КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 2-августу № 79
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2018-жылдын 20-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12) жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейинки тиешелүү чечимдери бар жер участоктору.".
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 12-пункту төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жер участокторун которууга (трансформациялоого) тиешелүү комиссиялардын терс корутундулары бар жер участокторуна;
2) экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарына жооп бербеген жер участокторуна;
3) сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар жер участокторуна;
4) ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен аларга тиешелүү чектөөлөр киргизилген жер участокторуна.".
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизгенге чейин айыл чарбасына арналган жерлерге имараттардын жана курулмалардын мыйзамсыз курулушуна жол берген жактарды жоопкерчиликтен бошотпойт.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
- "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо алардын укук улантуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары болуп саналган органдардын тиешелүү чечимдери бар сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которууну (трансформациялоону) белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын";
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент |
| С. Жээнбеков |