумма келип чыккан күндөн кийинки 6 жылдан кеч эмес мөөнөттө берсе болот.
7. Ашыкча төлөнгөн сумма келип чыккан күн болуп салыктык эмес кирешенин кайра кайтарылууга тийиш болгон суммасы бюджетке төлөнгөн күн саналат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
27-берене. Мамлекеттик алымды кайра кайтаруу
1. Төлөнгөн мамлекеттик алым төмөнкү учурларда толук же жарым-жартылай кайра кайтарылат:
1) мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден чоң өлчөмдө төлөнгөндө;
2) Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган негиздер боюнча арызды кабыл алуудан баш тартканда, арыз кайтарып берилгенде, иш боюнча өндүрүш кыскартылганда, арыз кароосуз калтырылганда;
3) жоопкер доону тааныганда;
31) сот актысына апелляциялык же кассациялык даттануунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды канааттандыруудан апелляциялык же кассациялык инстанция баш тартканда;
32) жак апелляциялык жана кассациялык даттануулардан баш тартканда;
4) ыйгарым укуктуу органдар нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартканда;
5) мамлекеттик алымды төлөгөн жактар юридикалык мааниси бар аракет жасоодон баш тартканда;
6) эгерде жубайлардын элдешүүсүнө же экөөнүн бирөөсүнүн келбей коюусуна байланыштуу нике бузулбаган учурда, бойго жеткен балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никени бузууну каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндө;
7) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүүдөн баш тартканда;
8) сот актысын кайра карап чыгуу жөнүндө даттануу канааттандырылганда жана даттанылган сот актысы жокко чыгарылганда.
2. Мамлекеттик органдарды кошпогондо, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн прокурор тарабынан берилген доо арызын канааттандыруудан ага баш тартылган учурда, мамлекеттик алым кызыкчылыгын көздөп доо арызын берген жактан алынат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы төлөөчүнүн талаптарынын укук ченемдүүлүгү жөнүндө чечимди алган күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде төлөөчүнүн эсебине мамлекеттик алымдын ашыкча төлөнгөн суммасын которуп берүүгө тийиш.
4. Соттордун мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайтарып берүүсү үчүн негиз болуп саналган жагдайлар сот актысында көрсөтүлөт.
Мамлекеттик алымды кайра кайтаруу сот актысынын негизинде ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин анын бюджетке эсепке киргизилген жери боюнча казыналык органдар тарабынан жүргүзүлөт.
5. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарылып берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2021-жылдын 23-мартындагы № 41, 2024-жылдын 1-мартындагы № 65, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ТӨЛӨӨНҮ КОНТРОЛДОО ЖАНА ӨЗ УБАГЫНДА ТӨЛӨБӨГӨНДҮГҮ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
8-глава. Салыктык эмес кирешелерди төлөөнү контролдоо тартиби. Салыктык эмес кирешелерди төлөө үчүн контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар
28-берене. Отчетторду түзүүнүн жана тапшыруунун тартиби
1. Администраторлор салыктык эмес кирешелерди жыйноону жүзөгө ашырат, отчетторду түзөт жана башкы администраторго отчеттук айдан кийинки айдын 10-числосуна чейин берет. Башкы администраторлор жыйынды отчет түзүшөт жана аны отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2. Бюджеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн кирешелер боюнча башкы администраторлор отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет беришет.
2-2. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордо же эсептөөлөрдө маалымат жана дайындар жок болгон учурда мындай отчетту түзүү жана берүү талап кылынбайт.
3. Казыналык түшкөн салыктык эмес кирешелер боюнча жыйындыны жүзөгө ашырат жана башкы администраторлор жана администраторлор менен салыштырып текшерүүнү жүргүзөт.

29-берене. Салыктык эмес кирешелерди жыйноону контролдоонун формалары
1. Салыктык эмес кирешелердин төлөнүүсүн контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) салыктык эмес кирешелердин тиешелүү бюджетке түшүүсүн эсепке алуу;
2) салыктык эмес кирешелерди бюджетке чегерүүнүн жана төлөөнүн толук жана өз убагында жүргүзүлгөндүгүн текшерүү.
2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүн эсепке алууну салыктык эмес кирешелердин администраторлору же болбосо башкы администраторлору жүргүзөт.
3. Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча салык кызматынын органдары ушул Кодексте каралган учурларда кошуп эсептөөлөрдү, келип түшүүлөрдүн эсебин алууну жана мажбурлап өндүрүп алууну жүзөгө ашырышат.
4. Төлөөчүлөрдүн салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүү администраторлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүү башкы администраторлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Салык кызматынын органдары башкы администраторлордун, ошондой эле башкы администраторлору жок болгон администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүүнү ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүзөгө ашырат.
7. Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча ушул Кодекстин милдеттенмелерин жана талаптарын төлөөчү өз учурунда жана толук аткаруусун текшерүүлөр салыктык текшерүүлөрдү дайындоо тартибин жана жол-жобосун, аны жүргүзүүнү жана аяктоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган ченемдерге ылайык салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Салыктык эмес кирешелер боюнча башкы администраторду жана/же администраторду текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы текшерүүнүн толук кандуулугу үчүн мааниси бар жагдайларды тактоо максатында салык мыйзамдарында каралган ченемдерге ылайык текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
30-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан башкы администраторлорду жана/же администраторлорду текшерүүнү пландоо
1. Салыктык эмес кирешелердин администраторлорунун жана/же башкы администраторлорунун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун пландуу текшерүү салык кызматынын органдарынын бири тарабынан, текшерүүлөрдүн планына ылайык, акыркы текшерүү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин бир жолудан көп эмес жүзөгө ашырылат.
2. Салыктык эмес кирешелерди текшерүүлөрдүн планы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан өтүп жаткан жылга түзүлүп, текшерилүүгө тийиш болгон администраторлордун жана/же башкы администраторлордун тизмегин камтыйт жана календардык жыл башталганга чейинки 20 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүлөрдүн планы кызматтык пайдаланылуудагы документ болуп эсептелет жана жарыялоого жатпайт.
3. Администраторлордо жана/же башкы администраторлордо, анын ичинде мурда текшерилгендерде, ушул Кодексте каралган ченемдерди бузган фактылар бар экендигин күбөлөндүргөн документалдуу ырасталган маалыматтар болгондо, текшерүү ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөр аяктаганга чейин, пландан тышкаркы текшерүүнүн же кайра текшерүүнүн алкагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
31-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан администраторлордун жана/же башкы администраторлордун салыктык эмес кирешелерин текшерүү мезгили, аны жүргүзүүнүн жана аяктоонун мөөнөттөрү
1. Салыктык эмес кирешелерди пландуу текшерүү ушул пландуу текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышына карата отчет тапшыруу жана/же салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөтү бүткөн мезгилди, ошондой эле өтүп жаткан жылдын башталышында бүткөн мурунку 3 календардык жылдан ашык эмес мезгилди камтыйт.
2. Салыктык эмес кирешелерди пландан тышкаркы текшерүү же кайра текшерүү доо арызынын эскирүү мөөнөтү өткөнгө чейинки каалаган мезгилде жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Берилген жазма эскертүүдө көрсөтүлгөн пландуу текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү администраторго жана/же башкы администраторго буйрукту тапшырган күндөн кийинки 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын ар кандай региондорунда салыктык эмес кирешелердин администраторлору карамагында болгон башкы администраторду пландуу текшергенде мындай текшерүүнүн мөөнөтү ар бир администратор үчүн 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
5. Пландан тышкары текшерүү пландуу текшерүү үчүн аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.
6. Салыктык эмес кирешелерди кайра текшерүү 15 календардык күндөн ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
7. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорго жана/же башкы администраторлорго текшерүү жүргүзүүнүн, ошондой эле текшерүүнүн өзүн жүргүзүүнүн мөөнөтү төмөнкүчө токтотулуп турат:
1) салык кызматы боюнча органдын документтерди берүү жөнүндө чечимин администраторго жана/же башкы администраторго тапшырган күндөн кийинки күндө башталган мезгилге жана алар берилген күндү кошуп алганда, текшерүү жүргүзүүдө суралуучу документтер берилген күнгө чейин,;
2) салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүүгө катышуучулардын жакын тууганынын ооругандыгынын, каза болгондугунун себеби боюнча, бирок 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө;
3) аргасыз кырдаалдар келип чыккан учурда.
8. Салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүүнүн мөөнөтүнүн өтүүсү, ошондой эле текшерүүнүн өзүн жүргүзүү маалымат берүү жөнүндө компетенттүү органдарга болгон тийиштүү суроо-талапка жооп алуу жана алар боюнча маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон мезгилде, ошондой эле утурлай текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү мезгилинде токтотулбайт.
Тийиштүү суроо-талапты жүзөгө ашыруу, экспертизаларды жүргүзүү, утурлай текшерүүлөрдү дайындоо жана салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүү күнү аяктаганга чейин алардын натыйжалары алынбаган учурда, текшерүү актысында жүргүзүлгөн суроо-талаптар, экспертиза жүргүзүү, утурлай текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө жазууларды көрсөтүү менен аяктайт.
9. Салыктык эмес кирешелердин администраторлоруна жана/же башкы администраторлоруна текшерүү жүргүзүүгө болгон жазма буйруктун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
10. Салыктык эмес кирешелердин администраторун жана/же башкы администраторун текшерүү аяктаганда салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан акт түзүлөт.
11. Салыктык эмес кирешелердин администраторлорун жана/же башкы администраторлорун текшерүү актысы эки нускадан кем эмес түзүлөт жана текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы жана текшерилип жаткан уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлат. Көрсөтүлгөн жактар актыга кол коюудан баш тарткан учурда, бул жөнүндө актыда тийиштүү белги коюлат.
12. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү актысынын бир нускасы администраторго жана/же башкы администраторго тапшырылат. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү актысын алып жатып администратор жана/же башкы администратор аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.
13. Текшерүүнүн натыйжаларына макул болбогон администратор жана/же башкы администратор актыны алган датадан кийинки 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин берүүгө укуктуу.
32-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо
1. Эгерде салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлор жана башкы администраторлор текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин беришпесе, аларды текшерүүнүн материалдары салык кызматынын органдарынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан администраторго жана/же башкы администраторго салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүү актысы тапшырылган күндөн кийинки 10 күндөн кечиктирбестен каралат.
Ушул бөлүмдө белгиленген мөөнөттөрдө администратор жана/же башкы администратор тарабынан текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр же каршы пикирлер берилген учурда, текшерүүнүн материалдары администратордун жана/же башкы администратордун же алардын өкүлүнүн катышуусунда каралат.
Мында текшерүүнүн материалдарын кароо мөөнөтү салык кызматынын органы администратордон жана/же башкы администратордон текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин алган күндөн кийинки 10 күндөн кечиктирбестен белгиленет.
2. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын салык кызматынын органдарынын кароо жана кароонун натыйжалары боюнча тийиштүү чечим чыгаруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
3. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлордун жана/же башкы администраторлордун жетекчилери текшерүүнүн материалдары каралган күндөн тартып 30 күндүн ичинде администратордун жана/же башкы администратордун салык кызматынын органынын текшерүү актысында көрсөтүлгөн бузууларга жол берген кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартат жана маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
4. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

33-берене. Администраторлордун тизмеги
Администраторлордун тизмеги жана алардын салыктык эмес кирешелерди төлөөнү камсыз кылуу бөлүгүндө салык кызматтары менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
34-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттардын топтолуусу жана пайдаланылышын контролдоо
1. Бюджеттик мекемелердин негизги ишине аудитти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттардын топтолуусунун мыйзамдуулугун, алардын максаттуу жана үнөмдүү жумшалуусун, ошондой эле бул каражаттар боюнча эсеп жүргүзүүнүн жана отчет түзүүнүн тууралыгын текшеришет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө каражаттарды казыналык ачкан эсептерди кыйгап өтүп пайдаланган фактылар аныкталганда, актыда тийиштүү бюджетке өндүрүлүп алууга тийиш болгон суммалар чагылдырылат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын пайдаланылышына текшерүү жүргүзүүдө, текшерүү актысында бул каражаттардын жыл жыйынтыгы боюнча алынган, максатсыз пайдаланылган, ошондой эле каражаттарды казыналык ачкан эсептерди кыйгап өтүү менен пайдаланган фактылар милдеттүү түрдө чагылдырылат.
3. Мыйзамдарды бузуп алынган жана пайдаланылган мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынууга тийиш.
35-берене. Айыптарды өндүрүп алууну контролдоо
1. Айыптарды төлөтүп алууну контролдоо бузууларды процесстик жактан тариздөөгө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан салынган айыптарды өндүрүп алууну контролдоо салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт.
36-берене. Мамлекеттик алымды өндүрүп алууну контролдоо
Мамлекеттик алымды төлөтүп алуучу жеке жана юридикалык жактардын аракеттерин контролдоо салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт.
9-глава. Салыктык эмес кирешелердин төлөнүүсүн камсыз кылуу чарасы. Салыктык эмес кирешелерди төлөбөгөндүгү же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик
37-берене. Салыктык эмес кирешелерди өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмени аткарбаган же кечиктирип аткарган учурда төлөөчү төлөөгө тийиш болгон акчалай сумма туум деп аталат.
2. Туумдардын суммасы салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмени мажбурлап аткартуу чаралары, ошондой эле салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин башка чаралары колдонулгандыгына карабастан эсептелет жана төлөнөт.
3. Туум милдеттенмени аткаруу үчүн ушул Кодексте белгиленген күндөн кийинки күндөн баштап, салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу күнүн кечиктирген ар бир календардык күн үчүн чегерилет.
4. Чегерилген туумдун жалпы суммасы салыктык эмес кирешенин төлөнбөгөн суммасынын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашык болбоосу керек.
5. Ар бир кечиктирилген күн үчүн туум төлөөчүнүн өнбөгөн калдыгынын суммасынан пайыздар менен аныкталат.
6. Туумдун суммасы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынуучу айыптын өлчөмүнүн суммасына кошуп эсептелүүчү туумду кошпогондо, кечиктирилген ар бир күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдө эсептелинет.
7. Туум төмөнкүлөргө кошулбайт:
1) чегерилген туумдун суммасына;
2) банкрот деп таанылган төлөөчүнүн өнбөгөн калдыгынын суммасына, - аны банкрот деп тааныган же жарыялаган чечим күчүнө кирген учурдан баштап;
3) дайынсыз жоголду деп таанылган жеке жактын өнбөгөн калдыгынын суммасына, - сот чечими күчүнө киргенден баштап ал чечим жокко чыгарылганга чейин;
4) эгерде өнбөгөн калдыктын жаралуусунун жалгыз себеби тейлөөчү банктын жоюлуусу болуп саналса, мажбурлап жоюлуп жаткан банктын төлөөчү-кредиторунун өнбөгөн калдыгынын суммасына, - банкты мажбурлап жоюу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан баштап;
5) аргасыз кырдаалдын кесепетинен келип чыккан өнбөгөн калдыктын суммасына;
6) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда.
(КР 2024-жылдын 8-февралындагы № 41Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕНИН АДМИНИСТРАТОРУНУН ЖЕ БАШКЫ АДМИНИСТРАТОРУНУН АРАКЕТИНЕ ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИНЕ ДАТТАНУУ
10-глава. Салыктык эмес кирешенин администраторунун жана башкы администраторунун аракетине же аракетсиздигине даттануу тартиби
38-берене. Салыктык эмес кирешенин администраторунун же башкы администраторунун чечимине даттанууну кароочу органдар
1. Текшерүү жүргүзгөн органдын чечимине салыктык эмес кирешенин төлөөчүсүнүн, администраторунун, башкы администраторунун салыктык эмес кирешени чегерүү жана төлөтүп алууга тийиштүү даттанууларын кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жүргүзүлөт.
2. Администратор тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз, толук эмес жана өз убагынан кечиктирип аткарылгандыгына даттанууларды төлөөчүлөр башкы администраторго жөнөтүшөт.
39-берене. Салыктык эмес киреше төлөөчүнүн даттануу берүү тартиби жана мөөнөтү
1. Салыктык эмес кирешенин администраторунун, башкы администраторунун чечимине төлөөчүнүн салыктык эмес кирешени чегерүү жана төлөтүп алуу боюнча даттануусу ыйгарым укуктуу органга бул чечим төлөөчүгө талаптагыдай тапшырылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берилет.
2. Төлөөчүнүн, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымды, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды чегерүүсү жана алуусу жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча салык кызматы органынын чечимине даттануусу ыйгарым укуктуу салык органына берилет жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинде белгиленген тартипте каралат.
3. Даттануунун көчүрмөсү салыктык эмес кирешенин администраторуна, башкы администраторуна же чечим даттанылып жаткан салык кызматынын органына жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Ушул бөлүктүн жоболорун бузуу менен берилген даттануу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан арыз ээсине себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.
5. Даттануу кайтарып берүүгө түрткү болгон себептерди жойгондон кийин, төлөөчү даттануу кайтарылып берилгенден кийинки 10 календардык күндүн ичинде даттанууну кайрадан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
40-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну
1. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусу жазуу жүзүндө берилет.
2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) даттануу берилген дата;
2) даттануу берилген органдын аталышы;
3) даттануу берген жактын фамилиясы, аты-жөнү же болбосо толук аталышы, анын жашаган жери (турган жери);
4) төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери;
5) чечими даттанылып жаткан органдын аталышы;
6) даттануу берген төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдерин;
7) тиркелген документтердин тизмеги.
3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн маанилүү болгон башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.
4. Даттанууга төлөөчү кол коет.
5. Төлөөчү жана башка органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды тастыктаган документтер даттанууга кошо тиркелет.
11-глава. Даттанууну кароо тартиби жана даттануу берүүнүн натыйжалары
41-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусун кароо тартиби
1. Даттанууну алган күндөн кийин, 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө төлөөчүнүн бул даттануусуна анын мазмунуна карата чечим жөнөтүлөт.
Даттанууну кароо мөөнөтү даттануу келип түшкөн органда катталгандан кийинки күндөн баштап эсептелет жана төлөөчүгө чечим жөнөтүлгөн күнү аяктайт.
2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде төлөөчүдөн баштапкы жиберген даттанууга кошумчалар келип түшсө, анда негизги жана кошумча даттанууларды кароо мөөнөтү кошумчалар келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын жоболорун колдонуу тартибин түшүндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга суроо-талап жөнөтүлгөн учурда, даттанууну кароо мөөнөтү токтотулат.
Даттануу боюнча биротоло чечим ыйгарым укуктуу органдан түшүндүрмө алынгандан кийин чыгарылары жөнүндө орто-аралык чечим төлөөчүгө жөнөтүлөт.
3. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
1) төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылат;
2) төлөөчүнүн даттануусу жарым-жартылай канааттандырылат;
3) төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылбайт.
Ушул бөлүмдүн 1 жана 2-пункттарына ылайык кабыл алынган чечимди администратор же башкы администратор аткарууга милдеттүү.
4. Даттанууну кароо жөнүндө чечим төлөөчүгө, ошондой эле чечими даттанылып жаткан администраторго же башкы администраторго жөнөтүлөт.
5. Чечим тапшырылды деп эсептелет, эгерде ал:
1) төлөөчү экономикалык ишин соңку ирет жүзөгө ашырган дарек боюнча же анын Кыргыз Республикасында акыркы ирет катталган дареги боюнча, же төлөөчүнүн өкүлүнүн жеке өзүнө кол койдуруп, же чечимди алгандыгынын фактысын жана датасын тастыктоочу башка жолдор менен жеткирилсе;
2) администратор, башкы администратор же салык кызматынын өкүлү тарабынан төлөөчүгө же анын өкүлүнө жекече кол койдуруп тапшырылса.
6. Чечим почта аркылуу заказдык кат катары жөнөтүлгөн учурда, заказдык кат алынган же аны алуудан баш тарткан, тапшырылгандыгы жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн датада чечим тапшырылды деп эсептелет.
7. Ушул Кодексте көрсөтүлгөн талаптарды сактабаган учурда, ал тургай төлөөчүгө чечим жана анын мазмуну жөнүндө белгилүү болсо да, чечим жарактуу же күчүндө деп эсептелбейт. Төлөөчүгө чечимди талаптагыдай тапшыруу фактысын далилдөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдети болуп саналат.
8. Эгерде даттануудагы маселе мурда жөнөтүлгөн даттанууларга байланыштуу болсо жана ал боюнча чечим арыз ээсине бир нече жолу жөнөтүлгөн болсо, ошол эле учурда даттанууда жаңы далилдер жана жагдайлар келтирилбесе, даттанууну карап жаткан орган кезектеги даттануунун негизсиз экендиги жана көрсөтүлгөн даттануу жана мурда жөнөтүлгөн даттануулар бир эле органга жөнөтүлгөн шартта, бул маселе боюнча төлөөчү менен кат алышууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечим жөнүндө төлөөчү жазуу жүзүндө кабардар болот.
9. Берилген даттануу боюнча чечимге макул болбогон төлөөчү бул чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу.
42-берене. Төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечимдин мазмуну
Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) чечим кабыл алынган дата жана жер;
2) даттанууну караган органдын аталышы;
3) төлөөчүнүн фамилиясы жана инициалдары же болбосо толук аталышы, арыз ээсинин дареги;

5) аракеттерине даттануу түшкөн органдын аталышы;
6) даттанылып жаткан чечимдин реквизиттери жана кыскача мазмуну;
7) даттануунун маңызы;
8) чечимдин негизин түзгөн жүйөөлөрдү жана фактыларды келтирүү;
9) ушул Кодекстин, мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын ченемдерине шилтемелер;
10) кабыл алынган чечим;
11) чечими даттанууга түшкөн органга тийиштүү тапшырма.
43-берене. Даттануу берүүнүн натыйжалары
1. Эгерде салыктык эмес кирешелерди эсептеген органдын чечими даттанылса, ушул Кодексте белгиленген тартипте төлөөчү тарабынан берилген даттануу даттанылып жаткан чечимдин аткарылышын токтотот.
2. Чечимди аткаруу даттануу берилген күндөн баштап даттанууну кароо жөнүндө чечим төлөөчүгө тапшырылганга чейин токтотулат.
3. Төлөөчүнүн даттануусу толук же жарым-жартылай канааттандырылган учурда, даттанууну караган органдын чечимине тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР
12-глава. Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар
44-берене. Төлөөчү
Юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) катары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтоткондугун каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан жак жыйымдын төлөөчүсү болуп эсептелет.
45-берене. Ставка
Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн), чет өлкөлүк юридикалык жактардын өкүлчүлүктөрүн (филиалдарын) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдын ставкаларынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
46-берене. Төлөөнүн тартиби
Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйым мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк алганга чейин, ишинин токтотулганын каттаган учурда - каттоочу органга документтер берилген учурга чейин төлөнөт.
47-берене. Бошотуулар
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат.
121-глава. Тастыктамалоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар
471-берене. Төлөөчү
Жыйымды төлөөчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында тастыктамалоо жол-жобосунан өткөн (эксплуатанттын тастыктамасын, аэродромдун жарактуулук тастыктамасын, учууга жарактуулук тастыктамасын, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча уюмдун тастыктамасын, аэронавигациялык тейлөөнү берүүчүнүн тастыктамасын, жарандык аба кемесинин тибинин тастыктамасын, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелерин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү, жарандык авиациянын авиациялык окуу борборунун тастыктамасын, авиация персоналынын күбөлүгүн, аба кыймылын тейлөө диспетчеринин күбөлүгүн, учуучу экипаж мүчөсүнүн күбөлүгүн, экипаж мүчөсүнүн күбөлүгүн берүү, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, алмаштыруу) жана талаптардын жана стандарттардын аткарылышын көзөмөлдөө жол-жобосунан өткөн жеке жана юридикалык жактар саналат.
472-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Төлөмдөрдүн тизмеги, ставкасы жана жыйымдарды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-глава. Автомототранспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар
48-берене. Төлөөчү
Автомототранспорт каражаттарын жеке менчикке каттатуучу (кайра каттатуучу) жактар жыйымдын төлөөчүсү болуп саналат.
49-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
50-берене. Бошотуулар жана жеңилдиктер
Каттоо (кайра каттоо) үчүн алымдарды төлөөдөн электр кыймылдаткычтары бар транспорттук каражаттардын ээлери бошотулат.
Тартуучу дөңгөлөктү кыймылга келтирүү үчүн энергиянын бирден ашык булагын колдонгон гибриддик транспорттук каражатты каттоо (кайра каттоо) үчүн ушул Кодекстин 49-беренесинде белгиленген транспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдан 50 пайызга аз жыйым алынат.
Алгачкы каттоо үчүн жыйымдарды төлөөдөн Кыргыз Республикасында чогултулган жана/же чыгарылган транспорт каражаттарынын ээлери бошотулат.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
131-глава. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө уруксат берүү үчүн жыйым
501-берене. Төлөөчү
Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө уруксат алуучу транспорт каражаттарынын ээлери жыйым төлөөчүлөр болуп саналат.
502-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыймдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат
(КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги №26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-глава. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйым
51-берене. Төлөөчү
Баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоосунан өтүп жаткан юридикалык жак төлөөчү болуп саналат.
52-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
15-глава. Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү үчүн жыйым
53-берене. Төлөөчү
Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарга ылайык, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкер жеке жак төлөөчү болуп саналат.
54-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби

151-глава. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде каттаганы, кайра каттаганы үчүн жана Мамлекеттик бирдик гүү реестрди жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар
541-берене. Төлөөчү
Кесиптик аудитордук бирикмелерди кошпогондо, Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталууга же кайра катталууга арыз берген жак, ошондой эле Мамлекеттик бирдиктүү реестрде катталган аудитор, аудитордук уюм төлөөчү болуп саналат.
542-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдарды төлөө өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-глава. Товардык кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым
55-статья. Төлөөчү
Товардык кампаларды жана кампа күбөлүктөрүн жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык товардык кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү алууга талапкер болгон юридикалык жак төлөөчү болуп саналат.
56-статья. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби

161-глава. Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, кайра каттоо жана Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жыйымдар
(Глава КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
561-берене. Төлөөчү
Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган, Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталууга же кайра катталууга арыз берген адам төлөөчү болуп саналат.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
562-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

17-глава. Апостиль коюу үчүн жыйым
57-берене. Төлөөчү
1. Апостиль коюу үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга кайрылган жеке же юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
2. Апостиль - бул мыйзамдаштыруунун ушундай формасын тааныган өлкөлөрдүн аймагында көрсөтүүчү документтердин мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматтарды толтуруунун эл аралык-стандартташтырылган формасы. "Апостиль" штампы документтердин түп нускаларына да, ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнө да коюлат.
58-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
1. Жыйымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жыйым апостиль коюлганга чейин төлөнөт.
18-глава. Транспорттук каражаттардын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдар жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнгүс жүктөрү бар транспорттук каражаттарды өткөрүү үчүн жыйымдар
59-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунан өтүү үчүн нормадан ашкан параметрлери бар автотранспорттук каражаттардын жана жүктөрдүн ээлери төлөөчү болуп саналат.
60-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана төлөө тартиби

19-глава. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүү үчүн жыйым
61-берене. Төлөөчү
1. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүшкөн Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын ээлери төлөөчү болуп саналат.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар - автомобиль жолдорунун башка автомобиль жолдору, аккан суулар, тоо кыркалары, аңдар менен кесилишкен жерлериндеги, ушундай жол кыймылына тоскоолдук болуп саналган жерлердеги (көпүрөлөр, өткөөл жолдор, өткөргүч түтүктөр, тоннелдер, эстакадалар жана башка ушул сыяктуу курулмалар) транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн арналган курулмалар.
3. Автомобиль жолдорундагы жүрүү үчүн жыйым алынуучу жасалма курулмалардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
62-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
63-берене. Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүү үчүн жыйымдан бошотуу
Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 20-январындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-глава, Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым
64-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын ээлери (пайдалануучулары) жыйым төлөөчүлөр болуп саналат.
65-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
66-берене. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымдан бошотуу
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымды алуудан Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган төмөнкүдөй жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар бошотулат:
1) табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин -жоюуга багытталган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан жактарга бекер таратуу үчүн арналган, же болбосо, ушул эле максаттарда коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүү үчүн арналган товарларды ташыган;
2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгон;
3) коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыздоо максатында пайдаланылуучу, өрттөн коргоо, медициналык тез жардам кызматынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн атайын багыттагы, ошондой эле жолдорду жана жол инфратүзүмдөрүн иштетүү жана техникалык жактан тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
201-глава. Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар
(Глава КР 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
661-берене. Төлөөчү
Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензинди жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъектилер саналат.
(КР 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
662-берене. Төлөө өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардын өлчөмү, алуу тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

21-глава. Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым
67-берене. Төлөөчү
Атайын жабдылган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан ушул максаттарда бөлүп берилген жерлерде автомашиналарды токтотуу жана токтотуучу жайларды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар жыйымдарды төлөөчүлөр болуп саналат.
68-берене. Жыйымды киргизүүнүн тартиби
Автотранспорт каражатын токтотуу жана токтотуу жайы үчүн жыйымдын өлчөмү, аны тескөө жана төлөө тартиби транспорт токтотуунун же токтотуучу жайдын ордун, суткадагы убактысын жана токтотуунун узактыгын, транспорттун түрүн эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан, анын аткаруучу органынын сунушу боюнча белгиленет.
22-глава. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым
69-берене. Төлөөчү
Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы жана тиешелүү лицензия алган жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
70-берене. Жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары
1. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым белгиленген тартипте тийиштүү лицензияны алгандан кийин 30 календарлык күндүн ичинде төлөнөт.
2. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым алкоголдук продукцияны саткан субъекттер тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү лицензия алгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде продукцияны саткан жеринде төлөнөт.
3. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны сатуу ушул жыйымды төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт.
4. Жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
23-глава. Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйым
71-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жеке ишкер катары катталган, жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышууга табыштама беришкен ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле ата мекендик жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жактар төлөөчү болуп саналат.
72-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби

24-глава. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым
73-берене. Төлөөчү
Жак - капиталдык жана/же убактылуу курулуштун ээси калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөөчү болуп саналат.
74-берене. Жыйымды киргизүү тартиби
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысы менен күчүнө киргизилет.
75-берене. Жыйымдын ставкасы
Жыйым ставкасынын чоңдугу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими менен, анын аткаруучу органынын сунушу боюнча бир жашоочуга же курулуштун бир чарчы метр аянтына бир эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө белгиленет.
76-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Жеке жактар - ишкердик иш үчүн багытталбаган турак жай курулуштарынын ээлери ар бир жашоочу үчүн жыйым төлөйт.
2. Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бекитилген аянтты жана жумушчулардын санын эсепке алган ставканын өлчөмүндө жыйым төлөшөт.
Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн акыны мындай мүлк бекитилип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт.
3. Жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы белгилеген мөөнөттө тийиштүү жергиликтүү бюджетке төлөнөт.
25-глава. Сынам жыйымы
77-берене. Төлөөчү
1. Сатуу максатында баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына ташыл келүүчү жеке же юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
2. Сынам жыйымы ички өндүрүштөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн анын аймагына алып келинген кымбат баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын жана башка буюмдардын сынамын, анализин алуу жана мамлекеттик сынам белгисин салып эн тамгалоо үчүн алынат.
78-берене. Төлөөнүн ставкалары жана тартиби
Сынам жыйымынын ставкалары, тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
26-глава. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым
79-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталышкан, конкурс же аукцион өткөрүү аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун алышкан ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке жактар төлөөчү болуп саналат.
80-берене. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү
1. Конкурстун жеңүүчүсүнө пайдалуу кен байлыктар чыккан жердин жер казынасын пайдалануу укугун берүүдө жыйымдын өлчөмү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн жыйынтык баа, бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) менен жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
2. Конкурстун объектисиндеги жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баанын минималдуу чеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленет.
81-берене. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү
1. Аукциондун жеңүүчүсүнө пайдалуу кен байлыктар чыккан жердин жер казынасын пайдалануу укугун берүүдө, жыйымдын өлчөмү тооруктун катышуучусу тарабынан сунушталган эң жогорку баа, бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) менен жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
2. Аукциондун объектиндеги жер казынасын пайдалануу укугуна баштапкы баа Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
82-берене. Төлөө мөөнөтү
1. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымды төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
2. Бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркын эсептен чыгаргандан кийинки жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн алынган жыйынтык сумманы бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27-глава. Курчап турган чөйрөнү булгагандык үчүн жыйымдар
83-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык булгоочу заттарды чыгарган, агызган, калдыктарды жайгаштырган жана айлана-чөйрөнү булгоонун жана ага терс таасир этүүнүн башка түрлөрүн жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
84-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйым жаратылышты коргоо иш-чараларына жумшалат.
271-глава. Утилдештирүү жыйымдары
(Глава КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 47, Мыйзамынын редакциясына ылайык)
841-берене. Төлөөчү
1. Майлоочу майлар, автомобиль шиналары, аккумулятордук батареялар, электромобилдердин аккумуляторлору, коргошун аккумуляторлору, электрондук жана электр техникалык жабдуулар, турмуш-тиричилик техникасы, ичтен күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн чыпкалар сыяктуу товарлардын түрлөрүн, ошондой эле ТЭИ ТН коду бар тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленүүчү айкалыштырылган материалдардан, картондон, резинадан, пластмассадан, полимерден жасалган товарларды жана товарлардын таңгактарын пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүү ченемдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн утилдештирүү жыйымы Кыргыз Республикасынын аймагындагы товар өндүрүүчүлөр, ошондой эле ушул беренеде көрсөтүлгөн товарлардын калдыктарын өз алдынча кайра иштетүүнү камсыз кылбаган үчүнчү өлкөлөрдөн же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу импорттоочулар тарабынан төлөнөт.
Утилдештирүү жыйымы "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү төмөнкүдөй товарлар утилдештирүү жыйымынан бошотулат:
- мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын линиясы боюнча кайтарымсыз жардам катары жана (же) кайрымдуулук максатында, анын ичинде техникалык көмөк көрсөтүү;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөргө же консулдук мекемелерге, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдалануучу эл аралык уюмдарга, ошондой эле мындай өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон;
- улуттук коопсуздукту, коргонууну, укук коргоо ишин камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арналган.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
842-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
841-беренеде көрсөтүлгөн товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн утилдештирүү жыйымынын каражаттарынын өлчөмү, төлөө жана чыгымдоо тартиби өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

28-глава. Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдар
85-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарына ылайык, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдаланган жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
86-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Жыйымдардын өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдар жаратылышты коргоо иш-чараларына же токойду эсепке алуу, коргоо, сактоо, токой өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу иш-чараларына багытталат.
29-глава. Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым
87-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат:
1) белгиленген лимиттердин чегинде суу ресурстарын пайдаланууну (айыл чарба өндүрүшүндө, токой чарбасында, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында сугат үчүн пайдалануудан тышкары);
2) суу ресурстарын лимиттен ашык жана сарамжалсыз пайдаланууну;
3) (КР 2023-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
88-берене. Төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
1. Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Суу объекттери жана суу чарба курулмалары өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн акысыз берилет.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу башка мекемелер менен уюмдар суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйымдан бошотулат.
Суу пайдалануучулар жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн жыйымды төлөөдөн төмөнкүдөй учурларда бошотулат:
- кайра жаралуучу энергияны кошуп алганда, сууну электр энергиясын иштеп чыгаруу максатында пайдаланууда;
- сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды сугаруу, балыктарды көбөйтүү жана өстүрүү максатында белгиленген лимиттин чектеринде пайдаланууда;
- сууну үй жаныбарларын жана короо-жай участогун сугаруу үчүн пайдаланууда;
- сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн пайдаланууда;
- калктын ичүү муктаждыктары үчүн суу алууну жүзөгө ашырууда;
- сууну санитардык жана экологиялык кое берүүлөрдө;
- сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максаттары, эс алуу жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланууда;
- суу объекттерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографикалык жана издөө-тартуу жумуштарында;
- гидроэнергетикалык, мелиорациялык, балык чарбалык, суу транспорттук жана канализация багытындагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.

30-глава. Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым
89-берене. Төлөөчү
Жайыт жерлерди пайдалануучу төлөөчү болуп саналат.
90-берене. Төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
Мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы жайыттардан тышкары, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталат.
31-глава. Жер казыналарын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым
91-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө жана/же геологиялык чалгындоо жана/же казып алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак, ошондой эле жеке жак, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, пайдалануу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар чет өлкөлүк жаран төлөөчүлөр болуп саналышат.
92-берене. Жыйымдын ставкасы жана төлөө тартиби
Жер казыналарын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдын ставкалары жана жыйымды чегерүүнүн, төлөөнүн, жыйноонун жана карызды өндүрүп алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
32-глава. Аскердик милдетке байланышкан жыйымдар
93-берене. Аскердик милдетке байланышкан жыйымдардын түрлөрү
Аскердик милдетке байланыштуу төмөнкүдөй жыйымдар алынат жана коргонуу муктаждыктарына жиберилет:
1) альтернативдүү кызмат өтөп жатканда;
2) мобилизациялык резерв жыйындарынан өтүп жатканда;
3) аскердик кызматка чакыруудан бошотулганда.
(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
94-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын аскердик милдет жөнүндө мыйзамдарына ылайык альтернативдүү кызматты өтөөгө чакырылган жеке адамдар альтернативдүү кызмат өтөп жатканда төлөөчүлөр болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аскердик милдет жөнүндө мыйзамдарына ылайык мобилизациялык резерв жыйындарына чакырылган жеке адамдар мобилизациялык резерв жыйындарынан өтүп жаткандагы төлөөчүлөр болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аскердик милдет жөнүндө мыйзамдарына ылайык аскердик кызматка чакыруудан бошотулган жана экинчи категориядагы запаска алынган жарандар аскердик кызматка чакыруудан бошоткондогу төлөөчүлөр болуп саналат.
95-берене. Жыйымдын өлчөмү
Альтернативдик кызматты өтөө, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү жана экинчи категориядагы запаска киргизүү менен аскердик кызматка чакыруудан бошотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөөнү карайт.
(КР 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
96-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
Альтернативдүү кызмат өтөөдө, мобилизациялык резерв жыйындарынан өтүүдө жана аскердик кызматка чакыруудан бошотулганда төгүм төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
33-глава. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу үчүн тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу, номерлөөнүн бөлүнгөн ресурсу үчүн алынуучу жыйымдар
97-берене. Төлөөчү
Тооруктардын (аукцион, конкурс) жеңүүчүсү болуп таанылган жак, радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиясы жана/же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксаты бар жак, номерлөө ресурсу бөлүнүп берилген жак төлөөчү болуп саналат.
98-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн, бөлүнгөн номерлөө ресурсу үчүн алынуучу жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
VII БӨЛҮМ. МЕНЧИКТЕН ТҮШКӨН КИРЕШЕЛЕР
34-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн алынуучу ижара акысы
99-берене. Төлөөчү
Мамлекеттик жана/же муниципалдык мүлккө ээлик кылуу же пайдалануу укугу бар, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген субъект төлөөчү болуп саналат, аларга төмөнкүлөр кирбейт:
1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо органдары;
2) өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары.

100-берене. Ижара акысынын өлчөмү
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте белгиленет. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.
101-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөгү ижара акысы ижарачы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижаралоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлгөн ижара келишиминде каралган тартипте жана шарттарда чегерилет.
2. Мамлекеттик мүлктү ижаралоодон түшкөн киреше Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.
3. Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн киреше ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.
4. Өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүнүн ижарасынан түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилбейт.
5. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитип берилген муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте аны күтүүгө жана оңдоого, муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталат.
Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражатты бекитип берилген мүлктү күтүүгө жана оңдоого, материалдын-техникалык базасын чыңдоого сарптоого укуктуу муниципалдык ишканалардын тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечими менен бекитилет.

35-глава. Жерлерди ижарага берүү акысы
102-берене. Төлөөчү
Жер пайдалануучу, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык, ошондой эле жер участокторун ижарага берүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар төлөөчү болуп саналат.

103-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.
3. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Мамлекеттин менчигинде турган жана мамлекеттик жер пайдалануучуларга бекитилген жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте бөлүштүрүлөт.
5. Калктуу конуштардын чегинен тышкары жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер толук өлчөмдө республикалык бюджетке чегерилет.
6. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн киреше толук өлчөмдө жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.
7. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитилген мүлктүк комплекстердин курамына кирген жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.

104-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
36-глава. Бюджеттик мекемелердин мүлкүн сатуудан түшкөн кирешелер
105-берене. Төлөөчү
Республикалык же жергиликтүү бюджеттен финансыланган мекеме төлөөчү болуп саналат.
106-берене. Мүлктү баалоо жана сатуу тартиби
Мүлктү баалоо жана сатуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.
37-глава. Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер
107-берене. Төлөөчү
Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү саткан субъект төлөөчү болуп саналат.
108-берене. Эсепке алуу тартиби
Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
38-глава. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акцияларга (үлүшкө) дивиденддер
109-берене. Төлөөчү
1. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык болгон акциялардын (үлүштүн) дивиденддерин төлөөчү болуп уставдык капиталында мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катышкан чарбалык коом эсептелет.
2. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык акциялардын (үлүштүн) дивиденддери - салык салынгандан кийин, мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ага таандык акцияларынан (үлүштөн) киреше түрүндө ала турган чарбалык коомдун таза пайдасынын бөлүгү.
110-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Дивиденддердин өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын чарбалык коомдор жана акционердик коомдор тууралуу мыйзамдары менен белгиленет.
39-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелер
111-берене. Төлөөчү
Мамлекеттик же муниципалдык мүлктү алган жак төлөөчү болуп саналат.
112-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Менчиктештирилип жаткан мүлктүн наркы жана аны төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык белгиленет.
VIII БӨЛҮМ. АЙЫПТАР, ЗЫЯНДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ
40-глава. Мамлекеттик же муниципалдык мүлктү уурдоого жана кемип калуусуна күнөөлүү жактардан өндүрүлүп алынуучу суммалар
113-берене. Төлөөчү
Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимине ылайык, мамлекеттик же муниципалдык мүлктү уурдоого жана кемип калуусуна күнөөлүү деп таанылган жак төлөөчү болуп саналат.
114-берене. Өндүрүп алынуучу сумманын өлчөмү
Өндүрүп алынуучу сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, зыян келтирилген күнү ошол жерде колдонулган баалар боюнча аныкталат.
115-берене. Төлөөнүн тартиби
Мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган мүлктү уурдоого же кемип калуусуна күнөөлүү жактардан кармалуучу сумма республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине төлөнөт.
41-глава. Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна келтирилген зыяндын орун толтуруу
116-берене. Төлөөчү
Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна зыян келтирген жак төлөөчү болуп саналат.
117-берене. Келтирилген зыяндын өлчөмү жана ордун толтуруунун тартиби
Келтирилген зыяндын өлчөмү жана ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
42-глава. Стандарттардан жана техникалык шарттардан четтөө менен даярдалган продукцияны чыгаруу жана сатуу үчүн айыптар
118-берене. Төлөөчү
Ишкердик менен алектенген, стандарттардан жана техникалык шарттардан четтөө менен даярдалган продукцияны чыгарган жана саткан юридикалык жана жеке жактар айыптарды төлөөчүлөр болуп саналат.
119-берене. Айыптын өлчөмү жана төлөөнүн тартиби
Айыптардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
43-глава. Монополияга каршы мыйзамдардын жөнгө салынуучу талаптарынан четтөөнүн натыйжасында мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер
120-берене. Төлөөчү
Монополияга каршы мыйзамдардын талаптары колдонула турган юридикалык жактар, ошондой эле тийиштүү рынокто үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген жактар, атаандаштыкка каршы макулдашууларга жана/же макулдашылган аракеттерге кирген субъекттер төлөөчү болуп саналат.
121-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Акчалай өндүрүп алуунун өлчөмү иштин түрлөрү боюнча (жумуш, товар жана кызмат көрсөтүү), монополия субъектилери, тийиштүү рынокто үстөмдүк кылуучу абалга ээ субъектилер, бюджеттик мекемелер жана уюмдар, ошондой эле аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары тарабынан монополияга каршы орган белгилеген жөнгө салынуучу талаптардан четтөөнүн натыйжасында юридикалык жак алган кирешеге жараша болот.
2. Монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттин пайдасына айландырылган акчалай өндүрүп алууларды төлөөнүн жана эсепке киргизүүнүн мөөнөттөрү, тартиби монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
44-глава. Укук бузуулар үчүн айыптар
122-берене. Төлөөчү
Укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мыйзам бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.

123-берене. Салынуучу айыптардын өлчөмү
Салынуучу айыптардын өлчөмү укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

124-берене. Төлөөнүн тартиби
Айыптардын суммасы укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.

IX БӨЛҮМ. ЧЕГЕРҮҮЛӨР
45-глава. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүү
125-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөөчү болуп саналат.
126-берене. Пайданын өлчөмү жана бөлүштүрүү тартиби
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынын өлчөмү жана аны бөлүштүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык аныкталат.
46-глава. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр
(Главанын аталышы КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
127-берене. Төлөөчү
1. Пайдалуу кендерди катталган жерине карабастан иштетишкен (казып алышкан) жана пайдалуу кендердин табылган жери боюнча региондорду өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге багыттоо үчүн республикалык бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жактар жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөрдү төлөөчү болуп саналат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоого ыйгарым укуктуу адистештирилген уюмдары калкка ичүүчү сууну сатуудан түшкөн каражаттар боюнча чегерүүлөрдү төлөөчүлөр болуп саналбайт.
3. Региондорду өнүктүрүү фонддору облустарды өнүктүрүү фонддору жана райондорду өнүктүрүү фонддору түрүндө түзүлөт. Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн жана алардын каражаттарын башкаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
128-берене. Ставка
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр кыйыр салыктарды эсепке албастан жана пайдалуу кендерди жеткирүүгө/ташууга чыгымдарды кошпостон пайдалуу кендерди сатуудан же пайдалуу кендерди кайра иштеткенге же аларды пайдаланууга чейинки өздүк наркынан алынган пайданын 2 пайызы өлчөмүндө төлөнөт.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
129-берене. Төлөөнүн мөөнөтү
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр пайдалуу кендердин табылган жери боюнча, региондорду өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин төлөнөт.

130-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Эгерде кен чыккан жер ар башка райондорго таандык эки же андан ашык айыл аймактарынын аймагында жайгашкан болсо, төлөөчү эсептик каттоодон өтүүнү ар бир райондун салык органында жүзөгө ашырып, чегерилүүчү сумма тигил же бул айыл аймагында жана райондо жайгашкан ээленген аянтка пропорциялуу төлөнөт.
2. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган, токой фондусунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймагында жайгашкан жерлердеги пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү каражаттар толук көлөмдө районду өнүктүрүү фондуна жөнөтүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 50 пайызы - облусту өнүктүрүү фондуна;
2) 30 пайызы - районду өнүктүрүү фондуна;
3) 20 пайызы - пайдалуу кен чыккан жердеги тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге.
4. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилбеген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 80 пайызы - районду өнүктүрүү фондуна;
2) 20 пайызы - пайдалуу кен чыккан жер боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге.
5. (КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган каражаттар башка максаттарга пайдаланылбайт.
(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
47-глава. Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр
131-берене. Төлөөчү
Электр байланышы жана почта байланышы боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр төлөөчүлөр болуп саналат.
132-берене. Төлөмдүн өлчөмү
Электр байланышы жана почта байланышы боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр байланыш тармагын өнүктүрүүгө электр жана почта байланыштарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн каражаттын 0,9 пайызы өлчөмүндө чегерүүлөрдү жүргүзөт.
133-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20-числосуна чейин төлөнөт.
2. Чегерүүлөр байланыш тармагын өнүктүрүүгө жумшалат.
471-глава. Камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр

1331-берене. Төлөөчү
Өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары чегерүүлөрдү төлөөчүлөр болуп саналат.

1332-берене. Төлөмдүн өлчөмү
Төлөөчүлөр камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө камсыздандыруу сыйлыктарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен өлчөмдө чегерүүлөрдү жүргүзөт.

1333-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20-числосуна чейин жүргүзүлөт.
2. Чегерүүлөр камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө багытталат.

472-глава. Жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөр
1334-берене. Төлөөчү
Чегерүүлөрдү төлөөчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация уюмдары саналат.
1335-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Чегерүүлөрдүн тизмеги, өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана жарандык авиацияны өнүктүрүүгө багытталат.
(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
48-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр
134-берене. Төлөөчү
1. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар пайдадан чыккан чегерүүлөрдүн төлөөчүсү болуп эсептелет.
2. Таза пайда - салыктарды, жыйымдарды, чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке төлөгөндөн кийин ишканалардын карамагында калуучу, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү пайданын бөлүгү.
135-берене. Чегерүүлөрдүн өлчөмү, төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жылдык финансы-чарбалык иштердин жыйынтыктары боюнча таза пайдадан чегерүүлөрдү жүргүзөт.
2. Мамлекеттик ишканалардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Муниципалдык ишканалардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталат.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр отчеттук финансылык жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин төлөнүүгө тийиш.
X БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМ
49-глава. Мамлекеттик алымдардын түрлөрү жана аларды төлөөнүн тартиби
136-берене. Мамлекеттик алымды төлөөчү
1. Мамлекеттик алым - тиешелүү мамлекеттик органдар - соттор, мамлекеттик нотариустар жана мамлекет ыйгарым укук берген башка органдар, ошондой эле жеке нотариустар тарабынан алар белгилүү бир аракеттерди аткарууда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө алынуучу акча жыйымы.
2. Жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик алым төлөөчүлөр болуп саналат.
137-берене. Мамлекеттик алымдын түрлөрү
Мамлекеттик алым жөнөкөй жана пропорциялуу деп бөлүнөт.
Жөнөкөй мамлекеттик алым белгиленген суммада алынат.
Пропорциялуу мамлекеттик алым тиешелүү суммага карата пайыздык катышта алынат.
138-берене. Мамлекеттик алым алынуучу объектилер
Мамлекеттик алым төмөнкүлөрдөн алынат:
1) сотко төмөнкүлөрдү берүүдөн:
а) доо арыздарын;
б) сот буйругун берүү жөнүндө арыздарды;
в) өзгөчө өндүрүш иштери боюнча арыздарды;
г) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздарды;
д) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
е) апелляциялык даттанууларды;
ж) кассациялык даттанууларды;
з) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздарды;
и) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө соттун аныктамаларына аппеляциялык жана кассациялык даттанууларды;
к) эгерде эл аралык келишимде башкасы каралбаган болсо, чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздарды;
л) эгерде эл аралык келишимде башкасы каралбаган болсо, чет өлкөлүк соттун чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө соттун аныктамасына аппеляциялык жана кассациялык даттанууларды;
м) бейтарап териштирүүнүн тарабынын доону камсыз кылуу жөнүндө арыздарын;
2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерин кошпогондо, нотариалдык конторалар жана ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн, ошондой эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) берүү үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан катталган жарандык абалдын актыларынын жазууларын кошпогондо, жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө кайталанган күбөлүктөрдү жана жарандык абалдын актыларынын жазууларын өзгөртүүгө, толуктоого, оңдоого жана калыбына келтирүүгө байланыштуу күбөлүктөрдү жарандарга берүү үчүн;
4) паспорт же аларды алмаштыруучу документтер боюнча чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана каттоо мөөнөттөрүн узартуу үчүн; жашап турууга укук берүү же аны узартуу үчүн; Кыргыз Республикасында иштегенге чет өлкөлүк жарандардын документтерин кароо жана аларга уруксат берүү үчүн; Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишке орношуу укугуна анын жарандарынын документтерин кароо жана аларга уруксат берүү үчүн; Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө документтерди кароо үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринен алынуучу (2006-жылдагы үлгүдөгү) жалпы жарандык паспортторду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн;
6) аукциондорду өткөрүү үчүн; аукциондордо жасалуучу бүтүмдөр үчүн; мамлекеттик ишканалардын мүлкүн сатып алуу үчүн;
7) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган жер участокторуна укуктар жагынан жасалуучу бүтүмдөр үчүн;
8) лицензияларды жана/же уруксаттарды берүү, кайра тариздөө үчүн, лицензиянын жана/же уруксаттын дубликатын берүү үчүн, ошондой эле өз ара таануу тартибинде жана бир тараптуу тартипте, Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны таануу жол-жобосу үчүн;
9) жарандарды жашаган жери боюнча каттоо үчүн;
91) чет өлкөлдүк жарандыгы бар мекендештин документин берүү үчүн;
(КР 2021-жылдын 22-майындагы № 65 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10) башка аракеттер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмек боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу юридикалык мааниси бар документтерди берүү үчүн.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
139-берене. Мамлекеттик алымдын ставкалары
Мамлекеттик алымдын ставкалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
140-берене. Мамлекеттик алымды төлөө тартиби
1. Мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган финансылык-кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар аркылуу же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык алыстан/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен накталай акча каражаттары менен төлөнүшү мүмкүн. Бардык төлөмдөр улуттук валютада жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды кабыл алуу белгиленген формадагы квитанция же төлөмдү тастыктаган документ берүү аркылуу жүргүзүлөт.
Мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген эсептик көрсөткүчтүн эселенген өлчөмүндө белгиленет.
2. Эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөп берет.
3. Мамлекеттик алым алымды алуу аракеттери жасалганга чейин же болбосо документтер берилгенге чейин төлөнөт. Сотко кайрылган учурда, мамлекеттик алым доо жана башка арыздарды жана даттанууларды берүү учурунда алынат.
Эгерде сотко арыз же даттануу берген адам талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүчтү тиркесе, анда мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы төлөнөт. Тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнөт.
Нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күнү төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 222, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 18-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
50-глава. Мамлекеттик алымды төлөө боюнча жеңилдиктер
141-берене. Мамлекеттик алымды төлөө боюнча жеңилдиктер
1. Мамлекеттик алымды алуудан төмөнкүлөр бошотулат:
1) доогерлер - эмгек акыны төлөө тартибинде эмгек акыны жана башка суммаларды өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча жана эмгектик укуктук мамилелерден келип чыгуучу башка талаптар боюнча;
2) доогерлер - автордук укуктан, ойлоп чыгууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө болгон укуктардан, ошондой эле интеллектуалдык менчикке болгон башка укуктардан келип чыгуучу доолор боюнча;
3) доогерлер - алименттерди өндүрүп алуу доолору боюнча;
4) доогерлер - майып болуу же ден соолугуна башка жаракат алуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, ошондой эле багуучунун өлүмүнө байланыштуу доолор боюнча;
5) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын органдары - жабырлануучуга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсиялардын суммасын зыян келтирүүчүдөн өндүрүп алуу жөнүндө регресстик доолор боюнча; туура эмес төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсияларды өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча; жарандардан милдеттүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча; милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча; өндүрүп алынган суммалары пенсиялар менен жөлөкпулдарды финансылоого жумшала турган мүлктүк мүнөздөгү доолор боюнча;
6) доогерлер - кылмыш аркылуу келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча;
7) тараптар - никени бузуу жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык, кассациялык даттануулардан;
8) тараптар - мыйзамсыз соттоо, жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу, бөгөт коюу чарасы катарында камакка алууну мыйзамсыз колдонуу же болбосо бузуулар үчүн мыйзамсыз жаза берүү аркылуу жаранга келтирилген зыяндын ордун толтуртууга байланыштуу талаш-тартыштар жана регресстик доолор боюнча;
9) жеке жана юридикалык жактар - жазык иштерин жана алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө иштерди кароого байланыштуу аларга документтерди берүү үчүн;
10) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды жана пенсияларды алуу үчүн зарыл документтердин көчүрмөлөрүн берүү же алардын тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле камкордукка алуу жана бала асырап алуу иштери боюнча;
11) мыйзамда каралган учурларда башка жактардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылган мамлекеттик жана коомдук органдар, жеке жана юридикалык жактар;
12) жарандар - кылмыш жасоодон келтирилген материалдык зыянды өндүрүүнүн тууралыгы талашка түшкөн жазык иштери боюнча апелляциялык даттануулардан;
13) ички иштер органдары - доогерлер - алименттерди жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарды издөө боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу жөнүндө иштер боюнча, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн өндүрүп алууга байланыштуу иштер боюнча;
14) финансы органдары - өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздарды сотко берүү үчүн;
15) жеке жана юридикалык жактар - төмөнкүлөрдү сотко берүү үчүн:
а) иштерди кыскартуу же аларды кароосуз калтыруу жөнүндө сот актыларын жокко чыгаруу, сот актысын аткарууну кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн чачыратып бөлүү, сот актысын аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү, даттанууларды камсыздоо тууралуу же камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштыруу жөнүндө арыздарды;
б) жаңыдан ачылган кырдаалдар боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздарды;
в) сот тарабынан салынган айыптарды алып салуу же азайтуу жөнүндө арыздарды;
г) өтүп кеткен мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө арыздарды;
д) айыптарды алып салуудан же азайтуудан баш тартуу жөнүндө сот актыларына жеке даттанууларды, сот актыларына башка жеке даттанууларды;
е) бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу иштер боюнча буга ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чыгарылган актыларга даттанууларды;
16) прокурор - жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарында, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик таламдарды коргоо үчүн берилген доолор боюнча;
17) бардык инстанцияларда доогер жана жоопкер катары чыгуучу салык, бажы жана башка финансы органдары;
18) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коммерциялык эмес жана коомдук уюмдары, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери, I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын ата-энелери жана камкорчулары - сотко коюлуучу бардык доолор боюнча;
181) карызды өндүрүү боюнча доолордо турак жай менчик ээлеринин шериктиктери;
19) жаратылышты коргоо органдары - айлана-чөйрөнү булгоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, аңчылыктын, балыкчылыктын жана балык запастарын коргоонун эрежелерин бузуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга каражаттарды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча;
20) доогер - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү маселелери, акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген кредиттер жана дивиденддер боюнча карыздарды өндүрүп алуу менен байланышкан доолор боюнча;
21) доогерлер - стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча эрежелерди бузгандыгы үчүн өз мөөнөтүндө айып төлөбөгөндүгүнө байланыштуу доолор боюнча;
22) доогерлер - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого байланышкан доолор боюнча;
23) администратор (жоюучу) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банкроттук процесси же жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткан жактын кызыкчылыктарында бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катары;
24) банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары - карызкорду банкрот деп табуу жөнүндө арыздар боюнча;
25) илим жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
26) монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджетке айыптык жана экономикалык санкцияларды өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча жана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө доолор боюнча;
27) баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - анын компетенциясына кирген маселелерге байланыштуу, анын ичинде, баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жана чыгарылган баалуу кагаздарды жараксыз деп табуу жөнүндө доолор боюнча;
28) доогер катары чыгуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - кызматтык милдеттерин жүзөгө ашырууда зыян келтирген жактарга карата регресстик доолор боюнча;
29) мамлекеттик материалдык резервдер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен аныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
30) санитардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - доогер - санитардык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу доолор боюнча;
31) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катарында;
32) аудитордук ишти контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - айыптык санкцияларды бюджетке өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча жана аудитордук ишти контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө доолор боюнча;
33) ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
34) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катары;
35) болжолдоо жана бюджетти аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жана анын бардык инстанцияларда доочу жана жоопкерлер катары чыгуучу ведомстволук бөлүмдөрү;
351) архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткарууга түздөн-түз байланыштуу доолор боюнча бардык инстанцияларда доочу жана жоопкерлер катары чыгуучу ведомстволук бөлүмдөрү жана ишканалары;
36) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгындагы доолор, анын ичинде: муниципалдык менчикти коргоо жөнүндө; муниципалдык менчиктеги объектилерди бошотуу тууралуу; муниципалдык мүлктү пайдалануудагы тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө; мүлктү ээси жок деп таануу тууралуу; ижара төлөмдөрүн өндүрүп алуу жөнүндө; жарандык-укуктук келишимдерди аткарбагандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен төлөнгөн акча каражаттарын, анын ичинде алар боюнча пайыздарды жана туумдарды өндүрүп алуу тууралуу; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчикке укуктарынын бузулушуна алып келген аракеттерин, аракетсиздигин жана чечимдерин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө;
37) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча.
11. Эгерде ишке катышып жаткан жактар, мамлекеттик алымды төлөө үчүн жетиштүү каражаттары жок экендигин сотко далилдеп беришсе, алар аны төлөөдөн толук бошотулат. Мамлекеттик алымды толук төлөөгө дарамети жетпеген жактар аны жарым-жартылай төлөйт.
Толук жана жарым-жартылай бошотулуучу жактардын категориясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Нотариалдык аракеттерди аткаруучу органдарда төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:
1) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле камкордукка алуу жана бала асырап алуу иштери боюнча, пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн;
2) жарандар - алардын мурас каттарын жана мүлктү мамлекеттин пайдасына белекке берүү келишимдерин күбөлөндүрүү үчүн;
3) салык жана финансы органдары - аларга мамлекеттин мураска укугу жөнүндө күбөлүктөрдү же алардын дубликаттарын, ошондой эле күбөлүктөрдү жана алардын дубликаттарын алуу үчүн зарыл болгон бардык документтерди берүү үчүн;
4) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коммерциялык эмес жана коомдук уюмдары, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери - бардык нотариалдык аракеттер боюнча;
5) юридикалык жактар жана жарандар - аларга төмөнкүлөрдү мурастоого укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн:
а) мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга же болбосо адам өмүрүн сактоо, мамлекеттик менчикти же укук тартибин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын парзын аткарууга байланыштуу мамлекетти коргоо учурунда курман болгон адамдардын мүлкүн;
б) эгерде мурастоочу адам менен бирге жашаса, мурастоочу адам каза болгон күнгө карата каттоодо турса жана ошол үйдө (квартирада) ал өлгөндөн кийин да жашоосун улантып жатса, турак үйдү (квартираны) же турак жай-курулуш кооперативиндеги үлүштү;
в) банктардагы салымдарды, жеке мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммаларын, мамлекеттик зайымдардын облигацияларын, эмгек акынын суммасын, автордук укуктарды, автордук гонорардын суммасын жана ачылыштар, ойлоп табуулар жана өнөр жайлык үлгүлөр үчүн сыйлыктарды;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана анын мекемелери - бардык нотариалдык аракеттер боюнча;
7) энелер - аларды көп балалуу болгондугу үчүн ордендер жана медалдар менен сыйлоо жөнүндө иштер боюнча документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
8) Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрү, мекемелери, ишканалары жана уюмдары - зыяндын ордун толтуруу үчүн карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу жазууларын жүргүзгөндүгү үчүн;
9) мектеп-интернаттар - мектеп-интернаттарда балдарды кармоо үчүн ата-энелерден карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу жазууларын жүргүзгөндүгү үчүн;
10) финансы органдары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баштапкы кесиптик билим берүү системасынын кесиптик окуу жайларында, лицейлеринде балдарды окутуу жана багуу үчүн карыздарды ата-энелерден өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу жазууларын жүргүзгөндүгү үчүн;
11) иштеген (кызматтагы) жери боюнча кырсыктын кесепетинен өлүмгө кабылган учурлары ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин каражаттарынын эсебинен камсыздандырылган жумушчулар менен кызматчылардын мураскорлору - камсыздандыруу сыйакысын мурастоо укугун ырастаган күбөлүктөрдү берүү үчүн;
12) жин оорусунан же кем акылдыктан жапа чеккен, аларга Кыргыз Республикасынын камкордукка алууну белгилөө, ишке ашыруу жана токтотуу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген тартипте камкордук көрүү уюштурулган жарандар - алардын мүлктү мурастоосу жөнүндө күбөлүк алуу үчүн;
13) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана алардын аялдары, ошондой эле Мекенди коргоодо же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же майыптыктын же болбосо фронтто болгондугуна байланыштуу оорунун кесепетинен майып болушкан аскер кызматчыларынын арасындагы башка ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар - бардык нотариалдык аракеттер боюнча;
14) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар - жеңилдиктерди берүү үчүн керектүү документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
15) жарандар - аларга жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларын жана аларга таандык мүлктү милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруучу ордун толтурууларды мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн;
16) баккан адамынан ажырагандыгы боюнча пенсия менен камсыздалуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген реабилитацияланган жарандар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана мыйзам боюнча биринчи кезекке кирген мураскорлору - реабилитациялоого жана зыяндын ордун толтурууга байланыштуу алар үчүн жасалуучу бардык аракеттер үчүн;
17) автордук укуктар боюнча уюмдар - автордук укуктар боюнча төлөнүүгө тийиш сыйлыктарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жүргүзгөндүгү үчүн;
18) үй-бүлөнүн киши башына орточо кирешеси кедейлик чегинен төмөн болгон аз камсыз болгон жарандар - бардык нотариалдык аракеттер боюнча;
19) жарандар - жашы жете элек балдарга алимент өндүрүп алуу жөнүндө аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган талаптар боюнча;
20) жарандар - кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу жөнүндө талаптар боюнча.
3. Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттерге чыгуу жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) жарандар - аларга дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү үчүн;
2) чет өлкөлүк туристтер - алардын документтерин каттоо үчүн;
3) жарандык жана жазык иштери боюнча тараптар, күбөлөр, жабырлануучулар жана эксперттер катары жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерге ылайык чет өлкөлүк сотторго чакырылуучу жарандар - аларга чет өлкөлөргө чыгуу укугуна уруксаттарды жана документтерди берүү үчүн;
4) окууга же өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн кетип жаткан окуучулар жана студенттер - аларга жарандын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн.
4. Жашаган жана барган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) социалдык стационардык мекемелерде жашаган улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
2) мектеп-интернаттардын жана баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин толугу менен мамлекеттик камсыздоодо турган жана жатаканаларда жашаган окуучулары.
5. Жарандык абал актыларын каттоону жүзөгө ашыруучу органдарда мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) билим берүү уюмдары, жашы жете электердин иштери боюнча комиссиялар - жетим балдарды жана ата-энелерден кароосуз калган балдарды бардык балдар жатак мекемелерине жиберүү үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн;
2) жарандар - туулганын, каза болгондугун, баланы асырап алууну жана аталыгын аныктоону каттоо үчүн, аларга, жарандык абал актыларын каттоодо кетирилген каталыктарга байланыштуу, аталыгын аныктоо, асырап алуу учурларында туулгандыгы жөнүндө актылардын жазууларын өзгөрткөндө, толуктаганда жана оңдогондо күбөлүктөрдү берүү үчүн;
3) жарандар - белгиленген тартипте дайынсыз жоголгондугун же жин оорусунан же кем акылдыгынан улам жөндөмсүз деп табылган адамдар менен же болбосо кылмыш жасагандыгы үчүн 3 жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратылган адамдар менен никени бузуу жөнүндө сот чечиминин негизинде күбөлүктөрдү берүү үчүн;
4) жарандар - реабилитацияланган туугандарынын каза болгондугу тууралуу аларга дубликаттарды берүү же мурда берилген күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн;
5) жарандар - жарандык абал актыларын каттоо үчүн;
6) жарандар - тынчтык мезгилде аскердик кызматты өтөө убагында курман болгон аскер кызматчыларынын жана аскер адистеринин каза болгондугу тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн, жазууларды өзгөртүүгө, толуктоого жана оңдоого байланыштуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн.
6. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун алууда мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) биринчи жолу паспорт алган жарандар;
2) жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жумушсуз жарандар;
3) Кыргыз Республикасына туруктуу жашоочу жерине кайтып келген этникалык кыргыздар.
7. Жарандык талаш-тартыштар боюнча доо арыздарын сотко берүүдөн алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү чектик өлчөмдөн ашпоого тийиш.
Алынуучу мамлекеттик алымдын чектик өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 41, 2021-жылдын 22-майындагы № 67, 2022-жылдын 18-январындагы № 5, 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 20-октябрындагы № 224 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 141-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.
XI БӨЛҮМ. АКЫ ТӨЛӨНҮҮЧҮ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДӨН ТҮШКӨН КАРАЖАТТАР
51-глава. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар
142-берене. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар
1. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдөн киреше түрүндө алынуучу каражаттар кирет.
2. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттардын ичине төмөнкүлөр кирбейт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген милдеттүү төлөмдөр;
2) айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;
3) укук бузуудан келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле конфискацияланган товарларды, укук бузуулар жасалган куралдарды жана башка продукцияларды сатуудан алынган каражаттар.
143-берене. Эсепке киргизүү тартиби
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттарды топтоонун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
XII БӨЛҮМ. ПАТЕНТТИК АЛЫМ
52-глава. Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар
144-берене. Патенттик жана башка алымдарды, жыйымдарды төлөөчүлөр
1. Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар - интеллектуалдык менчик объектилерине, салттуу билимге, ушул Кодексте белгиленген интеллектуалдык менчик объектилерин коргоого байланышкан юридикалык маанилүү башка иш-аракеттерди жасоого, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоого жана каттоого өзгөчө укук берүү үчүн акы.
2. Жеке жана юридикалык жактар патенттик жана башка алымдарды, жыйымдарды төлөөчүлөр болуп саналат.
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
145-берене. Жыйымдар, патенттик жана башка алымдар төлөнө турган юридикалык маанилүү аракеттер
Патенттик жана башка алымдар төмөнкүлөр үчүн төлөнөт:
1) өтүнмө берүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүү киргизүү, өтүнмөнү кайра түзүү, өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү, каршы пикирди берүү, өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу, суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн узартуу, автордун патентин жана күбөлүгүн берүү жана дубликат берүү, патентти күчүндө кармап туруу, конвенциялык артыкчылыкты суратуу, өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалына оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү, өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин формуласына пункттарды киргизүү, өтүнмөнү жарыялоо, суроо-талапка жооптун мөөнөтүн узартуу, патент алуу укугунан чегинүү тууралуу арыз берүү, ойлоп табууга патентти калыбына келтирүү жана бул тууралуу маалыматтарды жарыялоо үчүн;
2) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, географиялык көрсөтмөнү же товардын чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугун каттоо жана берүү, товардын чыккан жеринин мурда катталган аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө берүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү, суроо-талапка жооптун, каршы пикирди берүүнүн мөөнөтүн узартуу, өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү, күбөлүктү каттоо, жарыялоо жана берүү, дубликат берүү, каттоонун колдонулушунун мөөнөтүн узартуу, мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүү, өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарына оңдоолорду, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү, колдонуунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн;
3) өтүнмө берүү, экспертиза жүргүзүү, өтүнмөнүн материалдарына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду, оңдоолорду же тактоолорду киргизүү, суроо-талапка жооптун мөөнөтүн узартуу, каршы пикирди берүү, өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү, селекциялык жетишкендиктерге патентти жана автордун күбөлүктөрүн каттоо, жарыялоо, берүү, дубликат берүү, патентти күчүндө кармоо, аталышын өзгөртүү, патенттин колдонулушун калыбына келтирүү үчүн;
4) ачык лицензия берүү же ачык лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө арыз берүү, мажбурлоочу лицензия берүү жөнүндө маалыматтарды каттоо жана жарыялоо, интеллектуалдык менчик жана селекциялык жетишкендиктер объектилерине укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо үчүн;
5) патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоо жана каттоо үчүн;
6) автордук укук, чектеш укуктар объектин жана интегралдык микросхемалардын топологиясын каттоого же депонирлөөгө өтүнмөнү берүү жана кароо үчүн, Мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү жана каттоо жөнүндө күбөлүк берүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү, жарыялоо, дубликат берүү үчүн;
7) салттуу билимди пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө же буга чейин катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүүгө, күбөлүктү кароого, каттоого, жарыялоого, берүүгө, өзгөртүү киргизүүгө, жооп берүү мөөнөтүн узартууга жана күбөлүктүн колдонулушунун мөөнөтүн узартууга өтүнмө берүү үчүн.

146-берене. Патенттик жана башка алымдардын, жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби
Патенттик жана башка алымдардын, жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби, төлөмдөн бошотуу же жеңилдиктерди берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
XIII БӨЛҮМ. БАШКА САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР
53-глава. Ыктыярдуу трансферттер
147-берене. Төлөөчү
1. Жеке жана юридикалык жактар кайрымдуулуктар жана гранттар түрүндөгү төгүмдөрдү республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттин кирешесине ыктыярдуу тартипте төлөй алышат.
2. Республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине акчалай түрдөгү каражаттарды ыктыярдуу түрдө төккөн жеке же юридикалык жактар төлөөчүлөр болуп саналат.
3. Накталай түрдөгү ыктыярдуу трансферттер бул каражаттар өткөрүп берилген тийиштүү органдын балансында чагылдырылат.
4. Ыктыярдуу трансферттердин түшүүсүн эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
148-берене. Ыктыярдуу трансферттин өлчөмү
Ыктыярдуу трансферттин өлчөмү төлөөчү тарабынан аныкталат.
54-глава. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу
149-берене. Төлөөчү
Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүү менен байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулардын ордун толтуруучу төлөөчү болуп жер участкасы берилген жеке жана юридикалык жактар саналат.
150-берене. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу ченемдеринин өлчөмдөрү жана аларды төлөө тартиби
1. Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу наркынын ченемдеринин өлчөмү жана аларды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын наркын толтуруу үчүн алынуучу каражаттар жер участоктору берилген жеке жана юридикалык жактар тарабынан, аларга жер участокторуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер берилгенге чейин, республикалык бюджетке которулат жана төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) жаңы жерлерди өздөштүрүүгө;
2) пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялоого;
3) жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга;
4) жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялоо, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин аткарууга.
55-глава. Башка салыктык эмес кирешелер
151-берене. Башка салыктык эмес кирешелер
Башка салыктык эмес кирешелер аларды салыктык эмес кирешелердин башка түрлөрүнүн курамында чагылдыруу үчүн алар боюнча жетиштүү маалымат жок кирешелерди, 2 ай ичинде алуучу тарабынан тактоону жана аныктоону талап кылган каражаттарды (такталбаган каражаттарды) өзүнө камтыйт. Төлөмдүн таандыктуулугу аныкталгандан кийин каражаттар тийиштүү деңгээлде чагылдырылат.
XIV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ЭСЕПКЕ КИРГИЗҮҮ
56-глава. Салыктык эмес кирешелерди эсепке киргизүү
152-берене. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелер
1. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, бөлүштүрүүнүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон салыктык эмес кирешелер.
2. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелерге төмөнкүлөр кирет:
1) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым;
2) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегеримдер.
3. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелерди бөлүштүрүү ченемдери жыл сайын кабыл алынуучу республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен белгиленет.
153-берене. Республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери
Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:
1) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлүшүнө жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы;
2) мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегеримдер;
3) байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегеримдер;
31) жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөр;
4) чарба жүргүзүүчү коомдордун мамлекетке таандык акцияларына (үлүшүнө) эсептелген дивиденддер;
5) эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;
6) сынам жыйымы;
7) айылдык аймактын, шаардын чек араларына кирбеген лицензияланган аянттан же анын бөлүгүнөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйым;
8) аскердик милдет менен байланышкан жыйымдар;
9) радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн жыйым;
10) өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объектилерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондусун пайдалануу үчүн жыйым;
11) суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым;
12) айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн жыйым;
13) тооруктардын (конкурс, аукцион) жыйынтыктары боюнча жыйым;
14) бөлүнүп берилген номерлөө ресурсу үчүн жыйым;
15) мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;
16) мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар;
161) тастыктамалоо жана көзөмөлдөө жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар;
17) автомототранспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар;
171) транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө уруксат берүү үчүн жыйым;
18) баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйым;
19) баалуу кагаздар жагынан операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү үчүн жыйым;
191) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде аудиторлорду, аудитордук уюмдарды каттаганы, кайра каттаганы үчүн жана Мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзгөнү үчүн алынуучу жыйымдар;
192) Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлерин каттоо, кайра каттоо жана Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жыйымдар;
20) апостилди коюу үчүн жыйым;
21) этиль спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдар;
22) транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана ченөө үчүн жыйымдар жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөй турган жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйым;
23) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйым;
24) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым;
241) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар;
25) жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйым;
26) товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым;
27) мамлекеттик алым;
28) патенттик жана башка алымдар, жыйымдар;
29) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндардын ордун толтуруучу суммаларды кошпогондо, мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук мекемелери тарабынан бузуулар үчүн материалдык жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар, анын ичинде айыптар, санкциялар, компенсациялар, соттун чечими боюнча зыяндын ордун толтуруучу суммалар;
30) айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу;
31) юридикалык жана жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке кайтарымсыз жана ыктыярдуу негизде берилүүчү каражаттар;
32) мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелер;
33) республикалык бюджеттен финансылануучу мекемелердин мүлкүн сатуудан түшкөн кирешелер;
34) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кайтарымсыз өткөн мүлктү, анын ичинде мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосу менен таризделген товарларды жана транспорт каражаттарын сатуудан түшкөн кирешелер;
35) монополияга каршы мыйзамдардын жөнгө салынуучу талаптарынан четтөөнүн натыйжасында мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер;
35-1) утилдештирүү жыйымдары;
36) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер.
(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 47, 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143, 2022-жылдын 14-апрелиндеги №26, 2023-жылдын 7-августундагы № 165 , 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90, 2025-жылдын 23-июнундагы № 124, 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
154-берене. Жергиликтүү бюджеттердин салыктык эмес кирешелери
Жергиликтүү бюджеттерге төмөнкүлөр келип түшөт:
1) чарбалык коомдордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык акцияларына (үлүшүнө) чегерилген дивиденддер;
2) муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;
3) муниципалдык менчиктеги объекттердин ижарасынан кирешелер;
4) эгерде ушул Кодекс менен башкасы белгиленбесе, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым;
5) калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым;
6) мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жайыттарынан тышкары, жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым;
7) муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;
8) автотранспортту токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым;
9) алкоголдук продукцияларды сатуучу субъекттер тарабынан этиль спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдар;
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук мекемелери бузуулар үчүн материалдык жоопкерчилик чараларын колдонушунун натыйжасында алынган каражаттар, анын ичинде айыптар, санкциялар, компенсациялар, сот чечимдери боюнча зыяндын ордун толтуруу суммалары;
11) юридикалык жана жеке жактар тарабынан жергиликтүү бюджеттерге кайтарымсыз жана ыктыярдуу негизде өткөрүлүп берилүүчү каражаттар;
12) муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер;
13) жергиликтүү бюджеттен финансылануучу мекемелердин мүлкүн сатуудан түшкөн кирешелер;
14) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөн мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер.
XV БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
57-глава. Корутунду жоболор
155-берене. Ушул Кодекстин күчүнө кириши
Ушул Кодекс "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күчүнө кирет.
Президент | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ
2018-жылдын 10-августу № 90
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 47, 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2021-жылдын 23-мартындагы № 41, 2021-жылдын 6-майындагы № 61, 2021-жылдын 22-майындагы № 65,2021-жылдын 22-майы № 67, 2021-жылдын 26-июнундагы № 80, 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149, 2022-жылдын 18-январындагы № 5, 2022-жылдын 14-апрелиндеги №26, 2023-жылдын 10-февралындагы № 23, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68, 2023-жылдын 7-августундагы № 165, 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2024-жылдын 8-февралындагы № 41, 2024-жылдын 1-мартындагы № 65, 2024-жылдын 29-июлундагы № 151, 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 20-январындагы № 15 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 23-июнундагы № 124, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 222, 2025-жылдын 20-октябрындагы № 224 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 , 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262,
2026-жылдын 20-февралындагы № 17, 2026-жылдын 18-мартындагы № 29, 2026-жылдын 6-августундагы № 145
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Кодекс колдонулуучу чөйрө
Ушул Кодекс төмөндөгү мамилелерди жөнгө салат:
1) салыктык эмес кирешелерди белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча;
2) салыктык эмес кирешелерди эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо процессинде келип чыгуучу;
3) ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине, алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануулар боюнча.
2-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар
1. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ушул Кодекске жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга негизделген салыктык эмес кирешелер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.
Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.".
2. Ушул Кодекс төмөндөгүлөрдү белгилейт:
1) салыктык эмес кирешелердин системасын;
2) салыктык эмес кирешелердин түрлөрүн;
3) салыктык эмес кирешелерди белгилөө, өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартибин;
4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин келип чыгуу, өзгөрүү, аткарылыш жана токтотулуш негиздерин;
5) төлөөчүлөрдүн жана укуктук мамилелердин башка катышуучуларынын салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин;
6) салыктык эмес кирешелерди чегерүүнү жана төлөөнү контролдоонун формаларын;
7) салыктык эмес кирешелерди жыйноону ишке ашыруучу органдардын чечимдерине даттануу тартибин, аларды төлөө үчүн контролду, ошондой эле алардын кызматкерлеринин аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аргасыз кырдаал жагдайлары пайда болгон учурда, белгилүү мөөнөткө салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болуу, өзгөрүү, аткаруу жана токтотуу негиздери боюнча, ошондой эле салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн санкцияларды жана туумдарды колдонбоо боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ болот.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ушул Кодексте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
1. Ушул Кодексте пайдаланылуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жарандык, үй-бүлөлүк, бажылык, салыктык жана башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары бул мыйзам тармактарында пайдаланылган мааниде колдонулат.
2. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) салыктык эмес кирешелердин администратору - салыктык эмес кирешелерди чегерүү, жыйноо, эсепке алуу, эсептөөнүн тууралыгын, алардын толук жана өз убагында төлөнүүсүн контролдоо боюнча бир же бир канча функцияларды жүзөгө ашыруучу, ошондой эле ашыкча төлөнгөн (өндүрүп алынган) салыктык эмес кирешелерди, алар боюнча туумдарды жана айыптарды кайтаруу (эсепке киргизүү) жөнүндө чечимдерди кабыл алуучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмү;
2) салыктык эмес кирешелердин башкы администратору - карамагында салыктык эмес кирешелердин администраторлору бар, мыйзамдар менен аныкталган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ал эми карамагында администраторлор жок болсо алар салыктык эмес кирешелердин администратору болуп саналышат;
3) ыктыярдуу трансферттер - жеке жана юридикалык жактар тарабынан мамлекетке, бюджеттик мекемелерге жана жергиликтүү бюджеттерге кайтарымсыз өткөрүп берилүүчү мүлк, анын ичинде демөөрчүлүк жардам;
4) салыктык эмес кирешелер боюнча карыз - өнбөгөн калдыктын суммасы, ошондой эле туумдар менен санкциялардын тындырылбаган суммалары;
5) бюджеттик мекемелердин мүлкү - бюджеттик мекемелерге чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк;
6) өнбөгөн калдык - салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген, өз мөөнөтүндө төлөнбөгөн салыктык эмес кирешенин суммасы;
7) салыктык эмес кирешелер - ушул Кодекс менен белгиленген, мамлекеттик бюджеттин кирешесине төлөнүүчү жана салыктар, бажы төлөмдөрү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр жана расмий трансферттер болуп саналбаган жыйымдар, чегерүүлөр, төлөмдөр, анын ичинде, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
8) пайдадан чегерүү - пайдадан жүзөгө ашырылуучу жана бюджетке түшүүчү төлөмдүн түрү;
9) өнүктүрүүгө чегерүүлөр - жергиликтүү маанидеги белгилүү бир тармакты өнүктүрүүгө жана инфратүзүмдү күтүүгө мамлекет тарабынан белгиленген милдеттүү төлөмдүн түрү;
10) чечим - ушул Кодекске ылайык, салыктык эмес кирешелердин администратору, башкы администратору же салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынган, ушул Кодексте белгиленген тартипте талашуу мүмкүн болгон ченемдик эмес акт;
11) санкциялар - ушул Кодексте белгиленген жоболорду бузгандыгы үчүн колдонулуучу мүлктүк таасир берүүчү чаралар;
12) жыйым - уюмдардан жана жеке жактардан алынуучу төгүм, аны төлөө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан жыйымды төлөөчүлөргө карата юридикалык олуттуу аракеттерди жүзөгө ашыруу шарттарынын бири болуп саналат, буга белгилүү укуктарды берүү же уруксат (лицензия) берүү да кирет, же болбосо аны төлөө жыйым киргизилген аймактын чегинде ишкердик иштин айрым түрлөрүн жүргүзүү менен байланыштуу болуп саналат;
13) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - салыктык эмес кирешелер боюнча саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.
4-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын тийиштүү аймакта колдонула турган ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2. Жаңы салыктык эмес кирешелерди белгилөө, алардын ставкаларын жогорулатуу бөлүгүндө ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизе турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, алар расмий жарыялангандан эки календардык айдан кийинки айдын 1-числосунан эрте эмес күчүнө кирет.
3. Жаңы салыктык эмес кирешелерди белгилөөчү, ставкалардын өлчөмүн жогорулатуучу, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же оордотуучу, салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучусунун жаңы милдеттерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кайтарымдуу күчкө ээ эмес.
5-берене. Ченемдик укуктук актылардын катышы
1. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзам актылары жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Кодекске каршы келбеши керек.
2. Бюджеттик мекемелер тарабынан ишке ашырылуучу продукцияларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кошпогондо, инвестициялар тууралуу мыйзамдарга ылайык, турукташтыруу режимин колдонуу укугуна ээ инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкана, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда, турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 10 жылдын ичинде салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө боюнча алар үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды тандоо укугуна ээ.
2-глава. Салыктык эмес кирешелердин системасы
6-берене. Салыктык эмес кирешелерди белгилөөнүн жалпы шарттары
Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул Кодекс менен салыктык эмес кирешелерди алуунун төмөнкү элементтери аныкталган учурда гана салыктык эмес кирешелер белгиленди деп эсептелет:
1) субъект;
2) салыктык эмес кирешенин ставкасы же өлчөмү, же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
3) төлөө тартиби.
7-берене. Субъект
Субъект (мындан ары - төлөөчү) - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу органдарынан тышкары, салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме жүктөлгөн жеке же юридикалык жак болуп саналат.
8-берене. Салыктык эмес кирешенин ставкасы, өлчөмү же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы
1. Салыктык эмес кирешелердин ставкасы же өлчөмү салыктык эмес кирешелердин ар бир түрү боюнча өзүнчө, пайыздарда же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдө, же болбосо мерчемделген акчалай суммада белгиленет.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
9-берене. Салыктык эмес кирешени эсептөөнүн тартиби
Төлөөчү, администратор же башкы администратор ушул Кодекске ылайык каралган жеңилдиктерди жана бошотууларды эсепке алуу менен салыктык эмес кирешенин суммасын өз алдынча эсептейт.
10-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөттөрү
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөттөрү ушул Кодекстин талаптарына жараша, салыктык эмес кирешелердин ар бир түрүнө карата өзүнчө белгиленет.
2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөттөрүн бузуу төлөөчүнү укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөнүн тартиби
1. Салыктык эмес кирешелер төмөнкүчө төлөнөт:
1) бардык суммасы же бөлүп-бөлүп;
2) түздөн-түз төлөөчү тарабынан же анын атынан;
3) накталай же накталай эмес акчалай формада.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө тартиби салыктык эмес кирешелердин ар бир түрүнө карата өзүнчө белгиленет.
II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ТӨЛӨӨДӨ КЕЛИП ЧЫГУУЧУ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕРДИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
3-глава. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчү
12-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучулары
Салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешелерди төлөөчү катары таанылган субъект;
2) салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлору;
3) салыктык эмес кирешелердин администраторлору;
4) салык кызматынын органдары;
5) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлү - салыктык эмес кирешелерди тескөөдө жана тиешелүү бюджетке өндүрүп алууда төлөөчүнүн атынан белгиленген тартипте чыгууга укуктуу жак;
6) салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери ушул Кодекс менен жөнгө салына турган башка жактар.
(КР 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн укуктары
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодекске ылайык, салыктык эмес кирешелерди бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн жактардан салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону талап кылууга;
2) укуктук мамилелерде жеке өзү же болбосо өзүнүн өкүлү аркылуу чыгууга;
3) салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн, ошондой эле ашыкча өндүрүп алынган суммасын кайтарууга;
4) негиздер болгондо жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди жана бошотууларды пайдаланууга;
5) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешени тийиштүү бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине даттанууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктык эмес кирешени тийиштүү бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын мыйзамсыз чечими менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга.
2. Төлөөчү салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жана башка укуктарга да ээ.
14-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн милдеттери
1. Төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди белгиленген тартипте аткарууга;
2) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте түшүндүрмөлөрдү, маалыматты жана документтерди берүүгө;
3) салыктык эмес кирешени бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн жактардын укук бузуулардын кесепеттерин жоюу жөнүндө же укук бузууларды жасоого алып келүүчү аракетти же аракетсиздикти токтотуу жөнүндө мыйзамдуу көрсөтмөсүн аткарууга;
4) ушул Кодекстин негизинде алар кызматтык милдеттерин аткарууда салыктык эмес кирешени бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөгө контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылбоого;
5) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр жана калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн алымдар боюнча салыктык эмес кирешенин төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтердин 6 жыл аралыгында сакталышын камсыз кылууга;
6) салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууну жүргүзүүгө жана отчет берүүгө.
2. Төлөөчү салыктык эмес кирешелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен белгиленген башка милдеттерди аткарат.
3. Төлөөчү салыктык эмес кирешелерди өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүү. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча талаптарды бузган учурда, төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Жоруктардын же кылмыштардын белгилерин камтыган салыктык эмес мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет.
15-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери төмөнкүчө аныкталат:
1) ушул Кодекс менен;
2) төлөөчү менен анын өкүлүнүн ортосунда түзүлүүчү жарандык укуктук келишим менен;
3) төлөөчү өзүнүн өкүлүнө берген ишеним кат менен.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча укуктук мамилелерде төлөөчүнүн катышуусу менен байланышкан төлөөчүнүн өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги катары таанылат.
3. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы, ошондой эле жашы жете электер жана ишке жөндөмсүз адамдар төлөөчүнүн өкүлү боло албайт.
4. Жеке нотариус нотариалдык аракеттерди жасоодо жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө төлөөчүнүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча өкүлү боло алат.
(КР 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Салык кызматынын органдарынын, салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун жана администраторлорунун укуктары жана милдеттери
16-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте белгиленген тартипте салыктык эмес кирешелердин тиешелүү бюджетке түшүүсүн контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) салыктык эмес кирешелерди эсептеп чыгуу жана тиешелүү бюджетке төлөө боюнча документтерди берүүнү салыктык эмес кирешени төлөөчүдөн, администратордон жана башкы администратордон талап кылууга;
3) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүдөн, администратордон жана башкы администратордон салыктык эмес кирешелерди эсептеп чыгуу жана төлөө менен байланышкан документтерди, ошондой эле эсептөөнүн тууралыгын жана төлөмдүн өз учурунда жүргүзүлгөндүгүн тастыктоочу документтерди толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга, төлөөчүдөн документтердин көчүрмөсүн алууга;
4) ушул Кодексте каралган негиздер боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө доо арызын сотторго берүүгө;
5) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын табылган бузууларды жоюуну талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
6) ушул Кодекске ылайык тиешелүү бюджетке салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга;
7) салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун ушул Кодекске ылайык өкүлдөнгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ишин контролдоого.
8) салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордун, эсептөөлөрдүн формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүүгө.
2. Ушул Кодекс менен белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ошондой эле ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга ээ.
3. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана салыктык эмес кирешелерди төлөөчүлөрдөн жана башкы администраторлордон анын аткарылуусун талап кылууга;
3) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча төлөөчүлөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышына көмөк көрсөтүүгө;
4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди төлөөчүлөрдүн аткаруусун контролдоого;
5) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, төлөөчүлөрдүн, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдын жана сынам жыйымынын эсептелген жана төлөнгөн суммаларынын эсебин жүргүзүүгө;
6) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча отчеттуулуктун формаларын толтуруу тартибин түшүндүрүүгө;
7) кызматтык, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого;
8) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү же электрондук суроо-талабы боюнча аны алган күндөн кийинки күндөн тартып 2 жумуш күндөн кечиктирбестен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр жана туумдар, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча эсептөөлөрдүн суммалары жана даталары жөнүндө чечимди берүүгө;
9) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылган фактысын тастыктоочу документтердин 6 жылдын ичинде сакталышын камсыз кылууга;
10) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипте жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым жана сынам жыйымы боюнча төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-берене. Салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте каралган учурларда салыктык эмес кирешелерди төлөөнү эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында табылган бузууларды жоюуну талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
3) ушул Кодексте каралган негиздер боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп берүү жөнүндө доо арызын сотторго берүүгө;
4) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча администраторлордун текшерүүлөрүн жүргүзүүгө.
2. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төлөөчүнүн кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын сактоого;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;
3) төлөөчүлөрдүн салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө;
4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылыш фактыларын тастыктоочу документтердин 6 жыл аралыгында сакталышын камсыз кылууга;
5) ушул Кодекске ылайык белгиленген тартипте жана мөөнөттө отчетторду түзүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
6) башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууга жана отчет жүргүзүүгө;
7) салыктык эмес кирешелердин администраторлору тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз, толук эмес жана кечиктирилип көрсөтүлүшүнө карата төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого;
8) ушул Кодекстин 16-беренесинде каралган салык кызматынын органдарынын талаптарын аткарууга;
9) администраторлор тарабынан салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сакташын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
10) жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү салыктык эмес кирешелер боюнча отчетторду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу органына берүүгө.
18-берене. Салыктык эмес кирешелердин администраторлорунун жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодексте каралган учурларда салыктык эмес кирешелерди эсепке алууну, жыйноону жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашырууга;
2) ушул Кодексте каралган негиздер боюнча сотторго салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп берүү жөнүндө доо арыздарын берүүгө.
2. Администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоого жана төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;
3) төлөөчүлөрдүн салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө;
4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылыш фактыларын тастыктоочу документтердин 6 жыл аралыгында сакталышын камсыз кылууга;
5) салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууну жүргүзүүгө жана отчетторду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башкы администраторго берүүгө;
6) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча төлөөчүлөргө текшерүү жүргүзүүгө;
7) ушул Кодекстин 16-беренесинде каралган салык кызматынын органдарынын талаптарын аткарууга.
III БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕ ЖАНА КАРЫЗ
5-глава. Жалпы жоболор
19-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме
1. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме болуп салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген жагдайлар болгондо төлөөчүнүн Бирдиктүү казыналык эсепке салыктык эмес кирешени төлөө милдети саналат.
2. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме акчалай милдеттенме болуп саналат.
20-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмелердин келип чыгышы, өзгөрүшү, аткарылышы жана токтотулушу
Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген негиздер болгондо келип чыгат, өзгөрөт, аткарылды же токтотулду деп эсептелет.
21-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенменин валютасы
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында - сом менен аткарылат.
2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди эсептөөдө милдеттенменин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректегенге жол берилет.
22-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү салыктык эмес кирешени төлөөнү караган жагдайлар пайда болгон күндөн же ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешени төлөө боюнча мезгил аяктагандан тартып 6 жылды түзөт.
2. Салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү талап кылуу укугу доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнчө сакталат.Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин салыктык эмес кирешенин жана туумдун ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн/төлөөчүнүн жеке эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.
3. Доонун эскирүү мөөнөтүн токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча карыз
Салыктык эмес кирешелер боюнча карыз болуп төмөнкү учурларда таанылган болуп саналат, эгерде ал:
1) ушул Кодексте белгиленген тартипте салыктык эмес киреше төлөөчүнүн отчеттуулугунун негизинде эсептелсе;
2) салыктык эмес кирешелердин администраторунун, башкы администраторунун же салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелип чыгып, аны менен салыктык эмес киреше төлөөчү тааныштырылса жана талашпаса;
3) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешенин администраторунун, башкы администраторунун же салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелип чыкса жана ал чечимге карата салыктык эмес кирешелер боюнча карыздарды төлөө тууралуу соттун күчүнө кирген чечими бар болсо.
6-глава. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу жана карызды жоюу
24-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу жана карызды жоюу
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу датасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эгерде акча каражаттары бюджетке түшкөн учурда төлөөчүнүн эсебинде төлөмдүк бул тапшырманы толук көлөмдө аткаруу үчүн жетиштүү каражаттар бар болсо, салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которууга банкка төлөмдүк тапшырманы берген күн;
2) салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которууга банктын төлөмдүк тапшырманы аткарган күнү;
3) салыктык эмес кирешенин тиешелүү суммасын которуу үчүн накталай акча каражаттарын банкка, администраторго же башкы администраторго төлөгөн күн.
2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенме төмөнкү учурларда өз мөөнөтүндө аткарылды деп таанылбайт:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде акча каражаттары бюджетке салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө түшпөсө;
2) салыктык эмес кирешенин суммасын которууга төлөмдүк тапшырманы төлөөчү кайра чакыртып алганда;
3) салыктык эмес кирешенин суммасын которууга төлөмдүк тапшырма төлөөчүгө банк тарабынан кайтарылып берилгенде;
4) салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которуу үчүн киргизилген накталай акча каражаттарын төлөөчү кайра чакыртып алганда.
3. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык тийиштүү түрдө аткарылууга тийиш.
4. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу төлөөчү тарабынан өз алдынча же анын өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Акча каражаттарын накталай же накталай эмес түрдө бардык тийиштүү сумманы төлөө эсебине киргизүү салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу болуп саналат.
25-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча карызды мажбурлап жоюу
1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, ушул Кодекске ылайык салыктык эмес киреше боюнча карыз болгон учурда, администраторлор, башкы администраторлор жана салык кызматынын органдары карыздын суммасынын чегинде, анын карамагындагы мүлктү тескөөгө чектөө салуу жана/же ушул төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу тууралуу доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
Сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
Бул доо үчүнчү тараптан, анын ичинде, дебитордун каражаттарынын эсебинен карызды өндүрүп алууну камтуусу мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доо арызын берүүдө, администраторлор, башкы администраторлор жана салык кызматынын органдары үчүнчү жакка, анын ичинде дебиторго, карызы бар төлөөчүнүн дарегине акчалай төлөмдөрдү токтотуу жөнүндө чечимди, чечимдин тиркемеси менен жөнөтүүгө укуктуу.
Эгерде соттун чечими чыкканга чейин үчүнчү жак чечимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаса жана ушул чечимге каршы чыкпаган болсо, андан ушул төлөмгө барабар келген, бирок салыктык эмес киреше боюнча карыздын суммасынан ашык эмес сумма өндүрүлүп алынат. Ушул бөлүктө каралган сумманы өндүрүп алуу соттун чечими менен жүзөгө ашырылат.
3. Төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу жөнүндө доо арызы боюнча иштерди кароо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Карыз төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алынган учурда, карызды төлөө боюнча милдеттенме түшкөн суммалардын эсебинен өндүрүп алуу ишке ашырылган жана карыз жоюлган күндөн тартып аткарылды деп эсептелет. Мурда камакка коюлган мүлктү саткан учурда, мүлк камакка коюлган күндөн баштап жана түшкөн суммалар бюджетке которулганга чейин карызды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум кошулбайт.
6. Администратордун, башкы администратордун жана салык кызматы органынын кызмат адамы, ошондой эле алар менен өз ара байланыштагы жактар төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу жөнүндө сот чечимин аткаруу иретинде сатылып жаткан салыктык эмес киреше төлөөчүнүн мүлкүн алууга укугу жок.
Администратордун, башкы администратордун жана салык кызматы органынын кызмат адамы менен өз ара байланыштуу болуп үй-бүлө мыйзамдары менен аныкталуучу алардын жакын туугандары саналат.
7. Эгерде салыктык эмес кирешени төлөө лицензиялык талап болуп саналса жана белгиленген тартип бузулса, анда лицензиялык-уруксат берүүчү система жөнүндө же жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.
8. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча карыз Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-1-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча үмүтсүз карызды эсептен чыгаруу
Салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча карыздар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык үмүтсүз карыз деп аныкталат жана таанылат.";
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава. Салыктык эмес кирешелерди кайра кайтаруу
26-берене. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтаруу
1. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу үчүн төлөөчү администратордун же башкы администратордун дарегине арыз берет. Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча арыз салыктык же эсепке алуу каттоосунда турган жер боюнча салык кызматынын органына берилет.
2. Администратор же башкы администратор кайра кайтаруу жөнүндө арыз түшкөндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде төлөөчүнүн талабы укук ченемдүү экендиги жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Талаптын укук ченемдүү экендиги таанылган учурда, казыналыкка салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу жөнүндө кайрылуу жөнөтүлөт. Талаптын укук ченемдүү эместиги таанылганда, төлөөчүгө кабыл алынган чечимдин негиздемеси бар жооп жөнөтүлөт.
3. Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымдын, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн суммасын кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки 10 жумуш күндүн ичинде салык кызматынын органы төлөөчүнүн талаптарынын укук ченемдүү экендиги жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Талаптын укук ченемдүү экендиги таанылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына ашыкча/жаңылыш төлөнгөн сумманы кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө кайрылуу жөнөтүлөт. Талаптын укук ченемдүү экендиги таанылганда төлөөчүгө баш тартуу жөнүндө негизделген чечим жөнөтүлөт.
4. Салыктык эмес кирешелердин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтаруу администратордун, башкы администратордун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт, ал төлөөчүдөн кайтаруу жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына берилүүгө тийиш.
Салык кызматынын органы салыктык эмес кирешелердин ашыкча/жаңылыш төлөнгөн суммасын кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 2 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгына салык органы тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелердин ашыкча/жаңылыш төлөнгөн суммасын кайтаруу же эсепке киргизүү жөнүндө кайрылууну жөнөтөт.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы башкы администратордун кайрылуусун алган күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде төлөөчүнүн эсебине салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын которууга тийиш.
6. Салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу жөнүндө арызды төлөөчү ашыкча төлөнгөн сумма келип чыккан күндөн кийинки 6 жылдан кеч эмес мөөнөттө берсе болот.
7. Ашыкча төлөнгөн сумма келип чыккан күн болуп салыктык эмес кирешенин кайра кайтарылууга тийиш болгон суммасы бюджетке төлөнгөн күн саналат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
27-берене. Мамлекеттик алымды кайра кайтаруу
1. Төлөнгөн мамлекеттик алым төмөнкү учурларда толук же жарым-жартылай кайра кайтарылат:
1) мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден чоң өлчөмдө төлөнгөндө;
2) Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган негиздер боюнча арызды кабыл алуудан баш тартканда, арыз кайтарып берилгенде, иш боюнча өндүрүш кыскартылганда, арыз кароосуз калтырылганда;
3) жоопкер доону тааныганда;
31) сот актысына апелляциялык же кассациялык даттануунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды канааттандыруудан апелляциялык же кассациялык инстанция баш тартканда;
32) жак апелляциялык жана кассациялык даттануулардан баш тартканда;
4) ыйгарым укуктуу органдар нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартканда;
5) мамлекеттик алымды төлөгөн жактар юридикалык мааниси бар аракет жасоодон баш тартканда;
6) эгерде жубайлардын элдешүүсүнө же экөөнүн бирөөсүнүн келбей коюусуна байланыштуу нике бузулбаган учурда, бойго жеткен балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никени бузууну каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндө;
7) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүүдөн баш тартканда;
8) сот актысын кайра карап чыгуу жөнүндө даттануу канааттандырылганда жана даттанылган сот актысы жокко чыгарылганда.
2. Мамлекеттик органдарды кошпогондо, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн прокурор тарабынан берилген доо арызын канааттандыруудан ага баш тартылган учурда, мамлекеттик алым кызыкчылыгын көздөп доо арызын берген жактан алынат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы төлөөчүнүн талаптарынын укук ченемдүүлүгү жөнүндө чечимди алган күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде төлөөчүнүн эсебине мамлекеттик алымдын ашыкча төлөнгөн суммасын которуп берүүгө тийиш.
4. Соттордун мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайтарып берүүсү үчүн негиз болуп саналган жагдайлар сот актысында көрсөтүлөт.
Мамлекеттик алымды кайра кайтаруу сот актысынын негизинде ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин анын бюджетке эсепке киргизилген жери боюнча казыналык органдар тарабынан жүргүзүлөт.
5. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарылып берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2021-жылдын 23-мартындагы № 41, 2024-жылдын 1-мартындагы № 65, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ТӨЛӨӨНҮ КОНТРОЛДОО ЖАНА ӨЗ УБАГЫНДА ТӨЛӨБӨГӨНДҮГҮ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
8-глава. Салыктык эмес кирешелерди төлөөнү контролдоо тартиби. Салыктык эмес кирешелерди төлөө үчүн контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар
28-берене. Отчетторду түзүүнүн жана тапшыруунун тартиби
1. Администраторлор салыктык эмес кирешелерди жыйноону жүзөгө ашырат, отчетторду түзөт жана башкы администраторго отчеттук айдан кийинки айдын 10-числосуна чейин берет. Башкы администраторлор жыйынды отчет түзүшөт жана аны отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2. Бюджеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн кирешелер боюнча башкы администраторлор отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет беришет.
2-2. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордо же эсептөөлөрдө маалымат жана дайындар жок болгон учурда мындай отчетту түзүү жана берүү талап кылынбайт.
3. Казыналык түшкөн салыктык эмес кирешелер боюнча жыйындыны жүзөгө ашырат жана башкы администраторлор жана администраторлор менен салыштырып текшерүүнү жүргүзөт.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-берене. Салыктык эмес кирешелерди жыйноону контролдоонун формалары
1. Салыктык эмес кирешелердин төлөнүүсүн контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) салыктык эмес кирешелердин тиешелүү бюджетке түшүүсүн эсепке алуу;
2) салыктык эмес кирешелерди бюджетке чегерүүнүн жана төлөөнүн толук жана өз убагында жүргүзүлгөндүгүн текшерүү.
2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүн эсепке алууну салыктык эмес кирешелердин администраторлору же болбосо башкы администраторлору жүргүзөт.
3. Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча салык кызматынын органдары ушул Кодексте каралган учурларда кошуп эсептөөлөрдү, келип түшүүлөрдүн эсебин алууну жана мажбурлап өндүрүп алууну жүзөгө ашырышат.
4. Төлөөчүлөрдүн салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүү администраторлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүү башкы администраторлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Салык кызматынын органдары башкы администраторлордун, ошондой эле башкы администраторлору жок болгон администраторлордун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун текшерүүнү ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүзөгө ашырат.
7. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйым, сынам жыйымы жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча ушул Кодекстин милдеттенмелерин жана талаптарын төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусун текшерүү салыктык текшерүүлөрдү дайындоо, жүргүзүү жана аяктоо тартибин жана жол-жобосун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган ченемдерге ылайык салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Салыктык эмес кирешелер боюнча башкы администраторду жана/же администраторду текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы текшерүүнүн толук кандуулугу үчүн мааниси бар жагдайларды тактоо максатында салык мыйзамдарында каралган ченемдерге ылайык текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
30-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан башкы администраторлорду жана/же администраторлорду текшерүүнү пландоо
1. Салыктык эмес кирешелердин администраторлорунун жана/же башкы администраторлорунун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун пландуу текшерүү салык кызматынын органдарынын бири тарабынан, текшерүүлөрдүн планына ылайык, акыркы текшерүү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин бир жолудан көп эмес жүзөгө ашырылат.
2. Салыктык эмес кирешелерди текшерүүлөрдүн планы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан өтүп жаткан жылга түзүлүп, текшерилүүгө тийиш болгон администраторлордун жана/же башкы администраторлордун тизмегин камтыйт жана календардык жыл башталганга чейинки 20 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүлөрдүн планы кызматтык пайдаланылуудагы документ болуп эсептелет жана жарыялоого жатпайт.
3. Администраторлордо жана/же башкы администраторлордо, анын ичинде мурда текшерилгендерде, ушул Кодексте каралган ченемдерди бузган фактылар бар экендигин күбөлөндүргөн документалдуу ырасталган маалыматтар болгондо, текшерүү ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөр аяктаганга чейин, пландан тышкаркы текшерүүнүн же кайра текшерүүнүн алкагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
31-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан администраторлордун жана/же башкы администраторлордун салыктык эмес кирешелерин текшерүү мезгили, аны жүргүзүүнүн жана аяктоонун мөөнөттөрү
1. Салыктык эмес кирешелерди пландуу текшерүү ушул пландуу текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышына карата отчет тапшыруу жана/же салыктык эмес кирешелерди төлөө мөөнөтү бүткөн мезгилди, ошондой эле өтүп жаткан жылдын башталышында бүткөн мурунку 3 календардык жылдан ашык эмес мезгилди камтыйт.
2. Салыктык эмес кирешелерди пландан тышкаркы текшерүү же кайра текшерүү доо арызынын эскирүү мөөнөтү өткөнгө чейинки каалаган мезгилде жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Берилген жазма эскертүүдө көрсөтүлгөн пландуу текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү администраторго жана/же башкы администраторго буйрукту тапшырган күндөн кийинки 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын ар кандай региондорунда салыктык эмес кирешелердин администраторлору карамагында болгон башкы администраторду пландуу текшергенде мындай текшерүүнүн мөөнөтү ар бир администратор үчүн 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
5. Пландан тышкары текшерүү пландуу текшерүү үчүн аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.
6. Салыктык эмес кирешелерди кайра текшерүү 15 календардык күндөн ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
7. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорго жана/же башкы администраторлорго текшерүү жүргүзүүнүн, ошондой эле текшерүүнүн өзүн жүргүзүүнүн мөөнөтү төмөнкүчө токтотулуп турат:
1) салык кызматы боюнча органдын документтерди берүү жөнүндө чечимин администраторго жана/же башкы администраторго тапшырган күндөн кийинки күндө башталган мезгилге жана алар берилген күндү кошуп алганда, текшерүү жүргүзүүдө суралуучу документтер берилген күнгө чейин,;
2) салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүүгө катышуучулардын жакын тууганынын ооругандыгынын, каза болгондугунун себеби боюнча, бирок 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө;
3) аргасыз кырдаалдар келип чыккан учурда.
8. Салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүүнүн мөөнөтүнүн өтүүсү, ошондой эле текшерүүнүн өзүн жүргүзүү маалымат берүү жөнүндө компетенттүү органдарга болгон тийиштүү суроо-талапка жооп алуу жана алар боюнча маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон мезгилде, ошондой эле утурлай текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү мезгилинде токтотулбайт.
Тийиштүү суроо-талапты жүзөгө ашыруу, экспертизаларды жүргүзүү, утурлай текшерүүлөрдү дайындоо жана салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүү күнү аяктаганга чейин алардын натыйжалары алынбаган учурда, текшерүү актысында жүргүзүлгөн суроо-талаптар, экспертиза жүргүзүү, утурлай текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө жазууларды көрсөтүү менен аяктайт.
9. Салыктык эмес кирешелердин администраторлоруна жана/же башкы администраторлоруна текшерүү жүргүзүүгө болгон жазма буйруктун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
10. Салыктык эмес кирешелердин администраторун жана/же башкы администраторун текшерүү аяктаганда салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан акт түзүлөт.
11. Салыктык эмес кирешелердин администраторлорун жана/же башкы администраторлорун текшерүү актысы эки нускадан кем эмес түзүлөт жана текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы жана текшерилип жаткан уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлат. Көрсөтүлгөн жактар актыга кол коюудан баш тарткан учурда, бул жөнүндө актыда тийиштүү белги коюлат.
12. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү актысынын бир нускасы администраторго жана/же башкы администраторго тапшырылат. Салыктык эмес кирешелерди текшерүү актысын алып жатып администратор жана/же башкы администратор аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.
13. Текшерүүнүн натыйжаларына макул болбогон администратор жана/же башкы администратор актыны алган датадан кийинки 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин берүүгө укуктуу.
32-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо
1. Эгерде салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлор жана башкы администраторлор текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин беришпесе, аларды текшерүүнүн материалдары салык кызматынын органдарынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан администраторго жана/же башкы администраторго салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүү актысы тапшырылган күндөн кийинки 10 күндөн кечиктирбестен каралат.
Ушул бөлүмдө белгиленген мөөнөттөрдө администратор жана/же башкы администратор тарабынан текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр же каршы пикирлер берилген учурда, текшерүүнүн материалдары администратордун жана/же башкы администратордун же алардын өкүлүнүн катышуусунда каралат.
Мында текшерүүнүн материалдарын кароо мөөнөтү салык кызматынын органы администратордон жана/же башкы администратордон текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин алган күндөн кийинки 10 күндөн кечиктирбестен белгиленет.
2. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын салык кызматынын органдарынын кароо жана кароонун натыйжалары боюнча тийиштүү чечим чыгаруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
3. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлордун жана/же башкы администраторлордун жетекчилери текшерүүнүн материалдары каралган күндөн тартып 30 күндүн ичинде администратордун жана/же башкы администратордун салык кызматынын органынын текшерүү актысында көрсөтүлгөн бузууларга жол берген кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартат жана маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
4. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
33-берене. Администраторлордун тизмеги
Администраторлордун тизмеги жана алардын салыктык эмес кирешелерди төлөөнү камсыз кылуу бөлүгүндө салык кызматтары менен өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
34-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттардын топтолуусу жана пайдаланылышын контролдоо
1. Бюджеттик мекемелердин негизги ишине аудитти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттардын топтолуусунун мыйзамдуулугун, алардын максаттуу жана үнөмдүү жумшалуусун, ошондой эле бул каражаттар боюнча эсеп жүргүзүүнүн жана отчет түзүүнүн тууралыгын текшеришет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө каражаттарды казыналык ачкан эсептерди кыйгап өтүп пайдаланган фактылар аныкталганда, актыда тийиштүү бюджетке өндүрүлүп алууга тийиш болгон суммалар чагылдырылат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын пайдаланылышына текшерүү жүргүзүүдө, текшерүү актысында бул каражаттардын жыл жыйынтыгы боюнча алынган, максатсыз пайдаланылган, ошондой эле каражаттарды казыналык ачкан эсептерди кыйгап өтүү менен пайдаланган фактылар милдеттүү түрдө чагылдырылат.
3. Мыйзамдарды бузуп алынган жана пайдаланылган мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынууга тийиш.
35-берене. Айыптарды өндүрүп алууну контролдоо
1. Айыптарды төлөтүп алууну контролдоо бузууларды процесстик жактан тариздөөгө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан салынган айыптарды өндүрүп алууну контролдоо салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт.
36-берене. Мамлекеттик алымды өндүрүп алууну контролдоо
Мамлекеттик алымды төлөтүп алуучу жеке жана юридикалык жактардын аракеттерин контролдоо салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт.
9-глава. Салыктык эмес кирешелердин төлөнүүсүн камсыз кылуу чарасы. Салыктык эмес кирешелерди төлөбөгөндүгү же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик
37-берене. Салыктык эмес кирешелерди өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум
1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмени аткарбаган же кечиктирип аткарган учурда төлөөчү төлөөгө тийиш болгон акчалай сумма туум деп аталат.
2. Туумдардын суммасы салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмени мажбурлап аткартуу чаралары, ошондой эле салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин башка чаралары колдонулгандыгына карабастан эсептелет жана төлөнөт.
3. Туум милдеттенмени аткаруу үчүн ушул Кодексте белгиленген күндөн кийинки күндөн баштап, салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу күнүн кечиктирген ар бир календардык күн үчүн чегерилет.
4. Чегерилген туумдун жалпы суммасы салыктык эмес кирешенин төлөнбөгөн суммасынын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашык болбоосу керек.
5. Ар бир кечиктирилген күн үчүн туум төлөөчүнүн өнбөгөн калдыгынын суммасынан пайыздар менен аныкталат.
6. Туумдун суммасы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салынуучу айыптын өлчөмүнүн суммасына кошуп эсептелүүчү туумду кошпогондо, кечиктирилген ар бир күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдө эсептелинет.
7. Туум төмөнкүлөргө кошулбайт:
1) чегерилген туумдун суммасына;
2) банкрот деп таанылган төлөөчүнүн өнбөгөн калдыгынын суммасына, - аны банкрот деп тааныган же жарыялаган чечим күчүнө кирген учурдан баштап;
3) дайынсыз жоголду деп таанылган жеке жактын өнбөгөн калдыгынын суммасына, - сот чечими күчүнө киргенден баштап ал чечим жокко чыгарылганга чейин;
4) эгерде өнбөгөн калдыктын жаралуусунун жалгыз себеби тейлөөчү банктын жоюлуусу болуп саналса, мажбурлап жоюлуп жаткан банктын төлөөчү-кредиторунун өнбөгөн калдыгынын суммасына, - банкты мажбурлап жоюу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан баштап;
5) аргасыз кырдаалдын кесепетинен келип чыккан өнбөгөн калдыктын суммасына;
6) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда.
(КР 2024-жылдын 8-февралындагы № 41Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕНИН АДМИНИСТРАТОРУНУН ЖЕ БАШКЫ АДМИНИСТРАТОРУНУН АРАКЕТИНЕ ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИНЕ ДАТТАНУУ
10-глава. Салыктык эмес кирешенин администраторунун жана башкы администраторунун аракетине же аракетсиздигине даттануу тартиби
38-берене. Салыктык эмес кирешенин администраторунун же башкы администраторунун чечимине даттанууну кароочу органдар
1. Текшерүү жүргүзгөн органдын чечимине салыктык эмес кирешенин төлөөчүсүнүн, администраторунун, башкы администраторунун салыктык эмес кирешени чегерүү жана төлөтүп алууга тийиштүү даттанууларын кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жүргүзүлөт.
2. Администратор тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз, толук эмес жана өз убагынан кечиктирип аткарылгандыгына даттанууларды төлөөчүлөр башкы администраторго жөнөтүшөт.
39-берене. Салыктык эмес киреше төлөөчүнүн даттануу берүү тартиби жана мөөнөтү
1. Салыктык эмес кирешенин администраторунун, башкы администраторунун чечимине төлөөчүнүн салыктык эмес кирешени чегерүү жана төлөтүп алуу боюнча даттануусу ыйгарым укуктуу органга бул чечим төлөөчүгө талаптагыдай тапшырылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берилет.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү эсептөөгө жана алууга карата салык кызматы органынын чечимине төлөөчүнүн даттануусу ыйгарым укуктуу салык органына берилет жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте каралат.
3. Даттануунун көчүрмөсү салыктык эмес кирешенин администраторуна, башкы администраторуна же чечим даттанылып жаткан салык кызматынын органына жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Ушул бөлүктүн жоболорун бузуу менен берилген даттануу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан арыз ээсине себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.
5. Даттануу кайтарып берүүгө түрткү болгон себептерди жойгондон кийин, төлөөчү даттануу кайтарылып берилгенден кийинки 10 календардык күндүн ичинде даттанууну кайрадан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
40-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну
1. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусу жазуу жүзүндө берилет.
2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) даттануу берилген дата;
2) даттануу берилген органдын аталышы;
3) даттануу берген жактын фамилиясы, аты-жөнү же болбосо толук аталышы, анын жашаган жери (турган жери);
4) төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери;
5) чечими даттанылып жаткан органдын аталышы;
6) даттануу берген төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдерин;
7) тиркелген документтердин тизмеги.
3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн маанилүү болгон башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.
4. Даттанууга төлөөчү кол коет.
5. Төлөөчү жана башка органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды тастыктаган документтер даттанууга кошо тиркелет.
11-глава. Даттанууну кароо тартиби жана даттануу берүүнүн натыйжалары
41-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусун кароо тартиби
1. Даттанууну алган күндөн кийин, 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө төлөөчүнүн бул даттануусуна анын мазмунуна карата чечим жөнөтүлөт.
Даттанууну кароо мөөнөтү даттануу келип түшкөн органда катталгандан кийинки күндөн баштап эсептелет жана төлөөчүгө чечим жөнөтүлгөн күнү аяктайт.
2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде төлөөчүдөн баштапкы жиберген даттанууга кошумчалар келип түшсө, анда негизги жана кошумча даттанууларды кароо мөөнөтү кошумчалар келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын жоболорун колдонуу тартибин түшүндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга суроо-талап жөнөтүлгөн учурда, даттанууну кароо мөөнөтү токтотулат.
Даттануу боюнча биротоло чечим ыйгарым укуктуу органдан түшүндүрмө алынгандан кийин чыгарылары жөнүндө орто-аралык чечим төлөөчүгө жөнөтүлөт.
3. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
1) төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылат;
2) төлөөчүнүн даттануусу жарым-жартылай канааттандырылат;
3) төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылбайт.
Ушул бөлүмдүн 1 жана 2-пункттарына ылайык кабыл алынган чечимди администратор же башкы администратор аткарууга милдеттүү.
4. Даттанууну кароо жөнүндө чечим төлөөчүгө, ошондой эле чечими даттанылып жаткан администраторго же башкы администраторго жөнөтүлөт.
5. Чечим тапшырылды деп эсептелет, эгерде ал:
1) төлөөчү экономикалык ишин соңку ирет жүзөгө ашырган дарек боюнча же анын Кыргыз Республикасында акыркы ирет катталган дареги боюнча, же төлөөчүнүн өкүлүнүн жеке өзүнө кол койдуруп, же чечимди алгандыгынын фактысын жана датасын тастыктоочу башка жолдор менен жеткирилсе;
2) администратор, башкы администратор же салык кызматынын өкүлү тарабынан төлөөчүгө же анын өкүлүнө жекече кол койдуруп тапшырылса.
6. Чечим почта аркылуу заказдык кат катары жөнөтүлгөн учурда, заказдык кат алынган же аны алуудан баш тарткан, тапшырылгандыгы жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн датада чечим тапшырылды деп эсептелет.
7. Ушул Кодексте көрсөтүлгөн талаптарды сактабаган учурда, ал тургай төлөөчүгө чечим жана анын мазмуну жөнүндө белгилүү болсо да, чечим жарактуу же күчүндө деп эсептелбейт. Төлөөчүгө чечимди талаптагыдай тапшыруу фактысын далилдөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдети болуп саналат.
8. Эгерде даттануудагы маселе мурда жөнөтүлгөн даттанууларга байланыштуу болсо жана ал боюнча чечим арыз ээсине бир нече жолу жөнөтүлгөн болсо, ошол эле учурда даттанууда жаңы далилдер жана жагдайлар келтирилбесе, даттанууну карап жаткан орган кезектеги даттануунун негизсиз экендиги жана көрсөтүлгөн даттануу жана мурда жөнөтүлгөн даттануулар бир эле органга жөнөтүлгөн шартта, бул маселе боюнча төлөөчү менен кат алышууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечим жөнүндө төлөөчү жазуу жүзүндө кабардар болот.
9. Берилген даттануу боюнча чечимге макул болбогон төлөөчү бул чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу.
42-берене. Төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечимдин мазмуну
Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) чечим кабыл алынган дата жана жер;
2) даттанууну караган органдын аталышы;
3) төлөөчүнүн фамилиясы жана инициалдары же болбосо толук аталышы, арыз ээсинин дареги;
4) төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери;
5) аракеттерине даттануу түшкөн органдын аталышы;
6) даттанылып жаткан чечимдин реквизиттери жана кыскача мазмуну;
7) даттануунун маңызы;
8) чечимдин негизин түзгөн жүйөөлөрдү жана фактыларды келтирүү;
9) ушул Кодекстин, мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын ченемдерине шилтемелер;
10) кабыл алынган чечим;
11) чечими даттанууга түшкөн органга тийиштүү тапшырма.
43-берене. Даттануу берүүнүн натыйжалары
1. Эгерде салыктык эмес кирешелерди эсептеген органдын чечими даттанылса, ушул Кодексте белгиленген тартипте төлөөчү тарабынан берилген даттануу даттанылып жаткан чечимдин аткарылышын токтотот.
2. Чечимди аткаруу даттануу берилген күндөн баштап даттанууну кароо жөнүндө чечим төлөөчүгө тапшырылганга чейин токтотулат.
3. Төлөөчүнүн даттануусу толук же жарым-жартылай канааттандырылган учурда, даттанууну караган органдын чечимине тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
VI БӨЛҮМ. ЖЫЙЫМДАР
12-глава. Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар
44-берене. Төлөөчү
Юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) катары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтоткондугун каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан жак жыйымдын төлөөчүсү болуп эсептелет.
45-берене. Ставка
Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн), чет өлкөлүк юридикалык жактардын өкүлчүлүктөрүн (филиалдарын) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдын ставкаларынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
46-берене. Төлөөнүн тартиби
Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйым мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк алганга чейин, ишинин токтотулганын каттаган учурда - каттоочу органга документтер берилген учурга чейин төлөнөт.
47-берене. Бошотуулар
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат.
121-глава. Тастыктамалоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар
471-берене. Төлөөчү
Жыйымды төлөөчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатында тастыктамалоо жол-жобосунан өткөн (эксплуатанттын тастыктамасын, аэродромдун жарактуулук тастыктамасын, учууга жарактуулук тастыктамасын, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча уюмдун тастыктамасын, аэронавигациялык тейлөөнү берүүчүнүн тастыктамасын, жарандык аба кемесинин тибинин тастыктамасын, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелерин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү, жарандык авиациянын авиациялык окуу борборунун тастыктамасын, авиация персоналынын күбөлүгүн, аба кыймылын тейлөө диспетчеринин күбөлүгүн, учуучу экипаж мүчөсүнүн күбөлүгүн, экипаж мүчөсүнүн күбөлүгүн берүү, узартуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, алмаштыруу) жана талаптардын жана стандарттардын аткарылышын көзөмөлдөө жол-жобосунан өткөн жеке жана юридикалык жактар саналат.
472-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Төлөмдөрдүн тизмеги, ставкасы жана жыйымдарды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-глава. Автомототранспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар
48-берене. Төлөөчү
Автомототранспорт каражаттарын жеке менчикке каттатуучу (кайра каттатуучу) жактар жыйымдын төлөөчүсү болуп саналат.
49-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
50-берене. Бошотуулар жана жеңилдиктер
Каттоо (кайра каттоо) үчүн алымдарды төлөөдөн электр кыймылдаткычтары бар транспорттук каражаттардын ээлери бошотулат.
Тартуучу дөңгөлөктү кыймылга келтирүү үчүн энергиянын бирден ашык булагын колдонгон гибриддик транспорттук каражатты каттоо (кайра каттоо) үчүн ушул Кодекстин 49-беренесинде белгиленген транспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдан 50 пайызга аз жыйым алынат.
Алгачкы каттоо үчүн жыйымдарды төлөөдөн Кыргыз Республикасында чогултулган жана/же чыгарылган транспорт каражаттарынын ээлери бошотулат.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
131-глава. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө уруксат берүү үчүн жыйым
501-берене. Төлөөчү
Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө уруксат алуучу транспорт каражаттарынын ээлери жыйым төлөөчүлөр болуп саналат.
502-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыймдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат
(КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги №26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-глава. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйым
51-берене. Төлөөчү
Баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоосунан өтүп жаткан юридикалык жак төлөөчү болуп саналат.
52-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
141-глава. Резидент эместерге Кыргыз Республикасынын банктарында банктык эсептерди ачуу жана тейлөө укугуна уруксат берүү (аккредитациялоо) үчүн жыйым
(Глава КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
511-берене. Төлөөчү
Жыйымды төлөөчү болуп Кыргыз Республикасынын банктарында банктык эсептерди ачуу жана тейлөө укугуна уруксат (аккредитация) алуучу юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси саналат.
(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
512-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-глава. Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү үчүн жыйым
53-берене. Төлөөчү
Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарга ылайык, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкер жеке жак төлөөчү болуп саналат.
54-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
151-глава. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде каттаганы, кайра каттаганы үчүн жана Мамлекеттик бирдик гүү реестрди жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар
541-берене. Төлөөчү
Кесиптик аудитордук бирикмелерди кошпогондо, Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде катталууга же кайра катталууга арыз берген жак, ошондой эле Мамлекеттик бирдиктүү реестрде катталган аудитор, аудитордук уюм төлөөчү болуп саналат.
542-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдарды төлөө өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-глава. Товардык кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым
55-статья. Төлөөчү
Товардык кампаларды жана кампа күбөлүктөрүн жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык товардык кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү алууга талапкер болгон юридикалык жак төлөөчү болуп саналат.
56-статья. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
161-глава. Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, кайра каттоо жана Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жыйымдар
(Глава КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
561-берене. Төлөөчү
Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган, Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталууга же кайра катталууга арыз берген адам төлөөчү болуп саналат.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
562-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-глава. Апостиль коюу үчүн жыйым
57-берене. Төлөөчү
1. Апостиль коюу үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга кайрылган жеке же юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
2. Апостиль - бул мыйзамдаштыруунун ушундай формасын тааныган өлкөлөрдүн аймагында көрсөтүүчү документтердин мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматтарды толтуруунун эл аралык-стандартташтырылган формасы. "Апостиль" штампы документтердин түп нускаларына да, ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнө да коюлат.
58-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
1. Жыйымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жыйым апостиль коюлганга чейин төлөнөт.
18-глава. Транспорттук каражаттардын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдар жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнгүс жүктөрү бар транспорттук каражаттарды өткөрүү үчүн жыйымдар
59-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунан өтүү үчүн нормадан ашкан параметрлери бар автотранспорттук каражаттардын жана жүктөрдүн ээлери төлөөчү болуп саналат.
60-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
19-глава. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүү үчүн жыйым
61-берене. Төлөөчү
1. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүшкөн Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын ээлери төлөөчү болуп саналат.
2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар - автомобиль жолдорунун башка автомобиль жолдору, аккан суулар, тоо кыркалары, аңдар менен кесилишкен жерлериндеги, ушундай жол кыймылына тоскоолдук болуп саналган жерлердеги (көпүрөлөр, өткөөл жолдор, өткөргүч түтүктөр, тоннелдер, эстакадалар жана башка ушул сыяктуу курулмалар) транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн арналган курулмалар.
3. Автомобиль жолдорундагы жүрүү үчүн жыйым алынуучу жасалма курулмалардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
62-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
63-берене. Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүү үчүн жыйымдан бошотуу
Автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 20-январындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-глава, Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым
64-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын ээлери (пайдалануучулары) жыйым төлөөчүлөр болуп саналат.
65-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
66-берене. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымдан бошотуу
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымды алуудан Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган төмөнкүдөй жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар бошотулат:
1) табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин -жоюуга багытталган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан жактарга бекер таратуу үчүн арналган, же болбосо, ушул эле максаттарда коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүү үчүн арналган товарларды ташыган;
2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгон;
3) коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыздоо максатында пайдаланылуучу, өрттөн коргоо, медициналык тез жардам кызматынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн атайын багыттагы, ошондой эле жолдорду жана жол инфратүзүмдөрүн иштетүү жана техникалык жактан тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
201-глава. Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар
(Глава КР 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
661-берене. Төлөөчү
Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензинди жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъектилер саналат.
(КР 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
662-берене. Төлөө өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардын өлчөмү, алуу тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
(КР 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-глава. Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым
67-берене. Төлөөчү
Атайын жабдылган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан ушул максаттарда бөлүп берилген жерлерде автомашиналарды токтотуу жана токтотуучу жайларды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар жыйымдарды төлөөчүлөр болуп саналат.
68-берене. Жыйымды киргизүүнүн тартиби
Автотранспорт каражатын токтотуу жана токтотуу жайы үчүн жыйымдын өлчөмү, аны тескөө жана төлөө тартиби транспорт токтотуунун же токтотуучу жайдын ордун, суткадагы убактысын жана токтотуунун узактыгын, транспорттун түрүн эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан, анын аткаруучу органынын сунушу боюнча белгиленет.
22-глава. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым
69-берене. Төлөөчү
Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы жана тиешелүү лицензия алган жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
70-берене. Жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары
1. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым белгиленген тартипте тийиштүү лицензияны алгандан кийин 30 календарлык күндүн ичинде төлөнөт.
2. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым алкоголдук продукцияны саткан субъекттер тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү лицензия алгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде продукцияны саткан жеринде төлөнөт.
3. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны сатуу ушул жыйымды төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт.
4. Жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
23-глава. Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйым
71-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жеке ишкер катары катталган, жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышууга табыштама беришкен ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле ата мекендик жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жактар төлөөчү болуп саналат.
72-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
24-глава. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым
73-берене. Төлөөчү
Жак - капиталдык жана/же убактылуу курулуштун ээси калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөөчү болуп саналат.
74-берене. Жыйымды киргизүү тартиби
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысы менен күчүнө киргизилет.
75-берене. Жыйымдын ставкасы
Жыйым ставкасынын чоңдугу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими менен, анын аткаруучу органынын сунушу боюнча бир жашоочуга же курулуштун бир чарчы метр аянтына бир эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө белгиленет.
76-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Жеке жактар - ишкердик иш үчүн багытталбаган турак жай курулуштарынын ээлери ар бир жашоочу үчүн жыйым төлөйт.
2. Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бекитилген аянтты жана жумушчулардын санын эсепке алган ставканын өлчөмүндө жыйым төлөшөт.
Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн акыны мындай мүлк бекитилип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт.
3. Жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы белгилеген мөөнөттө тийиштүү жергиликтүү бюджетке төлөнөт.
25-глава. Сынам жыйымы
77-берене. Төлөөчү
1. Сатуу максатында баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына ташыл келүүчү жеке же юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
2. Сынам жыйымы ички өндүрүштөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн анын аймагына алып келинген кымбат баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын жана башка буюмдардын сынамын, анализин алуу жана мамлекеттик сынам белгисин салып эн тамгалоо үчүн алынат.
78-берене. Төлөөнүн ставкалары жана тартиби
Сынам жыйымынын ставкалары, тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
26-глава. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым
79-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталышкан, конкурс же аукцион өткөрүү аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун алышкан ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк жеке жактар төлөөчү болуп саналат.
80-берене. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү
1. Конкурстун жеңүүчүсүнө пайдалуу кен байлыктар чыккан жердин жер казынасын пайдалануу укугун берүүдө жыйымдын өлчөмү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн жыйынтык баа, бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) менен жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
2. Конкурстун объектисиндеги жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баанын минималдуу чеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленет.
81-берене. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү
1. Аукциондун жеңүүчүсүнө пайдалуу кен байлыктар чыккан жердин жер казынасын пайдалануу укугун берүүдө, жыйымдын өлчөмү тооруктун катышуучусу тарабынан сунушталган эң жогорку баа, бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) менен жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
2. Аукциондун объектиндеги жер казынасын пайдалануу укугуна баштапкы баа Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
82-берене. Төлөө мөөнөтү
1. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымды төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
2. Бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркын эсептен чыгаргандан кийинки жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн алынган жыйынтык сумманы бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27-глава. Курчап турган чөйрөнү булгагандык үчүн жыйымдар
83-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык булгоочу заттарды чыгарган, агызган, калдыктарды жайгаштырган жана айлана-чөйрөнү булгоонун жана ага терс таасир этүүнүн башка түрлөрүн жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
84-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйым жаратылышты коргоо иш-чараларына жумшалат.
271-глава. Утилдештирүү жыйымдары
(Глава КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 47, Мыйзамынын редакциясына ылайык)
841-берене. Төлөөчү
1. Майлоочу майлар, автомобиль шиналары, аккумулятордук батареялар, электромобилдердин аккумуляторлору, коргошун аккумуляторлору, электрондук жана электр техникалык жабдуулар, турмуш-тиричилик техникасы, ичтен күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн чыпкалар сыяктуу товарлардын түрлөрүн, ошондой эле ТЭИ ТН коду бар тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленүүчү айкалыштырылган материалдардан, картондон, резинадан, пластмассадан, полимерден жасалган товарларды жана товарлардын таңгактарын пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүү ченемдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн утилдештирүү жыйымы Кыргыз Республикасынын аймагындагы товар өндүрүүчүлөр, ошондой эле ушул беренеде көрсөтүлгөн товарлардын калдыктарын өз алдынча кайра иштетүүнү камсыз кылбаган үчүнчү өлкөлөрдөн же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу импорттоочулар тарабынан төлөнөт.
Утилдештирүү жыйымы "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү төмөнкүдөй товарлар утилдештирүү жыйымынан бошотулат:
- мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын линиясы боюнча кайтарымсыз жардам катары жана (же) кайрымдуулук максатында, анын ичинде техникалык көмөк көрсөтүү;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөргө же консулдук мекемелерге, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдалануучу эл аралык уюмдарга, ошондой эле мындай өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон;
- улуттук коопсуздукту, коргонууну, укук коргоо ишин камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арналган.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
842-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
841-беренеде көрсөтүлгөн товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн утилдештирүү жыйымынын каражаттарынын өлчөмү, төлөө жана чыгымдоо тартиби өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-глава. Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдар
85-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарына ылайык, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдаланган жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
86-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Жыйымдардын өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондун пайдалануу үчүн жыйымдар жаратылышты коргоо иш-чараларына же токойду эсепке алуу, коргоо, сактоо, токой өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу иш-чараларына багытталат.
29-глава. Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым
87-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат:
1) белгиленген лимиттердин чегинде суу ресурстарын пайдаланууну (айыл чарба өндүрүшүндө, токой чарбасында, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында сугат үчүн пайдалануудан тышкары);
2) суу ресурстарын лимиттен ашык жана сарамжалсыз пайдаланууну;
3) (КР 2023-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
88-берене. Төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
1. Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Суу объекттери жана суу чарба курулмалары өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн акысыз берилет.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу башка мекемелер менен уюмдар суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйымдан бошотулат.
Суу пайдалануучулар жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн жыйымды төлөөдөн төмөнкүдөй учурларда бошотулат:
- кайра жаралуучу энергияны кошуп алганда, сууну электр энергиясын иштеп чыгаруу максатында пайдаланууда;
- сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды сугаруу, балыктарды көбөйтүү жана өстүрүү максатында белгиленген лимиттин чектеринде пайдаланууда;
- сууну үй жаныбарларын жана короо-жай участогун сугаруу үчүн пайдаланууда;
- сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн пайдаланууда;
- калктын ичүү муктаждыктары үчүн суу алууну жүзөгө ашырууда;
- сууну санитардык жана экологиялык кое берүүлөрдө;
- сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максаттары, эс алуу жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланууда;
- суу объекттерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографикалык жана издөө-тартуу жумуштарында;
- гидроэнергетикалык, мелиорациялык, балык чарбалык, суу транспорттук жана канализация багытындагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.
(КР 2023-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-глава. Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым
89-берене. Төлөөчү
Жайыт жерлерди пайдалануучу төлөөчү болуп саналат.
90-берене. Төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
Мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы жайыттардан тышкары, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталат.
31-глава. Жер казыналарын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым
91-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө жана/же геологиялык чалгындоо жана/же казып алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак, ошондой эле жеке жак, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, пайдалануу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар чет өлкөлүк жаран төлөөчүлөр болуп саналышат.
92-берене. Жыйымдын ставкасы жана төлөө тартиби
Жер казыналарын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдын ставкалары жана жыйымды чегерүүнүн, төлөөнүн, жыйноонун жана карызды өндүрүп алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
32-глава. Аскердик милдетке байланышкан жыйымдар
93-берене. Аскердик милдетке байланышкан жыйымдардын түрлөрү
Аскердик милдетке байланыштуу төмөнкүдөй жыйымдар алынат жана коргонуу муктаждыктарына жиберилет:
1) альтернативдүү кызмат өтөп жатканда;
2) мобилизациялык резерв жыйындарынан өтүп жатканда;
3) аскердик кызматка чакыруудан бошотулганда.
(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
94-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын аскердик милдет жөнүндө мыйзамдарына ылайык альтернативдүү кызматты өтөөгө чакырылган жеке адамдар альтернативдүү кызмат өтөп жатканда төлөөчүлөр болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аскердик милдет жөнүндө мыйзамдарына ылайык мобилизациялык резерв жыйындарына чакырылган жеке адамдар мобилизациялык резерв жыйындарынан өтүп жаткандагы төлөөчүлөр болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аскердик милдет жөнүндө мыйзамдарына ылайык аскердик кызматка чакыруудан бошотулган жана экинчи категориядагы запаска алынган жарандар аскердик кызматка чакыруудан бошоткондогу төлөөчүлөр болуп саналат.
95-берене. Жыйымдын өлчөмү
Альтернативдик кызматты өтөө, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү жана экинчи категориядагы запаска киргизүү менен аскердик кызматка чакыруудан бошотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөөнү карайт.
(КР 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
96-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
Альтернативдүү кызмат өтөөдө, мобилизациялык резерв жыйындарынан өтүүдө жана аскердик кызматка чакыруудан бошотулганда төгүм төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
33-глава. Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу үчүн тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу, номерлөөнүн бөлүнгөн ресурсу үчүн алынуучу жыйымдар
97-берене. Төлөөчү
Тооруктардын (аукцион, конкурс) жеңүүчүсү болуп таанылган жак, радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиясы жана/же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксаты бар жак, номерлөө ресурсу бөлүнүп берилген жак төлөөчү болуп саналат.
98-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн, бөлүнгөн номерлөө ресурсу үчүн алынуучу жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
VII БӨЛҮМ. МЕНЧИКТЕН ТҮШКӨН КИРЕШЕЛЕР
34-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн алынуучу ижара акысы
99-берене. Төлөөчү
Мамлекеттик жана/же муниципалдык мүлккө ээлик кылуу же пайдалануу укугу бар, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген субъект төлөөчү болуп саналат, аларга төмөнкүлөр кирбейт:
1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо органдары;
2) өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары.
(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
100-берене. Ижара акысынын өлчөмү
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте белгиленет. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.
101-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөгү ижара акысы ижарачы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижаралоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлгөн ижара келишиминде каралган тартипте жана шарттарда чегерилет.
2. Мамлекеттик мүлктү ижаралоодон түшкөн киреше Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.
3. Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн киреше ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.
4. Өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүнүн ижарасынан түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилбейт.
5. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитип берилген муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте аны күтүүгө жана оңдоого, муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталат.
Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражатты бекитип берилген мүлктү күтүүгө жана оңдоого, материалдын-техникалык базасын чыңдоого сарптоого укуктуу муниципалдык ишканалардын тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечими менен бекитилет.
(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-глава. Жерлерди ижарага берүү акысы
102-берене. Төлөөчү
Жер пайдалануучу, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык, ошондой эле жер участокторун ижарага берүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар төлөөчү болуп саналат.
(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
103-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.
3. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Мамлекеттин менчигинде турган жана мамлекеттик жер пайдалануучуларга бекитилген жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте бөлүштүрүлөт.
5. Калктуу конуштардын чегинен тышкары жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер толук өлчөмдө республикалык бюджетке чегерилет.
6. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн киреше толук өлчөмдө жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.
7. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитилген мүлктүк комплекстердин курамына кирген жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.
(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
104-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
36-глава. Бюджеттик мекемелердин мүлкүн сатуудан түшкөн кирешелер
105-берене. Төлөөчү
Республикалык же жергиликтүү бюджеттен финансыланган мекеме төлөөчү болуп саналат.
106-берене. Мүлктү баалоо жана сатуу тартиби
Мүлктү баалоо жана сатуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.
37-глава. Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер
107-берене. Төлөөчү
Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү саткан субъект төлөөчү болуп саналат.
108-берене. Эсепке алуу тартиби
Конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз калган мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
38-глава. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акцияларга (үлүшкө) дивиденддер
109-берене. Төлөөчү
1. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык болгон акциялардын (үлүштүн) дивиденддерин төлөөчү болуп уставдык капиталында мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катышкан чарбалык коом эсептелет.
2. Мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык акциялардын (үлүштүн) дивиденддери - салык салынгандан кийин, мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ага таандык акцияларынан (үлүштөн) киреше түрүндө ала турган чарбалык коомдун таза пайдасынын бөлүгү.
110-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Дивиденддердин өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын чарбалык коомдор жана акционердик коомдор тууралуу мыйзамдары менен белгиленет.
39-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелер
111-берене. Төлөөчү
Мамлекеттик же муниципалдык мүлктү алган жак төлөөчү болуп саналат.
112-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Менчиктештирилип жаткан мүлктүн наркы жана аны төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык белгиленет.
VIII БӨЛҮМ. АЙЫПТАР, ЗЫЯНДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ
40-глава. Мамлекеттик же муниципалдык мүлктү уурдоого жана кемип калуусуна күнөөлүү жактардан өндүрүлүп алынуучу суммалар
113-берене. Төлөөчү
Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимине ылайык, мамлекеттик же муниципалдык мүлктү уурдоого жана кемип калуусуна күнөөлүү деп таанылган жак төлөөчү болуп саналат.
114-берене. Өндүрүп алынуучу сумманын өлчөмү
Өндүрүп алынуучу сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, зыян келтирилген күнү ошол жерде колдонулган баалар боюнча аныкталат.
115-берене. Төлөөнүн тартиби
Мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган мүлктү уурдоого же кемип калуусуна күнөөлүү жактардан кармалуучу сумма республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине төлөнөт.
41-глава. Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна келтирилген зыяндын орун толтуруу
116-берене. Төлөөчү
Жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, козу карындарга жана мамлекеттик токой фондуна зыян келтирген жак төлөөчү болуп саналат.
117-берене. Келтирилген зыяндын өлчөмү жана ордун толтуруунун тартиби
Келтирилген зыяндын өлчөмү жана ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
42-глава. Стандарттардан жана техникалык шарттардан четтөө менен даярдалган продукцияны чыгаруу жана сатуу үчүн айыптар
118-берене. Төлөөчү
Ишкердик менен алектенген, стандарттардан жана техникалык шарттардан четтөө менен даярдалган продукцияны чыгарган жана саткан юридикалык жана жеке жактар айыптарды төлөөчүлөр болуп саналат.
119-берене. Айыптын өлчөмү жана төлөөнүн тартиби
Айыптардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
43-глава. Монополияга каршы мыйзамдардын жөнгө салынуучу талаптарынан четтөөнүн натыйжасында мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер
120-берене. Төлөөчү
Монополияга каршы мыйзамдардын талаптары колдонула турган юридикалык жактар, ошондой эле тийиштүү рынокто үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген жактар, атаандаштыкка каршы макулдашууларга жана/же макулдашылган аракеттерге кирген субъекттер төлөөчү болуп саналат.
121-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
1. Акчалай өндүрүп алуунун өлчөмү иштин түрлөрү боюнча (жумуш, товар жана кызмат көрсөтүү), монополия субъектилери, тийиштүү рынокто үстөмдүк кылуучу абалга ээ субъектилер, бюджеттик мекемелер жана уюмдар, ошондой эле аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары тарабынан монополияга каршы орган белгилеген жөнгө салынуучу талаптардан четтөөнүн натыйжасында юридикалык жак алган кирешеге жараша болот.
2. Монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттин пайдасына айландырылган акчалай өндүрүп алууларды төлөөнүн жана эсепке киргизүүнүн мөөнөттөрү, тартиби монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
44-глава. Укук бузуулар үчүн айыптар
122-берене. Төлөөчү
Укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мыйзам бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган жеке жана юридикалык жактар төлөөчү болуп саналат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
123-берене. Салынуучу айыптардын өлчөмү
Салынуучу айыптардын өлчөмү укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
124-берене. Төлөөнүн тартиби
Айыптардын суммасы укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IX БӨЛҮМ. ЧЕГЕРҮҮЛӨР
45-глава. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүү
125-берене. Төлөөчү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөөчү болуп саналат.
126-берене. Пайданын өлчөмү жана бөлүштүрүү тартиби
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынын өлчөмү жана аны бөлүштүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык аныкталат.
46-глава. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр
(Главанын аталышы КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
127-берене. Төлөөчү
1. Пайдалуу кендерди катталган жерине карабастан иштетишкен (казып алышкан) жана пайдалуу кендердин табылган жери боюнча региондорду өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге багыттоо үчүн республикалык бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жактар жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөрдү төлөөчү болуп саналат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоого ыйгарым укуктуу адистештирилген уюмдары калкка ичүүчү сууну сатуудан түшкөн каражаттар боюнча чегерүүлөрдү төлөөчүлөр болуп саналбайт.
3. Региондорду өнүктүрүү фонддору облустарды өнүктүрүү фонддору жана райондорду өнүктүрүү фонддору түрүндө түзүлөт. Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн жана алардын каражаттарын башкаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
128-берене. Ставка
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр кыйыр салыктарды эсепке албастан жана пайдалуу кендерди жеткирүүгө/ташууга чыгымдарды кошпостон пайдалуу кендерди сатуудан же пайдалуу кендерди кайра иштеткенге же аларды пайдаланууга чейинки өздүк наркынан алынган пайданын 2 пайызы өлчөмүндө төлөнөт.
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
129-берене. Төлөөнүн мөөнөтү
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөр пайдалуу кендердин табылган жери боюнча, региондорду өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин төлөнөт.
(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
130-берене. Төлөөнүн тартиби
1. Эгерде кен чыккан жер ар башка райондорго таандык эки же андан ашык айыл аймактарынын аймагында жайгашкан болсо, төлөөчү эсептик каттоодон өтүүнү ар бир райондун салык органында жүзөгө ашырып, чегерилүүчү сумма тигил же бул айыл аймагында жана райондо жайгашкан ээленген аянтка пропорциялуу төлөнөт.
2. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган, токой фондусунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймагында жайгашкан жерлердеги пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү каражаттар толук көлөмдө районду өнүктүрүү фондуна жөнөтүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 50 пайызы - облусту өнүктүрүү фондуна;
2) 30 пайызы - районду өнүктүрүү фондуна;
3) 20 пайызы - пайдалуу кен чыккан жердеги тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге.
4. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине киргизилбеген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 80 пайызы - районду өнүктүрүү фондуна;
2) 20 пайызы - пайдалуу кен чыккан жер боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге.
5. (КР 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган каражаттар башка максаттарга пайдаланылбайт.
(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
47-глава. Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр
131-берене. Төлөөчү
Электр байланышы жана почта байланышы боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр төлөөчүлөр болуп саналат.
132-берене. Төлөмдүн өлчөмү
Электр байланышы жана почта байланышы боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр байланыш тармагын өнүктүрүүгө электр жана почта байланыштарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн каражаттын 0,9 пайызы өлчөмүндө чегерүүлөрдү жүргүзөт.
133-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20-числосуна чейин төлөнөт.
2. Чегерүүлөр байланыш тармагын өнүктүрүүгө жумшалат.
471-глава. Камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр
(Глава КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1331-берене. Төлөөчү
Өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары чегерүүлөрдү төлөөчүлөр болуп саналат.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1332-берене. Төлөмдүн өлчөмү
Төлөөчүлөр камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө камсыздандыруу сыйлыктарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен өлчөмдө чегерүүлөрдү жүргүзөт.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1333-берене. Төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20-числосуна чейин жүргүзүлөт.
2. Чегерүүлөр камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө багытталат.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
472-глава. Жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөр
1334-берене. Төлөөчү
Чегерүүлөрдү төлөөчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын жарандык авиация уюмдары саналат.
1335-берене. Төлөөнүн өлчөмү жана тартиби
Чегерүүлөрдүн тизмеги, өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана жарандык авиацияны өнүктүрүүгө багытталат.
(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
48-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр
134-берене. Төлөөчү
1. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар пайдадан чыккан чегерүүлөрдүн төлөөчүсү болуп эсептелет.
2. Таза пайда - салыктарды, жыйымдарды, чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке төлөгөндөн кийин ишканалардын карамагында калуучу, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсептелүүчү пайданын бөлүгү.
135-берене. Чегерүүлөрдүн өлчөмү, төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
1. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жылдык финансы-чарбалык иштердин жыйынтыктары боюнча таза пайдадан чегерүүлөрдү жүргүзөт.
2. Мамлекеттик ишканалардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Муниципалдык ишканалардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталат.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр отчеттук финансылык жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин төлөнүүгө тийиш.
X БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМ
49-глава. Мамлекеттик алымдардын түрлөрү жана аларды төлөөнүн тартиби
136-берене. Мамлекеттик алымды төлөөчү
1. Мамлекеттик алым - тиешелүү мамлекеттик органдар - соттор, мамлекеттик нотариустар жана мамлекет ыйгарым укук берген башка органдар, ошондой эле жеке нотариустар тарабынан алар белгилүү бир аракеттерди аткарууда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө алынуучу акча жыйымы.
2. Жеке жана юридикалык жактар мамлекеттик алым төлөөчүлөр болуп саналат.
137-берене. Мамлекеттик алымдын түрлөрү
Мамлекеттик алым жөнөкөй жана пропорциялуу деп бөлүнөт.
Жөнөкөй мамлекеттик алым белгиленген суммада алынат.
Пропорциялуу мамлекеттик алым тиешелүү суммага карата пайыздык катышта алынат.
138-берене. Мамлекеттик алым алынуучу объектилер
Мамлекеттик алым төмөнкүлөрдөн алынат:
1) сотко төмөнкүлөрдү берүүдөн:
а) доо арыздарын;
б) сот буйругун берүү жөнүндө арыздарды;
в) өзгөчө өндүрүш иштери боюнча арыздарды;
г) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздарды;
д) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
е) апелляциялык даттанууларды;
ж) кассациялык даттанууларды;
з) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздарды;
и) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө соттун аныктамаларына аппеляциялык жана кассациялык даттанууларды;
к) эгерде эл аралык келишимде башкасы каралбаган болсо, чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздарды;
л) эгерде эл аралык келишимде башкасы каралбаган болсо, чет өлкөлүк соттун чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүү жөнүндө соттун аныктамасына аппеляциялык жана кассациялык даттанууларды;
м) бейтарап териштирүүнүн тарабынын доону камсыз кылуу жөнүндө арыздарын;
2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерин кошпогондо, нотариалдык конторалар жана ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн, ошондой эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) берүү үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан катталган жарандык абалдын актыларынын жазууларын кошпогондо, жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө кайталанган күбөлүктөрдү жана жарандык абалдын актыларынын жазууларын өзгөртүүгө, толуктоого, оңдоого жана калыбына келтирүүгө байланыштуу күбөлүктөрдү жарандарга берүү үчүн;
4) паспорт же аларды алмаштыруучу документтер боюнча чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана каттоо мөөнөттөрүн узартуу үчүн; жашап турууга укук берүү же аны узартуу үчүн; Кыргыз Республикасында иштегенге чет өлкөлүк жарандардын документтерин кароо жана аларга уруксат берүү үчүн; Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишке орношуу укугуна анын жарандарынын документтерин кароо жана аларга уруксат берүү үчүн; Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө документтерди кароо үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринен алынуучу (2006-жылдагы үлгүдөгү) жалпы жарандык паспортторду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн;
6) аукциондорду өткөрүү үчүн; аукциондордо жасалуучу бүтүмдөр үчүн; мамлекеттик ишканалардын мүлкүн сатып алуу үчүн;
7) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган жер участокторуна укуктар жагынан жасалуучу бүтүмдөр үчүн;
8) лицензияларды жана/же уруксаттарды берүү, кайра тариздөө үчүн, лицензиянын жана/же уруксаттын дубликатын берүү үчүн, ошондой эле өз ара таануу тартибинде жана бир тараптуу тартипте, Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны таануу жол-жобосу үчүн;
9) жарандарды жашаган жери боюнча каттоо үчүн;
91) чет өлкөлдүк жарандыгы бар мекендештин документин берүү үчүн;
(КР 2021-жылдын 22-майындагы № 65 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10) башка аракеттер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмек боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу юридикалык мааниси бар документтерди берүү үчүн.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
139-берене. Мамлекеттик алымдын ставкалары
Мамлекеттик алымдын ставкалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
140-берене. Мамлекеттик алымды төлөө тартиби
1. Мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган финансылык-кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар аркылуу же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык алыстан/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен накталай акча каражаттары менен төлөнүшү мүмкүн. Бардык төлөмдөр улуттук валютада жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды кабыл алуу белгиленген формадагы квитанция же төлөмдү тастыктаган документ берүү аркылуу жүргүзүлөт.
Мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген эсептик көрсөткүчтүн эселенген өлчөмүндө белгиленет.
2. Эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөп берет.
3. Мамлекеттик алым алымды алуу аракеттери жасалганга чейин же болбосо документтер берилгенге чейин төлөнөт. Сотко кайрылган учурда, мамлекеттик алым доо жана башка арыздарды жана даттанууларды берүү учурунда алынат.
Эгерде сотко арыз же даттануу берген адам талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүчтү тиркесе, анда мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы төлөнөт. Тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнөт.
Нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күнү төлөнөт.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 222, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 18-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
50-глава. Мамлекеттик алымды төлөө боюнча жеңилдиктер
141-берене. Мамлекеттик алымды төлөө боюнча жеңилдиктер
1. Мамлекеттик алымды алуудан төмөнкүлөр бошотулат:
1) доогерлер - эмгек акыны төлөө тартибинде эмгек акыны жана башка суммаларды өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча жана эмгектик укуктук мамилелерден келип чыгуучу башка талаптар боюнча;
2) доогерлер - автордук укуктан, ойлоп чыгууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө болгон укуктардан, ошондой эле интеллектуалдык менчикке болгон башка укуктардан келип чыгуучу доолор боюнча;
3) доогерлер - алименттерди өндүрүп алуу доолору боюнча;
4) доогерлер - майып болуу же ден соолугуна башка жаракат алуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, ошондой эле багуучунун өлүмүнө байланыштуу доолор боюнча;
5) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын органдары - жабырлануучуга же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсиялардын суммасын зыян келтирүүчүдөн өндүрүп алуу жөнүндө регресстик доолор боюнча; туура эмес төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсияларды өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча; жарандардан милдеттүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча; милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча; өндүрүп алынган суммалары пенсиялар менен жөлөкпулдарды финансылоого жумшала турган мүлктүк мүнөздөгү доолор боюнча;
6) доогерлер - кылмыш аркылуу келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча;
7) тараптар - никени бузуу жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык, кассациялык даттануулардан;
8) тараптар - мыйзамсыз соттоо, жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу, бөгөт коюу чарасы катарында камакка алууну мыйзамсыз колдонуу же болбосо бузуулар үчүн мыйзамсыз жаза берүү аркылуу жаранга келтирилген зыяндын ордун толтуртууга байланыштуу талаш-тартыштар жана регресстик доолор боюнча;
9) жеке жана юридикалык жактар - жазык иштерин жана алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө иштерди кароого байланыштуу аларга документтерди берүү үчүн;
10) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды жана пенсияларды алуу үчүн зарыл документтердин көчүрмөлөрүн берүү же алардын тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле камкордукка алуу жана бала асырап алуу иштери боюнча;
11) мыйзамда каралган учурларда башка жактардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылган мамлекеттик жана коомдук органдар, жеке жана юридикалык жактар;
12) жарандар - кылмыш жасоодон келтирилген материалдык зыянды өндүрүүнүн тууралыгы талашка түшкөн жазык иштери боюнча апелляциялык даттануулардан;
13) ички иштер органдары - доогерлер - алименттерди жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарды издөө боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу жөнүндө иштер боюнча, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн өндүрүп алууга байланыштуу иштер боюнча;
14) финансы органдары - өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздарды сотко берүү үчүн;
15) жеке жана юридикалык жактар - төмөнкүлөрдү сотко берүү үчүн:
а) иштерди кыскартуу же аларды кароосуз калтыруу жөнүндө сот актыларын жокко чыгаруу, сот актысын аткарууну кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн чачыратып бөлүү, сот актысын аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү, даттанууларды камсыздоо тууралуу же камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштыруу жөнүндө арыздарды;
б) жаңыдан ачылган кырдаалдар боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздарды;
в) сот тарабынан салынган айыптарды алып салуу же азайтуу жөнүндө арыздарды;
г) өтүп кеткен мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө арыздарды;
д) айыптарды алып салуудан же азайтуудан баш тартуу жөнүндө сот актыларына жеке даттанууларды, сот актыларына башка жеке даттанууларды;
е) бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу иштер боюнча буга ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чыгарылган актыларга даттанууларды;
16) прокурор - жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарында, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик таламдарды коргоо үчүн берилген доолор боюнча;
17) бардык инстанцияларда доогер жана жоопкер катары чыгуучу салык, бажы жана башка финансы органдары;
18) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коммерциялык эмес жана коомдук уюмдары, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери, I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын ата-энелери жана камкорчулары - сотко коюлуучу бардык доолор боюнча;
181) карызды өндүрүү боюнча доолордо турак жай менчик ээлеринин шериктиктери;
19) жаратылышты коргоо органдары - айлана-чөйрөнү булгоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, аңчылыктын, балыкчылыктын жана балык запастарын коргоонун эрежелерин бузуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга каражаттарды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча;
20) доогер - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү маселелери, акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген кредиттер жана дивиденддер боюнча карыздарды өндүрүп алуу менен байланышкан доолор боюнча;
21) доогерлер - стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча эрежелерди бузгандыгы үчүн өз мөөнөтүндө айып төлөбөгөндүгүнө байланыштуу доолор боюнча;
22) доогерлер - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого байланышкан доолор боюнча;
23) администратор (жоюучу) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банкроттук процесси же жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткан жактын кызыкчылыктарында бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катары;
24) банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары - карызкорду банкрот деп табуу жөнүндө арыздар боюнча;
25) илим жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
26) монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджетке айыптык жана экономикалык санкцияларды өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча жана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө доолор боюнча;
27) баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - анын компетенциясына кирген маселелерге байланыштуу, анын ичинде, баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жана чыгарылган баалуу кагаздарды жараксыз деп табуу жөнүндө доолор боюнча;
28) доогер катары чыгуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - кызматтык милдеттерин жүзөгө ашырууда зыян келтирген жактарга карата регресстик доолор боюнча;
29) мамлекеттик материалдык резервдер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен аныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
30) санитардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - доогер - санитардык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу доолор боюнча;
31) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катарында;
32) аудитордук ишти контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - айыптык санкцияларды бюджетке өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча жана аудитордук ишти контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө доолор боюнча;
33) ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
34) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катары;
35) болжолдоо жана бюджетти аткаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жана анын бардык инстанцияларда доочу жана жоопкерлер катары чыгуучу ведомстволук бөлүмдөрү;
351) архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткарууга түздөн-түз байланыштуу доолор боюнча бардык инстанцияларда доочу жана жоопкерлер катары чыгуучу ведомстволук бөлүмдөрү жана ишканалары;
36) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгындагы доолор, анын ичинде: муниципалдык менчикти коргоо жөнүндө; муниципалдык менчиктеги объектилерди бошотуу тууралуу; муниципалдык мүлктү пайдалануудагы тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө; мүлктү ээси жок деп таануу тууралуу; ижара төлөмдөрүн өндүрүп алуу жөнүндө; жарандык-укуктук келишимдерди аткарбагандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен төлөнгөн акча каражаттарын, анын ичинде алар боюнча пайыздарды жана туумдарды өндүрүп алуу тууралуу; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчикке укуктарынын бузулушуна алып келген аракеттерин, аракетсиздигин жана чечимдерин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө;
37) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча.
11. Эгерде ишке катышып жаткан жактар, мамлекеттик алымды төлөө үчүн жетиштүү каражаттары жок экендигин сотко далилдеп беришсе, алар аны төлөөдөн толук бошотулат. Мамлекеттик алымды толук төлөөгө дарамети жетпеген жактар аны жарым-жартылай төлөйт.
Толук жана жарым-жартылай бошотулуучу жактардын категориясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Нотариалдык аракеттерди аткаруучу органдарда төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:
1) жарандар - мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле камкордукка алуу жана бала асырап алуу иштери боюнча, пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн;
2) жарандар - алардын мурас каттарын жана мүлктү мамлекеттин пайдасына белекке берүү келишимдерин күбөлөндүрүү үчүн;
3) салык жана финансы органдары - аларга мамлекеттин мураска укугу жөнүндө күбөлүктөрдү же алардын дубликаттарын, ошондой эле күбөлүктөрдү жана алардын дубликаттарын алуу үчүн зарыл болгон бардык документтерди берүү үчүн;
4) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коммерциялык эмес жана коомдук уюмдары, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери - бардык нотариалдык аракеттер боюнча;
5) юридикалык жактар жана жарандар - аларга төмөнкүлөрдү мурастоого укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн:
а) мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга же болбосо адам өмүрүн сактоо, мамлекеттик менчикти же укук тартибин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын парзын аткарууга байланыштуу мамлекетти коргоо учурунда курман болгон адамдардын мүлкүн;
б) эгерде мурастоочу адам менен бирге жашаса, мурастоочу адам каза болгон күнгө карата каттоодо турса жана ошол үйдө (квартирада) ал өлгөндөн кийин да жашоосун улантып жатса, турак үйдү (квартираны) же турак жай-курулуш кооперативиндеги үлүштү;
в) банктардагы салымдарды, жеке мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммаларын, мамлекеттик зайымдардын облигацияларын, эмгек акынын суммасын, автордук укуктарды, автордук гонорардын суммасын жана ачылыштар, ойлоп табуулар жана өнөр жайлык үлгүлөр үчүн сыйлыктарды;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана анын мекемелери - бардык нотариалдык аракеттер боюнча;
7) энелер - аларды көп балалуу болгондугу үчүн ордендер жана медалдар менен сыйлоо жөнүндө иштер боюнча документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
8) Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрү, мекемелери, ишканалары жана уюмдары - зыяндын ордун толтуруу үчүн карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу жазууларын жүргүзгөндүгү үчүн;
9) мектеп-интернаттар - мектеп-интернаттарда балдарды кармоо үчүн ата-энелерден карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу жазууларын жүргүзгөндүгү үчүн;
10) финансы органдары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баштапкы кесиптик билим берүү системасынын кесиптик окуу жайларында, лицейлеринде балдарды окутуу жана багуу үчүн карыздарды ата-энелерден өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу жазууларын жүргүзгөндүгү үчүн;
11) иштеген (кызматтагы) жери боюнча кырсыктын кесепетинен өлүмгө кабылган учурлары ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин каражаттарынын эсебинен камсыздандырылган жумушчулар менен кызматчылардын мураскорлору - камсыздандыруу сыйакысын мурастоо укугун ырастаган күбөлүктөрдү берүү үчүн;
12) жин оорусунан же кем акылдыктан жапа чеккен, аларга Кыргыз Республикасынын камкордукка алууну белгилөө, ишке ашыруу жана токтотуу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген тартипте камкордук көрүү уюштурулган жарандар - алардын мүлктү мурастоосу жөнүндө күбөлүк алуу үчүн;
13) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана алардын аялдары, ошондой эле Мекенди коргоодо же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же майыптыктын же болбосо фронтто болгондугуна байланыштуу оорунун кесепетинен майып болушкан аскер кызматчыларынын арасындагы башка ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар - бардык нотариалдык аракеттер боюнча;
14) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар - жеңилдиктерди берүү үчүн керектүү документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
15) жарандар - аларга жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларын жана аларга таандык мүлктү милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруучу ордун толтурууларды мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн;
16) баккан адамынан ажырагандыгы боюнча пенсия менен камсыздалуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген реабилитацияланган жарандар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана мыйзам боюнча биринчи кезекке кирген мураскорлору - реабилитациялоого жана зыяндын ордун толтурууга байланыштуу алар үчүн жасалуучу бардык аракеттер үчүн;
17) автордук укуктар боюнча уюмдар - автордук укуктар боюнча төлөнүүгө тийиш сыйлыктарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жүргүзгөндүгү үчүн;
18) үй-бүлөнүн киши башына орточо кирешеси кедейлик чегинен төмөн болгон аз камсыз болгон жарандар - бардык нотариалдык аракеттер боюнча;
19) жарандар - жашы жете элек балдарга алимент өндүрүп алуу жөнүндө аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылдыгы менен байланышпаган талаптар боюнча;
20) жарандар - кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүп алуу жөнүндө талаптар боюнча.
3. Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттерге чыгуу жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) жарандар - аларга дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү үчүн;
2) чет өлкөлүк туристтер - алардын документтерин каттоо үчүн;
3) жарандык жана жазык иштери боюнча тараптар, күбөлөр, жабырлануучулар жана эксперттер катары жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерге ылайык чет өлкөлүк сотторго чакырылуучу жарандар - аларга чет өлкөлөргө чыгуу укугуна уруксаттарды жана документтерди берүү үчүн;
4) окууга же өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн кетип жаткан окуучулар жана студенттер - аларга жарандын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн.
4. Жашаган жана барган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) социалдык стационардык мекемелерде жашаган улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
2) мектеп-интернаттардын жана баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин толугу менен мамлекеттик камсыздоодо турган жана жатаканаларда жашаган окуучулары.
5. Жарандык абал актыларын каттоону жүзөгө ашыруучу органдарда мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) билим берүү уюмдары, жашы жете электердин иштери боюнча комиссиялар - жетим балдарды жана ата-энелерден кароосуз калган балдарды бардык балдар жатак мекемелерине жиберүү үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн;
2) жарандар - туулганын, каза болгондугун, баланы асырап алууну жана аталыгын аныктоону каттоо үчүн, аларга, жарандык абал актыларын каттоодо кетирилген каталыктарга байланыштуу, аталыгын аныктоо, асырап алуу учурларында туулгандыгы жөнүндө актылардын жазууларын өзгөрткөндө, толуктаганда жана оңдогондо күбөлүктөрдү берүү үчүн;
3) жарандар - белгиленген тартипте дайынсыз жоголгондугун же жин оорусунан же кем акылдыгынан улам жөндөмсүз деп табылган адамдар менен же болбосо кылмыш жасагандыгы үчүн 3 жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратылган адамдар менен никени бузуу жөнүндө сот чечиминин негизинде күбөлүктөрдү берүү үчүн;
4) жарандар - реабилитацияланган туугандарынын каза болгондугу тууралуу аларга дубликаттарды берүү же мурда берилген күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн;
5) жарандар - жарандык абал актыларын каттоо үчүн;
6) жарандар - тынчтык мезгилде аскердик кызматты өтөө убагында курман болгон аскер кызматчыларынын жана аскер адистеринин каза болгондугу тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн, жазууларды өзгөртүүгө, толуктоого жана оңдоого байланыштуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн.
6. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун алууда мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) биринчи жолу паспорт алган жарандар;
2) жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жумушсуз жарандар;
3) Кыргыз Республикасына туруктуу жашоочу жерине кайтып келген этникалык кыргыздар.
7. Жарандык талаш-тартыштар боюнча доо арыздарын сотко берүүдөн алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү чектик өлчөмдөн ашпоого тийиш.
Алынуучу мамлекеттик алымдын чектик өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 41, 2021-жылдын 22-майындагы № 67, 2022-жылдын 18-январындагы № 5, 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 20-октябрындагы № 224 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 141-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.
XI БӨЛҮМ. АКЫ ТӨЛӨНҮҮЧҮ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДӨН ТҮШКӨН КАРАЖАТТАР
51-глава. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар
142-берене. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар
1. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдөн киреше түрүндө алынуучу каражаттар кирет.
2. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттардын ичине төмөнкүлөр кирбейт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген милдеттүү төлөмдөр;
2) айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;
3) укук бузуудан келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле конфискацияланган товарларды, укук бузуулар жасалган куралдарды жана башка продукцияларды сатуудан алынган каражаттар.
143-берене. Эсепке киргизүү тартиби
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттарды топтоонун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
XII БӨЛҮМ. ПАТЕНТТИК АЛЫМ
52-глава. Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар
144-берене. Патенттик жана башка алымдарды, жыйымдарды төлөөчүлөр
1. Патенттик жана башка алымдар, жыйымдар - интеллектуалдык менчик объектилерине, салттуу билимге, ушул Кодексте белгиленген интеллектуалдык менчик объектилерин коргоого байланышкан юридикалык маанилүү башка иш-аракеттерди жасоого, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоого жана каттоого өзгөчө укук берүү үчүн акы.
2. Жеке жана юридикалык жактар патенттик жана башка алымдарды, жыйымдарды төлөөчүлөр болуп саналат.
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
145-берене. Жыйымдар, патенттик жана башка алымдар төлөнө турган юридикалык маанилүү аракеттер
Патенттик жана башка алымдар төмөнкүлөр үчүн төлөнөт:
1) өтүнмө берүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүү киргизүү, өтүнмөнү кайра түзүү, өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү, каршы пикирди берүү, өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу, суроо-талапка жооп берүү мөөнөтүн узартуу, автордун патентин жана күбөлүгүн берүү жана дубликат берүү, патентти күчүндө кармап туруу, конвенциялык артыкчылыкты суратуу, өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалына оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү, өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин формуласына пункттарды киргизүү, өтүнмөнү жарыялоо, суроо-талапка жооптун мөөнөтүн узартуу, патент алуу укугунан чегинүү тууралуу арыз берүү, ойлоп табууга патентти калыбына келтирүү жана бул тууралуу маалыматтарды жарыялоо үчүн;
2) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, географиялык көрсөтмөнү же товардын чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугун каттоо жана берүү, товардын чыккан жеринин мурда катталган аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө берүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү, суроо-талапка жооптун, каршы пикирди берүүнүн мөөнөтүн узартуу, өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү, күбөлүктү каттоо, жарыялоо жана берүү, дубликат берүү, каттоонун колдонулушунун мөөнөтүн узартуу, мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүү, өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарына оңдоолорду, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү, колдонуунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн;
3) өтүнмө берүү, экспертиза жүргүзүү, өтүнмөнүн материалдарына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду, оңдоолорду же тактоолорду киргизүү, суроо-талапка жооптун мөөнөтүн узартуу, каршы пикирди берүү, өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү, селекциялык жетишкендиктерге патентти жана автордун күбөлүктөрүн каттоо, жарыялоо, берүү, дубликат берүү, патентти күчүндө кармоо, аталышын өзгөртүү, патенттин колдонулушун калыбына келтирүү үчүн;
4) ачык лицензия берүү же ачык лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө арыз берүү, мажбурлоочу лицензия берүү жөнүндө маалыматтарды каттоо жана жарыялоо, интеллектуалдык менчик жана селекциялык жетишкендиктер объектилерине укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо үчүн;
5) патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоо жана каттоо үчүн;
6) автордук укук, чектеш укуктар объектин жана интегралдык микросхемалардын топологиясын каттоого же депонирлөөгө өтүнмөнү берүү жана кароо үчүн, Мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү жана каттоо жөнүндө күбөлүк берүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү, жарыялоо, дубликат берүү үчүн;
7) салттуу билимди пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө же буга чейин катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүүгө, күбөлүктү кароого, каттоого, жарыялоого, берүүгө, өзгөртүү киргизүүгө, жооп берүү мөөнөтүн узартууга жана күбөлүктүн колдонулушунун мөөнөтүн узартууга өтүнмө берүү үчүн.
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
146-берене. Патенттик жана башка алымдардын, жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби
Патенттик жана башка алымдардын, жыйымдардын өлчөмү жана төлөө тартиби, төлөмдөн бошотуу же жеңилдиктерди берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
XIII БӨЛҮМ. БАШКА САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР
53-глава. Ыктыярдуу трансферттер
147-берене. Төлөөчү
1. Жеке жана юридикалык жактар кайрымдуулуктар жана гранттар түрүндөгү төгүмдөрдү республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттин кирешесине ыктыярдуу тартипте төлөй алышат.
2. Республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине акчалай түрдөгү каражаттарды ыктыярдуу түрдө төккөн жеке же юридикалык жактар төлөөчүлөр болуп саналат.
3. Накталай түрдөгү ыктыярдуу трансферттер бул каражаттар өткөрүп берилген тийиштүү органдын балансында чагылдырылат.
4. Ыктыярдуу трансферттердин түшүүсүн эсепке алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
148-берене. Ыктыярдуу трансферттин өлчөмү
Ыктыярдуу трансферттин өлчөмү төлөөчү тарабынан аныкталат.
54-глава. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу
149-берене. Төлөөчү
Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүү менен байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулардын ордун толтуруучу төлөөчү болуп жер участкасы берилген жеке жана юридикалык жактар саналат.
150-берене. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу ченемдеринин өлчөмдөрү жана аларды төлөө тартиби
1. Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу наркынын ченемдеринин өлчөмү жана аларды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын наркын толтуруу үчүн алынуучу каражаттар жер участоктору берилген жеке жана юридикалык жактар тарабынан, аларга жер участокторуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер берилгенге чейин, республикалык бюджетке которулат жана төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) жаңы жерлерди өздөштүрүүгө;
2) пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялоого;
3) жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга;
4) жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялоо, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин аткарууга.
55-глава. Башка салыктык эмес кирешелер
151-берене. Башка салыктык эмес кирешелер
Башка салыктык эмес кирешелер аларды салыктык эмес кирешелердин башка түрлөрүнүн курамында чагылдыруу үчүн алар боюнча жетиштүү маалымат жок кирешелерди, 2 ай ичинде алуучу тарабынан тактоону жана аныктоону талап кылган каражаттарды (такталбаган каражаттарды) өзүнө камтыйт. Төлөмдүн таандыктуулугу аныкталгандан кийин каражаттар тийиштүү деңгээлде чагылдырылат.
XIV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕРДИ ЭСЕПКЕ КИРГИЗҮҮ
56-глава. Салыктык эмес кирешелерди эсепке киргизүү
152-берене. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелер
1. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, бөлүштүрүүнүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон салыктык эмес кирешелер.
2. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелерге төмөнкүлөр кирет:
1) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым;
2) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегеримдер.
3. Жалпы мамлекеттик салыктык эмес кирешелерди бөлүштүрүү ченемдери жыл сайын кабыл алынуучу республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен белгиленет.
153-берене. Республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери
Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:
1) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлүшүнө жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы;
2) мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегеримдер;
3) байланыш тармагын өнүктүрүүгө чегеримдер;
31) жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чегерүүлөр;
4) чарба жүргүзүүчү коомдордун мамлекетке таандык акцияларына (үлүшүнө) эсептелген дивиденддер;
5) эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;
6) сынам жыйымы;
7) айылдык аймактын, шаардын чек араларына кирбеген лицензияланган аянттан же анын бөлүгүнөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйым;
8) аскердик милдет менен байланышкан жыйымдар;
9) радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн жыйым;
10) өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объектилерин, козу карындарды жана мамлекеттик токой фондусун пайдалануу үчүн жыйым;
11) суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйым;
12) айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн жыйым;
13) тооруктардын (конкурс, аукцион) жыйынтыктары боюнча жыйым;
14) бөлүнүп берилген номерлөө ресурсу үчүн жыйым;
15) мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;
16) мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар;
161) тастыктамалоо жана көзөмөлдөө жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар;
17) автомототранспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар;
171) транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө уруксат берүү үчүн жыйым;
172) резидент эместерге Кыргыз Республикасынын банктарында банктык эсептерди ачуу жана тейлөө укугуна уруксат (аккредитация) берүү үчүн жыйым;
18) баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйым;
19) баалуу кагаздар жагынан операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү үчүн жыйым;
191) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестринде аудиторлорду, аудитордук уюмдарды каттаганы, кайра каттаганы үчүн жана Мамлекеттик бирдиктүү реестрди жүргүзгөнү үчүн алынуучу жыйымдар;
192) Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлерин каттоо, кайра каттоо жана Актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жыйымдар;
20) апостилди коюу үчүн жыйым;
21) этиль спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдар;
22) транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана ченөө үчүн жыйымдар жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөй турган жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйым;
23) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйым;
24) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым;
241) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар;
25) жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйым;
26) товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн жыйым;
27) мамлекеттик алым;
28) патенттик жана башка алымдар, жыйымдар;
29) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндардын ордун толтуруучу суммаларды кошпогондо, мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук мекемелери тарабынан бузуулар үчүн материалдык жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар, анын ичинде айыптар, санкциялар, компенсациялар, соттун чечими боюнча зыяндын ордун толтуруучу суммалар;
30) айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу;
31) юридикалык жана жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке кайтарымсыз жана ыктыярдуу негизде берилүүчү каражаттар;
32) мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелер;
33) республикалык бюджеттен финансылануучу мекемелердин мүлкүн сатуудан түшкөн кирешелер;
34) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кайтарымсыз өткөн мүлктү, анын ичинде мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосу менен таризделген товарларды жана транспорт каражаттарын сатуудан түшкөн кирешелер;
35) монополияга каршы мыйзамдардын жөнгө салынуучу талаптарынан четтөөнүн натыйжасында мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер;
35-1) утилдештирүү жыйымдары;
36) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер.
(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 47, 2021-жылдын 29-ноябрындагы №143, 2022-жылдын 14-апрелиндеги №26, 2023-жылдын 7-августундагы № 165 , 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90, 2025-жылдын 23-июнундагы № 124, 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 , 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)